ТАЗАЛЫК ЖАНА АНЫН МАЗМУНУ

ТАЗАЛЫК ЖАНА АНЫН МАЗМУНУ

Ислам динибизде тазалык өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Улуу Алла Тааланын алдында туруп ибадат кылуу үчүн дене, кийим жана намаз окуучу жерлер, асыресе жүрөктүн таза болушу баса белгиленет. Куранда тазалыкка айрыкча маани бергендер Алла Таалага жагымдуу экени эскертилген:

إِنَّ اللهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ

«Чынында Алла тообо кылуучуларды жана тазалангандарды жакшы көрөт».[1]

Сырткы тазалыкка салыштырмалуу ички тазалык, же жүрөк тазалыгы өзгөчө маанилүү. Себеби сырты жалтырап турганы менен жан дүйнөсү кир бойдон калган адам эч качан чыныгы ыймандуулукка жете албайт. Алла Таала жазадан кутулуп, түбөлүк бакытка кол берүүчүлөрдүн башкы сыпаты тазалык экенин баяндаган:

قَدْ أَفْلَحَ مَنْ تَزَكَّى وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّى

«Толук тазарган жана Алланын атын эске алып намаз окуган адам, эңсегенине жетет».[2]

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тазалыктын маңыздуулугу жөнүндө мындай деген:

«Тазалык – ыймандын жарымы».[3]

«Алла таза, тазалыкты жактырат».[4]

 

ТАЗАЛАНУУ ЫКМАЛАРЫ

1. Суу аркылуу тазалануу:

Суу - тазалоочу негизги зат. Алла Таала Куранда мындай деген:

وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُمْ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لِيُطَهِّرَكُمْ بِهِ

«Силерди тазартуу үчүн Алла асмандан жамгыр жаадырып берүүдө».[5]

وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً طَهُورًا

«Биз көктөн тазалоочу суу (жамгыр) жаадырдык».[6]

Тазалык үчүн колдонулуучу суулар төмөнкүлөр:

- жамгыр

- кар

- мөндүр

- дарыя

- булак

- кудук

- деңиз (көл)

- сел суулары.

Суунун үч сыпаты бар:

- түсү

- жыты

- даамы.

Түсү өзгөрбөгөн, жыттанбаган, даамы бузулбаган суу таза суу болуп саналат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) суу тууралуу мындай деген:«Суу таза нерсе. Түсүн, даамын же жытын өзгөртпөсө эле аны эч нерсе булгабайт».[7]

2. Таза суюк заттар:

Гүл суусу, дарактын саркынды суусу, лимон, анар сыяктуу жемиштердин суусу менен кийим жана денедеги кирлерди тазалоого болот. Бирок, мындай суулар менен даарат, гусул алынбайт.

Бал, эритилген май, сүт, эттен сарыккан суу сыяктуу суюк заттар менен даарат алууга да, тазалоого да болбойт. Аз өлчөмдө топурак, ун самын (порошок), же самын аралашып кеткен суу тазалоочу боло алат.

3. Сүртүү аркылуу тазалоо:

Бычак, чыны, табак ж.б. сыяктуулар булганса, топурак же ным кездеме менен булганыч кеткенге чейин сүртсө, тазаланган болуп эсептелет. Мисалы, кой сойгон бычакты топуракка жакшылап сүртсө тазарган болуп эсептелет. Башкача айтканда, мындай бычак менен кошо намаз окулса, намаз бузулбайт. Буга далилибиз: сахабалар согушта жоо менен согушуп, анан кылычтарын сүрүп, намаз окуй беришкен.

4. Отко салуу аркылуу тазалоо:

Темирде кан сыяктуу булганыч нерселер болсо, аны отко салуу аркылуу тазалоого болот.

5. Чочкодон башка ар кандай өлүп калган жаныбардын териси ашатылса тазарат.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Ар кандай тери ашатылса, ал таза».[8]

1. Оор булганычтар:

а) Адамдын чоң-кичи даараты, жыныстык органдан чыкчу урук (эрендик) суюктугунун түрлөрү. Ооз толо кусунду, дененин ар кандай жеринен чыккан кандар, денеден бөлүнгөн эт же тери бөлүктөрү, кыздардын (аялдардын) этек кири, сөл (нифас) жана нормалсыз абалдан улам келген кандар.

б) Эти желбеген айбандардын сийдиги, шилекейи, канаттуулардан башка айбандардын тезектери жана бүткүл айбандардын кандары.

в) Тоок, каз, өрдөктөрдүн тезектери.

г) Арак ичүүгө жана колдонууга арам болгондуктан кийимге, денеге жукса жуулмайынча тазарбайт.[9]

д) Арам өлгөн жандык.

2. Жеңил булганычтар:

а) Эти желе турган кой, эчки, жылкы сыяктуу жаныбарлар менен кийик сыяктуу жапайы аңдардын тезеги, сийдиги имам Абу Юсуф менен имам Мухаммеддин көз-караштары боюнча жеңил булганычка жатат. Ушул көз-караштын негизинде өкүм чыгарылып келген, бирок имам Абу Ханифа жогоркуларды оор булганыч дейт.[10]

б) Этин жегенге болбогон бүркүт, сагызган сыяктуу канаттуулардын тезектери.

в) Ар бир жаныбардын өтү ошол жаныбардын тезегинин ордунда деп каралат.[11]

Ажаткана адеби

Ажатканага Алла Тааланын, же Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) аты жазылган нерсени алып кирбеген оң. Анас (радиаллаху анху) мындай баяндаган: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ажатканага кирерде, шакегин чыгарып койчу эле».[12]

 


[1]. Бакара сүрөөсү (2), 222-аят.

 

[2]. Аала сүрөөсү (87), 14-15-аяттар.

 

[3]. Муслим, Тахарат, 1.

 

[4]. Тирмизи, Адап, 41.

 

[5]. Анфал сүрөөсү (8), 11-аят.

 

[6]. Фуркан сүрөөсү (25), 48-аят.

 

[7]. Зайлаи, Насбур-Рая , 1/94.

 

[8]. Муслим, Хайз, 105; Абу Дауд, Либас, 38.

 

[9]. Караңыз: Маида сүрөөсү (5), 90-аят.

 

[10]. Х. Дөндүрен «Далилдери менен Ислам илмихалы», 135-б.

 

[11]. Ибн Хумам, Фатхул Кадир 1/ 135; Ибн Кудаама, Мугни 1/52.

 

[12]. Тирмизи, Либас, 17; Абу Дауд, Тахарат, 10.