ТАЯММУМ

ТАЯММУМ

Таяммум – суу жок абалда, же суу бар болсо да, аны пайдалана албаган кезде таза топуракка урулган колдор менен бетти жана эки колду чыканакка чейин сылоо.

Таяммум мындайча кылынат:

Дааратсыз же гусул алууга тийиштүү адам эки колун топурак же топуракка байланыштуу таза бир нерсеге бир жолу уруп, бетин сылайт. Анан эки колун дагы бир уруп, аны менен эки колду (сол алаканы менен оң колун, оң алаканы менен сол колун) чыканакка чейин сылайт.

Таяммумдун парздары:

Ханафийлер боюнча таяммумдун парздары үчөө:

1 - Таяммум алууга ниет кылуу;

2 - Колдорду топуракка уруп, бетти толук сылоо;

3 - Колдорду топуракка уруп, эки колун чыканактарды кошуп сылоо.

Таяммумдун шарттары:

1. Ниет кылуу: Ниет кылуу таяммумда парз. 2. Таяммумду талап кылган аргасыздык: Шаарда турган болсо да, суудан 1 миль, же болбосо 1848 метрге тең алыстыкта калуу, оору-сыркоо, чыкыроон суук, жоодон, же суунун түгөнүп калуусунан коркуу, чака ж.б. сыяктуу суу алуучу куралдын жоктугу, жаназа же айт намаздарына үлгүрбөй калуудан коркуу сыяктуу аргасыздыктардан улам таяммум алууга болот.

3. Таяммум топурак, чопо, таш, чаң-тозоң, кум сыяктуу жерге таандык таза нерселерге жасалууга тийиш. Отун, күл, темир, алтын-күмүш сыяктуулар менен таяммум жасоого болбойт.

4. Таяммум жасалуучу мүчөлөрдү толук сылоо.

5. Колдордун алаканын таза топуракка эки жолу уруу. Биринчисинде бетин, экинчисинде колун чыканактарды кошуп сылоо.

6. Хайз же нифас абалынын аякташы.

7. Дененин түздөн-түз сылануусуна тоскоол болуучу май сыяктуу нерселерден таза болушу.[1]

8. Колдун көп бөлүгү менен, же болбосо кеминде үч манжа менен сылоо. Эгерде эки манжа менен сыланган болсо, сылануучу мүчө кайра-кайра сыланган абалда да таяммум дурус болбойт. Бул жагынан даарат алгандагы башка масх тартууга окшобойт.

Таяммумдун себептери

1. Даарат же гусулга жеткидей суу таба албастык: Суу таппаганда же жеткиликтүү суу болбогондо, сууга жетүү үчүн өмүргө коркунуч туулганда, же суунун 1 миль (1848 метр) алыстыкта болгонунан, же суунун кымбаттыгы, же сатып алар акчасы жок абалдарда таяммум жасоого уруксат берилет. Себеби, аятта:

... فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا...

«Суу таба албасаңар таза топуракка таяммум жасагыла»[2] деп айтылган.

2. Суу колдонууга чамасы жетпөө: Кысымга учуроо, камакта калуу, уурулуктан же жапайы жырткычтардан коркуу ж.б. себептер менен сууну пайдалана албаган адам таяммум жасайт.

3. Ооруга чалдыгуу же болбосо сакаюунун кечеңдеши: Суу колдонгон абалда ооруга чалдыгуудан, же учурдагы оорусу күчөп кетүүсүнөн, же сакайышы кечеңдегенден корккон адам таяммум жасайт. Бул жөнүндө мусулман доктурдун диагнозуна жараша иш кылуу дурус.

4. Суунун аябай муздак болуусу: Сууну пайдалануу өмүргө коркунуч туудурса, же ден соолукка зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо, таяммум жасалат.

Таяммумдун сүннөткө ылайык ыкмасы

1. Таяммумду Алла Тааланын аты менен (Бисмилла менен) баштап, намаз үчүн тазаланууну ниет кылуу.

2. Эки колдун манжаларынын арасын ачык кармап, таза топуракка уруп, ары-бери сүрүү.

3. Колдордогу артыкча чаңдарды кагып таштап, бетти сылоо.

4. Колдорду кайра топуракка уруп кагыштырган соң, сол алаканы менен оң колду, оң алаканы менен сол колду чыканактарды кошуп толук сылоо.

5. Жогорку тартип боюнча оболу жүзүн, анан колдорду сылоо, ошондой эле булардын арасын маалкатпай, удаалаш жасоо.

6. Таяммум намаз убакты киргенден кийин жасалышы дурус.

Таяммумдун убактысы

Намаз убактысы кире электе таяммум жасоого болот.

Таяммумду бузуучу нерселер

1. Даарат менен гусулду бузган нерселер таяммумду да бузат. Анткени, таяммум бул экөөнүн ордунда турат. Бирок жунуб адам таяммум жасагандан кийин дааратты бузуучу бир абалга туш болсо, анын даараты гана бузулган болот.

2. Таяммум жасоону талап кылган себептер жоголгондо (мисалы, жоонун кетиши, оорунун сакаюусу, аяздын өтүшү, суу алуучу куралдын табылышы ж.б.) суу менен даарат алуу мүмкүнчүлүктөрү таяммумду бузат.

3. Сууну көрүү, же бир жолу болсо да даарат алууга жеткидей суунун табылышы таяммумду бузат.

Намаз окуп жаткан учурда сууну көрсө, таяммум да, намаз да бузулат. Намаз окуп бүткөн соң сууну көрсө, намаз убакты чыгып кеткен болсо да, чыга элек болсо да, намазды кайталап окубайт.

 


[1]. Ибн Абидин,1/ 213-228-б; Касани, 1/ 52-б.

 

[2]. Маида сүрөөсү (5), 6-аят.