Акыркы сапар (Азирети Абу Бакир)

6:49 AM Сахабалар

Акыркы сапар Халифалыгы эки жыл үч ай, башкача айтканда, өтө кыска убакытка созулганына карабастан, Азирети Абу Бакир жетектеген учурда Ислам мамлекети абдан өнүккөн. Азирети Абу Бакир Хижраттын он үчүнчү жылында жумадил-ахир айынын башында, хижраттан кийин Мединада дуушар болгон илдет менен кайрадан ооруп, төшөккө жатып калган. Ордуна Азирети Умарды имамдыкка дайындап, сахабалар менен кеңешип, Азирети Умардын халифа болуусун өтүнөт. Азирети Умардын халифа болуусу жөнүндөгү күбөлөндүрмөнү Азирети Осмонго жаздырат. Азирети Абу Бакир сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сыяктуу 63 жашында дүйнөдөн кайтат. Аны керээзи боюнча Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанына көмүшөт. Мына ошентип, бул эки улуу инсандын, эки достун кабырлары да жанаша болот. Асыл адам Соодагер катары ар дайым өтө жогорку маданияттуулукка ээ болгон Азирети Абу Бакир акылдуулугу, кыраакылыгы менен сахабалардын эң алдыңкы сабында турган. Ал жумшак мүнөзү, көп ойлонуп, аз сүйлөгөндүгү жана жөнөкөйлүгү менен көңүлдөрдөн түнөк тапкан. Азирети Айшанын айтымында, көзүнөн дайыма жаш кылгырып жүргөн, көңүлү капалуу, үнү жай чыккан. Жахилия доорунда мушриктер ага ишенишип, кун жана карыз алып-берүү иштеринде аны күбө кылышкан. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) эң жакын досу Азирети Абу Бакирге мираж окуясында кубаттуу ыйманы менен «Ас-Сыддык» лакабы берилген. Жоомарттыкта алдына ат салдырган эмес. Бардык мал-мүлкүн ислам дини үчүн сарптап, өлүмүнө аз калганда кимден карыз алган болсо, өзүнө караштуу жерлердин баарын саттырып төлөгөн. Артында бир төөсү менен жардамчысынан башка эч нерсеси калган эмес. Төрт аялынан алты балалуу болгон. Азирети Абу Бакир кызы Азирети Айшаны хижраттан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен үйлөндүргөн. Хижрат учурунда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен үңкүргө киришет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Абу Бакирдин тизесине башын коюп уктаганда бир жылан келип бутун чаккан. Ошондо, Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ойготуп албайын деп, бутунун сыздаганына карабай чыдап олтурган. Акырында бутунун ооруусуна чыдабай ыйлай баштайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ойгонуп, эмне болгонун сураганда, «Ата-энем сен үчүн курман болсун Оо, Алланын Элчиси, Сени ойготуп албайын деп бутумду жыланга чактырып алдым» – деген. Бул көрүнүш Азирети Абу Бакирдин Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) канчалык сүйгөндүгүн, ал үчүн бардык кыйынчылыктарга даяр экенин айгинелейт. Азирети Абу Бакир ак жуумал, арык чырай, сакалы кара түстө, жупуну кийинген инсан болгондугу айтылат. Ал Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) вазири, кеңешмелерде эң жакыны эле. Азирети Абу Бакир сүннөттү жана Пайгамбарыбызды баарынан жакшы билген. Мындан улам, халифалыгында ага каршы баш көтөргөндөр жана бузуку иштер болгон эмес. Коомдогу келишпестикке кайдигер мамиле кылуу, бидъат, тактап айтканда, Алланын өкүмүнө дал келбеген өкүмдөр анын доорунда болгон эмес. Тарых барактарында анын «Мен Алла Элчисине кошулам, бир канча негиздерди коюучу эмесмин» – деп, чечим чыгарууда өтө зирек болгондугу эскерилет. Кандайдыр бир маселени чечүүдө алгач Куранды карап, табалбаса сүннөттү изилдеп, ал жерден да табалбаса, сахабалар менен кеңешкен. Олжо бөлүштүрүү маселесинде баарына бирдей бөлүштүргөн. Ислам динин элдин жүрөгүнө, аң-сезимине орнотуу үчүн, кээ бирөөлөргө жардам берип, өзүнө караштуу жерлерди да өткөрүп берген учурлар болгон. Доордун талабына ылайык өкүм жүргүзүүсү бардык сахабалар тарабынан жактырылган. Ислам дини жаңы тарала баштаганда, мусулмандардын саны 38ге жеткен мезгилде Харам мечитинде мушриктер тарабынан сабалган Азирети Абу Бакир, кийинчерээк халифа даражасына жеткен. Ал эми анын халифалыгына «Халифат-у Расулуллах», башкача айтканда, «Алла Элчисинин халифаты» деп аташкан. Андан кийинки халифаларга «Амирул-Муминин», башкача айтканда, «Момундардын башчысы» дешкен. Анын доорунда мамлекеттеги финансылык иштерди Абу Убайда, казылык жумуштарын Азирети Умар, катчылыкты Зайд бин Сабит жана Азирети Али, аскер башчылыгын Усама жана Халид аттуу сахабалар аткарышкан. Ислам мамлекетинин борбору Медина шаары, ал эми Мекке, Таиф, Сана, Хадрамаут, Хавлан, Забид, Рима, Жанад, Нажран, Жураш, Бахрейнде аймактык башкаруу бөлүмдөрү иш алып барган. Башкаруу борбордо жүргүзүлүп, Мамлекеттик казына (Байтул Мал) түзүлгөн. Азирети Абу Бакир «Мукиллин» деп аталган өтө аз хадисти риваят кылган сахабалардан. Ал хадистерди риваят кылууда, туура эмес айтып албайын деген коркуу менен 142 (жүз кырк эки) хадис риваят кылган. Анын төмөнкүдөй нуска кептери бүгүнкү күнгө чейин жеткен: «Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааладан келген вахийлер менен коргончу. Жакшы иштерди аткарууга шашылгыла… Алла үчүн айтылбаган сөздө эч кандай жакшылык жок. Жалган сүйлөгөн адам өзүнүн жалганчылыгы билинип калуусунан коркуп, акыйкатты айтуудан чочуласа, анын ишинде да жакшылык жок… Иш кылуунун сыры – сабырдуулук... Эч кимге ыймандан кийин ден-соолуктан да жакшы нимет берилген эмес. Башкаларды суракка алуудан мурун өзүңдү суракка ал!».

Cунуш кылабыз