АЛИ БИН АБУ ТАЛИБ

6:49 AM Сахабалар

АЛИ БИН АБУ ТАЛИБ (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) аталаш агасынын уулу, күйөө баласы жана төртүнчү рашид халифа. Хайдар, Амирул-Муминин, Асадуллах наамдары менен белгилүү сахаба. Атасы Абу Талиб, энеси Фатима бинти Асад, чоң атасы Абдулмутталиб. Негизги аты Абул Хасан жана Абу Тураб, лакабы Хайдар, Амирул-Муминин наамы менен аталган. Мындан тышкары «Асадуллах», башкача айтканда, «Алла Тааланын арстаны» деген наамы да белгилүү. Хижраттан жыйырма үч жыл мурун дүйнөгө келген. Азирети Али жаш мезгилинен баштап Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) камкордугуна алынган. Он жашында мусулман болгон. Азирети Хадижадан кийин эле ислам динин кабыл алган сахаба. Азирети Али күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен Азирети Хадижанын ибадат кылып жатышканын көрөт. Мына ошол күндөн баштап Аалам Мырзасынан ибадаттын сырын сурап, ислам динин өзгөчөлүгүнө кызыга баштайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) эң оболу ширк, тавхид түшүнүктөрүнүн маанисине терең акыл калчоого жүргүзүүгө үндөйт. Бул жеке ой жүгүртүү абалы көпкө созулбай, Азирети Али мусулманчылыкты бат эле кабыл алат. Меккеде дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында жүргөн. Ошол күндөрдө Каабадагы буттарды талкалаганын төмөнкүчө эскерген: «Бир күнү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен Каабага бардым. Алланын Элчиси менин ийиниме чыкканга аракет кылды. Бирок, мен аны көтөрө албадым. Ошондо, мени өзүнүн ийнине чыгарып, көтөрдү. Каабанын үстүндө бир бут бар эле. Аны кулаттым. Бут кулап жерге түштү, талкаланды. Ошентип экөөбүз кайра артка кайттык». Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) эң жакын ага-ини туугандарына ислам динин айтып, аларга акыйкатты билдирген. Алла Таала тарабынан буйрук алгандан кийин, аларды Сафа дөңсөөсүнө топтоп, Алла Тааланын буйруктарын айтканда, курайш мушриктери аны шылдыңдашат. Экинчи жолу чогулууну Азирети Али уюштурат. Ал чоң зыяпат даярдап, хашимуулдарын чакырат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тамактанып бүтүшкөндөн кийин аларга мындай дейт: «Оо, Абдулмутталиб уулдары, мен силерге жана бардык инсандарга элчи катары жиберилдим. Араңардан ким мага бир тууган жана дос катары ишенип, жардам берүүгө убада берет?». Ошондо, бир гана Азирети Али ордунан туруп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айткандарына моюн сунуп, ага убада берет. Мындан улам, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Сен менин бир тууганымсың жана вазиримсиң» – деп, Азирети Алиге ыраазы болгонун билдирет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Хижраттан мурун колундагы аманаттарды өз ээлерине берүүнү Азирети Алиге тапшырат. Ошол күнү Азирети Али Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) төшөгүндө жатып, Аны өлтүрүү үчүн келген мушриктерди таң калтырат. Мына ошентип, Азирети Али мушриктерди алаксытуу максатында өз жанын тобокелге салган жана Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеден алыстап кетүүсүнө көмөк көрсөткөн. Азирети Али, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) аманаттарын өз ээлерине тапшыргандан кийин Мединага хижрат кылган. Мединада да дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанынан айрылган эмес. Ислам душмандарына каршы согуштардын дээрлик баарына катышкан. Ухудда аскер башчысы болгон болсо, Бадрда тууну көтөрүп, чалгындоо бөлүгүн жетектеген. Ошондой эле Бадр согушу башталардан мурда курайштар менен жекеме-жеке чыккан үч кишинин бири эле. Ал Валид бин Мугираны өзгөчө кылычы менен жерге кулатып, Азирети Убайда оор абалда калганда ага жардамга барган. Ага ушул согушта «Алла Тааланын арстаны» деген лакап ат берилген. Азирети Али Бадр согушунан кийин Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кызы Азирети Фатима менен үйлөнөт. Алардын никесин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү кыйган. Азирети Алинин Азирети Фатимадан үч уул, эки кызы болгон. Хижраттын үчүнчү жылында Ухуд согушунда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жараланган. Душмандар «пайгамбар өлдү» деген жалган кабарды жайылтышкан. Дал ошол учурда Азирети Али Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына келип, аны коргоого алган. Эки тарап тең жеңишке жетпеген бул согушта Азирети Али көп жеринен жараланган. Ухуд согушунан кийин «Бани Надр» жөөттөрү менен болгон согушту Азирети Али өзү жеке башкарган. Бардык кагылышууларда баатырдыгын көрсөтүп, мушриктердин эң белгилүү баатырларын багындырган. Худайбия келишиминде тынчтык шарттарын жазууда Азирети Али башчылык кылган. Тынчтык нааманы «Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын ысмы менен, Мухаммед Алланын Элчиси…» – деп жазып баштаганда, мушриктер буга каршы чыгышат. «Мухаммед Алланын Элчиси» деген жерге «Мухаммед бин Абдуллах» деп жазылуусун талап кылышат. Азирети Али Меккенин кан төгүүсүз мусулмандарга өтүүсүндө, ыйык жердин айкел-буттардан тазалануусунда маанилүү ролду ойногон. Хунайн кагылышуусунда болсо, күчүн жоготуп бараткан мусулман аскерлеринин бүтүндүгүн көсөмдүгү, кыраакылыгы, баатырдыгы менен кайрадан топтоого жетишкен. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Хижраттын тогузунчу жылында Табук жортуулуна чыгардын алдында Азирети Алини өзүнүн үй-бүлөсүн жана туугандарын коргоосу үчүн Мединага таштаган. Азирети Али бул жортуулга катыша албай калганына абдан кайгырган. Мындан улам, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага «Муса пайгамбарга Харун кандай болсо, сен да мага ошондой болууну каалабайсыңбы?!» – деген. Азирети Али бул сөздөрдү уккандан кийин көңүлү көтөрүлүп, кубанган. Йемен аймагына ислам динин жайылтуу кыйынга турган. Бул жоопкерчиликтүү жана татаал милдет да Азирети Алиге берилген. Ал үчүн Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Оо Жараткан Аллам! Алинин тили, котормочулугу жана жүрөгү хидаят (туура жол) нурунун булагы болсун!» – деп дуба кылган. Азирети Али Йеменге барып, жергиликтүү калкка ислам динин түшүндүрүү ишин өтө жогорку деңгээлде жүргүзгөн. Натыйжада өтө кыска убакыттын ичинде Йемендеги бардык хамадан уруусу мусулманчылыкты кабыл алышкан. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөдөн кайтып, Азирети Абу Бакир халифалыкка дайындалганда Азирети Али Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кичинекей бөлмөсүндө аны кепиндөө иши менен алек болгон. Ал эми Азирети Умар халифа болуп турганда мамлекеттин укуктук иштери менен алектенип, Ислам мамлекетинин башкы казылыгы милдетин аткарган. Азирети Умар дүйнөдөн кайткандан кийин, халифа дайындоодо талапкерликке көрсөтүлгөн алты кишинин эң акырында калган эки талапкердин бирөөсү эле. Азирети Осмондун халифалыгы мезгилинде Ислам мамлекетинин ар түрдүү аймактарынан келген арыздарды өз убагында халифага билдирип, ал маселелерди чечүүгө сунуштарын айтып турган. Ал Азирети Осмонду курчоого алгандарды элдештирүү үчүн колунан келген бардык аракетин жасаган. Азирети Осмон дүйнөдөн кайткандан кийин Ислам мамлекетинин кадыр-барктуу адамдары Азирети Алини халифалыкка татыктуу деп табышкан. Бирок, бул доордо Жараткандын сыноосу катарында өтө башаламан, оор мезгил болуп, чечилиши зарыл болгон өтө көп маселелер күн тартибинде турган. Бул башаламандык Жамал жана Сыффын окуялары сыяктуу ички кагылышууларды пайда кылган. Ислам мамлекетиндеги бул пикир келишпестиктерди жоюуда абдан кайраттуулугун көрсөткөн. Акырында Куфада 661-жылы Абдуррахман бин Мулжам тарабынан эрте мененки намазга баратып, жараланган. Бул жаралануунун натыйжасында шейит болгон. Азирети Али дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында болгондуктан, тафсир, хадис жана фыкыхта сахабалардын ичинде жогорку даражада турган. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аны «Илимдин каалгасы» деп сыпаттаган. Өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин Алла жолунда жан үрөп, инсандарды акыйкатка жеткирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшаган. Халифалык доорунда ички башалмандык өкүм сүрүп турса да, Ислам мамлекетинин билим берүү тармагында зор өзгөрүүлөр болгон. Мединада жогорку окуу жайын ачып, араб тилинин грамматикасын Абу Асвад ад-Дуалиге, Куран сабагын Абдуррахман ас-Суламиге, табигий илимдерди Кумайл бин Зияадга, арап адабияты сабагын Убада бин ас-Самит менен Умар бин Саламага тапшырган. Мамлекетти каржы, аскер, буйрук берүү бөлүмдөрүнө бөлүп башкарган. Каржы – кызматы топтоо жана таратуу бөлүмдөрүнө бөлүнгөн. Элдин мал-мүлкүн кайра элге таратууда өтө көңүл коюп, кылдат мамиле жасаган. Өзүнө бөлүнгөн үлүшкө да көңүл буруп, эч кимдин акысын текке кетирген эмес. Аны Куфада көргөндөр кыштын суук күнүндө жука кийим менен титиреп, үшүп мечитке баратканын айтышкан. Мамлекет башчыларына жана кызматкерлерине керектүү болгон төмөнкүдөй керээзин калтырган: 1. Элге карата ичиңде дайыма сүйүү жана сылыктык болсун! Аларга карата жырткычка мамиле жасаган сыяктуу мамиле жасаба! 2. Мусулман болсо да, болбосо да баарына бирдей мамиле жаса! Мусулмандар – сенин бир туугандарың. Мусулман эместер сендей эле адамдар. 3. Кечирүүдөн тартынба, уялба! Жазалоого шашылба! Сенин кол алдыңда кызмат кылгандардын кемчилдиктерин көрүп дароо ачууланба. 4. Кээ бир адамдарга тараптар болбо! Кээ бир инсандарды колдобо! Мындай мамилелер зулумдукка алып барат. 5. Туура, дурус жана назик кишилерди, кыйынчылыктарды, чындыкты тартынбай, коркпой айта алгандарды танда! 6. Кызматчыларды тандоодо, изилдөөдө шалаакылык кылба! 7. Кызматкерлериңдин акыйкатсыздыкка жана адеп-ахлаксыздыкка туш болбоосун кааласаң – аларга жетишээрлик айлык акы бер! 8. Кызматкерлердин иштерин көзөмөлдө жана бул иш үчүн ишенимдүү адамдарды колдо! 9. Каттарга жана суранууларга өзүң жооп бер! 10. Элди өзүңө жакшы көргөнүңө ишендир! 11. Эч качан сөзүңдөн жана убадаңдан кайтпа! 12. Майда дүкөнчү жана соодагерлерге көңүл бур! Алар үчүн керек болгон мамилени көрсөт! Бирок, аларга казына топтоого, акча чайкаганга жана мал-мүлк жыюуларына уруксат бербе! 13. Майда-чүйдө иштерге да жардам бер! Анткени бул иштериң жакырчылыкты азайтат, жашоонун бир калыпка түшүшүнө шарт түзөт. 14. Дыйканчылык менен алектенгендер мамлекеттин казына булагы болуп эсептелет, андыктан алар корголууга тийиш. 15. Кембагалдарга, оорукчандарга жана жетим-жесирлерге жардам берүү ыйык милдетиң экенин эч качан эсиңден чыгарба! Кызматкерлериң аларды капа кылып, аларга жаман мамиле жасабасын! Аларга көмөк көрсөт, корго жана жардамга муктаж болгондордун алдыңа келүүсүнө тоскоол болбо! 16. Кан төгүүдөн алыс бол! Ислам буйруктары боюнча өлтүрүлбөөсү керек болгондорду өлтүрбө! Азирети Али аталган бардык буйруктарды өзү так аткарган, кемчилдиксиз халифа эле. Беш жылдык халифалык доору өтө маанилүү окуялар жана кыйынчылыктар менен өткөн. Бузукулукка каршы акырына чейин туура жолдо сабыр кылуу менен кармашып, акырында шейит болгон. Азирети Али исламдагы бардык жакшы сапаттарга ээ болчу. Анткени, ал дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында жүргөн, Куранды жатка билген, мыкты тафсирчи жана хадисчи. Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) 500 дөн (беш жүз) ашык хадис риваят кылган. «Элге түшүнө ала турган хадистерди айткыла. Алла менен Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жалган болуусун каалайсыңарбы?» – деген. Азирети Алинин Азирети Фатимадан Хасан, Хусейн жана Мухсин аттуу уулдары болгон. Жаратканга дайыма ибадат кылган, жакшылык менен жарышкан такыба адам эле. Бир күнү Азирети Алинин үй-бүлөсү азганакей тамак менен эми гана дастаркондо олтурушканда эшикке бир тиленчи келет. Алар дастаркондогу тамак-аштарын тиленчиге беришет. Эртеси күнү бир жетимге, үчүнчү күнү бир кулга дастаркондогу тамак-аштарын беришет. Бул окуя үч күнгө созулгандан кийин төмөнкүдөй маанидеги аяттар түшөт: «Албетте, (дүйнө-тирүүлүгүнөн Алла Тааланын буйрук-көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп өткөн) жакшылар (бейиште) аралашмасы кафувр – Алла Тааланын (жакшы) пенделери иче турган (бейиштеги) булак болгон шарап кеселерден (шарап) ичишет. Алар ал (булакты өздөрү каалаган жерден) чыгарып, агызып алышат. Алар (дүйнө тирүүлүгүндө өз моюндарына алган) убадаларын толук аткарышат жана жамандык – коркунучтары кең жайылуучу (Кыямат) Күнүнөн коркушат. Жана тамакты сүйүп – каалап турушса да, (өздөрү жебестен) жарды, кедей, жетим жана жесирлерди тамактандырышат. (Алар айтышат): «Биз силерди Жалгыз Алланын жүзүнөн, (башкача айтканда, Алланын ыраазычылыгын тилеп) тамактандырабыз. Силерден (бул ишибиз үчүн) бир да сыйлык жана алкоо сурабайбыз, күтпөйбүз. Албетте, биз Жаратканыбыз тарабынан боло турган, (коркунучтуу азабынан жүздөр) тырышып, бырышып калуучу бир Күндөн коркобуз». Ошондуктан, Алла аларды ошол Күндүн жамандыгынан сактады жана алар(дын жүздөрү)нө жаркыраган – нур, (дилдерине) кубанычты белек кылды». Азирети Алинин «Зулфикар» деп аталган белгилүү учу эки ача кылычы болгон жана Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) тарабынан ага белекке берилген. Азирети Алинин жоомарттыгы, инсандык өзгөчөлүгү, Алла Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) болгон жакындыгы менен ээ болгон чоң руханий мурасы жүздөгөн жылдар бою эл арасында түнөк тапкан. Бир күнү анын төрт дирхамы бар эле. Бирөөнү ачык, бирөөнү жашыруун, бирөөнү күндүз, бирөөнү түнү Алла үчүн сарптаган жана ал жөнүндө төмөнкү аят түшкөн: «Өздөрүнүн мал-дүнүйө байлыктарын күнү-түнү, жашыруун жана ашкере садага кыла турган заттар үчүн, Жараткандын алдында улуу сооптор бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч да жок жана алар кайгы да чегишпейт».

Cунуш кылабыз