ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КҮНҮМДҮК ДУБАЛАР

ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КҮНҮМДҮК ДУБАЛАР

 

اللَّهُمَّ إنّي أسألك: عِلمًا نافِعًا و رِزقًا طَيِّبًا و عَمَلاً مُتَقَبَّلاً

“Аллахумма иннии асальу-Ка: ъильман наафиъан, ва ризкон тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян”

“Аллахым, мен Сенден сураймын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды”

Бул дубаны Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) багымдат намазынын аягында окучу. Дубанын сыры: багымдат күндүн башы, багымдатты кандай тоссоң күнүң ошондой уланат, багымдат учурунда ушул күнү аткарылчу иштердин ийгиликтүү болуусун суроо керек, аткарылчу иштердин эң эле жакшысы эле илим талап кылуу, адал ырыскы үчүн иштөө жана сооптуу кайрымдуулук иштерин кылуу.  

اللَّهُمَّ أَعِنّي عَلى: ذِكرِكَ و شُكرِكَ و حُسنِ عِبادَتِكَ

“Аллахумма аъиннии ъалаа: зикри-ка, ва шукри-ка, ва хусни ъибаадати-ка”

“Аллахым, мага жардам бер: сени эстешке, сага шүгүр келтиришке жана сага жакшылап ибадат кылышка”

Дубанын сыры: Ля хавля ва лаа куввата илля билляхи, же Аллахтан башка күч жана кубат жок. Адам өз каалоосу менен гана ибадат кыла албайт, албетте Аллах тараптан кандайдыр бир жардам, илхам[6], түрткү болушу шарт. Ошондуктан ибадат кылуу кыйын болуп калганда ушул дубаны окуп туруңуздар. Жана “5 убак намазга киришүүнү каалайм, бирок эмнегедир окуй албай жатам” дегендер ушул дуба менен тилдерин нымдап, тез-тез кайталап туруусу зарыл. Ал эми таквалык жолунда бекем болуп ихсан даражасына умтулган момун мусулмандарга эскертме – “Аллах эч бир нерсеге муктаж эмес, биздин да сиздин да таат-ибадаттарыбызга муктаж эмес, эгер биз антип ойлосок Аллахтын сыноосу келип тескерисин далилдеп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул дуба менен дайым достошуп, Аллахтын жолунда дайым ибадат кылууга каалоо тилеп туруңуздар”  

رَبِّ يَسِّرْ و لا تُعَسِّرْ و تَـمِّمْ بِالْـخَيْرِ

"Рабби йассир ва лаа туъассир ва таммим биль-хойр”

“Раббим! Жеңилдет, оордотпо жана иштин аягын жакшылык менен бүтүр”

Дубанын сыры: Бул дуба дүйнө иштеринде да, акырет иштеринде да жардам берет. Кайсыл нерсени Аллах жеңилдетсе ошол нерсе гана бизге жеңил болот. Кантип Аллах иштерди жеңилдетет: биринчиден адамга илхом берет, керектүү илим берет, каражат, күч, кудурет, убакыт берет, экинчиден ошол ишти аткарууга жардам берет жана жыйынтыгын ийгиликтүү кылып берет. Натыйжада пайда болгон акыбетти берекелүү[7]кылып берет. Аллаху аълам!