Ислам дини

6:49 AM Ишеним

«Ислам» деген сөз «тынчтык, амандык, бейпилдик, баш ийүү» маанисиндеги «силм, салам» деген арабча сөздөн бутактап чыгып, кеңири мааниде «Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, тынчтык жолуна түшүп, бейпил жашоого карай аттануу, ар бир адамга, кала берсе, ар бир нерсеге бекем ыйман менен мамиле жасоо жана колунан, тилинен эч бирөөгө залал тийгизбөө» деген маанилерди билдирет. Ислам – Алла Тааланын аяндарына негизделген, Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу бизге жетип, Пайгамбарыбыз өрнөктүү өмүрү менен жашап көрсөткөн Ааламдык ыйык диндин аты. Ислам дини жалпысынан ишенимдик, турмуштук жана ахлактык өкүмдөрдү өз ичине камтыйт. Ошондуктан исламдын бардык өкүмдөрү, жол-жоболору, майда-баратына дейре толук турмушка ашырылуусун дин деп атайбыз. Демек, динди тек гана жеке ишеним же руханият маселеси деп түшүнүү чоң жаңылыштык. Исламдын түпкү өзөгү ыйман жана бекем ишеним. Башкача айтканда, Алла Таалага байланыштуу ыйык акыйкаттарга кынтыксыз, бекем ишенип, толук баш ийүү. Исламдын туу чокусу болсо – киши өз жоопкерчиликтерин Алла Тааланы көрүп тургандай жана Алла Таала да аны көрүп тургандай кылдат жана толук аткара билүүсү (ихсан), ошондой эле жасаган, жасай турган ар бир нерсени, ар бир ишти Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүзөгө ашырууга аракеттенүүсү (ихлас) болуп саналат. Мусулман деген ким? Мусулман же муслим - ислам дининин жол-жоболоруна баш ийген, тынчтыкты, бейпилдикти өмүр өрнөгү катары иш жүзүндө көрсөтө билген адам. Бул ысымды Алла Таала Куран Каримде Өзү ыйгарган: هُوَ سَمّاَكُم الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِى هَذَا.. «Мындан мурун да, ушул Куранда да, Ал силерди «мусулман» деп атаган». Ошондуктан мусулман адамды «исламист», «динаятчы» же «исламчыл» деп атоо таптакыр туура эмес. Момун деген эмне? Момун же мумин - ишенимдүү, жарамдуу, Алла Таалага ишенип, чын жүрөгүнөн терең моюн сунган адам. Жеке мааниде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жолго койгон динине ишенип, бул динди бекем тутунган адам. Момун жана мусулман деген терминдердин ортосунда бир аз айырма бар болгону менен, демейде маанилеш сөз катары биринин ордуна бири колдонула берет. Бул жерден айта кетчү нерсе, кыргыз тилибиздеги «жоош, элге зыяны жок» деген маанини туюндурган «момун» деген сөз түпкүлүгүндө арабча «мумин» деген сөздөн келип чыкса да, ислам маанисиндеги «момун» сөзү менен бипбирдей мааниде эмес. Жүрөгүнөн ишенбей туруп дин жоболорун аткаруу – мунафыктык (эки жүздүүлүк), ал эми ишеними бар болуп, бирок дин жоболорун аткарбоо же жаман иштерди жасоо – бузукулук. Ошондой эле, дин жоболорун толук аткарбаган адам аларды төмөн көрүп же жокко чыгарбаса эле, ал адамга каапыр деп өкүм берүү туура эмес. Ааламдын дини – ислам Ислам дини – ыйык диндердин эң акыркысы. Ошондой эле ал өзүнүн нукуралуулугун, түпкүлүктүү нугун туура сактап турган бирден бир дин. Ислам динин өз өмүрүнө өрнөк кылып бизге жеткирген Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) да пайгамбарлардын эң акыркысы. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ыйык диндердин эң соңку тыянагын чыгарып, акыргы чекитин койгон. Анын пайгамбарлыгы кандайдыр белгилүү бир коом же улут үчүн болбостон, бүт жер жүзү, бүткүл адамзат дүйнөсү үчүн белгиленген. Андан мурунку пайгамбарлар тек гана өздөрү жөнөтүлгөн коомчулукка карата: «Оо, коомум, оо, менин элим!» деп кайрылгандыгы белгилүү. Ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) болсо, Куран Каримдин бир топ жеринде көрсөтүлгөндөй «Оо, адамзат!» деп, бүткүл адам баласына карата чакыруу жасап, бүт жер жүзүнө пайгамбар катары жиберилгендиги баяндалган. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) жана анын миссиясынын ааламдык алкакта экендигин көрсөткөн көптөгөн аят, хадистер бар. Мисалы, мына бул аяттарда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мезгил жана мейкиндиктен ашкан милдеттенмеси өтө ачык туюнтулган: وَمَا اَرْسَلْنَاكَ اِلاَّ رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ «Биз сени бүт ааламга мээрим катары жөнөттүк». قُلْ يَآ اَيُّهَا النَّاسُ اِنِّى رسُولُ اللَّهِ اِلَيْكُمْ جَمِيعًا.. «Айткын: Оо, адамзат! Мен силердин баарыңарга Алла тарабынан жөнөтүлгөн Элчимин». Пайгамбарыбыз Мухаммед (cаллаллаху алейхи васаллам) Куранда өзү жөнүндө айтылган мындай өзгөчөлүктү көптөгөн хадистеринде да баяндап өткөн. Мисалы: «Ар бир пайгамбар өз коомуна жөнөтүлгөн. А мен болсом бүткүл адамзатка жөнөтүлдүм...». Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) жеткирген ислам дининин өкүмдөрү, жол-жоболору кемчиликсиз, толукталган бир бүтүн системаны түзүп турат. Андыктан ал ар түрдүү заман жана доорлордо, ар түрдүү жерлерде жашоочу бардык элдердин жана коомчулуктардын көйгөйлөрүн чечүүгө, руханий-идеялык муктаждыктарын камсыз кылууга жеткиликтүү болгон терең, бай көрөңгөнү камтыйт. Ислам дини өзүнөн мурдагы доорлордо жөнөтүлгөн бардык пайгамбарлардын жана аларга берилген бардык ыйык китептердин эч бирин четке какпастан, аларды жалпылай тастыктайт. Куран Карим Кыяматка чейин бүткүл инсанияттын керегине жарап, издегенин таап берген, көйгөйлөрүн чечип турган эң соңку, эң толук жана кемтиксиз ыйык китеп. Ошондой эле, ал тээ өз учурунда жаңы түшкөн кезиндеги оригиналдуулугун, тазалыгын сактап тура берүүчү жападан жалгыз ыйык китеп. Демек, Куран Каримге ишенген ыймандуу адамдар анын бүт дүйнөлүк улуу өзгөчөлүктөрүнө ылайык, ааламдык масштабда Алла Тааланын улуу динин жаюусу, айрыкча бул акыркы динди өз өмүрлөрүнө өрнөк кылып, иш жүзүндө жашай билүүсү керек. Исламдын жашоого көз карашы кандай? Адамдар бул дүйнөгө сыноо үчүн жиберилет. Адамдын өмүрү бүт бойдон сыноонун бир түрү болуп саналат. Бул маанилүү маселе Куран Каримде өтө ачык-айкын баяндалган: الَّذِي خَلَقَ الْمَوْتَ وَالْحَيَاةَ لِيَبْلُوَكُمْ أَيُّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا وَهُوَ الْعَزِيزُ الْغَفُورُ «Ал кимиңердин жакшы иш жасаарыңарды сыноо үчүн өлүмдү жана өмүрдү жараткан. Ал эң кудуреттүү да, кечиримдүү». Бул дүйнөдөгү жашоо убактылуу гана турак болгондуктан, адамдар белгилүү бир мезгилге чейин биякта жашап туруп, анан түбөлүктүү ааламга кете бериишет. Бул дүйнө болсо акырет үчүн даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген утурумдук мекен. Адамдар бул мекенде убактылуу гана өмүр сүрүп, Алла Таала тарабынан материалдык жана моралдык жактардан сыналат. Адамдын өмүрү – сыноо майданы болгондуктан, адамдын денеси, акылы, ага берилген ар бир мүмкүнчүлүк жана өзгөчөлүктөр адам үчүн сыноо каражаттары болуп саналат. Алла Таала адамга ыйгарган ушунчалык сонун мүмкүнчүлүктөрдү анын бейиш жайга ээ болушу үчүн кайрадан адам баласы тарабынан Алланын Өзүнө сатылуусун сунуш кылган: اِنَّ اللَّهَ اشْتَرَى مِنَ المُؤْمِنِينَ اَنْفُسَهُمْ وَاَمْوَالَهُمْ بِاَنَّ لَهُمُ الْجَنَّة.. «Алла ыймандуулардын жандарын, байлыктарын аларга бейишти берип сатып алган». Алла Тааланын чексиз мээрими, боорукерлиги тууралуу ой жүгүртүп көрөлү: Ал өзү адам баласына тартуулаган жанды, байлыкты, тирүүлүк-жашоону кайра өзү бейишке айырбаштап сатып алууну каалайт. Болбосо ошонун баарын түпкүлүгүндө адам баласына Өзү берген эле да?! Адам баласы өз өмүрүн Алла Тааланы кубандырарлык баалуу максаттар жана жакшы иштер менен өткөрө алса, анда бул дүйнөдө да, акыретте да бакытылуулукка ээ болгону ошол. Эң оболу, ыйман – бул Алла Тааланын адам баласына берген эң чоң белеги. Ыйман – бейиштин үрөнү сыяктуу. Жүрөгү ыйманга толгон адамдын ар дайым Алла Таала менен тыгыз байланышта өткөргөн куттуу өмүрү чыныгы бейкуттуктун, бакыт-таалайдын кайнар булагы. Адам баласы Алла Таала буюргандай ибадат (кулчулук) кылып, арам нерселерден жана күнөөлөрдөн алыс болуп, өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалуу соодага колдоно алат. Байлыгынын жана ар кандай мүмкүнчүлүгүнүн зекетин, садагасын берүү аркылуу бул пайдалуу соодадан куру калбайт. Дегинкиси, адам баласы Алла Таала өзүнө берген ар бир жакшылык-сыйды Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн гана пайдаланып, ушул жолдон жазбай жүрө алса, ага бейиштин жолу ачык. Ал эми адамды Алла Тааланын ыраазычылыгына жеткирүүчү жол – бул ислам жолу. Илим менен диндин шайкештиги Адамзат илгертеден бери эле табият, аалам, адам, улуу Жараткан жана булардын бири-бири менен болгон алака байланыштары жөнүндө баш катырып, ой толгоп, алардын ортосундагы сырдуу катыштарды түшүнүүгө далалат жасап келген. Аалам, табият болсо – Алла Тааланын кудурети жана Өз каалоосу менен жазып койгон укмуштай сонун китеби. Бул китептин мазмуну Алла Тааланын белгилүү мерчеми, программасы, өлчөөсү жана жайгаштыруусу боюнча системалуу түзүлгөн нерселер менен ар турдүү окуя кубулуштардан турат. Ошону менен бирге эле, Алла Тааланын «Келам» (Сүйлөө) сыпатынан келип чыккан Куран китеби дагы бар. Куран Карим жогоруда айтылган башкы перспективалар аркылуу адамзатка ааламды түшүндүрүп, андагы заттар жана кубулуштардын сырын чечмелеп берет. Аалам китебин белгилүү тартип жана өлчөмдөр менен жараткан Алла Таала. Өзү курган бул системаны Куран Карим аркылуу баяндап берет. Адам баласы болсо бул эки китептин башкача бир кебетеде жазылган шекили. Куран, аалам жана адам үчөөнүн ар бири – Алла Тааланын ыйык ысымдары менен сыпаттарын ар түрдүү ыкмаларда чагылдырып турган өзгөчө китептер. Булар бири-бири менен укмуштай сонун ички байланышты түзүп, бирин-бири чечмелеп, сырдуу жактарын ачып берет. Булардын ортосунда абдан тыгыз шайкештик, гармониялык катыш жүрүп турат. Илим-билим болсо аалам жана адам китептерин тереңдей изилдеп, ар кандай тажрыйбалар жана экспертизалардын аркасы менен кээ бир чындыктарды аныктайт. Ал эми дүйнө жүзүндө анык жыйынтык чыгарыла элек маселелер болсо бир түрдүү көз караш, окуу же теория болуп саналат. Чыныгы илим-билимдер – бул Алла Тааланын ааламда жүргүзүп жаткан мыйзам-эрежелеринин, ааламдагы ошол мыйзам-эрежелер менен заттар жана кубулуштардын арасындагы түрдүү катыштардын айгинелениши, акыл-эске жасаган «доклады» деп айтсак болот. Ошондуктан, жогоркулардын бири-бирине кайчы келүүсү, карама-каршылыгы же болбосо бири-биринен ажыратыла каралышы эч мүмкүн эмес. Түрдүү тармактардагы билим акыйкаттары жана илимий жетишкендиктер ислам дини менен айкалышып турары чындык болсо да, көрүнгөн эле теорияны ислам дининин негизги булактары болгон Куран жана сүннөткө (хадиске) шайкештирүүгө далалаттануу туура боло бербейт. Анткени, ортого чыккан ар бир көз карашты исламга шайкештирүүнүн жолу изделе берсе, анда ушул кезге дейре акыйкаттыгы толук аныкталып бүтө элек кээ бир көз караштар нукура чындык катары кабыл алынып, Куран аяттары же хадистер ошого карай чечмелене башташы мүмкүн. Бул болсо акыр аягында илимий баш аламандыкка, адашууга себепкер болот. Ошондуктан, илим-билимдеги жетишкендиктердин Куран Каримге жана айкын сүннөткө (сахих хадистерге) канчалык даражада шайкеш келерин аныктоонун негизинде баа берүү зарыл. Албетте, илимий чындык экендиги такталбаган жана кескин түрдө аныкталбаган көз караштарды, теорияларды кандайдыр бир илимий акыйкат катары баалап, Алла Таала тарабынан билдирилген нукура чындыктарды аларга шайкештирүүгө аракет жасоо эч качан туура болмок эмес. Дин жана нукура илим-билим – бул бир эле чындыктын эки жүзү сыяктуу. Дин адамды туура жолго салат, ары бактылуулуктун жолуна баштайт. Ал эми максат-марасы аныкталган нукура илим-билим болсо, ошол жолдо бараткан адамдын алдына жарык берген шамчырак сыяктуу. Алла Таала адамзат, аалам жана Жаратуучу тууралуу так маалыматтарды берип туура багытта тарбиялоо милдетин, булар жөнүндө сүйлөө укугун пайгамбарларга берген. Нукура таза, өзгөчө касиеттер ыйгарылган бул улуу инсандар чексиз кудуреттүү Алла Таала менен тикелей байланышта болушкандыктан, бул аалам менен тигил ааламга байланыштуу маанилүү маселелерди таамай чечмелеп, түшүндүрүп берүүчүлөр да ошол пайгамбарлар болуп саналат. Ооба, бүгүнкү күндөгү өнүккөн илим аныктап жаткан бир далай чындыктарды жана илимий жетишкендиктерди жан дүйнөлөрү ааламдык ыйык кабарларга ачык, эбегейсиз кыраакы жаратылган пайгамбарлар тээ байыркы убактарда эле жалпы жонунан ар түрдүү ыкмада баяндап айтып кетишкен. Биз жашап жаткан ушул доорубузда заманбап изилдөө каражаттары, өнүккөн технологиялык каражаттар колдонулган изилдөө борборлору канчалык бийик деңгээлге жетпесин, учурубузда жашап жаткан миллиондогон адамдар, миңдеген окумуштуулар ар бир нерсеге тээ илгери өткөн пайгамбарлардын аяндары менен баяндарынын негизинде баа беришүүдө. Айрыкча, адамзат, аалам жана Алла Тааланы түшүнүү маселесине келгенде сөзсүз түрдө ошол пайгамбарлардын айткандарына таянып, кынтыксыз түрдө ошол пайгамбарлардын окуулары боюнча ой жүгүртүп, алардын артынан ээрчип баратышканы чындык. Ислам динибиз Куран Карим жана айкын сүннөттү (хадистерди) түпкү булак катары эсептеп, булар аркылуу ар түрдүү илим салааларына жол ачат. Ары ишенгендерди ушул негизде түркүн илим тармактарын көздөй аттанып, баш-оту менен илимдин артынан түшүүгө үндөйт. Адамзатка бардык жагынан жол башчы катары өзгөчө жөндөм менен жөнөтүлгөн пайгамбарлар адамдардын руханий-идеялык жактан өсүп-өнүгүүсүндө кандай жетекчилик кылышкан болсо, алардын материалдык жана коомдук жактардан өсүп-өнүгүүлөрүнө да бирдей эле жетекчилик кылышып, жол көрсөтүп беришет. Цивилизациялык кайра жаралуулар менен тарыхый улуу бурулуштарды, өсүп-өнүгүүлөрдү Алла Таала эң оболу ошол пайгамбарлары аркылуу адамзатка тартуулаган. Буга мисал катары, азирети Нух пайгамбар (алейхиссалам) курган кемени, азирети Юсуф пайгамбардын (алейхиссалам) саат жасоо өнөрү сыяктууларды айтса болот. Куран Карим пайгамбарлардын мужизаларын илим-билим канчалык өнүксө да жетүүгө мүмкүн болбогон эң бийик туу чоку катары баяндаган. Мисалы, «Бакара» сүрөөсүндө, азирети Мусанын (алейхиссалам) доорунда өлгөн адамдын кайра убактылуу тирилтилгени баяндалган. Аталган аятты улуу муфассирлердин бирөө чечмелеп түшүндүргөнүнө таянсак, медицина илими өлүмгө утурумдук тирүүлүк кубулушун алып келе алгыдай деңгээлге чейин өсүп-өнүгө алат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) да көптөгөн хадистеринде илим-билимдин өнүгүп олтуруп жетер бийиктиктерин ишараттап өткөн. Мисалы, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) убакыт кыскарган тездик доорунун адамзатка келерин айтып өткөн. Даярдыкта туруу менен аракетке өтүүнүн ортосундагы убакыттын өтө кыскарарын, мейкиндик алыстыктардын аралыктары аябагандай жакындаарын, ыкчам тездик менен көздөгөн аралыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк жараларын баяндап, илим-билимдеги ыкчам мүнөздөгү өсүп-өнүгүүнүн жышаан кылган. Айрыкча байланыш каражаттары жана кабарлашуу салаасында таң калыштуу, эбегейсиз чоң өнүгүүлөр жарыкка чыгары көп кылымдар мурун билдирилген. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (cаллаллаху алейхи васаллам) бир томолок анар менен бир топ киши тоё турган замандын келерин айтып өткөндүгүн мисал келтирсек болот. Демек, айыл-чарбага байланыштуу илимдердин өнүгүшү менен өзгөрүүлөр жүрүп, натыйжада бир анарга жыйырма чакты киши тоюп, кабыгына бир адам көлөкөлөп отургудай абал жүзөгө аша тургандыгы ишаратталган. Көрүнүп тургандай, аталган хадисте ушул доорубузда болуп жаткан биогенетика илиминин канчалык өнүгөрү туюнтулган. Жогоруда келтирилип өткөн мисалдардан сырткары, Куран Каримде жана бир топ хадистерде биз азыркы учурда али көрө элек болсок да, мындан кийинки келечекте сөзсүз жарыкка чыга турган түрдүү илим-билим тармактарынын жетишкендиктери, илимдин акыркы жетер чектери ишаратталып айтылган. Дегинкиси, булар ишаратталып эле тим калбастан, ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн адамзаттын акыл-эси алга карай сүрөлгөн. Келечектеги бир учурларда мөртү келип, ошол бийиктиктерге адамзаттын колу жеткен кезде: «Сен шексиз Алланын анык Элчисисиң! Учурунда туура айткансың!» деп толук моюндалып, Алла Тааланын Элчиси болгон сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) карата ишеним ого бетер күчөрү, динибиздин улуулугу ого бетер айкын көрүнөрү талашсыз. Арийне, кылымдар улам жаңырган сайын сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк таап, анын айткандары күн санап четинен жүзөгө аша берет. Илим-билим материалдык дүйнөнүн, жашоо-тиричиликтин, айрыкча, адамзаттын кандайча жаралып, жарыкка чыкканын изилдейт. Ошондой эле бул ааламга орнотулган керемет мыйзам эрежелерде катылып турган сырларды ачып, так ошол мыйзам эрежелерге таянып олтуруп адамзаттын технологиялык жана цивилизациялык жактардан өөрчүп-өнүгүүсүнө жардам берет. Ал эми дин болсо ааламдын, материалдык дүйнөнүн эмне үчүн жаратылганын, жаратуучусунун ким экенин анык баяндап берет. Айрыкча, адамзаттын жаратылыш-тирүүлүк ичинде туткан өзгөчө ордун, жаратылуу максатын жана бул дүйнөдөгү милдетинин маани-маңызын айкын белгилейт. Азыркы учурда деле илим менен дин – жаратылыштын, ааламдын терең сыр сандыктарын ачкан кош ачкыч, табышмактар дүйнөсүнүн жандырмагын таамай тапчу жолду көрсөткөн көмөктөш жол чырактар бойдон калууда. Бул экөөнүн биринчиси ааламдагы бардык нерселердин жаратылуу абалын, материалдык жактан ички катыштары менен сырларын так баяндап берсе, дагы бирөө алардын жаратылуу себебин жана максатын түшүндүрүп берүүдө. Бул өңүттөн алып караганда, экөөнүн арасында бири-бирине кайчы келчү абал же карама-каршылык деген такыр эле жок. Тескерисинче, экөө тең бири-бирин кубаттап, тастыктап жана алга сүрөп барат. Айрыкча, дин өзүнө таандык булактары аркылуу жаратылыштын алгач башталган нугу, өлүмдөн кийинки жашоо абалы сыяктуу адамзаттын акыл чөлкөмүнөн ашкан маселелерде канааттандырарлык жоопторго эгедер кыла ала турган адаштырбас жетекчи десек болот. Илим-билим канчалык өнөгүп-өскөн сайын диний ишенимдер ошончолук артка чегинип, алсырай берет деп бир кездерде божомол жасагандар чоң жаңылыштык кетиргендигин учурда моюндарына алышууда. Ушул учурда күбө болуп жатканыбыздай, илим-билим өнүккөн сайын, улам жаңы ачылыштар болгон сайын акыл-эси тунук адамдарды диний баалуулуктарга ого бетер жакындатып, Алла Тааланын улуулугун ансайын айкын далилдер менен көрсөтүп бергени, ого бетер көп адамдарды ыйманга келтирип жатканы чындык. Башкача айтканда, ааламга жайгаштырылган кемчиликсиз эрежелердин керемет системасы илим өнүккөн сайын даана айгинеленүүдө жана мындай системаны орнотуп, жүргүзүп турган Алла Тааланын бардыгына эң күчтүү далил, майтарылгыс күбө болуп берүүдө. Ошол себептен Улуу Жараткандын бардыгын, теңдешсиз күч-кудуретин жокко чыгаруу же буга ынанбоо керемет системалуу аалам мыйзамдарын, илимди жокко чыгарганга барабар болмок. Бул мыйзамдуулуктар жокко чыгарылган күндө илим-билим тууралуу сөз кылуу мүмкүн болбой калат. Дагы бир өңүттөн караганда, илим-билим Алла Таала жараткан ааламдагы ар түрдүү заттардын үстүндө изилдөө жүргүзүүчү курал болгондуктан, жаратылыштагы акыл жеткис кереметтерди, майда-чүйдөсүнө чейин укмуштай так эсептелген мыйзамдарды байкоо жолу менен жаратылышта чагылдырылган Алла Тааланын көркөм ысымдарын жана сыпаттарын баяндап берүүдө. Ушундан улам илим-билим Алла Тааланын көркөм ысымдарын чагылдырган күзгү болуп, ар бир илим тармагы Алла Тааланын белгилүү бир ысымына таянат.

Cунуш кылабыз