(Хижрий 28). Азирети Осмон

6:49 AM Сахабалар

(Хижрий 28). Азирети Осмон Набави мечитин кайра курууну колго алып, аны асыл таштар менен кайра оңдоп-түзөйт. Таштан устундарды коюп, үстүн саж дарагы менен жабат. Узундугун 160, туурасын 150 метрге кеңейтет. Хижраттын отузунчу жылында Саид бин ал-Ас Табаристанга чабуул жасап, бир топ шаарларды Ислам мамлекетинин карамагына кошкон. Алардан Хорасан, Тус, Сарахс, Марв жана Байхак шаарларын атоого болот. Ошол эле жылы Азирети Осмон жер-жерлерде Куран окутууда пайда болгон келишпестиктерди чечүү үчүн керектүү чараларды көрө баштайт. Куран эң алгач Азирети Абу Бакирдин доорунда топтолгон. Зайд бин Сабиттин жетекчилиги менен жүзөгө ашкан бул жумуш аркылуу Курани Карим китеп формасына келтирилген. Бул алгачкы Курани Каримдин нускасы Азирети Абу Бакирден Азирети Умарга өткөн. Андан кийин Азирети Хафсанын колунда калган. Азыркы Азербайжан аймагына карай жортуул башталган мезгилде Куран китебин ыргактуу окуу темасында келишпестиктин пайда болушу аскер башчы Хузайфа бин Яманды убайымга салган. Ал халифадан мусулмандардын так окуусу үчүн Курандын нускаларын көбөйтүүсүн каалайт. Ошентип Азирети Хафсанын колундагы нуска көбөйтүлүп, бардык аймакка таратылган. Андан тышкаркы нускалар топтолуп жок кылынган. Бул иш-аракетке сахабалардын баары ыраазы болушат. Азирети Осмон Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) таандык болгон, Азирети Абу Бакир жана Азирети Умардан мурас калган мөөрдү Мединадагы Арис кудугуна байкабай түшүрүп жиберет. Аны тапкан адамга өтө көп суммадагы акчалай сүйүнчү берерин айтат. Бирок, эч ким табалбай, Азирети Осмон абдан кайгыга чөгөт. Анын табылышынан үмүтүн үзүп, жаңы мөөр жасатат. Ал өлгөндөн кийин, ал мөөр кимдин колуна өткөндүгү жөнүндө так маалымат жок. Бул окуя анын халифалыгынын онунчу жылында болгон. Византия менен болгон согушта эң ийгиликтүү жана анык жеңиш шексиз Латус-Саварии деп аталган деңиз согушу эле. Абдуллах бин Сааддын башчылыгындагы Ислам деңиз флоту Александрия жээгинде Византия императору Константин жетектеген чоң деңиз флоту менен бетме-бет келишет. Византиялыктардын кемелеринин саны болжол менен 500 менен 800дүн ортосунда эле. Ислам деңиз флотунда 200гө жакын кеме болгон. Бул согушта византиялыктар өтө оор жоготууларга дуушар болуп, толугу менен кыйроого учураган.

Cунуш кылабыз