(Азрети Умардын) убагындагы жеңиштер

6:49 AM Сахабалар

Жеңиштер Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тирүү кезде Аравия жарым аралыгындагы бардык аймактар толугу менен Ислам мамлекетине кирип, мусулманы да, мусулман эмеси да, динсизи да баары бир мамлекеттин камкордугуна алынган. Бирок ислам дининин нурдуу бейпилдигине бардык жердеги адамдардын жетиши керек болчу. Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөдөн кайткандан кийин мушриктердин таянар күчү болгон Византия императорлугуна аскердик жортуулдарды уюштурган. Мындан тышкары, ошол доордо зордук-зомбулук менен бийлик жүргүзгөн мамлекеттердин катарына кирген Иран императорлугуна да каршы аскердик кошуун жөнөткөн. Азирети Умар мына ушул саясий иштерди улантууга милдеттүү болгон. Ал бир жагынан Сирияны, экинчи жактан Иранды каратууга аскер тобун жиберген. Кадисия салгылашуусунда Иран кошууну кыйроого дуушар болуп, Кисра сарайларын ислам аскерлерине өткөрүп берүүгө аргасыз болушкан. Биринин артынан экинчиси уюштурулган аскердик жортуулдар аркылуу Ирандын кээ бир аймактары согуш, кээ бир аймактары тынчтык жолу менен Ислам мамлекетинин карамагына өткөрүлгөн. Түндүк тарапка багыт алган Мугира бин Шуба азыркы Азербайжан аймагын тынчтык жолу менен караткан. Сирия Ислам мамлекетинин курамына киргенден кийин, ал жердеги аскер бөлүгү батышка карай бет алып, Кудус (Иерусалим) курчоого алынган. Аталган шаардагы христиандар бир топ убакытка чейин багынышкан эмес. Бирок, акырында өздөрү тынчтык жолу менен баш ийишкен. Алар колбашчынын сүрүнөн коркушкандыктан, шаарды өздөрү халифага өткөрүп берүүгө аргасыз болушкан. Ошол себептүү Абу Убайда тарабынан кат аркылуу Азирети Умарга билдирилген. Азирети Умар сахабалардын улуулары менен кеңешкенден кийин, Кудуска келип, шаарды өзү өткөрүп алган (637-жыл). Ошол учурда Иранда абал бир аз оорлой баштаган. Азирети Умар ал жерди да көзөмөлгө алып, Иран маселесин толугу менен чечкен. Хижраттын он экинчи жылынан баштап, улам көзөмөлгө алынып кубатталган аскер бөлүктөрү азыркы Азербайжан жана Армения аймактарынан баштап Хорасанга чейинки бүткүл Иран жергеси Ислам мамлекетинин курамына кирип, Перс жергесиндеги аскердик жортуулдар токтотулган. Ошол учурда Амр бин ал-Ас башында турган аскердик жортуул Египетти өткөрүп алып, мусулмандарды артка чегиндирүү максатында Александрияда даярданып аткан византиялыктарга карай багыт алган. Алардын аракетин таш каптырып, Хижраттын жыйырма биринчи жылында токтоткон. Мына ошентип, Сириядан кийин Египетте өкүм сүргөн Византия бийлиги да кулатылган. Ислам мамлекетинин курамына кирген аймактардагы элдер мусулмандардын боорукер жана адилеттүү мамилелеринен таасирленип, топ-тобу менен ислам динине киришкен. Кылымдар бою Иран жана Византия императорлугу тарабынан эзилип келген карапайым калк ислам дининдеги боорукерлик менен бетме-бет келишкенде, эч токтоосуз мусулман болушкан. Өздөрүнүн мурунку эски диндеринен баш тарткысы келбегендер, эч кандай зордук-зомбулукка дуушар болбогондой эле, ишенимдеринде калтырылган. Азирети Умарга чейин аскерлердин саны жана аларга таратылган акча каражаттары белгилүү китепчелерге жазылган эмес. Бул абал кээ бир келишпестиктердин пайда болуусуна себеп болуп, келген-кеткендердин саны аныкталган эмес. Алгачкы учурларда бул нерсеге муктаждык да жок болгон. Бирок, мамлекеттин чек арасы кеңейгенден кийин, бул кеңири аймактын ичинде мамлекеттин күчүн кубаттоо үчүн аймактык башкаруу кызматтарын уюштуруу керек болгон. Ал алгач аскердеги жоокерлердин жана аларды материалдык жактан камсыз кылган «Диван» деп аталган мамлекетик мекемени негиздеген. Өзгөчө Сирия жана Ирактагы дивандар туруктуу иш алып барышкан. Алар негизинен салыктарды жыйноо, мамлекеттик тийиштүү каржы маселелерин чечүү жана жардамдарды таратуу иштерин аткарышкан. Азирети Умар өкүм берүү, чечим чыгаруу иштерин жөнгө салуу үчүн аймактарда көз карандысыз иштеген казыларды дайындаган. Куфа жергесине Шурайх бин ал-Харисти, Египетке Кайс бин Абил-Ас ас-Сахмини дайындаган. Анын Мединадагы казысы Азирети Абу Дарда эле. Ошол доордун таанымал казыларынан Абу Муса ал-Ашарини да атоого болот. Азирети Умар шайлаган казыларына казылык жумушту кантип аткаруу керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берип, белгиленген чектен чыкпоо керектигин баса белгилеген. Азирети Умар адилеттүүлүккө өтө көңүл буруп, туура эмес иштерди эч качан кечирген эмес. Ал кызматына, даражасына жана кайсы уруудан болгондугуна ж. б. у. с. ажырымга бөлбөй, ар бир адамдын укугуна өтө адилеттүү мамиле жасаган. Бул жагдайда Азирети Умар үчүн кул менен кожоюндун эч кандай айырмасы болгон эмес. Бардык аймактарда адилеттүүлүктү кынтыксыз жүргүзүү, кедей-кембагалдарга өзгөчө көңүл буруу жана өлкөнүн эң чет жактарындагы абалдан да кабардар болуу үчүн бардык чараны көргөн. Жардамга муктаж болгондорго жардам берүүдө динине карап бөлгөн эмес. Христиан жана жөөт дининдеги кедей-кембагалдарга да көмөк көрсөткөн. Мамлекеттин негизги милдети – элге билим берүү жана татыктуу жашоо тартуулоо болгон. Ошондуктан мамлекеттин бардык аймактарына билим берүү мекемелери ачылып, окутуучулар дайындалган. А кездеги билим берүү мекемелеринде Куранды окутуу, аны менен амал кылуу үчүн керектүү таалим-тарбиянын берилүүсү талап кылынган. Ислам динин (кабыл алгандарга) үйрөтүү, жайылтуу ишин жүргүзүү үчүн Бакыт доорунун мөмөсү болгон улуу сахабалар жана өз заманынын аалымдары кызматка тартылып, ар кайсы аймактарга дайындалган. Куран, хадис жана фыкых илимдери менен алектенген бул аалымдарга жогорку суммадагы айлык-маяналар берилип, материалдык жактан толук камсыз болушкан. Азирети Умар мамлекеттин бардык аймактарына мечиттерди курдурган. Анын доорунда төрт миң мечит курулганы тууралуу маалыматтар айтылат жана биринчи жолу календарь колдонууга муктаждык пайда болгон. Ошентип, Хижрат негиз алынып түзүлгөн календарь аркылуу расмий иштердеги күндөлүк жумуш убактысынын маселелери чечилген (Хижрий 16). Ислам мамлекети көз карандысыз мамлекет болгондугуна жана өтө кеңири аймакты ээлеп, экономикалык жактан өнүккөндүгүнө карабастан, өлкөдө чет элдик акча бирдиги колдонулат эле. Ирак, Иран аймактарында Перс акча бирдиги, Сирия жана Египет тарапта Византия акча бирдиги колдонулчу. Бул абал ал доордо дароо байкалбаса да, кийинчерээк экономикалык кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү пайда кылган. Азирети Умар мамлекетти ар тараптан чыңдоо үчүн бул абалга көңүл бурбай коё алган эмес. Хижраттын он жетинчи жылында өзүнчө акча бирдигин чыгарып, соода-сатыкка жүгүртө баштаган. Азирети Умар мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугун камсыздоо максатында тийиштүү стратегиялык аймактарга аскердик шаарчаларды курдурган. Иран жана Ирак тараптан келүүчү деңиз каракчыларына каршы Басрага аскердик шаарча курдуруп, бул жумушка Утба бин Газванды милдеттендирген. Утба 800 адамы менен а кезде учу-кыйыры билинбеген кумдуу чөлдөгү Хариба аймагына барып, Хижраттын он төртүнчү жылында Басра шаарынын курулушун баштаган. Саад бин Абу Ваккас Кадисияда жеңишке жеткенден кийин Иранга карай бет алган. Анын жоокерлери Медааинде жайгашкан эле. Ал жердин климаты арап аскерлеринин ден соолугуна терс таасирин тийгизгендиктен, Момундардын башчысы Азирети Умар Саадга ыңгайлуу климаттагы жерге шаар куруу буйругун берген. Бул ишке милдеттендирилген Салман жана Хузайфа Куфа аймагын ыңгайлуу көрүшүп, Хижраттын он жетинчи жылында кырк миң киши отурукташа тургандай чоңдуктагы шаар курушкан. Амр бин ал-Ас Египетти өткөрүп алгандан кийин, Александрияга аскердик шаарча куруу үчүн Азирети Умардан уруксат сураган. Азирети Умар кабарлашуу жагынан бир аз кооптуу болгондугу үчүн каалаган эмес. Ошондо Амр Нил дарыясынын чыгыш тарабына барып, ал жерге Фустат шаарын курган (Хижрий 21). Анын доорунда жогоруда аталган шаарлардан башка дагы көптөгөн шаарлар курулган. Азирети Умардын башкаруу түшүнүгү өтө жогору болгондуктан, коомду кызыктырган маселелерге чечим чыгарууда мусулмандардын пикирине кайрылып, алар менен кеңешкен. Ал «Кеңешпей туруп жүзөгө ашырылууга аракеттенилген иш – ийгиликтүү бүтпөйт» – деген. Кеңешмеде төмөнкүдөй усулдарга көңүл бурган: Алгач маселени көптөгөн мусулмандар менен жолугуп, анын артынан курайштардын пикирин сураган, акырында сахабалардын пикирин алган. Ошентип, өтө туруктуу пикир пайда болуп, аны жүзөгө ашырууга аракет жасаган. Азирети Умар мусулмандардын аткарып жаткан ишинде кандайдыр бир мүчүлүш, кемчилдик байкалса, дароо айтып, эскертчү. Башка диндин өкүлдөрү менен да кеңешип, ар кандай жашыруун иш жүргүзгөндөргө байланыштуу иштерде алардын пикирин сурап, маселени алар менен кошо талкууга алган. Бул абал Азирети Умардын адилеттүүлүк түшүнүгүнүн өтө жогору деңгээлде болгондугун көрсөткөн. Азирети Умар башкаруу органдарындагы кызматкерлерге талапты катуу койгон. Алардын натуура иштерин бир да жолу көз жаздымда калтырган эмес. Карапайым калкка болсо, өтө мээримдүүлүк менен мамиле жасаган. Алардын көмүскөдө калып бараткан маселелери болсо, күнү-түнү болсо да чечүүгө аракеттенген. Анын мындай сезимталдыгын «Эфрат дарыясынын жээгинде бир төө жоголсо, Алла аны Умардан сурайт деп коркомун» – деген сөзү тастыктаган. Момундардын адилеттүү башчысы алыскы аймактардагы жашоочулардын абалын билүү максатында саякатка да чыккан. Чет жакадагы элдер ар түрдүү көйгөйлөрүн алыс жашагандыктан мага жеткире албай калышат деп тынчсызданган. Кээ бир аймактарды өз көзү менен көрүп, жакындан кабардар болуп турган. Ислам тарыхында адилеттүүлүктүн символу катары бааланган Азирети Умар жөнүндөгү төмөнкү окуя, ал тууралуу башка кеп айтуунун зарылдыгы жок экендигин ачык көрсөтүп турат: Бир жолу Аслам деген жардамчысы менен чогуу Харра жергесинде кыдырып жүрүп, чырак жанган бир жерди көрөт. Асламга карап: «Ушул жерде суукка дуушар болгон бирөө бар. Кел, ошол жерге баралы»,– дейт. Ал жерге барышып, эки жаш баласы бар бир аялдын, коломтонун боюнда отурганын көрүшөт. Азирети Умар аларга салам айтып, жанындагы балдарынын эмне үчүн ыйлап жатканын сурайт. Аял балдарынын ачка экенин айтканда, Азирети Умар тынчы кетип, казанда эмне бышырып жатканын сурайт. Ал: «Балдарымды тамак бышат деп алаксытуу үчүн казанга суу куюп кайнатып жатам. Албетте, биздин бул абалыбызды Алла Умардан сурайт» – деп жооп берет. Азирети Умар «Умар бул абалды кайдан билмек эле?» – деп сураганда: «Эгер билбесе, же унутса эмне үчүн халифа болду»,– дейт. Азирети Умар бул жоопту угар замат дароо дан сакталган кампага жөнөйт. Аслам экөө бир баштык дан алышып, Аслам көтөрөйүн дегенде Азирети Умар «Кыямат күнү менин жүгүмө сен ортоктош боло албайсың. Ошон үчүн мен өзүмдүн жүгүмдү өзүм көтөрөйүн» – деп, уруксат бербейт. Дан толтурулган баштыкты артынып, аял отурган жерге келишет. Тамакты Азирети Умар өз колу менен даярдап бышырып, аларды тоюндурат. Азирети Умар кетеринде, ыраазы болгон байкуш аял: «Сиз мындай ишке Умардан да татыктуу экенсиз»,– дейт. Азирети Умар: «Умар үчүн Жаратканга дуба кыл. Бир күнү ага зыярат кылууга барсаң, мени ошол жерден табасың»,– дейт. Бул мисал – анын элге жардам берүүсүндөгү сезимталдыгынын көптөгөн мисалдарынын бирөө эле.

Cунуш кылабыз