(Азирети ОСмондун) шейит болушу

6:49 AM Сахабалар

Халифанын шейит болушу Азирети Осмон 12 жыл халифа болгон. Анын 6 жылы бейпилчиликте өткөн. Эч ким халифалыкка каршы чыккан эмес. Кийинчерээк халифанын жумшак мүнөзүнөн пайдаланган көптөгөн акимдер жоопкерчиликсиз иш кыла башташкан. Арыз-муңдар күндөн-күнгө көбөйө берген. Испаниядан Индиянын чегине чейин, өтө кеңири аймакты ээлеген мамлекеттин ичинде ар түрдүү динге жана урууга таандык коомдор бар эле. Алар Ислам мамлекетине каршы ар кандай айла-амалдарды пайдаланышып, баш көтөрө башташкан. Жөөттөр болсо, ислам үммөтүн бөлүп-жарып, жок кылуу үчүн, ислам дининин негизги принциптерине кол салууну көздөшкөн. «Мен мусулманмын» деп, жалган айткан жөөттөр, эл арасындагы ызы-чууну күчөтүп, бузулган, жаман иштердин жалынын туш тарапка жайылтууга аракеттенишкен. Алардын ичинен таасирдүү талаш-тартыштын чыгуусун кубаттаган чыккынчы, йемендик жөөт Абдуллах Ибн Саба туура сүйлөгөн чынчыл адамдардын арыз-муңдарын пайдаланып, элди Азирети Осмонго каршы тукурган. Бир четинен «Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбар кайрадан келет» деген жалган пикирин жайылтууга аракет жасаса, экинчи жагынан Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) кийин халифалыкка Азирети Али болуш керек эле деген кеп-сөз, ушак-айыңдарды жайылтып, кийинчерээк пайда болгон Шиизм ишениминин негиздерин түптөөгө аракеттенген. Ал Куфа, Басра жана Шамда элдерди козуткан. Ошону менен бирге Абу Зардын адилеттүү ишинен кыйкым табуунун аракетин жасаган. Көп өтпөй Мухаммед бин Аби Бакир жана Мухаммад бин Аби Хузайфа да айтылган нерселерден улам, Азирети Осмонду сынга ала башташкан. Азирети Осмон жер-жерлердеги башкаруучулар жөнүндөгү ушак-айың сөздөрдү жана алардын себептерин ошол жерлерде изилдөө үчүн атайын өкүлдөрдү дайындайт. Мухаммед бин Масламаны Куфага, Усама бин Зайдды Басрага, Абдуллах бин Умарды Шамга жана Аммар бин Ясирди Египетке жиберген. Аммар бин Ясирден башкасы милдеттерин аткарышып, кайра кайтышкан. Азирети Осмон акыйкатсыздыкты жоюу, күч ала баштаган жана үммөт үчүн чоң кыйынчылыктарга себеп боло турган фитнаны, тактап айтканда, ислам динине туура келбеген жоруктарды жок кылуу үчүн кайраттуулук менен изилдөө жүргүзө баштаган. Ал келген арызданууларды кунт коюп изилдеп, башында Азирети Али болуу менен бирге, башка сахабалар менен кеңешип, маселени аныктаган. Бирок, Египеттен Мединага Абдуллах бин Саад бин Абу Сархтын мыйзамсыз иштеринин үстүнөн арызданып келгендердин кайра кайтып баратышып, Ибн Сархтын куугунтуктоосуна туш болгондугу жана кээ бирлеринин өлтүрүлүүсү жогоруда аталган окуялардын күч алуусуна себеп болгон. Мындан улам, Египеттен алты жүз киши Мединага келип, Наби мечитиндеги намаз убактында Абу Сархтын үстүнөн сахабаларга арызданышкан. Талха бин Убайдуллах, Азирети Айша жана Азирети Али Азирети Осмонго барышып, бул инсандардын талаптарын аткаруусун жана Абдуллах бин Саад бин Абу Сархты жумуштан бошотуп, соттоосун өтүнүшөт. Ошондо, Азирети Осмон египеттиктерге өздөрүнөн кимиси акимдикке татыктуу экендигин сурайт. Алар Мухаммед бин Абу Бакирди тандашканын айтышат. Азирети Осмон Мухаммед бин Абу Бакирди Египетке аким кылып дайындайт. Египеттен келген кишилер бир топ сахабалар менен бирге Мединадан жолго чыгышат. Бул окуядан көп өтпөй Мединада атайын козголоңчулар халифага каршы чыгышат. Сахабалардын козголоңчуларга каршы курал колдонууларына уруксат берилген эмес. Азирети Осмон козголоңчулардын акыйкатсыз талаптарын кабыл албай, Медина ж. б. аймактардан келген козголоңчуларга каршы согушуп, аларды Мединадан сүрүп чыгаруу сунушуна да бир жактуу жооп бере алган эмес. Ал негизинен Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жашап өткөн шаарда кан төгүү жана фитнаны, жамандыкты алгач баштагандардан болууну каалаган эмес. Азирети Айшадан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айтканы риваят кылынган: «Оо Осмон! Алла Таала сага бир көйнөк кийгизет, мунафыктар (эки жүздүүлөр) сенден аны чечүүңдү каалашканда аны мага келгенге чейин эч чечпе». Азирети Осмон «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айткан ушул нерселерге сабыр кылуудамын» – деген. Козголоңчулардын максаты Азирети Осмонду өлтүрүү эле. Халифа алардын мындан карамүртөздүгүнөн кооптонгон. Аларга мусулманды өлтүрүү, кан төгүү – динден чыгуу шарты менен боло турганын эскерткен. Белгилүү болгондой, жогоруда айтылган окуялар, абалдар жана сындар Азирети Осмондун өлүмүнө себеп боло тургандай мүнөздө эмес эле. Маселелерди апыртуу, элди дүрбөтүү, кээ бир темаларда кыянатчылык кылуу жана душмандарды кайраштыруу болбогондо мусулмандардын имамы Азирети Осмон өлтүрүлмөк эмес. Азирети Осмондун доорундагы кара-каршылыктардын жана халифанын өлтүрүлүүсүнүн артында башка бир мүдөөлөр болгон. Чындыгында, халифанын өлтүрүлүүсү, багытталыш формасы менен күн мурунтан пландаштырылган жана «жашыруун бир кол» аркылуу уюштурулган. Бул ишти жасагандар, Сайфанын маалыматына караганда, иш-аракеттери жана ишти уюштуруу ыкмалары жагынан Абдуллах бин Саба жана анын жандоочуларынын «колу» эле. Корутундулап айтканда, 12 жылдык халифалык мезгилинин соңунда Азирети Осмон Хижрий отуз бешинчи жылы зулхижжа айынын он сегизинде, Милади 656-жылы 17-июнда ажылык шылтоосу менен Куфа, Басра жана Египеттен жолго чыгышып, Мединага келишкен, бирок, негизги максаты III Рашид Халифаны өлтүрүү болгон козголоңчулар тарабынан Мединада Набави мечитинде көп убакытка курчоодо калгандан кийин өлтүрүлгөн. Мына ушундайча, анархисттер, бир канча убакыт мурун башташкан фитна-бузукулук, элди дүрбөтүү, тымызын козголоң ж. б. у. с. анын түбүнө жеткен.

Cунуш кылабыз