Шейиттик шербети (Азирети Умар)

6:49 AM Сахабалар

Шейиттик шербети 642-жылы Иракта болгон Нихаванд согушунда колго түшкөн туткундардын арасында «Абу Лулу» аттуу лакап менен белгилүү болгон Фируз деген христиан кул болгон. Мединада турган Фируз, Басра акими Мугира бин Шубанын кулу эле. Фируз кожоюну өтө аз суммада акы бергенин айтып халифага арызданган. Халифа андан эмне иш кылгандыгын сураганда ал жыгач, темир усталык жана сүрөтчүлүк менен алектенгендигин айткан. Азирети Умар кожоюнунун берген акысы анын жасаган иштерине ылайыктуу болгонун билдирет. Бирок, Фируз бул чечимге ачуусу келип кетип калат. Эртеси күнү койнуна канжар бычак салып, эрте мененки багымдат намазында мечитке келип жашынат. Намаз окуу башталганда Азирети Умарга барып кол салат. Канжарды бир нече жолу сайгандан кийин качуунун аракетин кылат. Ага тоскоолдук кылган бир канча мусулманды жаралагандан кийин кача албасын билип, өз өмүрүн өзү кыюуга аракет кылат. Жараланган Азирети Умар үйүнө жеткирилери менен кол салган ким экендигин сурайт. Мусулман эмес бирөө болгонун билгенде Кудайга шүгүр келтирет. Азирети Умардын жарасы оор болгону байкалган соң кимди мамлекет башчысы кылып дайындай тургандыгы суралган. Ал бул маселени алты кишилик бир кеңешмеге тапшырып, алардын ичинен бирөө өтө кыска убакыттын ичинде мамлекет башчылыгына тандалуусун керээз кылат. Азирети Умар жаралангандан үч күндөн кийин Хижраттын жыйырма үчүнчү жылында зилхижжа айынынын жыйырма алтысында (Милади 644-жылы 3-ноябрь) дүйнөдөн кайткан. Азирети Умардын он жылдык халифалык доорунда Ислам мамлекетинин чек аралары өтө кеңейген. Ислам дини кеңири аймактарга жайылып, зор күчкө ээ болуп, экономикалык абалы дагы да жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Мамлекеттик казына толуп ашкан. Адилеттүүлүгү менен бүт дүйнөгө белгилүү болгон жана ушул өзгөчөлүгү себептүү өлтүрүлгөн экинчи халифа – Азирети Умар доору, исламдын даңктуу жана өнүгүү доору эле.

Cунуш кылабыз