Илимге ачылган жол (Азирети Умар)

6:49 AM Сахабалар

Илимге ачылган жол Азирети Умар Ислам мамлекетин ар тараптан өнүктүрүүгө, илим-билимге, элдин сабаттуу болуусуна өзгөчө көңүл бурган. Фыкых усулунун өнүгүшү Азирети Умар менен тыгыз байланышта. Шарияттын негизги маселелерин камтыган фыкых илими жана андагы эрежелер буйрук берүүдө өзгөчө орунду ээлеген. Азирети Умардын терең түшүнүгү Ислам укугу жагынан өтө чоң мааниге ээ жана Курандан, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистеринен башка эч нерсе анын бул түшүнүктөрүнөн жогору эмес эле. Азирети Умар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистерин риваят кылууда өтө кылдат мамиле жасап, хадис риваят кылгандарды суракка алып, риваяттардын далилин талап кылган. Азирети Умардан 539 (беш жүз отуз тогуз) хадис риваят кылынган. Айрыкча, ал Куранды тафсирлөө, тактап айтканда, терең маанисин ачып берүү, чечмелөө илиминде көч башында турат. Абдуллах Ибн Умардын риваятында, Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) кимдин фатва бере ала тургандыгы суралганда, Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Абу Бакир менен Азирети Умарды айткан. Азирети Умар ишенген нерсесин аткарууда өтө катуу турган. Халифа болгондон кийин туура, так иштөөгө өтө кылдат мамиле жасаган. Бир нерсеге буйрук берээрде, же тыюу салаарда алгач өзүнүн үй-бүлөсүнөн баштачу. Үй-бүлө мүчөлөрүн топтоп, «Ушул нерсеге тыюу салдым. Адамдар силерди жырткыч куштун эт аңдыганы сыяктуу аңдышат. Алла Таалага ант болсун, бул тыюу салынган нерселерге баш ийбесеңер өтө катуу жазалаймын» – деген. Мүнөзү катаал болгондугуна карабастан, карапайым элге абдан сылык мамиле жасаган. Өтө кеңири аймакты ээлеген, кубаттуу мамлекеттин башчысы болуусу анын башкалардай өтө сылык жана жөнөкөй жашоосуна тоскоол болгон эмес. Кымбат баалуу жакшы кийим кийүүдөн качып, жөнөкөй кийинген, алтургай, элдин көзүнчө демейдеги иштерди жасоодон тартынган эмес. Аны тааныбагандар мусулмандардын халифасы экенин байкай албаган. Анткени, анын кийген кийими туш-тушунан жамачы эле. Азирети Умар сөзгө чечен адам болгон. Өзгөчө жагымдуу коңур үнү даанышмандык менен айткан кептерине көрк кошуп турган. Өзгөчө жөндөмдүүлүгү жазууда да байкалып, шаар акимдерине жазган көрсөтмөлөрү жана каттары араб тили үчүн бир нускоо, үлгү катарында эсептелген. Поэзияга жана көркөм сөз өнөрүнө өтө кызыккандыктан, көптөгөн ырларды көркөм айтып, өзүнүн калемине таандык ыр саптарын калтырган. Ибадат кылганда чын жүрөктөн бүткүл дитин Жаратканга бурган. Халифа болгондон кийин күндүзү жумуш оор, көп болгондуктан, нафил намаздарын түн ичинде окуган. Багымдат намазына турганда «...жана намазды үй-бүлөңө буйругун...» деген маанидеги аятты окуп, жубайын, балдарын намазга өзгөчө маани берүүлөрүн талап кылган. Ажылыкка жыл сайын барып турган. Меккеге келген ажыларды өзү тосуп алып, өзү алектенген. Жараткандын алдындагы өз милдетин кынтыксыз так аткарганга жан үрөгөн. Кыямат күнкү суракта Алла Тааланын ырайымына ээ болуу – жашоосундагы көксөгөн эң чоң тилеги эле. Жеке жашоосуна назар салсак өтө жөнөкөй, жупуну жашап өткөнүн көрөбүз. Тарыхта сейрек кездешкен кубаттуу бир мамлекеттин башчысы болгонуна карабастан, жамачыланган эски кийим-кечек менен жүргөнү баарын таң калтырган. Кээде жесир аялдарга суу ташып, муктаж адамдарга жардам берип жүргөнүн көрүшсө, кээде өтө чарчагандыктан мечиттин жанында уктап жатканына күбө болушкан. Медина менен Меккеге көп каттаган. Сапарга чыкканда жанына чатыр алган эмес. Жолдо баратып түнөй турган болсо, бир дарактын бутактарына курун кере салып, далдаалап, ошонун астында эс алганды жактырчу. Күндөрдүн биринде Ахнаф бин Кайc араптардын кадыр-барктуу адамдары менен Азирети Умардан кабар алгалы барат. Ошол кезде Момундардын башчысы этектерин шымданып алып, качып бараткан төөнү кармагалы чуркап баратканын көрүшөт. Ал Ахнаф бин Кайсты көрүп мындай дейт: «Кел, мага кошулуп чурка. Тээтиги качып бараткан мамлекетке таандык төөнү кармайлы. Ал төөдө канча кишинин акысы бар экенин билесиңби?»,– дейт. Коноктордун бирөөсү өзүн кармай албай, «Эмне үчүн өзүңүздү мынчалык кыйнайсыз, төөнү кармоо үчүн бир кулду милдеттендирип койбой белеңиз» – деп сураганда, Ал «Менден да жакшы кул барбы?» – деп жооп берет. Азирети Умардын күндөлүк жашоосунан риваят кылынган бул мисалдар, мусулман элдердин жоопкерчилигин өз мойнуна алган жетекчилерге эмнени каңкуулап жаткандыгын – айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Бир сөз менен айтканда, калк башындагылар ар бир көз ирмемде Жаратканды жадынан чыгарбай, элден обочолонбой, милдет-парзын толук аткарып, адилеттүүлүккө кыянаттык кылбай Азирети Умардай бийлик жүргүзө алганда гана – идеалдуу мамлекет башчысы боло алышат. Азирети Умар Меккеде соодагерчилик менен алектенген. Мединага баргандан кийин Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сунушу менен Ага жер бөлүнүп берилген. Хайбар жортуулунда Ислам мамлекетинин курамына кирген аймактар жалпы журтчулукка калыс бөлүштүрүлгөн. Азирети Умар өзүнүн үлүшүнө берилген аймакты соопчулук иштерге жумшаган. «Бул аймак сатылбайт, жардамга берилбейт, мурас кылынбайт. Кедей-кембагалдардын, кулдардын, Кудай жолунда жүргөндөрдүн, жолоочу жана меймандардын кызматына берилет» – деген. Бүгүнкү күндөгү өлкө башчыларынын кулагы кызарсын! Айрымдар ойлонуп акылга сыярлык иш эместигин айтышы мүмкүн. Момундардын боорукер башчысы халифа болгондон кийин, өз үй-бүлөсүн акча-каражат жагынан камсыз кыла албай калган. Халифанын бул көйгөйүн байкашкан сахабалар, Азирети Алинин өтүнүчү менен үй-бүлөсүнө мамлекеттин казынасынан белгилүү өлчөмдө каражат бөлүнгөн. Хижраттын он бешинчи жылында мусулмандарга айлык акы берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө, мамлекет башчысына үч миң дирхам айлык бериле баштаган. Бирок, Анын күндөлүк жашоосу өтө жөнөкөй жана өтө жупуну эле. Үй-бүлөсүндө дээрлик бардык мезгилде буудай унунан жасалган нан, кээ-кээде эт, сүт жана жемиш гана желген. Азирети Умардын айтып, жазып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон өзгөчөлүгү тууралуу көптөгөн сахих хадистер бар. Ар бир нерсеге өтө кылдат мамиле жасагандыктан, шайтан да аны менен бетме-бет келүүдөн корккон. Күндөрдүн биринде Азирети Умар Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жолугууга барат. Ошол учурда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанындагы аялдар Азирети Умардын үнүн угушуп, дароо көшөгөнүн артына жашынышат. Ал үйгө киргенде, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) күлүмсүрөп турганын көрөт. Азирети Умар Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам): «Алла Таала жүзүңүзгө дайыма жылмаюу тартууласын, Оо Алланын Элчиси! Эмне болду?»,– дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Менин жанымдагыларга таң калам. Сенин үнүңдү угушуп, көшөгөнүн артына жашынышты» – дегенде, Азирети Умар: «Оо Алланын Элчиси! Алардын тартынуусуна сен менден дагы ылайыктуусуң»,– дейт. Андан кийин аялдарга кайрылып: «Эй, напсилеринин душмандары! Эмне үчүн Алла Элчисинен тартынбай, менден тартынасыңар?»,– дейт. Ошондо, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Умарга карап: «Алла Таалага ант болсун, шайтан сени менен бир жолдо жолуга турган болсо, сөзсүз жолун өзгөртөт, шашканынан жолун жоготуп жиберет»,– дейт. Башка бир риваятта, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Асманда Умарга сый-урмат көрсөтпөгөн, аны сүйбөгөн бир да периште жок». Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) акыйкатты көрүү жана ишке ашыруу темасында Азирети Умардын жогору тургандыгын төмөнгүчө баяндаган: «Силерден мурда келген үммөттөрдө илхам бар эле. Эгер менин үммөттөрүмдүн арасында бирөө болгон болсо, ал Умар бин Хаттаб», «Алла тууралыкты, дурустукту Умардын сөзүнө жана жүрөгүнө койгон», «Умар араңарда жашап турганда силер менен фитнанын (жамандык) арасында өтө бекем жабылган бир эшик бар». Кээ бир темаларда түшкөн аяттардын андан мурун анын көрсөткөн нерсесине, айткан пикирине дал келүүсү Азирети Умардын бул абалын дагы да бышыктап, ырастап турган. Азирети Умар: «Жаратканыма үч нерседе дал келдим дейт: Макам-ы Ибрахимде, хижабда жана Бадр туткундарында».

Cунуш кылабыз