ГУСУЛ

ГУСУЛ

Араб тилинен алынган «Гусул» деген сөз лексикалык жактан «жуунуу», «киринүү», «чөмүлүү» деген маанилерди берсе, шарият термининде «бүткүл денени атайын эреже боюнча толук жууш» деген маанини билдирет.

Гусул алууга тийиштүү абалдар

Гусулдун түрлөрү

а) Парз же важиб гусул

1. Жунуб болуу: Жыныстык катнаш, ихтилам (түшүркөөдөн бел суусу чыгуу) жана ар кандай абалда бел суусунун дене сыртына дүүлүгүү менен атылып чыгышы - жунуб болуу деп аталат.

Ислам шариятынын жөрөлгөлүү терминологиясы боюнча бел суусу «мани», «мази» жана «вади» деп үч түргө анык ажыратылып айтылат.

Мани - дүүлүгүү менен атырылып чыккан коюураак ак түстөгү суюктук.

Мази - агыш суюктук болуп, ал жыныстык кыялдануу, же жубайлардын өбүшүүсү убагында жыныстык органдан аздап чыгат.

Вади - кичи даарат ушаткан соң, жыныстык органдан чыккан койгулт суюктук.

Бул үчөөнөн бир гана мани чыкканда гусул алууга туура келет. Мази жана вади чыкканда даарат алуу гана жетиштүү. Биз бул китептин башка жерлеринде келтирген «эрендик» же «бел суусу» негизинен манини көрсөтөөрүн эскертип кетмекчибиз.

Мани чыкканда гусул алуу керектиги, ал эми мази жана вадиден жыныстык органды гана жууп, даарат алыштын далили мына бул хадистер:

«Мазиде – даарат, маниде – гусул бар».[1]

«Ар бир эркек мази чыкса даарат алуусу керек».[2]

2. Эрди-катындын жыныстык байланышында эркектин жыныстык мүчөсүнүн башы көрүнбөй калганчалык кирсе, мани чыкса-чыкпаса да гусул алуу экөөнө тең гусул алуу керек болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз сөзүндө ушундай эскерткен.[3]

3. Хайз жана нифас: Кыздардын, аялдардын хайз жана нифас маалы акырына чыккандан кийин гусул алуулары парз. Куранда мындай деп айтылган:

4. Жаназага (өлүккө) гусул алдыруу: Шейит кеткен адамдан башка ар бир мусулман өлүккө гусул алдырып жууш - мусулман коомчулугунун мойнундагы парз кифая болуп эсептелет. 5. Жаңыдан мусулман болгон адам гусул алышы зарыл:

б) Сүннөт жана мустахаб гусулдар

1. Жума же эки айт намаздары үчүн намаздан мурун гусул алуу: 2. Ажылык же умра үчүн ихрамга кирүүнүн алдында гусул алуу.

3. Арафат күнү Арафатта туруу үчүн гусул алуу: Меккеге кирүү, Муздалифада түнөө жана зыярат же коштошуу тоопторун жасоо үчүн гусул алуу - мустахаб.

4. Күн же ай тутулганда окулуучу намаздар менен жамгыр тилөө дубасы үчүн гусул алуу: Ушул абалдарда гусул алуу - мустахаб.

5. Эсинен танган адам эсине келгенде: Ошондой эле жаназа (өлүктү) жууган адам жана куттуу саналган түндөрдө гусул алуу - мустахаб.

6. Аргасыздык канынан арылган кыз, аялдардын жуунушу.

7. Сапардан жаңы кайтып келген, жаңы кийим кийген адамдын жуунушу.

8. Адамдар чогулган коомдук жайларга бара турган адамдын жуунушу.

9. Күнөөлөрдөн тообо кылуу үчүн жуунушу.

Гусулдун парздары

1. Оозду суу менен чайкоо (мадмада).

2. Мурунга суу алып чайкоо (истиншак). Ооз-мурунду чайкаганда сууну тереңирээк алып, жакшылап чайкаган абзел.

3. Дененин бардыгын толук суу менен жууш.

Гусулдун сүннөттөрү жана адептери

1. Ниет кылуу.

2. Бисмилла менен баштоо.

3. Жыныс мүчөлөрүн жууш. Денеде булганыч болсо тазалоо.

4. Намазга даарат алгандай даарат алуу.

5. Үч жолудан катары менен башына, оң ийнине жана сол ийнине суу куюнуу. Ар бир жолкусунда денени жакшылап жууш. Башында буттар жуулбаган болсо, алгач оң бутту, анан сол бутту жууш.

6. Гусул алып жатканда сүйлөшпөө.

7. Гусул алып жатканда кыбыла жакка беттенип, же тескери карап турбоо. Башкача айтканда, жантык туруу. Жыныс мүчөлөрү жабык болсо, кыбылага беттенүүгө болот.

8. Жалгыз, көздөн далдоо бир жерде жуунса да, жыныс мүчөлөрүн жабуу. Мончо, көл ж.б. көпчүлүк баруучу жайларда уят жерлери ачык бойдон жуунуш арам.

9. Гусул даарат алганда сууну ысырап кылбоо.

Жунуб, хайз жана нифастууларга
харам болгон нерселер

1. Намаз окуу.

2. Каабаны тооп кылуу.

Себеби, тооп да бир түрдүү намаз экени хадисте айтылган.[4]

3. Куранга кол тийгизүү.

4. Курандын бир бөлүгүн болсо да окуй албайт.

Тек гана дуба кылуу ниети менен окуса, мисалы, «Раббана атина ....» аятын же Фатиха сүрөөсүн дуба кылуу ниети менен окуса болот.

5. Аргасыз бир жагдай болбосо, мечитке кирүү, же мечиттен аралап өтүү.

 6. Хайз же нифас учурунда аялзаты орозо кармаса болбойт.

Жунуб, хайз жана нифастууларга
макрух болгон нерселер

1. Ар кандай диний китептерди колу менен кармап окуусу.

2. Колун жана оозун жууп, чайкабастан жеп-ичүүсү.

3. Колу менен кармабай бир нерсеге Куран аяттарын жазуусу.

 


[1]. Шавкани, Найлул-Автар, 1/ 218-б.

 

[2]. Зайлаи, Насбур-Рая, 1/ 93-б.

 

[3]. Бухари, Гусл, 28; Тирмизи, Тахарат, 80; Ибн Маажа, Тахарат, 111.

 

[4]. Шавкани, Найлул-Автар, 1/207-б.