Зекет

6:49 AM Фикх

خُذْ مِنْ اَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا.... «(Оо, Мухаммед!) Аларды тазартып, жакшылыктарын көбөйтүү үчүн мал-мүлктөрүнөн зекет ал». ЗЕКЕТ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК Зекет – исламдын негизиги беш пайдубалынын бири болуп саналат. «Зекет» деген сөз лексикалык жактан «өсүп-өнүгүү, берекеленүү, көбөйүү, тазаруу» деген маанилерди билдирет. Ал эми Ислам шариятынын аныктамасы катары зекет – белгилүү мал-мүлк түрлөрүнүн белгилүү бир бөлүгүн Алла Таала Куранда көрсөткөн айрым мусулмандарга менчиктеп берүү. Садага, үшүр жана инфак деген сөздөр да белгилүү шарттар астында зекет маанисинде колдонулат. Зекет – коомчулуктагы өз ара жардамдашуу же кайрымдуулук гана болбостон, намаз, орозо жана ажылык сыяктуу зарыл ибадат. Ал Исламдын беш негизги парзынын бирөөсү катары өзгөчө орун ээлейт. Зекеттин маанилүүлүгү жана пайдалары Алла Таала адамзатты бул утурумдук дүйнөгө сыноо үчүн жараткандыгына байланыштуу ар кимди ар түрдүү жөндөмдөргө эгедер кылган. Ошондуктан «беш кол тең эмес» дегендей, жашоо-турмушта адамдар бир өңчөй болушу мүмкүн эмес. «Жакшылык менен такыбалыкта өз ара жардамдашкыла, күнөө менен душмандыкта жардамдашпагыла». Алла Тааланы унутуп, байлыкка эсирип көпкөндөрдүн акыбети кандай жаман болору Куран Каримдин бир топ жеринде абдан кеңири баяндалган. Ал эми мусулмандык ыйык милдет катары, байлыгы белгилүү чекке жеткен бардар адамдардын мал-мүлкүнөн бир бөлүгүн жарды-жакырларга зекет берүүсү парз кылынган. Анткени мындай мажбур милдет болбогондо байлыктын коомчулук арасында жөндүү таралышы кепилдикке ээ болбойт. Алла Таала Куран Каримде мындай дейт: وَالَّذِينَ فِى أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَعْلُومٌ لِلسَّآئِلِ وَالْمَحْرُومِ. «Алардан мал-мүлктөрүндө суранган адам үчүн жана колунда жок муктаждар үчүн белгилүү үлүш акысы бар». Жыйынтыктап айтканда, зекет ибадатынын маани-маңызы мына булардан билинет: 1. Зекет – коомчулук арасында бай менен кедейдин ортосундагы байланышты жакшыртып, боорукердик-күйүмдүүлүккө тарбиялайт. Байлар зекет берүү аркылуу кедейлерге мээримдүүлүк менен карап, байлыгынын бир бөлүгүн аларга ыраа көргөндүктөн, кедейлер да байларга урмат-сый сезими менен карап, алардын дүйнө-мүлктөрүнө көз артпайт жана кызганып, кастык ниетте болбойт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Мал-мүлкүңөрдү зекет аркылуу коргогула, ооруңарды садага берүү менен айыктырууга жол издегиле, башыңарга келчү бөөдө кырсыктарга карата дуба-тилек менен дайындыкта болгула». 2. Зекет – эмгектенип тиричилик кылууга чамасы жетпеген айрым адамдардын башкалар сыяктуу өмүр сүрүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. 3. Адам баласынын жан дүйнөсүндө байлыкка, дүйнө-мүлккө берилүү, каниетсиздик жана өз байлыгы менен башкаларга чоңсунуп, бой көтөрүү, сараңдык сыяктуу напсиге ээрчиген алсыздыктар, жээликтиргич сыпаттар жашайт. Зекет ибадаты ушундай өзүмчүлдүк, сараңдык, дүйнөкорлук жана бой көтөрүү өңдүү опсуз жаман мүнөздөрдөн алыстатып, жоомарттык, кичипейилдик, каниеттүүлүк өңдүү асыл мүнөзгө тарбиялайт. 4. Зекет – капиталдын тек гана байлардын арасында айланып туруучу сыңар багыттуу күчкө айланып калуусунун алдын алат. Коомдук турмушта бай-кедей ажырымы табигый түрдө бар болуп турса да, зекет берүү аркылуу бул ажырымдын опсуз чоңойуп кетпестен өз ара шайкешүү, айкалышуу көрүнүшү калыптанат. Анткени зекет бай-жакырды орток ымалага келтирип, аралыктарын жакындатып, арадагы ажырым-жикти жойгон данакер болчу маанилүү ибадат. Алла Таала бул дүйнөдө бардык адамдарга жетерлик ырыскы жаратып, азбы-көппү баарын бирдей ырыскы менен камсыз кылганы белгилүү. Алла Таала берген ошол ырыскы-сыйлар адамдар тарабынан адилеттсиз бөлүштүрүлүп жаткандыктан, бул дүйнөдө далай келишпестиктер, баш-аламандыктар жана кризистер баш көтөрүүдө. Адамдардын аз сандагы айрым бөлүгү гана материалдык жыргалчылыктар ичинде «майга оронгон бөйрөктөй» өмүр сүрүп жатышса, көпчүлүгү жокчулуктун, жардылыктын айынан ар кандай азап-тозокторду көрүүдө. Ал эми зекет болсо, байлыктын бөлүштүрүлүүсүндөгү ошондой теңсиздиктерге аралжы болуп, адамзат кетирген кемчиликтердин ордун эң сонун толтуруп, адилеттикти орнотуп, адамзатка орошон пайда келтирүүчү, сообу мол, мааниси терең ибадат. 5. Зекет ибадаты – Алла Тааланын берген байлык-сыйларына карата шүгүрчүлүк келтирүү болуп саналат. Зекет берүүчү мусулман качан болсо да колундагы байлыктын Алла Таала тарабынан берилген сый экенин түшүнүп, өзүнөн да акылдуу, жөндөмдүү, ден соолугу мыкты далай адамдардын бул сыйдан куру калганын сезип, ошол жакшылыктарды өзүнө насип кылган Алла Таалага шүгүрчүлүк кылууга далалаттанышы абзел. Ар бир сый-жакшылык өзүнө жараша шүгүрчүлүк талап кылаары белгилүү. Мисалы, илимдин шүгүрчүлүгү аны башкаларга таратуу менен, үйрөтүү менен болсо, дене мүчөлөрүбүздүн шүгүрчүлүгү орозо кармап, намаз окуу өңдүү ибадаттар менен орундалат. Ал эми байлыктын шүгүрчүлүгү – муктаждарга камкордук кылып, зекет парзын аткаруу сыяктуу жолдор менен жүзөгө ашат. 6. Зекет – мал-мүлктүн жана анын ээсинин түрдүү балээ-кырсыктардан, оору-сыркоолордон аман болуусуна, байлыктын берекеси кетип, ойрондолуп жоголбошуна себепкер болот. Пайгамбарыбыздын: «Мал-мүлкүңөрдү зекет берүү аркылуу коргогула» деген сөзү ушундай мааниде айтылган. 7. Зекет – коомчулук арасындагы ууру-кескиликтин, тоноо-каракчылыктын жана алдамчылык, адам өлтүрүү өңдүү кылмыштар менен терс көрүнүштөрдүн кеңири жайылып кетүүсүнө бөгөт болот. 8. «Кой аксагы менен миң» дегендей, жалпы коомчулук өз ичиндеги бардык адамдар менен бир бүтүн болуп эсептелет. Адамдар бири-бирине кайрылуу, өз ара көмөктөшүү менен гана бейпил коомдун пайдубалы түзүлөт. 9. Шайтан адамдын напсисин козутуп, «зекет берсең жардыланып, кедей болуп каласың, байлыгың кемип калат» деп коркутуп, азгырат. Ал эми иш жүзүндө зекет мал-мүлктүн азаюусуна эмес, кайра көбөйүп, берекеси артып, өсүп-өрчүшүнө башкы себепкер болот. 10. Зекет берген адамдын жүрөгүн, жан дүйнөсүн эң сонун кубаныч сезим бийлеп, өзгөчө көңүл ыраазычылык маанайга ээ болот. Жашоо-турмуштун басым-кысымынан, дүйнө-мүлктүн кыжалат кылган оорчулугунан жана көңүл өйүткөн түпөйүл рухий кысымдардан арылтат. Алла Таала ар бир жакшылыктын сообун түздөн-түз руханий бейпилдик туюмун жан дүйнөгө салуу аркылуу сездирет. Мындайды башка эч кандай материалдык рахаттан табуу мүмкүн эмес. 11. Зекет – адамды жалкоолуктан, жатып ичерликтен, зыкымдык жана өзүмчүлдүк сыяктуу ички жаман илдеттерден арылтат. Жоомарттыкка, берешендикке, эмгекчилдикке тарбиялайт. Топурактан соргон ным менен өсүмдүк өсүп олтуруп ширин мөмө бергендей, адам башкаларга берүү аркылуу өзүн коомго жарамдуу адам кылып тарбиялай алат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Берген кол – алган колдон жакшы». Зекеттин өкүмү жана далилдери Зекет ибадаты Ислам динибиздеги негизги беш парздын бири катары хижраттын экинчи жылы Рамазан айынын орозосунан кийин, Шавваль айында расмий түрдө парз кылынган. Куран Каримде жалпы 32 жерде зекет берүүгө буюрган аяттар бар болсо, анын ичинен 28 жериндегиси намаз окуу буйругу менен бирге айтылган. Мындан улам, намаз сыяктуу эле өтө маанилүү парз ибадат болуп саналган зекет берүүнүн Ислам динибиздеги салмактуу жана бийик ордун байкоого болот. Зекеттин парздыгы Куран Карим, сүннөт жана ижмаа далилдери менен аныкталып турат. Алла Таала Куранда мындай дейт: وَاَقِيمُوا الصَّلَوةَ وَ آتُوا الزَّكَوةَ.. «Намаз окугула, зекетти бергиле». خُذْ مِنْ اَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِمْ بِهَا. «Аларды тазартып, жакшылыктарын көбөйтүү катары мал-мүлктөрүнөн зекет алгын». اِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَآءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُم وَفِى الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِى سَبِيلِ اللَّهِ وَابْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ. «Садага-зекеттер сөзсүз жарды-жакырларга, эч нерсеси жок кедейлерге, зекетти жыйноого дайындалган адамдарга, мусулманчылыкка көңүлдөрү жибитилүүсү зарыл болгондорго, кулдарды эркиндикке чыгарууга, карызга баткандарга, Алланын жолуна жана ара жолдо калган жолоочуларга берилүүсү - Алла тарабынан парз кылынды. Алла баарын жакшы билүүчү, ченемсиз даанышман». Зекеттин шарттары же зекет кимдерге парз Зекеттин белгилүү бир адамга парз болуусу үчүн төмөндөгү шарттар табылышы керек: Исламдагы жоопкер адам болуу: Башка ибадаттар сыяктуу эле зекет ибадатын аткаруучу адамдын акыл-эси соо, балагат жашына толгон, эркиндиктеги мусулман болуусу шарт Нисабга (зекет берүү өлчөмүнө) жеткен, же андан да көп мал-мүлккө ээ болуу: Зекет парз болуш үчүн күнүмдүк тиричиликке зарыл болуп, негизги муктаждыктарды камсыз кылган буюм-тайымдардан жана алган карыздан сырткары нисаб өлчөмүнө жеткен байлыкка ээ болуу шарт. Нисаб дегенибиз - Ислам динибизде белгилүү бир нерсеге карата белгиленген, чек токтотулган өлчөм. Ал эми зекет парзын аткарууда зекетке милдеттендирүүчү байлык өлчөмү нисаб делет. Бул өлчөм байлыктын түрлөрүнө карата төмөнкүчө белгиленген: 1. Алтындын нисабы: 20 мискал = 85 грамм. 2. Күмүштүн нисабы: 200 дирхам = 595 грамм. 3. Төөнүн нисабы: бешке жеткенде нисабга жеткен болуп эсептелет. 4. Уй жана топоздун нисабы: уулар. 6. Соода товары катары каралбаган дары-дармектер. 7. Нисаб өлчөмүнө жетпеген ар кандай байотузга жетсе. 5. Кой жана эчкинин нисабы: кыркка жетсе. 6. Соода товарларындагы нисаб: 85 грамм алтын, же 595 грамм күмүштүн наркына жетсе. 7. Ар кандай банкноттордун (кагаз акчалардын) нисабы да 85 грамм алтын, же 595 грамм күмүштүн наркына жетсе. Жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмгө жетпеген нерселер нисабга толбогон болуп эсептелгендиктен, зекет парз эмес делген. Башкача айтканда, нисаб өлчөмүнө жеткен мал-мүлккө ээ болгондор бай адам катары каралат. Зекет берилчү мал-мүлктөрдүн нисаб өлчөмдөрү жана берилчү зекет өлчөмдөрү түгөлдөй Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айткан хадистер аркылуу белгиленген. Зекет өлчөмүнө кирбеген күнүмдүк тиричиликтеги негизги муктаждыктар: Демейки турмушта колдонулган мына бул нерселер негизги муктаждык катары саналып, зекети берилчү мал-мүлккө кирбейт: 1. Турак-жай катары колдонулуп жаткан үй, короо, бакча жана үй эмеректери. 2. Илим адамдарынын китептери менен өнөрпоздордун аспаптары. 3. Бир адамдын өзүнүн, аялынын жана бала-чакасынын бир айдан бир жылга чейин сарптачу турмуш каражаттары. 4.Үй ичиндегилердин демейки кийим-кечектери, буюм-тайымдары. 5. Жеке колдонулуп жаткан унаа-жабдык жана карызды төлөө үчүн сакталган акча. Эгин өндүрүшү менен алектенген адамдардын трактор, комбайн сыяктуу жеке техникалары менен аспаптарына зекет келбейт. Бирок бул каражаттар аркылуу башкалардын жумушун бүтүрүп акча тапса, тапкан акчага карата зекет эсеби жүргүзүлөт. Зекети берилчү мал-мүлккө бир жыл толуусу: Зекети берилчү мал-мүлк өз ээсинин менчигинде ай календары (Камария жыл эсеби) боюнча толук бир жыл сакталуусу керек. Карыздар адам болбоо: Башкаларга карыз болуп, ал карыз дооланышы мүмкүн болгон абалда зекет ибадатынын парздыгына тоскоол болот. Башкача айтканда, зекет берүү үчүн мал-мүлк такталып эсептелген жыл соңунда башкалардан алынган карыз бар болсо, эсептен сырткары калтырылып, калган мал-мүлкү нисабга жетсе, андан зекет берилет. Бирок башкалар жагынан доолануусу күтүлбөгөн арноо (назыр), каффарат же ажылык сыяктуу карызга окшогон чыгымдар алдыда бар болсо, зекеттин парздыгына эч кандай катышы жок болуп эсептелет. Карыз берген адам алган адамдан карызын кечкен болсо анын зекети кандай болот? Эгерде карыз берген адам карыз алган адамдан карызын кечип жиберген болсо, кечилген карызды кошкондо экинчи адамдын бардык байлыгы нисаб өлчөмүнө жетсе андан зекет берүүсү парз. Зекети берилчү мал-мүлктүн толук менчик ээси болуу: Зекети берилчү мал-мүлк зекет берчү адамдын толук бойдон өз менчигинде болуусу жана ал өзү каалагандай башкаруу укугуна ээ болушу керек. Ошондуктан менчик болсо да колунда болбогон, же колунда болсо да толук менчик болбогон мал-мүлккө карата зекет парз эмес. Бирок сатып алган болсо да, алиге чейин өз колуна тийе элек мал-мүлккө зекет берет, же бул зекети берилчү мал-мүлк катары эсептелет. Өз жеринен алыс сапарда жүргөн адам үчүн өз жеринде калган менчик байлыгына карата зекет берүү парздыгы күчүндө калат. Зекеттин дурус аткарылуу шарттары Зекет берүү ибадаты шариятка төп, туура аткарылышы үчүн төмөнкүдөй эки түрдүү зарыл шарт бар: 1. Ниет: Жалпысынан алганда, башка ар бир ибадат сыяктуу эле зекет ибадатында да ниет кылуу бринчи шарт болуп эсептелет. Зекеттин парз болуу жана берилүү убактысы Күнүмдүк негизги муктаждыктары менен карызынан сырткары нисаб өлчөмүнө жеткен жана бир жыл өткүчө колунда сакталган ма 2. Менчиктеп берүү: Берилген зекеттин ибадат катары дурус аткарылуусунун экинчи жана акыркы шарты - зекет катары берилген мал-мүлк, же акчаны менчиктөө укугун зекетти кабыл алган адамга толук бойдон ыйгарып берүү болуп саналат. Ошондуктан бирөө жакырларга дасторкон жайып мол зыяпат берген абалда да, бирөөгө менчиктеп берүү жүзөгө ашпагандыктан зекет эмес, садага гана болуп калат. Зекетти акыл-эси жок, кем акылдарга жана ак-караны толук ажыратып биле элек кичине балдарга тикелей менчиктеп берүүгө болбойт. Бирок булардын кароочулары, же ата-энелерине зекет үлүшүн тапшыруу жолу менен алардын атына менчиктеп берүүгө болот. Зекетти аткаруунун убакыттары мал-мүлктүн түрүнө жараша белгиленет: 1) Алтын-күмүш, накталай акча жана ар түрдүү соода товарларынын зекети менен жайыттагы малдын зекети жыл сайын бир ирет кайталанып, ай календары эсеби боюнча бир жыл толоору менен берилет. 2) Дан эгиндери менен мөмө-жемиштердин зекети (үшүрү) болсо, жыл ичинде канча ирет түшүм алынса, ошол түшүмдөн ажыратылат жана булардыкы демейде «зекет» делбей «үшүр» деп аталат. Себеби булардан ондон бир үлүшү ажыратылат («үшүр» - «ондон бир» деген маанини билдирет). Мындай түшүмдөрдө бир жыл өтүүсү керек деген шарт жок. 3) Балдын зекети зекет берилчү нисабга жеткидей бал түшүмүн жыйноо менен, ал эми казылма кен байлыктарынын зекети болсо зекет берилгидей өлчөмдө кен казып алуу менен парз болот. Зекет кимдерге берилет? Жарды-жалчылар: Эч нерсеси жок кедейлер: Кулдар: 6. Карыздарлар: Алланын жолундагылар: Ара жолдо калган жолоочулар: Зекет кимдерге берилбейт? 1. Байлар: 2. Эмгекке жарактуулар: 3. Мусулман эместер: 4. Жакын туугандар: 5. Хашым урпагы: Мал-чарбанын зекети Мал-чарбалардын зекети болсо, түрдүү малга өз түрлөрүнө жараша атайын зекет өлчөмдөрү жана нарктары белгиленген. Үй жаныбарларынын жана жумушка колдонулчу улоонун зекетин берүү парз эмес. Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Жүк ташыган жана жумушка колдонулган унаалар менен жер айдаган өгүздөрдөн зекет алынбайт» деп ачык көрсөткөн. Демек, зекети берилчү төрт түлүк малдын өзүнчө шарттары бар. Атап айтсак, алар мындайча: 1) Төрт түлүк мал жапайы жандык болбоосу; 2) Нисаб өлчөмүнө жетүүсү; 3) Жеке менчикте толук бир жыл туруусу; 4) Жылдын жарымынан көп мезгилинде жайыттан оттоосу шарт; Жалаң гана соода-сатык максатында багылган мал чарбалар соода товарлары катары каралып, ошол боюнча 2,5% зекети ажыратылышы керектиги жогоруда баяндап өтүлдү. Бул жерде төрт түлүк малдын нисаб өлчөмдөрү менен зекет өлчөмдөрү ирети менен төмөнкүдөй көрсөтүлөт: 1. Кой-эчкинин зекети: Жайытта багылган кой-эчкинин саны 40ка жетсе нисаб өлчөмүнө толгон болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Жайыттагы койдун саны кыркка жетсе, 120га чейин бир кой берилет. 120дан ашса, 200гө чейин 2 кой, 200дөн ашса 300гө чейин 3 кой, 300дөн ашса ар жүз баш койго бирден кой берилет» деп көрсөткөн. Кой менен эчки бири-биринин нисабын толуктайт. Мисалы, бир адамдын 35 кою, 5 эчкиси бар болсо, майда баш малдын саны кыркка толгондугунан улам буга бир баш кой зекет берилет. Ушундайча, кой менен эчки аралаш болгон абалда кайсынысынын саны көп болсо, ошондон зекет берүү зарыл. Баары кой болсо зекетин эчкиден же баарысы эчки болсо зекетин койдон берүүгө болбойт. Зекет үчүн ажыратылып берилчү кой бир жашка толгон болуусу керек. Өтө арыктаган же төкөр, сокур өңдүү майып малды зекет катары берүүгө болбойт. Зекет үчүн орточо абалдагы малды берген жакшы. Козу-улактар бир жашка толо элек болсо да, чоң кой-эчки менен кошо эсептелип, зекети берилет. Кой-эчкинин зекет өлчөмү мындайча: Нисаб өлчөмү Парз болгон зекет өлчөмү 1 40-120 арасы 1 кой 2 121-200 арасы 2 кой 3 201-399 арасы 3 кой 4 400-499 арасы 4 кой 5 500-599 арасы 5 кой Демек, кой-эчкинин санагы 400гө жеткен соң, андан ары ар жүз баш кой үчүн бирден кой зекет берилет. 2. Уйдун, топоздун зекети: Уй-топоздун саны 30га жетсе нисабга жеткен болуп, зекет парз болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) уйдун зекетин да өз хадисинде толук баяндаган. Уйдун зекет өлчөмү төмөнкүчө: Нисаб өлчөмү Парз болгон зекет өлчөмү 1 30 эки жашар бир торпок тана. 2 40 үч жашар уй. 3 60 эки жашар эки тана. 4 70 эки жашар бир тана, үч жашар бир уй. 5 80 үч жашар эки уй. 6 90 эки жашар үч тана. 7 100 эки жашар эки тана, үч жашар бир уй. 8 120 үч жашар үч уй, же эки жашар төрт тана. 3. Төөнүн зекети: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) төөнүн зекет өлчөмдөрүн да өзүнүн хадистери менен так белгилеп көрсөткөн. Ошол боюнча, жайытта оттогон төөнүн саны бешке жетмейинче ага зекет парз эмес. 3. Төөнүн зекет өлчөмү: Нисаб өлчөмү Парз болгон зекет өлчөмү 1 5-9 бир кой. 2 10-14 эки кой. 3 15-19 3 кой. 4 20-24 4 кой. 5 25-35 эки жашар инген. 6 36-45 үч жашар бир инген. 7 46-60 төрт жашар бир инген. 8 61-75 беш жашар бир инген. 9 76-90 үч жашар эки инген. 10 91-120 төрт жашар эки инген. 11 121-144 төрт жашар эки төө жана 120дан ашкан ар беш төө үчүн 1 кой. 12 145-149 4 жашар 2 төө жана 2 жашар 1 төө. 13 150 4 жашар 3 төө. 14 151-174 ашкан ар 5 төө үчүн 1 кой. 15 175-185 4 жашар 3 төө жана 2 жашар 1 төө. 16 186-195 4 жашар 3 төө жана 3 жашар 1 төө. 17 196-200 4 жашар 4 төө. Мындан соң 150 төөдөн кийинки 50 төөдө жүргүзүлгөн эсеп 200дөн кийинки ар 50 төөдө да колдонулат. Төөнүн зекетине инген төө же анын акчалай наркы берилет. 4. Жылкынын зекети: Төрт түлүктүн ичинде (кээ бир этнографтарыбыз төрт түлүк малдын ичине жылкы кирбейт деп карашат) жылкынын зекети гана наркы боюнча эсептеп берилет. Башкача айтканда, бир жылдын жарымынан көп мезгилинде жайлоодо багылган жылкылар болсо, наркы эсептелип, ошол жалпы нарктан 1/40 и, же 2,5% өлчөмүндө акчалай зекети берилет. Кыймылдуу мүлктөр Соода-сатыкка жүгүртүү максаты коюлбаган жасалга буюмдарынан, мисалы, аялдардын билерик-шакектери, сөйкөлөрү ж.б. сыяктуу алтын-күмүштөн болгон жасалга буюмдарынан алтындын салмагы 85 граммга, күмүштүкү 595 граммга жетсе, нисабга толгон болуп эсептелип, ушул өлчөмдөн ашкан алтын-күмүшү бар адам 2,5% өлчөмүндө зекет берүүгө милдеттүү. Кезеги келгенде накталай акчага алмаштырыла турган баалуу кагаздар, акция, чек жана карыз талону өңдүү нарктардын зекети да соода товарларынын наркында 1/40 эсебинде берилүүгө тийиш. Адамдын күнүмдүк муктаждыгынан сырткары кошумча колдонулган баалуу буюмдар, асыл таштар жана муктаждыктан сырткары турган машина-унаалардан да зекет берилиши керектигине көпчүлүк Ислам аалымдары тарабынан фатва берилип келет. Кыймылсыз мүлктөр Адамдын негизги муктаждыгынын сыртындагы үй-жай жана менчик жерлер өңдүү кыймылсыз мүлктөрдөн да зекет берилиши парз. Менчик жерлер айдоо талаасы үчүн (эгин эгүү үчүн) колдонулса, сарпталган эмгекке жараша ошол жерден алынган ар кандай түшүмдөн 1/10, же 1/20 өлчөмүндө «үшүр» деп аталган зекет берилүүгө тийиш. Бирок соода-сатык багытындагы жер жана кыймылсыз мүлктөрдүн зекет өлчөмү соода товарларындагыдай 1/40 (2.5%) болот. Кен байлыктарынын зекети Өткөн доорлордо жер алдында көмүлүү бойдон сакталып калган казына-байлыктардан, же болбосо жерден казылып алынчу ар кандай табигый кен байлыктарынын бардыгынан зекет берилүүсү керек. Мисалы, алтын, күмүш, асыл таш, күйүүчү май, табигый газ ж.б. сыяктуу ар кандай казылма байлыктардын менчик ээси, булардан 1/5 же 20% өлчөмүндө зекет берүүсү керек. Жер түшүмдөрү Аштык-эгин жана жер-жемиш өңдүү жерден алынчу түшүмдөрдө эки түрдүү зекет өлчөмү бар: төмөндөн суу тартып чыгып сугарылган, дарылоо сыяктуу эмгектер сарпталган түшүмдөрдөн 1/20 өлчөмүндө, ал эми эгилген соң табигый жамгыр суусунан же өзөн суусунан сугарылган суулуу талаалардан алынган түшүмдөн 1/10 өлчөмүндө зекет берилет. Дан эгиндери жана мөмө-жемиштердин зекети жалпылай «үшүр» деп аталган. Колунда бар бай адамдар парз болгон зекеттен сырткары ар дайым кайыр-садагаларды берүүсү абзел. Орозодо берилчү Фитир садагасы, курмандык чалуу, бала төрөлгөндө шүгүрчүлүк үчүн союлчу мал, (бул «Акыйка» деп аталат), үйлөнүү үлпөтүндө той берүү өңдүүлөрдү жана ошондой эле вакф уюмдарына (эл-жерге кызмат кылуу жолунда) жардам берүү, арноо-назырлар, ар кандай нафил (эрктүү) кайыр-садагаларды бере жүрүү мусулманчылыктагы абдан сооптуу иштер катары жарды-жакырлардын, бей-бечаралардын абалын жакшыртып, коомго пайда келтирүүчү аргалар болуп саналат. Фитир – сөздүк мааниси боюнча «жаралмыш, табигыйлык, табигый абал; ооз ачуу» дегендей маанилерди билдирет. Ал эми шарият боюнча, Фитир садагасы – Рамазан айына туш келген жана негизги турмуш муктаждыктарынын сыртында нисаб өлчөмүнө жеткен мал-мүлккө ээ болгон мусулмандар өздөрү менен кароосу астындагы адамдар (бала-бакыралары) үчүн аткарууга милдеттүү материалдык ибадат. Фитир садагасын берүүгө милдеттүүлүктүн шарттары 1. Мусулман адам болуу: Фитир садагасы – мусулман адамга гана важиб. Бирок шафийлер боюнча мусулман эместер да өзү багууга милдеттүү болгон мусулман тууганынын фитир садагасын берүүгө тийиш. 2. Нисабга жеткен өлчөмдө мал-мүлкү бар болуу: Фитир садагасын берүүгө милдеттүүлүк – парз болгон зекеттеги шарттардын бири катары адамдын негизги турмуш муктаждыктарынан сырткары нисаб өлчөмүнө жеткен мал-мүлкү болушу менен, тагыраак айтканда, 85 грамм алтын же 595 грамм күмүштүн наркына тең мал-мүлккө эгедер болуу менен жүзөгө ашат. Зекетке окшобогон жери – фитир садагасынын важиб болуусу үчүн өз менчигиндеги мал-мүлктүн өсүп-өнүп көбөйүүчү нерсе болушу жана өз менчигинде бир жыл бою сакталуусу шарт эмес. Ал эми шафий, маликий, ханбалийлер боюнча фитир садагасын берүүгө милдеттүүлүк үчүн нисабга жетер өлчөмдө мал-мүлккө ээ болуу да шарт кылынбайт. Негизги турмуш муктаждыктарын камсыздай алган адам, башкача айтканда, орозо айт күнүнө жана андан кийинки бир түнгө жеткидей азык-түлүгү бар болгон ар бир мусулман фитир садагасын берүүгө милдеттүү. Фитир садагасын берүүгө милдеттүү адам кандайдыр бир себеп менен кокустан мал-мүлкүнөн толук ажырап калса, же колундагы мал-мүлкү нисаб өлчөмүнө жетпеген абалга келип азайып кетсе да фитир садагасын берүүгө милдеткер бойдон кала берет. Бирок фитир садагасына милдеттүү адам аны өз учурунда бербестен дүйнөдөн өтүп кетсе, карыз катары карап, мураска калтырган мал-мүлкүнөн фитир садагасынын төлөмүн берүү зарыл эмес. Ошону менен бирге өлгөн адамдын мураскерлери калып калган фитир садагасын өздөрү каалап төлөп койсо абдан жакшы иш болуп саналат. 3. Милдеттүүлүк: Фитир садагасын берүүгө милдеттүүлүк үчүн акыл-эстүү болуу жана балагат жашына жетүү шарт эмес. Имам Абуханифа менен имам Абуюсуф боюнча нисабга жеткен өлчөмдөгү мал-мүлккө ээ болгон балагатка жете элек жаш бала жана акыл-эси кем адамдын менчик мал-мүлкүнөн да фитир садагасынын берилүүсү зарыл. Атасы өзүнүн бай баласынын атына менчик катары катталган мал-мүлктөн (баласынын мүлкүнөн) фитир садагасын берүүгө укуктуу. 4. Багуу-кароо жоопкерчилиги: Адам өзүнөн бөлөк бирөөлөрдүн да фитир садагасын берүүгө милдеттүү болобу? Болот. Бирөө өзү багып жаткан, же карап жаткан (багуу-кароого милдеттүү болгон) адамдардын фитир садагасын да бериши керек. Башкача айтканда, фитир садагасын берүүгө милдеттүү болгон, нисабга жеткен мал-мүлккө эгедер бир мусулман өзү багып, же карап жаткан менчик мүлкү жок бала-чакасынын, кем акылдардын фитир садагасын да берүүгө тийиш. Бирок бир адам өзү багып жаткан болсо да ата энеси, бойго жеткен балдары, аялы, бир туугандары жана жакын туугандары үчүн фитир садагасын берүүгө сөзсүз милдеттүү эмес. Кантсе да жогоруда аталгандардын атынан өз эрки менен берсе дурус. Ханафийлерден башка айрым мазхабдар боюнча, фитир садагасын берүү важиб болгон адам чамасы жетсе ата-энеси сыяктуу өзү багууга милдеттүү болгон мусулман туугандары жана аялынын фитир садагасын берүүгө да милдеттүү. 5. Аткаруу убакты: Ханафийлер боюнча фитир садагасы Орозо айттын биринчи күнү таң атары менен важиб болот. Анткени, бул садага – фитир (ооз ачуу же Рамазан айынын бүтүүсү) менен тыгыз байланыштуу. Ушундан улам Орозо айттын биринчи күнү таң ата электе өлгөн же мал-мүлкүнөн ажырап калган адамдын фитир садагасын берүүсү важиб эмес. Бирок Орозо айттын биринчи күнү таң атардан мурда төрөлгөн же жаңыдан мусулман болгон адамдын фитир садагасын берүүсү зарыл. Таң аткандан кийин төрөлгөн же мусулман болгон адам фитир садагасын берүүгө милдеттүү эмес. Фитир садагасын берүү убактысы Демейде фитир садагасы Рамазан айы кирген күндөн тарта берилсе болот. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистеринде айтылгандай, жарды-жакырлардын айт күндөрүндөгү зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу максатына ылайык фитир садагасы Орозо айттан бир-эки күн мурдараак берилишин Ислам аалымдары кубатташат. Кантсе да фитир садагасын берүү орозо айттын биринчи күнүнөн кийинкиге калтырылганы туура эмес. Бирок айттан кийин калса да фитир садагасын берүүгө милдеттүүлүк жоюлбайт жана бул милдет мүмкүн болушунча тезирээк аткарылуусу керек болот. Шафийлер боюнча фитир садагасын Орозо айттан кийинки күндөргө чейин кечиктирүү арам делген. Фитир садаганын өлчөмү Бир аз жогоруда айтып өткөнүбүздөй, фитир садагасы тууралуу келген хадистерде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) заманында бул экономикалык ибадат курма, арпа, мейиз өңдүү ошол мезгилдин кеңири колдонулган азык-түлүктөрүнөн бир саа (3.350 килограммга тең келген өлчөм) берилгендиги айтылган. Айрыкча төрт халифанын тушундагы сахабалар буудайдан 1/2 саа өлчөмүндө фитир садага беришкендиги да баяндалган. Фитир садагасына байланыштуу мына ушундай тарыхий баяндардын негизинде Ислам укукчулары фитир садагасынын түрү менен өлчөмүн төмөндөгүчө белгилешкен: Ханафийлер боюнча фитир садагасы буудай, арпа, курма жана мейиз өңдүү азык-түлүктөрдөн берилет. Буудайдан жана буудай ундан жарым саа, башкаларынан болсо, бир саа өлчөмүндө берилүүсү керек. Шафийлер боюнча фитир садагасы ар кандай дан азыктардан жана курма менен кургак жүзүмдөн бирдей эле бир саа өлчөмүндө берилүүгө тийиш. Фитир садагасы тек гана аны берүүгө милдеткер адам жашап жаткан өлкөдө же аймакта демейки азык-түлүк катары кеңири колдонулчу нерседен берилүүсү керек. Булар классикалык Ислам укук илимине таандык булактардагы эреже жана өлчөмдөр болуп саналат. Ал эми, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) доорундагы иш жүзүндө аткарылганына жакшылап көңүл бурсак, ошондой эле фитир садагасынын башкы максатын назарга алуу менен карап көрсөк, ошол доордо негизинен бир саа өлчөмүндө берилчү фитир садагасы бир кедейдин бир күндүк азык-түлүгү экендиги айкын болууда. Айрыкча бул маселеге байланыштуу айтылган хадистерден ошол мезгилде фитир садагасы катары берилчү азык-түлүктөрдүн коомчулуктагы негизги тамак-аш түрлөрү экендигин, ошондой эле, чен-өлчөмдөрдө да бир келкилик сакталганын байкайбыз. Мына ушул себептерден улам, фитир садагасын берүүдөн бир кедейдин өзү жашап жаткан коомчулуктун демейдеги жашоо нормасына ылайык бир күндүк (эртең мененки-кечки) тамактануусу көздөлгөн дей алабыз. Андыктан азыркы учурда бир саа, же жарым саа өлчөмүнө арпа, буудай сыяктуу дандардын бирөө менен фитир садагасын аткаруу жетиштүү эмес деп айтууга болот. Ушундай нерселерди эске алуу менен, заманыбыздагы Ислам аалымдары фитир садагасынын өлчөмүн бекитүү маселесинде төмөнкүдөй эки түрдүү өлчөмдүн бирөөнү негиз кылуу керек деп карашат: 1) Буудай, арпа, курма жана мейизден турган азык-түлүктөрдүн ар биринин бир саа өлчөмүндөгүсүнүн орточо наркын кошуп эсептеп чыгып, фитир садагасын акчалай берүү. Мындай жол аркылуу аталган азык-түлүктөрдүн орточо сапаттагы, орточо сорттогуларынын орточо наркына ылайык фитир садагасынын өлчөмү эсептеп чыгарылып, маселе калыс чечилген жана жогорудагы азык-түлүктөрдүн бааларын караганда бири-биринен абдан айырмаланып турган бир топ сандардын келип чыгышы менен мусулмандардын булардан кайсынысынан фитир садага беришти биле албай арабөк абалда калбоосуна арга табылган. 2) Бир адамдын бир күндүк орточо даражада тамактанып тоюшун камсыз кылган нарк – Фитир садагасынын өлчөмү катары кабыл алынган. Эгерде фитир садагасы ушул өлчөм боюнча берилсе, хадистерде белгиленген азык-түлүк түрлөрүнүн эң арзан баадагысынын наркынан төмөн болбостугу шарт кылынат. Корутундулап айтканда, фитир садагасына бир адамдын эртең мененки-кечки болуп, бир күндүк орточо тамактануусун камсыз кылгыдай нарк өлчөм катары алынса туура болот. Ошондой эле, фитир садагасы берилчү кедейдин тиричилик нормасына ылайык бир күндүк азык-түлүктүн наркын эсептебестен, кайра фитир садагасын берүүгө милдеттүү болгон адамдардын бир күндүк орточо тамактануу өлчөмү негиз кылынышы абзел. Мындай кылуу фитир садагасын берүүнүн башкы максаттарына ого бетер төп келет. Куран Каримде ант бузгандын төлөмүнө (каффаратына) байланыштуу айтылган мына бул аяттын мааниси да жогорудагы пикирлерди кубаттайт: ..فَكَفَّارَتُهُ اِطْعَامُ عَشَرَةِ مَسَاكِينَ مِنْ اَوْسَطِ مَا تُطْعِمُونَ اَهْلِيكُم..ْ «Анын төлөмү: үй-бүлөңөрдү орточо тамактандыруучу өлчөмдө он жардыга тамак берүү». Бул жөнүндөгү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) буйруктары менен көрсөтмөлөрү жарды-жакырлардын куттуу орозо айт күндөрүндө башкаларга көз артпастан, азык-түлүк менен камсыз болуп, курсагы тоё тамак-ашка жетип орток майрам кубанычына бөлөнүүсүнө карата айтылган. Фитир садагасын берүүчү адам өзүнүн материялдык абал-жагдайына жана турмуш нормаларына жараша үйүндөгү ар бир жан башына фитир садагасы катары бир кедейдин бир күндүк азык-түлүк муктаждыгын камсыз кыларлык өлчөмдөгү акчаны эсептеп туруп жакырларга берүүсү керек. Фитир садагасын кандай берүү керек? Фитир садагасы – бир ибадат катары эң алгач ниетти да шарт кылат. Ниет дегенибиз берген фитир садагасын Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүүнү ойлоп, чын ыкыластан аткаруу дегендик. Көңүлдө ойлоп туруп, тил аркылуу ниетин айтканга да болот. Берип жаткан адам Алла Таала өзүнө аманат катары ыйгарган мал-мүлктөн жарды-жакырларга, окуучуларга же муктаждарга Алла Тааланын буйругу боюнча өз ээлерине тапшырып жаткан сыяктуу берүүсү зарыл. Кедейлердин түрдүү муктаждыктары үчүн өздөрү каалагандай сарптоосу үчүн фитир садагасын акчалай берген дагы да абзел. Ошону менен бирге абалга жараша жогоруда айтылып өткөн азык-түлүктөрдөн берсе да болот. Фитир садагасы «менчиктеп» берилет. Башкача айтканда, алуучу адамдын колуна ошол адамдын өз мүлкү катары толук тапшырып берүү керек. Ошондуктан фитир садагасын берүүгө милдеттүү адам бир кедейден алуучу аласасына эсептеп ага фитир садагасын берүүсү жарамсыз. Фитир садагасы кимдерге берилет? Фитир садагасы кадимки зекет берилчү адамдарга берилүүгө тийиш. Башкача айтканда, зекет берилбечү бай адамдарга фитир садагасы да берилбейт. Фитир садагасы берилбөөгө тийиштүү адамдар мына булар: шарият боюнча бай деп эсептелгендер. Булар көбөйүүчү өзгөчөлүккө ээ болсо да, болбосо да колунда нисаб өлчөмүнө жеткен мал-мүлкү бар адамдар болуп саналат. Тагыраак айтканда, күнүмдүк негизги турмуш муктаждыктарын камсыздоочу чыгашалары менен карызынан башка 85 грамм алтын же 595 грамм күмүштүн наркына жеткен мал-мүлккө эгедер адамдар шарият боюнча бай деп каралат. Ошондой эле, фитир садагасын өз аялына, түпкү тегине (ата-эне, чоң ата-чоң энелерине) урпагына (бала-чака жана неберелерине), жалпысынан өзү багууга жооптуу адамдарга берүүгө болбойт. Фитир садагасын өзү жашаган аймактагы, өз чөйрөсүндөгү кедейлерге, же алыс жерде болсо да өз тууган-уруктарына, адеп-ахлактуу жарды адамдар менен окуучуларга биринчи катарда берүү абзел. ПАЙДАЛАНЫЛГАН БУЛАКТАР Абу Дауд, Сулайман бин Ашас Ас-Сижистаний, Сунан. Айний,Умдатул Кари, Халаб, 1972. Алауддин Мансур; Абдышүкүр Исмаилов, Курандын кыргызча котормосу, 2005. Ал-Жамиус- Сахих. Бейрут. Ахмад Бин Ханбал, Муснад. Бейрут 1978. Баранов Х.К. Большой арабско-русский словарь. Билмен, Анкара, 1999. Бухарий, Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмаил. Вахба Зухайли, Ал-фикхул Ислами, Дамаск, 2004. Газали, Ихяу-улумуддин. Ибадаттын пайдалары, Бишкек, 2005. Ибн Абидин, Раддул Мухтар. Каир. Ибн Касир, Тафсир. Ибн Маажа, Сунан, Бейрут, 1975. Ибн Саад, Табакатул Кубра. Бейрут, 1978. Илахи Ашик Барани, Тасхил Зарури. Касани, Бадайиус-Санаи. Бейрут, 1974. Кудурий. Курани Карим, Мадина, 2003. Куртуби, Ахкамул Куран, Каир, 1967. Мадхал ли дираасатил мазахиб, Доктор Али Жума, Каир. Марганани, Хидая.Лахор. Муслим, Ал-Жамиус-Сахих. Бейрут. Мусулмандын жол картасы, Стамбул, 2006. Мухтасар Викаая. Насаи, Абу Абдурахман, Сунан. Бейрут, 1930. Табарий, Мухаммад бин Жарир. Тарих, Бейрут. Тирмизий, Абу Мухаммад бин Абдуллах, Сунан, Египет. Түнкү ибадат, Абдулхамид Юже, Измир. Хамди Дөндүрен «Далилдери менен Ислам илмихалы», Стамбул 1991. Юдахин К.К. Орусча-кыргызча сөздүк. Москва, 1957.

Cунуш кылабыз