Кубанычтуу кабар (Азирети Абу Бакир)

6:49 AM Сахабалар

Кубанычтуу кабар Азирети Абу Бакир бир күнү Хира тоосунан кайткан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен жолугат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага Алла Тааланын элчиси болуп дайындалганын айтып, «(Эй Мухаммед, бардык жаратылышты) жараткан Зат болгон Жаратканыңдын наамы менен (баштап) оку! Ал инсанды коюу кандан жараткан (Зат). Окугун! Сенин Жаратканың (адамзатка) калемди (тактап айтканда, жазууну-катты) үйрөткөн өтө берешен Зат. Ал Зат инсанга анын билбеген нерселерин үйрөттү» деп башталган аяттарды окуганда, ал дароо: «Алла Тааланын жалгыздыгына жана Сенин Алла Тааланын элчиси экениңе ыйман келтирдим»,– дейт. Азирети Хадижадан кийин эң алгач ыйман келтирген Азирети Абу Бакир эле. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) акыйкат жолго үгүттөө ишин жүргүзө баштаган учурда, кай бир адамдар ислам динин дароо кабыл албай бир топ убакыттан кийин гана кабылдашкан болсо, Азирети Абу Бакир эч шек-күмөнсүз, токтолбой, дароо кабыл алган. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Бардык адамдардын ыйманы таразанын бир тарабына, Абу Бакирдин ыйманы таразанын бир тарабына коюлса, анын ыйманы оордук кылат» – деп салыштырган. Азирети Абу Бакир өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин бар күчүн ислам динине жумшап, бардык кайрымдуу иштерде алдыңкы катарда турган. Оор шарттарга карабастан, Меккедеги күчтүү уруулардын өкүлдөрүн ислам динине үндөгөн. Ошону менен бирге, мушриктердин аёсуз азабына дуушар болгон алсыз кулдарды коргогон. Азап чеккен кулдарды сатып алып, аларды азаттыкка чыгарган. Билал, Хаббаб, Лубайна, Абу Фукайха, Амир, Зиннира, Нахдийа, Умму Убайстар Азирети Абу Бакирдин аракети менен азаттыкка чыгышкан. Бирок, ал мындай өзгөчөлүгүнө карабастан, өзү дагы Харам мечитинде мушриктердин кол салууларына дуушар болгон. Мушриктердин мусулмандарга каршы зордук-зомбулуктары арта баштаганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Абу Бакирге Хабашистанга (Эфиопия) көчүп кетүүсүн өтүнгөн. Азирети Абу Бакир жолго чыгып, Баркул Гымаад деп аталган жерге келгенде, Меккенин кадыр-барктуу адамдарынан Ибн Дугунна менен жолугат. Ибн Дугунна аны коргой турганын айтып, артка кайтарат. Ошентип, экөө бирге Меккеге келишет. Бирок, Ибн Дугунна шарттуу түрдө коргоого аларын айткан болчу. Азирети Абу Бакир ачык түрдө ибадат кылып, ислам динине үндөөсүн уланта бергенде, бул макулдашуу да күчүн жоготот. Ошондо Азирети Абу Бакир анын коргоосуна муктаж эмес экенин, Алла Тааланын коргоосу жетиштүү болгонун билдирет. Ошентип, түрдүү азаптарга, кыйынчылыктарга сабыр кылып, 13 жыл Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында жүрөт. Азирети Айшанын риваят кылганына караганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хижрат буйругун алып, Азирети Абу Бакирге келип, аны менен бирге сапарга аттанаарын айтат. Азирети Абу Бакир бул кабарды укканда сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бир түндө Меккеден Куддуска (Иерусалимге), ал жерден Сидратул Мунтахага барган, Исра жана Мираж окуясын угушкан мушриктер ишенбейт деген үмүт менен дароо Азирети Абу Бакирге айтышат. Ал «Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) айткан болсо, шек-күмөнсүз туура» – деп жооп берет. Анын мындай жообунан улам мушриктер аны ыкластуу, эч жалган сүйлөбөгөн, туура, дурус, өтө ыймандуу деген маанилерди туюндурган «Сыддык» лакабын беришкен. Курани Киримде «... Алар эң жакшы сапарлаш-жолдоштор» – деп эскерилет. Мына ушул Сыддык менен Амин (ишенимдүү), эки дос Савр тоосундагы үңкүргө карай жолго чыгышат.

Cунуш кылабыз