УМАР БИН ХАТТАБ

6:49 AM Сахабалар

УМАР БИН ХАТТАБ (Алла андан ыраазы болсун) Экинчи улуу халифа. Ислам дининин жер жүзүнө кеңири таралышына өзгөчө салым кошкон, жашоосу менен адилеттүүлүктүн жандуу үлгүсүн көрсөткөн, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эң жакын кутман сахабасы. Азирети Умар Пил окуясынан 13 жылдан кийин Меккеде төрөлгөн. Өзүнүн айтуусу боюнча Улуу Фижар согушунан төрт жылдан кийин дүйнөгө келген. Атасы Хаттаб бин Нуфайл. Ата теги Каъбга барып Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ата тегине кошулат. Энеси Хантана курайш уруусунун адий тобунан чыккан, Абу Жахилдин бир тууганы, же атасынын бир тууганынын кызы болгон. Тарыхый булактарда Азирети Умардын мусулман болгонго чейинки жашоосу жөнүндө кеңири маалымат жок. Бирок, жаш кезинде атасынын коюн кайтарып, кийинчерээк соодагерликке өткөндүгү айтылат. Ал Сирия тарапка каттаган кербенчилер менен байланышып турган. Жахилия доорунда Меккенин кадыр-барктуу аксакалдарынын катарынан орун алып, Мекке шаарынын элчилик иши анын колунда болгон. Эгер бир жерде согуш чыга турган болсо, ал жакка Умарды жиберишип, кайра келгенде анын айтуусу боюнча иш жасашкан. Айрыкча, уруулар арасында чыккан келишпестикти чечүүдө негизги ролду ойноп, анын чыгарган бүтүмү негизги чечим болуп эсептелген. Азирети Умар өтө катуу мүнөзгө ээ болуп, алгач ислам динине каршы чыккандардын арасында болгон. Атүгүл бабаларынын динине каршы чыгып, сыйынышкан буттарын жок кылууга жана алардан баш тартууга чакырган Пайгамбарыбыз Мухаммедди (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүүгө убада берген. Тарыхый булактарда Азирети Умардын мусулман болуусу төмөнкүчө баяндалган: Азирети Умар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүү үчүн аттанып, жолдо баратканда Нуайм бин Абдуллах алдынан чыгат да, «Мынчалык оолугуп кайда баратасың?» – деп сурайт. Ал Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) өлтүрүү үчүн баратканын айтат. Бул кабарды уккан Нуайм: «Оо Умар, сенин эжең менен жездең ислам динине кирген, сен алгач аларды тыйып албайсыңбы?»,– дейт. Бул кабарды уккан Азирети Умар ачуусу келип, жездесинин үйүнө бет алат. Жездесинин үйүнө келгенде үйдүн ичинде Куран окулуп жаткан болот. Эшикти ачканда үйдүн ичиндегилер Куран окууну токтотушуп, окуп атышкан Куран аяттары жазылган барактарын жашырып калышат. Үйдүн ичине кирген Азирети Умар жездесин сабай баштайт. Ортого түшкөн эжесин да уруп жиберет. Эжесинин жүзү канга боёлуп, жерге кулап түшөт. Бирок, ага карабастан эжеси: «Сен эмне кылсаң ошо кыл, биз динибизден кайтпайбыз!»,– дейт. Эжесинин мындай канга боёлгон абалда тике карап, жооп беришинен Азирети Умар аябай таасирленет. Ошол мезгилде эмнегедир Азирети Умар бир аз ойлоно түшөт да, окуган Куран аяттарын көрсөтүүлөрүн суранат. Ага берилген Куран аяттарын окуп, жүрөгү элжиреп, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кайда экенин сурайт. Ошол учурда мусулмандар Сафа дөбөсүнүн жанында Аркам аттуу сахабанын үйүндө жашыруун ибадат кылып жатышкан. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Аркамдын үйүндө экенин уккан Азирети Умар дароо ошол тарапка бет алат. Ал жерге барып эшикти какканда Азирети Умардын келгенин билген сахабалар тынчсыздана башташат. Азирети Хамза «Келе тургандын, көрөрү бар. Тим койгула келсин» – деп эшикти ачтырат. Ошондо, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Умарга «Оо Хаттабдын уулу, мусулман бол! Аллам, ага хидаят (туура жол) бер» – дегенде, Азирети Умар дароо күбөлүк келмесин айтып, ыйман келтирет. Кээ бир риваяттарга караганда, Азирети Умардын мусулман болушу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) «Аллам! Исламды Умар бин Хаттаб, Амр бин Хишам (Абу Жахил) менен жогорулат» – деген касиеттүү дубасы менен жүзөгө ашкан. Азирети Умар Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ислам динин жайылта баштагандан алты жылдан кийин мусулман болгон. Ал ислам динин кабыл алган кезде мусулмандардын саны 70-80 киши эле. А кезде меккелик мушриктердин аёсуз зулумдугунан улам мусулмандар Каабага келип намаз окуй алышпай, Аркамдын үйүндө жашыруун топтолушуп ибадат кылышкан. Азирети Умар мусулман болгондон кийин Каабага келип, адамдарды ислам динине ачык түрдө үгүттөй башташат. Азирети Умардын жамаатка кошулуп намазга туруусу, мусулмандардын маанайын көтөрүп, демине-дем, күчүнө күч кошкон. Абдуллах бин Масуддун «Умардын мусулман болуусу жеңиш эле» – деп айтуусу мунун ачык далили. Мусулман болгонун эң алгач ачык түрдө Азирети Умар жарыя кылган. Мушриктер анын баатыр, балбан экенин мурдатан билишкендиктен, ага жакындай алышкан эмес. Ал мусулман болгондон кийин дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында жүргөн. Аны коргоодо күч-кубатын аяган эмес. Мушриктерге каршы туруп, ислам динин кайсыл жерде болбосун эч кимден тартынбай баарына жарыя кылган. Ислам динин жайылтуу ишин жаңы багытка салуу үчүн Мединага көчүү буйругу келгенде мусулмандар Меккеден Мединага жашыруун көчө башташкан. Бирок Азирети Умар эч кимден жашырынбай Мединага жолго чыккан. Бул тууралуу Азирети Али мындай деген: «Умардан башка эч кимдин жашырынбай ачык көчкөнүн көргөн жокмун. Ал хижратка аттанганда кылычын алып, жаасын асынып, Каабага барган. Ошол мезгилде курайштын кадыр-барктуу адамдары Каабанын алдында отурушкан болчу. Ал Каабаны жети жолу айланып, Ибрахим Макамында эки ирекет намаз окуду. Мушриктерди карап: «Бет пардаңар сыйрылды, жүзүңөр кирдеди. Ким энесин баласыз, балдарын жетим калтыргысы келсе, мага каршы чыксын!»,– деди. Алардын эч кимиси ага даап сөз айта албады». Азирети Умар ислам динин жайылтууга өтө зор салымын кошуп, ар бир окуяга активдүү катышкан. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) маанилүү чечимдерди кабыл аларда, эң биринчи кеңеше тургандардын башында Азирети Умар турган. Алтургай, кээде анын пикирине ылайыктуу аяттар түшкөн. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) анын бул абалын төмөнкүчө баяндаган: «Алла чындыкты Умардын тили менен жүрөгүнө койгон!». Азирети Умар, Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар ж. б. согуштардын көпчүлүгүндө аскер башчысы милдетин аткарган. Алардын бири Хижраттын жетинчи жылында хавазиндиктер менен болгон согуш эле. Азирети Умар бардык туура эмес маселелерге каршы чыгуу менен таанылган. Худайбия келишимде мушриктердин талаптарына каршы чыгуусун жогоруда айтылгандарга мисал катары көрсөтүүгө болот. Бирок, ал Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааланын көрсөткөн туура жолдогу эскертүүлөрүндө дароо акылын жыйып, окуянын негизги өзөгүнө үңүлүп, ой жүгүрткөн. Азирети Абу Бакирдин халифалыкка шайланышында Азирети Умар өтө чоң рол ойногон. Азирети Абу Бакирдин кыска убакытка созулган халифалыгы мезгилинде ага Азирети Умар эң жакын жардамчы болгон. Азирети Абу Бакир өлөрүн билип, өзүнөн кийинки халифалыкка Азирети Умарды дайындоону ойлогон жана бул пикирин кээ бир сахабаларга айтып кеңешкен. Баары Азирети Умардын инсандык улуу касиетин жана анын жогору даражада тургандыгын белгилешкен. Андан кийин Азирети Осмонду чакырып, бир баракка Азирети Умарды халифа кылып дайындагандыгы жөнүндөгү күбөлөндүрмөнү жаздырган. Ал баракка мөөр басылгандан кийин, Азирети Осмон сыртка чыгып, мөөр басылган кагазды элге көрсөтүү менен Азирети Умардын халифалыкка дайындалгандыгын жарыя кылган. Ошентип, баары ага күбө болушкандан кийин Азирети Умар экинчи халифалыкка шайланган.

Cунуш кылабыз