Хижрат (Азирети Абу Бакир)

6:49 AM Сахабалар

Хижрат Савр үңкүрүнө биринчи Азирети Абу Бакир, андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кирет. Азирети Абу Бакирдин кызы Асма жол азыктарын күн мурунтан даярдап берген. Алар Меккеден чыгып кетишкенден кийин мушриктер туш тарапка ат чаптырып, издей башташат. Курайш уруусунун мушриктери Абу Жахилдин башчылыгы менен Асманын үйүн тинтишет, аларды кыйнап сабашат. Азирети Абу Бакир хижрат сапарына чыгуудан мурун, үйүндөгү тыйын-тыпырынын баарын алган. Кызы Асма анын кайда экенин, кай тарапка кеткенин душмандарга айткан эмес. Меккелик мушриктер из кууп отуруп, Савр үңкүрүнө чейин келишет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ошол мезгилде: «Кайгы капага чөкпө, Алла биз менен бирге»,– дейт. Бул тууралуу Курани Каримде мындайча баяндалат: «Эгер силер ага (пайгамбарга) жардам кылбасаңар Алла Таала Өзү ага жардам кылды. Аны капырлар ал эки адамдын бири болгон абалында (тагыраак айтканда, бир жолдошу менен Меккеден) айдап чыгышканда (Ага Алла жардам берди эле го). Ошондо, алар экөө үңкүрдө турган чактарында жолдошуна: «Кейибе, албетте, Алла биз менен бирге», дегенде, Алла алардын көңүлүн жай кылды жана аны силер көрбөгөн аскерлер (периштелер) аркылуу колдоп-кубаттады. Ошондой эле, капыр болгондордун сөздөрүн төмөн кылып койду, Алла Тааланын Сөзү гана жогору Сөз. Алла Кудуреттүү, Даанышман». Капырлар аларды канчалык аракет кылып, издешсе да табалбай коюшат. Аталган үңкүрдө үч күн турушат. Андан кийин Куба аркылуу Мединага барышат. Мединада Азирети Абу Бакир хумма деген оорууга дуушар болот. Күн өткөн сайын аталган ооруу күч алганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Оо Жараткан Аллам! Меккени бизге кандай сүйүктүү кылган болсоң, Мединаны да ошондой сүйүктүү кыл! Бизди хумма ооруусунан сакта» – деп дуба кылат. Пайгамбардын мына ушул касиеттүү дубасынын берекети менен хумма ооруусуна чалдыккан Азирети Абу Бакир ж. б. сахабалар акырындап айыгышат. Ошол учурда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен Азирети Айшанын тоюн өткөрүшөт. Набави мечитин курушат. Бул курулуштун чыгымынын бир бөлүгүн Азирети Абу Бакир колго алат. Мединада достук, бир туугандык урааны негизделип, Азирети Абу Бакирдин досу Хариса бин Зайд болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ислам динин жайылтуу жана душмандар жөнүндө маалымат топтоо үчүн «Сариййа» деп аталган чакан чалгындоо аскер бөлүктөрүн Мединанын айланасына жөнөткөн. Кээ бирде алар менен кошо Азирети Абу Бакир да чыккан. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү жетектеген согуштарга (Бадр, Ухуд, Хандак ж. б.) Азирети Абу Бакир да катышкан. Ал Мурайси, Курайза, Хайбар, Мекке, Хунайн, Таиф казаттарына да катышкан. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү жетектеген согуштар «газва» (башкача айтканда, «казат») деп аталган. Азирети Абу Бакир аталган чоң согуштардан тышкары отуздан ашуун казатка катышкан. Ал согуштарда дайыма Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында болуп, анын вазири сыяктуу кызмат өтөгөн. Бадр согушунда мушриктер тараптагы уулу Абдуррахман менен да согушууга аргасыз болгон. Ал гана эмес, Бадр согушунда көптөгөн сахабалар атасы, уулу, бир тууганы, таякеси ж. б. жакындары менен согушушкан. Бадр согушу – мусулмандардын ислам динин бардык нерседен жогору коюшканын айгинелеген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аталаш агасы Хамза мусулман аскерлердин арасында болсо, Аббас деген башка бир агасы душман аскерлердин катарында эле. Жээни Убайда өзүнүн жанында болсо, Абу Суфиян жана Навфал деген жээндери мушриктер менен бирге болчу. Алтургай, Зейнептин күйөөсү Абул-Ас да Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) каршы мушриктер менен чогуу согушка чыккан. Хижраттын тогузунчу жылында Мединада бир тараптан өтө оор ачарчылык башталса, экинчи тараптан Византия императору Шамга жакын жердеги Хижаз аймагын каратып алууга аракет кыла баштаган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай оор кырдаалда жоого каршы ислам жоокерлерин дайындоодо өтө оор кыйынчылыктарга дуушар болгон. Азирети Абу Бакир мал-мүлкүнүн баарын ошол кошуунга сарптаган. Хижраттын онунчу жылында «Коштошуу Ажылыгына» барган Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Хижраттын он биринчи жылында оорууга чалдыккан.

Cунуш кылабыз