ОСМОН БИН АФФАН

6:49 AM Сахабалар

ОСМОН БИН АФФАН (Алла андан ыраазы болсун) Рашит халифалардын үчүнчүсү. Көктөгү периштелер да уялган адептүү инсан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) «Зин-Нурайн» лакабы менен аталган күйөө баласы. Хижраттан кырк жети жыл мурун Таифте төрөлгөн. Атасы Аффан бин Абил-Ас бин Умаййа бин Абди-Шамс бин Абди Манаф ал-Курашии ал-Амавии. Энеси Арва бинти Курайз бин Рабиа бин Хабиб бин Абди Шамс. Умаййа уулдарынын үй-бүлөсүнө таандык болуп, бешинчи чоң атасы Абди Манаф аркылуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ата тегине кошулат. Чоң энеси Байда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эжеси, Абдумуталиптин кызы. Азирети Осмондун негизги аты Абу Абдуллах. Аны Абу Амр жана Абу Лайла деп да аташкан. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык милдет берилгенде Азирети Осмон отуз төрт жашта эле. Ал эң алгач ыйман келтиргендерден. Азирети Абу Бакирдин кайратман эмгеги менен Абдурахман бин Авф, Саад бин Абу Ваккас, Зубайр бин Аввам, Талха бин Убайдуллах жана Осмон бин Аффан ыйман келтиришкен. Азирети Осмон жахилия доорунда да Абу Бакирдин эң жакын досу болчу. Азирети Осмондун ыйманга келгенин уккан агасы Хакам бин Абил-Аас анын колу-бутун байлап, исламдан баш тартпаса, эч качан бошотпой турганын айтат. Акырында, Азирети Осмондун ислам дининен баш тартпай турганын түшүнгөн агасы айласыздан бошотуп жиберет. Ошонун эле артынан Азирети Осмон Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кызы Рукиййага үйлөнөт. Кээ бир тарыхчылар ал экөөнүн Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык милдет келе элек мезгилде үйлөнүшкөнүн жазышкан. Меккелик мушриктер алгачкы мусулмандарды кыйнап, кордой баштаганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына Хабашистанга (Эфиопияга) көчүү керектигин айтат. Тарыхый булактарда Азирети Осмондун Хабашистанга алгач көчкөндөрдүн арасында болгону жазылган. Ибн Хажар көптөгөн сахабалардын риваяттарына таянып, Азирети Осмондун аялы Рукиййа менен бирге Хабашистанга алгач көчкөндөрдүн арасында болгонун жазган. Меккеликтердин ыйманга келгендиги тууралуу жалган кабардан улам, сахабалардын көпчүлүгү Хабашистандан кайра Меккеге кайтышкан. Алар менен Осмон да кайра келген. Бирок, ал кабардын жалган экендигин билишип, кайра Хабашистанга кетүү үчүн жолго чыгышат. Азирети Осмон жолго чыгардан мурун Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: «Оо Алланын Элчиси! Хабашистанга экинчи жолу көчүп баратабыз. Бизди өкүндүргөн нерсе – Сиз биз менен чогуу эмессиз». Ошондо, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага «Алла жана мен үчүн хижрат кылдыңар» – деп көңүлүн көтөрөт. Мындан улам, Алла Тааланын жана Пайгамбарынын ыраазычылыгына жетүүнү самаган Азирети Осмон кубанып, «Ушул сөзүңүз бизге жетишет, Оо Алланын Элчиси!»,– дейт. Азирети Осмон Хабашистанга экинчи жолу көчүп баргандан кийин көп өтпөй кайра Меккеге кайтат. Ошол мезгилде Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеден Мединага көчүү буйругун алганда, сахабалар менен кайра Мединага көчөт. Мединага барганда Хассан бин Сабиттин бир тууганы Авс бин Сабиттикинде мейман болот. Мындан улам, Хассан аны абдан жакшы көрчү. Жөөттөрдүн менчигиндеги Гумма кудугун жыйырма миң дирхамга сатып алып, бүткүл мусулмандарга тартуулаган. Ал кудуктун мусулмандар үчүн канчалык пайдалуу болгондугун Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) төмөнкү сөзүнөн билсек болот: «Гумма кудугун ким ачса ага бейиш бар». Азирети Осмондун жубайы Рукиййа катуу оорууга дуушар болгондуктан, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) уруксаты менен Бадр согушуна кечигип келет. Рукиййа согуш учурунда дүйнөдөн кайтат. Мусулмандардын жеңишке жеткендиги тууралуу сүйүнүчтүү кабар Мединага жеткен күнү жерге берилет. Рукиййа дүйнөдөн кайткандан кийин, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Осмонду башка бир кызы Умму Гулсум менен үйлөндүрөт. Хижраттын тогузунчу жылында Умму Гулсум да дүйнөдөн кайтат. Ошондо, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Осмонго: «Үчүнчү кызым болгондо аны да сөзсүз сага үйлөндүрмөкмүн»,– дейт. Азирети Осмон Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эки кызы менен үйлөнгөндүктөн «Эки нурдун ээси» маанисин туюндурган «Зин-Нурайн» лакабы менен аталган. Затур-Рика жана Гатафан жортуулунда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аны өзүнүн ордуна өкүл кылып дайындаган. Азирети Осмон Хабашистанга көчкөн мезгилинде Рукиййадан Абдуллах аттуу уулдуу болот. Бул баласы Хижраттын төртүнчү жылында короз бети-башын чокуп, анын айынан ооруп, алты жашында каза болот. Хижраттын алтынчы жылында мусулмандар Умра кылуу үчүн Меккеге карай жөнөшкөндө Азирети Осмон алардын арасында эле. Бирок, бутпарас Мекке башчысы мусулмандарды шаарга киргизбөөгө чечим чыгарат. Ошондо, Худайбиййага аскердик шаарча курган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мушриктер менен макулдашып, Умра кылуу максатында баратканын билдиргиси келген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) элчилик милдетти Азирети Осмонго берет. Андан мурда элчи катары жиберилген Хыраш бин Умаййа ал-Кабиини мушриктер өлтүрүүнү каалашкан. Мушриктердин мындай жаман мамилелери элчилик ишин оорлоткон. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Осмонго кайрылып: «Барып курайштарга кабар бер. Биз бул жерге согушканы келбедик. Бир гана ушул ыйык Каабаны зыярат кылганы келдик. Алып келген төөлөрүбүздү курмандыкка чалып, кайра кайтабыз»,– дейт. Азирети Осмон Меккеге барып, мушриктерге жагдайды билдирет. Бирок, алар «Болбойт. Меккеге кире албайсыңар» – деп жооп беришет. Алардын мындай терс жообу мусулмандарга «Азирети Осмон өлтүрүлдү» – деген жалган кабар менен жетет. Анын кечигүүсү аталган жалган кабарды ырастап тургансыган. Мындан улам, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жанындагы бардык мусулмандарды өлүмгө кайыл болуп, согушууга чакырат. Бул окуя «Баятур-Рыдван» деген ат менен тарыхта калган. Мушриктер бул абалдан коркушуп, алар менен келишим түзүүнү ойлошот. Азирети Осмон болсо, ошол учурда Меккедеги айрым мусулмандар менен жолугуп, аларды ислам дининин жеңишине аз убакыт калганын айтып, көңүлдөрүн көтөрүп жүргөн. Мушриктер Азирети Осмонго «Кааласаң Каабаны зыярат кыл» – дешет. Бирок, Азирети Осмон «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) зыярат кылмайынча, мен да зыярат кылбайм» – деп жооп берет. Худайбиййадагы мусулмандар болсо, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) «Осмон Каабага жетти, аны тооп кылды, ал кандай бактылуу» – дешкенде, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Каабаны биз тооп кылмайынча, Осмон да тооп кылбайт» – деген. Азирети Осмон Медина доорунда дайыма Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен чогуу болууга аракеттенген. Ал сахабалардын ичинен өтө бай болгондуктан, ислам динине жана мусулмандарга материалдык жактан баарынан көп жардам көрсөткөн. Өзгөчө капырларга каршы жортуулга чыкканда, жоокерлерди курал-жарак менен камсыз кылууда өтө жоомарттыгын көрсөткөн. Тарыхчылар анын Жайшул-Усра (кыйынчылыкка дуушар болгон аскер, кошуун) деп аталган Табук сапарына чыга турган аскер тобун курал-жарак менен камсыз кылганын сыймыктануу менен эскеришет. Аталган аскер тобунун үчтөн бир бөлүгүн жалгыз өзү каржылаган. Тактап айтканда, керектүү жабдуулар менен бирге 950 төө, 100 ат, аскер башчыларынын курал-жарактары, 10 000 динар акчалай жардам берген. Кошуун отуз миң кишилик болгон. Анын мындай жоомартыгына ыраазы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Аллам, мен Осмондон ыраазымын, Сен да ыраазы бол!» деп, дуба кылат. Азирети Осмон Коштошуу ажылыгы учурунда да Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында болгон. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мусулмандарды кызыктырган көптөгөн маселелерде Азирети Осмондун жардамына кайрылган. Азирети Абу Бакир халифалыкка шайланганганда Азирети Осмон аны абдан колдогон. Азирети Абу Бакир халифа болуп турган мезгилде мамлекеттик маанилүү иштерди жөнгө салууда Азирети Осмон менен кеңешкен. Азирети Абу Бакирдин көзү тирүү кезинде жазылган Азирети Умардын халифа болуусу жөнүндөгү күбөлөндүрмөнү Азирети Осмон жазган. Азирети Абу Бакир Азирети Осмондун жасагандарын кайра окутуп, анан мөөр баскан. Азирети Осмон, Азирети Умар жана Усайд ибн Саид ал-Куразии менен сыртка чыгып, сырттагылардан «Бул барактагы аты жазылган адамды халифа кылууга макулсуңарбы?» – деп сурайт. Элдин баары бир добуштан «Ооба» – деп жооп беришет. Азирети Умар жаралангандан кийин халифалыкка татыктуу бирөөнү дайындоо үчүн алты кишиден турган жыйын өткөрүлөт. Алар Азирети Али, Азирети Осмон, Саад ибн Абу Ваккас, Абдурахман бин Авф, Зубайр ибн Аввам жана Талха ибн Убайдуллах эле. Натыйжада жыйындын өкүлдөрүнөн төртөө халифалыктан баш тартышкандан кийин, Азирети Осмон менен Азирети Алинин экөөнүн бирөө тандала турган болот. Жыйындын жетекчиси Абдурахман ибн Авф тандала турган бул экөөнү тең мусулмандардын баары жакшы көрөөрүн түшүнөт. Акырында, кеңешменин калыс чечими менен Абдурахман ибн Авф Азирети Осмонду халифа кылып дайындаганын баарына жарыя кылат. Азирети Осмонго экинчи жолу колдоо көрсөтүп, халифалыкка сунуш кылган Азирети Али болгон. Анын артынан бардык мусулмандар бир добуштан колдоого алышат. Ошентип, Азирети Осмон Хижраттын жыйырма үчүнчү жылында зулхижжа айынын аягында халифа болуп шайланат. Азирети Осмон мамлекеттик башкаруу жумушун өткөрүп алгандан кийин Ислам мамлекетинин чек арасын кеңейтүү иштерин өтө тездик менен уланткан. Азирети Умардын доорунда Сирия, Палестина, Египет, Иран Ислам мамлекетинин карамагына өткөн. Азирети Осмон ислам динин жайылтуу ишин өтө ылдам жүргүзгөн. Ал Түндүк Африканы жана Кипрди каратып алган. Ирактагы көтөрүлүштөрдү токтотуп, борбордогу башкаруу органдарын кайрадан уюштурган. Ал халифа болгондон кийин, башкаруу системасында көптөгөн өзгөрүүлөр болгон. Бирок, Азирети Умардын айткан керээзин жерге таштабай, бир жылга чейин анын өкүлдөрүн өз кызмат орундарында калтырган. Эң алгач Куфа акими Мугира бин Шубани бошотуп, ордуна Саад бин Абу Ваккасты дайындаган. Саад Азирети Осмон халифа болгондон кийин жана анын буйругу менен шайланган алгачкы аким эле. Византия императору Мануел башчылык кылган өтө күчтүү куралданган кошуун Искендериеге келип, ал жерди ээлеп алат. Византиялыктардан артка чегинген кыптий калкы Азирети Осмондон жардам сураганда, ал Амр бин Асты Египетке кайра жиберет. Амр Мануелди өлтүрүп, душмандардын баарын багындырат. Александрияны курчоодон бошотот. Ошол эле жылы мамлекеттин ичиндеги тынчтыкты бузган Рауга Саад бин Абу Ваккас сапарга чыгат. Ал айрыкча, Дайлам тараптагы каракчыларды тынчытуу максатын көздөгөн. Ошол мезгилде Византия менен согуш жүрүп жаткан эле. Муавиа Анталия менен Торсус тарапка жортуулга чыккан. Азирети Осмон аркы жактан Амр бин ал-Аскага Түндүк Африкага жана Сижистан акими Абдуллах бин Амрга да Кабил жергесине барууга буйрук берген. Хижраттын жыйырма алтынчы жылында Харам Мечитин кеңейтүү иши колго алынып, анын айланасындагы жерлер сатылып алынган. Азирети Осмон Хижраттын жыйырма жетинчи жылында Египеттин акими Амр бин Асты кызматынан бошотуп, ордуна Абдуллах Ибн Саад бин Абу Сархты койгон. Ал Түндүк Африкага ислам динин толук жеткирүүнү ойлогон. Мындан улам, Азирети Осмон сахабалардын кадыр-барктуулары менен кеңешип, анан ага уруксат берген. Өтө көп сандагы сахабалардан түзүлгөн чоң аскер тобун артынан жардам катары жиберген. Абдуллах бин Нафи бин Абдулкайс жана Абдуллах бин Нафи бин Хусайн башчылык кылган кошуун Ибн Абу Сарх менен чогуу Египеттен батышка карай жөнөшөт. Траблустан Танжага чейинки аймактын акими жана Византия императорунун падышасы ислам кошуунунун келатканын укканда, жыйырма миң аскер башчысы, жүз миң кишилик кошуун менен даярдык көрө баштайт. Падыша турган Субайтала деген жерге 24 сааттык жол калганда эки аскер бетме-бет келишет. Ибн Абу Сархтын «Ислам динин кабыл алгыла» деген сунушу четке кагылгандан кийин салгылашуу башталат. Ошол мезгилде мусулмандардын Медина менен болгон байланышы үзүлгөн эле. Азирети Осмон алар менен байланышуу үчүн Абдуллах ибн Зубайрды аскер тобу менен Африкага жиберет. Бир топ күнгө созулган согуш акырында Зубайрдын жардамы аркылуу жеңиш менен аяктайт. Ислам жоокерлеринин алдындагы бул чоң тоскоолдук жок болгондон кийин, Азирети Осмон Абдуллах бин Нафи бин Хусайнга жана Абдуллах бин Нафи бин Абдул Кайска убакытты текке кетирбестен Жабалут-Тарикти (Гибралтар кысыгы) өткөрүп алып, Испанияга кирүү буйругун берет. Азирети Осмон Стамбулдун батыш тарабы менен Испанияга өтүү жеңил болорун ойлойт. Ал аскер башчыларына «Стамбул бир гана Испания жак менен өткөрүлүп алынат. Эгер ал жерди өткөрүп алсаңар Стамбулду алууга ортоктош болосуңар»,– дейт. Ошентип, Азирети Осмондун доорунда Түндүк Африкадагы элдер Ислам мамлекетинин карамагына өткөрүлүп, ошол кездеги эң күчтүү император Византияны батыш тараптан кысуу планы уюштурула баштайт. Ошону менен бирге Муавия бин Абу Суфиян, Азирети Осмондон уруксат алып, Сирия жээктеринде уюшулган деңиз флоту менен Жер Ортолук деңизи аркылуу Византияга коркунуч туудура баштаган. Муавия деңиз флоту менен Кипр жарым аралына чыгат. Абдуллах бин Саад Египеттен ага жардамга барат. Натыйжада кипр эли Ислам мамлекетинин курамына кирүү бактысына ээ болушат

Cунуш кылабыз