ДААРАТ

ДААРАТ

Даарат – Ислам дининде айрым ибадаттарды аткаруу үчүн жасалуусу шарт болгон, ошондой эле жеке өзү ибадат саналган атайын тазалануу түрү.

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Ким даарат алып бетин жууса, бет мүчөлөрүндө жасалган күнөөлөрү, буту-колдорун жууса ошол мүчөлөрүндө жасалган күнөөлөрү суу тамчылары менен бирге агып кетет жана өзү да таптаза болот».[1]

Даараттын парздары

1. Бетти жууш:

2. Эки колду жууш:

3. Башка масх тартуу:

4. Буттарды жууш:

Даараттын сүннөттөрү төмөнкүлөр:

1. Ниет кылуу 2. Даарат алаардан мурда колдорду билекке чейин жууш 3. Дааратты «Ауузу» жана «Бисмилла» менен баштоо 4. Мадмада жана истиншак 5. Мадмада жана истиншакка өзгөчө маани берүү 6. Мисвак колдонуу

7. Ирети менен даарат алуу 8. Дааратты оң жактан баштоо 9. Даарат мүчөлөрүн үч жолудан жууш: Бул үч жолу жууштун биринчиси парз, калган экөөсү сүннөт. Үчтөн кем же артык жууш сүннөткө каршы келет. 10. Дааратта кол-буттарды жууган кезде манжалардын учтарынан баштоо.

11. Манжаларды салаалоо: Даарат алганда сол кол менен буттун манжаларынын арасын салаалап жууш керек. 12. Сакалды салаалоо.13. Башына суу менен толук масх тартуу 14. Даарат мүчөлөрүн, үстүнө куюлган суу менен сүрүп жууш.[2]

15. Даарат мүчөлөрүнүн бардыгын биринен сала бирин үзгүлтүксүз жууш: Башкача айтканда, бирөө кургай электе дагы бирөөнү узак аралык калтырбай жууш керек.[3]

Даараттын адептери

Даараттын негизги адептери төмөнкүлөр:

1. Даарат алган учурда кыбыла жакты жүздөнүү:

Себеби, кыбыла жак багыттардын касиеттүүсү. Бул тарапка жүздөнүп туруп жасалган дубанын кабыл болуусу үмүт этилет.

2. Убакыт кире электе даарат алып, намазга даяр туруу: Албетте, чамасы жетпеген адамдын жөнү бөлөк.

3. Даарат алган учурда суу чачырабаш үчүн салыштырмалуу өйдөрөөк жерде туруу.

4. Даарат алып жаткан учурда себепсиз эле башкадан жардам сурабоо. 5. Даарат алган кезде манжасында кең шакек бар болсо кыймылдатып астына суу киргизүү. Эгерде шакек тар болсо, аны жакшылап кыймылдатып, суунун толук өтүшүн камсыздоо зарыл.

6. Дааратта ооз менен мурунга оң кол менен суу алып, сол кол менен чыгаруу.

7. Моюнга масх тартуу:

8. Дене мүчөлөрдү жууганга жеткидей суу алуу: 9. Даарат алгандан кийин күбөлүк келмесин айтуу жана дуба кылуу.

10. Даарат алып жаткан учурда зарыл бир жагдай болбосо, башкалар менен сүйлөшпөө: 11. Даараттан ашкан суудан кыбылага карап кичине оозанып туруп: «Жаратканым, мени ар бир күнөөдөн тообо кылуучу жана күнөөлөрдөн оолак болуп таза жүргөн жакшы пенделериңден кыл!» деп дуба кылуу.

12. Даарат алган соң эки же үч жолу Кадр сүрөөсүн окуу.

13. Даараттан кийин макрух убакыт болбосо, эки ирекет нафил намаз окуу.

Даараттын түрлөрү

Даараттар зарылдык даражалары боюнча үчкө бөлүнөт:

1. Парз даараттар:

Эки түрдүү жагдайда даарат алуу парз:

а) Намаз окумак болгон дааратсыз адамдын даарат алышы парз. б) Куранга кол тийгизүү жана кармоо үчүн даараттуу болуу парз. Буга далил:

2. Важиб даараттар:

Каабаны айлануу (тооп кылуу) үчүн дааратсыз мусулмандын даарат алуусу ханафийлер боюнча важиб.

3. Мустахаб же мандуб даараттар:

Үзгүлтүксүз дааратты сактоо, ошондой эле Куранды жатка окуу, азан айтуу, диний китептерди кармоо, диний илимдерди окуу жана окутуу, жаназаны (өлүктү) жууш жана жаназаны ээрчүү, же ачууну басуу үчүн алынуучу даараттар – мустахаб. Мындай максаттар үчүн алынган даарат менен да намаз окууга жана Куранды кармоого болот.[4]

Даараттын макрухтары

1. Даарат алган кезде өлчөмдөн ашыкча суу колдонуу макрух. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алып жатып сууну ысырап кылган адамга күркүрөгөн дарыянын жээгинде болсо да ысырап кылбаш керектигин эскерткени белгилүү.[5]

2. Сууну бетке же башка дене мүчөлөрүнө шалпылдата чаап жууш макрух. Себеби, мындай кылганда колдонулган суулардын кийим-кечеге чачырашынан улам адептүүлүк бузулат.

3. Даарат алып жаткан учурда жөндөн-жөн сүйлөшүү.

4. Муктаждык болбосо да, башкалардан жардам сурап суу куйдуруу.

5. Таза эмес, булганыч жерде даарат алуу.

6. Орозо кармаган адамдын мадмада (оозду суу менен чайкоо) менен истиншакты (мурунга суу алып чайкоо) ашыра күчөп жасоосу. Себеби, мындай кылганда тамакка суу кетип, орозонун бузулуу коркунучу бар.[6]

Дааратты бузуучу абалдар

 Алдыдан же арттан ар кандай бир суюк же коюу нерсенин чыгышы.Чоң-кичине заара, кан, эрендик сыяктуу булганыч нерселер.

Алды, арттан башка ооз, мурун же дененин ар кандай жеринен кан, ириң сыяктуу нерселердин чыгышы.

 «Намазда турган бирөө кусса, же мурду канаса намаздан чыксын да, барып даарат алсын, анан сүйлөбөгөн боюнча келип, намазын токтогон жерден улап бүтүрсүн».[7]

 Ооз толо кусуу.

Акыл-эстен айрылган абалда болуу.

Уктоо, эстен тануу, акылынан ажыроо, мастык же талма ооруусу кармоо сыяктуу абалдар ушуга кирет.

Бирок адам жерге жакшылап олтуруп, эч нерсеге жөлөнбөй уктаса, же намаздан тышкары ушундай абалда уктаса, даараты бузулбайт.

 -Жыныстык катнашта болуу.

-Эрди-катындын жыныс мүчөлөрү, же жыныс мүчө айланасынын кийимсиз бири-бирине тийүүсү.

-Намазда каткырып күлүү.

-Дааратын үзгүлтүксүз сактай албаган адам алган даарат үчүн намаз убактысынын чыгышы.

-Таяммум кылган адамдын сууга жетиши.

Дааратты бузбай турган жана тоскоолдук кылбаган абалдар

1. Алдыңкы-арткы жолдордон башка жерлерден чыкса да айланасына жайылбастан токтоп калган кан, ириң же сары суу.

2. Карттанган жаранын карты канабай сыйрылса.

3. Кан түспөлүнө кирбеген какырык-түкүрүк.

4. Ооз толбогон кусунду.

5. Мурун, кулак же кандайдыр бир жаракаттан түшкөн денедеги курт.

6. Өзүнүн жыныстык органына колунун тийиши. Мындай абалда даарат бузулат деп эсептегендер да бар.[8]

7. Тиштелген алма, алмурут сыяктуу мөмөдө, же мисвакта көрүнүп, акканы билинбеген кан издери.[9]

8. Бүргө, кене, чиркей сыяктуу курт-кумурскалардын бирөөсүнүн чагып, соруп алган каны.

9. Бир нерсеге жөлөнбөй олтуруп, же намазда тик туруп, же болбосо рукуу, саждада туруп уктоо.

10. Намаздан тышкары, жаназа намазында же тилават саждасында каткыра күлүү.

11. Ыйлоо дааратты бузбайт.[10]

Ал эми төмөнкү абалдар даараттын дурус болуусуна зыянын тийгизбейт:

1. Адамдын денесинен чыккан тер жана тырмактын кирлери.

2. Боёкчунун же кандайдыр бир кол өнөрчүнүн колундагы, тырмактарындагы кетпей калган боёктор, даарат мүчөлөрүнө жабышып калып, кетирүүгө мүмкүн болбогон заттар.

3. Бир жаранын үстүнө сүйкөлгөн дары жаранын сыртына жайылган болсо, анын ашыкча жери жуулат. Эгерде жууш зыян келтире турган болсо, масх тартуу жетиштүү.

4. Бир адам даарат алганын анык билген абалда, даараттын бузулган, же бузулбаганына күмөн кылса, даараты бар деп эсептелет. Тескерисинче, бузулганын анык билген адам кайра алган-албаганына күмөнү болсо, анын даараты жок болуп саналат. Анткени, анык билинген нерсе шектенүү менен жокко чыгарылбайт. Буга Абдулла бин Зайд (радиаллаху анху) баяндаган мына бул хадис далил болот:

Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) намаз убагында бир нерселерди сезгенсиген адамдын абалы жөнүндө маселе коюлганда, мындай деген: «Бир үн угулмайынча, же бир жыт сезилмейинче намазды токтотпосун».[11]

5. Даарат алуу убагында, же алгандан кийин бир мүчөнүн жуулуп-жуулбаганы тууралуу күмөндө калса, ал мүчөнү гана кайра жууйт. Эгерде мындай күмөндөнүү ар дайым кайталанса, андай кезде «жуудум» деп көңүл токтотуу керек.

6. Даарат алуучу мүчөлөрүнүн бирөө же бир канчасы кем болгон майып адам бар болгон мүчөлөрүн жууса жетиштүү.

 


[1]. Муслим, Тахарат, 32, 33; Тирмизи, Тахарат, 2.

 

 

[2]. Вахба Зухайли, Альфикхул Ислам, 1/387-б.

 

[3]. Вахба Зухайли, Альфикхул Ислам, 1/386-б.

 

[4]. Вахба Зухайли, Альфикхул Ислам, 1/210-212-б.

 

[5]. Ибн Маажа, Абдулла бин Амр баяны.

 

[6]. Ибн Абидин, Раддул-Мухтар. 1/121-123-б.

 

[7]. Зайла-и, Насбур-Рая, 1/38-б; Шавкани 1/187-б; Ибн Малик 46,47.

 

[8]. Караңыз: : Вахба Зухайли , Альфикхул Ислам, 1/431-бет.

 

[9]. Касани, Бадаус- Санаи , 1/125-б.

 

[10]. Х. Дөндүрен, Далилдери менен илмихал, 155-б.

 

[11]. Х. Дөндүрен, Далилдери менен илмихал, 155-б.