АБУ БАКИР АС-СЫДДЫК

6:49 AM Сахабалар

АБУ БАКИР АС-СЫДДЫК (Алла андан ыраазы болсун) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын ойлонбостон, биринчилерден болуп кабыл алган, эң алгач ыйман келтирген жана тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн, жан досу менен чогуу хижрат кылгандыктан, Курани Каримде: «… үңкүрдөгү ал эки адамдын бири болгон…» – деп эскерилген улуу сахаба, алгачкы рашид халифа. Азирети Абу Бакирдин негизги аты Абдулкааба. Ислам динин кабыл алган соң Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага Абдуллах деген ысымды ыйгарган. «Азаптан азаттыкка чыгарылган» деген маанини билдирген «Атик», дурус, ишенимдүү, намыстуу болгондуктан «Сыддык» деген лакап менен да аталган. Анан албетте, Абу Бакир ысымы менен белгилүү. Таймуулдары уруусунан чыккан Абу Бакир, Мурра бин Кааб аркылуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ата тегине кошулат. Энеси Уммул Хайр Салма, атасы Абу Кухафа Осмон. Анын ата тегин төмөнкүдөй санжырада тизмектеп көрсөтүүгө болот: Абдуллах бин Осмон бин Амир бин Амир… бин Мурра… ат-Таймии. Бадр согушуна чейин мушриктердин катарында эсептелген уулу Абдуррахмандан башка үй-бүлөсүнүн бардык мүчөсү мусулман болгон. Атасы Абу Кухафа Абу Бакирдин халифалыгына да, дүйнөдөн кайтышына да күбө болгон. Азирети Абу Бакирдин Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) бир, же үч жаш кичүү экени айтылат. Исламдан мурун да кадыр-барктуу, дурус, жакшы мүнөзгө ээ, буттарга сыйынбаган «ханиф» бир соодагер болгон. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөдөн кайтканга чейин, анын жанынан айрылган эмес. Бардык байлыгын, мал-мүлкүн ислам дини үчүн сарптаган. Өзү өтө жупуну, жөнөкөй жашап өткөн. Азирети Абу Бакир 571-жылы Меккеде төрөлгөн. Ал бийик адеп-ахлагы, жакшы мүнөзү жана намыстуулугу менен белгилүү болгон. Ичкилик жахилия доорунда коомго өтө кеңири тараганына карабастан, ал мындай жаман адаттан жаа бою качкан. Меккенин эл алды, кадыр-барктуу адамдарынан болуп, араптардын урууларын изилдеген санжырачы кесибин да аркалаган. Жибек, кездеме жана кийим-кече сатып, соодагерчилик кылган. Байлыгы кырк миң дирхамга жетип, анын дээрлик баарын ислам дини үчүн сарптаган. Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) ыйман келтирген күндөн баштап, ислам динине үгүттөө жумушуна киришкен. Осмон бин Аффан, Зубайр бин Авваам, Абдуррахман бин Авф, Саад бин Абу Ваккас жана Талха бин Убайдуллах сыяктуу аруу динибиз исламдын коомго кеңири тарашына чоң салым кошкон алгачкы мусулмандар, биринчилерден болуп Азирети Абу Бакирдин үгүтү менен исламды кабыл алышкан. Ал өмүр бою Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанынан айрылган эмес, экөөнүн бири-бирине болгон достук мамилелери өтө бекем болгон. Коомдук жана жеке маанилүү иштерде сахабалары менен кеңешкен Даанышман Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам), кээ бир жагдайларда өзгөчө Азирети Абу Бакир менен жекече кеңешип, көп учурда анын пикирин жактаган. Экөө бири-бири менен тез-тез жолугушуп, Алла Тааланын жалгыздыгын, улуулугун даңазалашкан. Мекке мушриктеринин абалын талкуулашып, соода-сатык маселелерин биргеликте талдоого алышкан. Экөө тең жахилия доорундагы жагымсыз, адеп-ахлаксыз маданиятка, акылга сыйгыс, түркөй көрүнүштөргө каршы турушкан. Ыр жазууну каалашкан эмес. Көбүнчө Жараткандын кудуретине, бул ай-ааламдын кантип жаратылганына ой жүгүртүү менен алек болушкан

Cунуш кылабыз