ТАЗАЛЫК-ДААРАТ ЖАНА НАМАЗ

6:49 AM Фикх

إِنَّ اللهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ «Чынында Алла тообо кылгандар менен тазалангандарды жакшы көрөт» (Бакара сүрөөсү (2), 222-аят) «Тазалык - ыймандын жарымы» (Муслим, Тахарат бөлүмү,1) ТАЗАЛЫК ЖАНА АНЫН МАЗМУНУ Ислам динибизде тазалык өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Улуу Алла Тааланын алдында туруп ибадат кылуу үчүн дене, кийим жана намаз окуучу жерлер, асыресе жүрөктүн таза болушу баса белгиленет. Куранда тазалыкка айрыкча маани бергендер Алла Таалага жагымдуу экени эскертилген: إِنَّ اللهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ «Чынында Алла тообо кылуучуларды жана тазалангандарды жакшы көрөт». Сырткы тазалыкка салыштырмалуу ички тазалык, же жүрөк тазалыгы өзгөчө маанилүү. Себеби сырты жалтырап турганы менен жан дүйнөсү кир бойдон калган адам эч качан чыныгы ыймандуулукка жете албайт. Алла Таала жазадан кутулуп, түбөлүк бакытка кол берүүчүлөрдүн башкы сыпаты тазалык экенин баяндаган: قَدْ أَفْلَحَ مَنْ تَزَكَّى وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّى «Толук тазарган жана Алланын атын эске алып намаз окуган адам, эңсегенине жетет». Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тазалыктын маңыздуулугу жөнүндө мындай деген: «Тазалык – ыймандын жарымы». «Алла таза, тазалыкты жактырат». ТАЗАЛАНУУ ЫКМАЛАРЫ 1. Суу аркылуу тазалануу: Суу - тазалоочу негизги зат. Алла Таала Куранда мындай деген: وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُمْ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لِيُطَهِّرَكُمْ بِهِ «Силерди тазартуу үчүн Алла асмандан жамгыр жаадырып берүүдө». وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً طَهُورًا «Биз көктөн тазалоочу суу (жамгыр) жаадырдык». Тазалык үчүн колдонулуучу суулар төмөнкүлөр: - жамгыр - кар - мөндүр - дарыя - булак - кудук - деңиз (көл) - сел суулары. Суунун үч сыпаты бар: - түсү - жыты - даамы. Түсү өзгөрбөгөн, жыттанбаган, даамы бузулбаган суу таза суу болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) суу тууралуу мындай деген:«Суу таза нерсе. Түсүн, даамын же жытын өзгөртпөсө эле аны эч нерсе булгабайт». 2. Таза суюк заттар: Гүл суусу, дарактын саркынды суусу, лимон, анар сыяктуу жемиштердин суусу менен кийим жана денедеги кирлерди тазалоого болот. Бирок, мындай суулар менен даарат, гусул алынбайт. Бал, эритилген май, сүт, эттен сарыккан суу сыяктуу суюк заттар менен даарат алууга да, тазалоого да болбойт. Аз өлчөмдө топурак, ун самын (порошок), же самын аралашып кеткен суу тазалоочу боло алат. 3. Сүртүү аркылуу тазалоо: Бычак, чыны, табак ж.б. сыяктуулар булганса, топурак же ным кездеме менен булганыч кеткенге чейин сүртсө, тазаланган болуп эсептелет. Мисалы, кой сойгон бычакты топуракка жакшылап сүртсө тазарган болуп эсептелет. Башкача айтканда, мындай бычак менен кошо намаз окулса, намаз бузулбайт. Буга далилибиз: сахабалар согушта жоо менен согушуп, анан кылычтарын сүрүп, намаз окуй беришкен. 4. Отко салуу аркылуу тазалоо: Темирде кан сыяктуу булганыч нерселер болсо, аны отко салуу аркылуу тазалоого болот. 5. Чочкодон башка ар кандай өлүп калган жаныбардын териси ашатылса тазарат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Ар кандай тери ашатылса, ал таза». 1. Оор булганычтар: а) Адамдын чоң-кичи даараты, жыныстык органдан чыкчу урук (эрендик) суюктугунун түрлөрү. Ооз толо кусунду, дененин ар кандай жеринен чыккан кандар, денеден бөлүнгөн эт же тери бөлүктөрү, кыздардын (аялдардын) этек кири, сөл (нифас) жана нормалсыз абалдан улам келген кандар. б) Эти желбеген айбандардын сийдиги, шилекейи, канаттуулардан башка айбандардын тезектери жана бүткүл айбандардын кандары. в) Тоок, каз, өрдөктөрдүн тезектери. г) Арак ичүүгө жана колдонууга арам болгондуктан кийимге, денеге жукса жуулмайынча тазарбайт. д) Арам өлгөн жандык. 2. Жеңил булганычтар: а) Эти желе турган кой, эчки, жылкы сыяктуу жаныбарлар менен кийик сыяктуу жапайы аңдардын тезеги, сийдиги имам Абу Юсуф менен имам Мухаммеддин көз-караштары боюнча жеңил булганычка жатат. Ушул көз-караштын негизинде өкүм чыгарылып келген, бирок имам Абу Ханифа жогоркуларды оор булганыч дейт. б) Этин жегенге болбогон бүркүт, сагызган сыяктуу канаттуулардын тезектери. в) Ар бир жаныбардын өтү ошол жаныбардын тезегинин ордунда деп каралат. Ажаткана адеби Ажатканага Алла Тааланын, же Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) аты жазылган нерсени алып кирбеген оң. Анас (радиаллаху анху) мындай баяндаган: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ажатканага кирерде, шакегин чыгарып койчу эле». ДААРАТ Даарат – Ислам дининде айрым ибадаттарды аткаруу үчүн жасалуусу шарт болгон, ошондой эле жеке өзү ибадат саналган атайын тазалануу түрү. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Ким даарат алып бетин жууса, бет мүчөлөрүндө жасалган күнөөлөрү, буту-колдорун жууса ошол мүчөлөрүндө жасалган күнөөлөрү суу тамчылары менен бирге агып кетет жана өзү да таптаза болот». Даараттын парздары 1. Бетти жууш: 2. Эки колду жууш: 3. Башка масх тартуу: 4. Буттарды жууш: Даараттын сүннөттөрү төмөнкүлөр: 1. Ниет кылуу 2. Даарат алаардан мурда колдорду билекке чейин жууш 3. Дааратты «Ауузу» жана «Бисмилла» менен баштоо 4. Мадмада жана истиншак 5. Мадмада жана истиншакка өзгөчө маани берүү 6. Мисвак колдонуу 7. Ирети менен даарат алуу 8. Дааратты оң жактан баштоо 9. Даарат мүчөлөрүн үч жолудан жууш: Бул үч жолу жууштун биринчиси парз, калган экөөсү сүннөт. Үчтөн кем же артык жууш сүннөткө каршы келет. 10. Дааратта кол-буттарды жууган кезде манжалардын учтарынан баштоо. 11. Манжаларды салаалоо: Даарат алганда сол кол менен буттун манжаларынын арасын салаалап жууш керек. 12. Сакалды салаалоо.13. Башына суу менен толук масх тартуу 14. Даарат мүчөлөрүн, үстүнө куюлган суу менен сүрүп жууш. 15. Даарат мүчөлөрүнүн бардыгын биринен сала бирин үзгүлтүксүз жууш: Башкача айтканда, бирөө кургай электе дагы бирөөнү узак аралык калтырбай жууш керек. Даараттын адептери Даараттын негизги адептери төмөнкүлөр: 1. Даарат алган учурда кыбыла жакты жүздөнүү: Себеби, кыбыла жак багыттардын касиеттүүсү. Бул тарапка жүздөнүп туруп жасалган дубанын кабыл болуусу үмүт этилет. 2. Убакыт кире электе даарат алып, намазга даяр туруу: Албетте, чамасы жетпеген адамдын жөнү бөлөк. 3. Даарат алган учурда суу чачырабаш үчүн салыштырмалуу өйдөрөөк жерде туруу. 4. Даарат алып жаткан учурда себепсиз эле башкадан жардам сурабоо. 5. Даарат алган кезде манжасында кең шакек бар болсо кыймылдатып астына суу киргизүү. Эгерде шакек тар болсо, аны жакшылап кыймылдатып, суунун толук өтүшүн камсыздоо зарыл. 6. Дааратта ооз менен мурунга оң кол менен суу алып, сол кол менен чыгаруу. 7. Моюнга масх тартуу: 8. Дене мүчөлөрдү жууганга жеткидей суу алуу: 9. Даарат алгандан кийин күбөлүк келмесин айтуу жана дуба кылуу. 10. Даарат алып жаткан учурда зарыл бир жагдай болбосо, башкалар менен сүйлөшпөө: 11. Даараттан ашкан суудан кыбылага карап кичине оозанып туруп: «Жаратканым, мени ар бир күнөөдөн тообо кылуучу жана күнөөлөрдөн оолак болуп таза жүргөн жакшы пенделериңден кыл!» деп дуба кылуу. 12. Даарат алган соң эки же үч жолу Кадр сүрөөсүн окуу. 13. Даараттан кийин макрух убакыт болбосо, эки ирекет нафил намаз окуу. Даараттын түрлөрү Даараттар зарылдык даражалары боюнча үчкө бөлүнөт: 1. Парз даараттар: Эки түрдүү жагдайда даарат алуу парз: а) Намаз окумак болгон дааратсыз адамдын даарат алышы парз. б) Куранга кол тийгизүү жана кармоо үчүн даараттуу болуу парз. Буга далил: 2. Важиб даараттар: Каабаны айлануу (тооп кылуу) үчүн дааратсыз мусулмандын даарат алуусу ханафийлер боюнча важиб. 3. Мустахаб же мандуб даараттар: Үзгүлтүксүз дааратты сактоо, ошондой эле Куранды жатка окуу, азан айтуу, диний китептерди кармоо, диний илимдерди окуу жана окутуу, жаназаны (өлүктү) жууш жана жаназаны ээрчүү, же ачууну басуу үчүн алынуучу даараттар – мустахаб. Мындай максаттар үчүн алынган даарат менен да намаз окууга жана Куранды кармоого болот. Даараттын макрухтары 1. Даарат алган кезде өлчөмдөн ашыкча суу колдонуу макрух. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алып жатып сууну ысырап кылган адамга күркүрөгөн дарыянын жээгинде болсо да ысырап кылбаш керектигин эскерткени белгилүү. 2. Сууну бетке же башка дене мүчөлөрүнө шалпылдата чаап жууш макрух. Себеби, мындай кылганда колдонулган суулардын кийим-кечеге чачырашынан улам адептүүлүк бузулат. 3. Даарат алып жаткан учурда жөндөн-жөн сүйлөшүү. 4. Муктаждык болбосо да, башкалардан жардам сурап суу куйдуруу. 5. Таза эмес, булганыч жерде даарат алуу. 6. Орозо кармаган адамдын мадмада (оозду суу менен чайкоо) менен истиншакты (мурунга суу алып чайкоо) ашыра күчөп жасоосу. Себеби, мындай кылганда тамакка суу кетип, орозонун бузулуу коркунучу бар. Дааратты бузуучу абалдар Алдыдан же арттан ар кандай бир суюк же коюу нерсенин чыгышы.Чоң-кичине заара, кан, эрендик сыяктуу булганыч нерселер. Алды, арттан башка ооз, мурун же дененин ар кандай жеринен кан, ириң сыяктуу нерселердин чыгышы. «Намазда турган бирөө кусса, же мурду канаса намаздан чыксын да, барып даарат алсын, анан сүйлөбөгөн боюнча келип, намазын токтогон жерден улап бүтүрсүн». Ооз толо кусуу. Акыл-эстен айрылган абалда болуу. Уктоо, эстен тануу, акылынан ажыроо, мастык же талма ооруусу кармоо сыяктуу абалдар ушуга кирет. Бирок адам жерге жакшылап олтуруп, эч нерсеге жөлөнбөй уктаса, же намаздан тышкары ушундай абалда уктаса, даараты бузулбайт. -Жыныстык катнашта болуу. -Эрди-катындын жыныс мүчөлөрү, же жыныс мүчө айланасынын кийимсиз бири-бирине тийүүсү. -Намазда каткырып күлүү. -Дааратын үзгүлтүксүз сактай албаган адам алган даарат үчүн намаз убактысынын чыгышы. -Таяммум кылган адамдын сууга жетиши. Дааратты бузбай турган жана тоскоолдук кылбаган абалдар 1. Алдыңкы-арткы жолдордон башка жерлерден чыкса да айланасына жайылбастан токтоп калган кан, ириң же сары суу. 2. Карттанган жаранын карты канабай сыйрылса. 3. Кан түспөлүнө кирбеген какырык-түкүрүк. 4. Ооз толбогон кусунду. 5. Мурун, кулак же кандайдыр бир жаракаттан түшкөн денедеги курт. 6. Өзүнүн жыныстык органына колунун тийиши. Мындай абалда даарат бузулат деп эсептегендер да бар. 7. Тиштелген алма, алмурут сыяктуу мөмөдө, же мисвакта көрүнүп, акканы билинбеген кан издери. 8. Бүргө, кене, чиркей сыяктуу курт-кумурскалардын бирөөсүнүн чагып, соруп алган каны. 9. Бир нерсеге жөлөнбөй олтуруп, же намазда тик туруп, же болбосо рукуу, саждада туруп уктоо. 10. Намаздан тышкары, жаназа намазында же тилават саждасында каткыра күлүү. 11. Ыйлоо дааратты бузбайт. Ал эми төмөнкү абалдар даараттын дурус болуусуна зыянын тийгизбейт: 1. Адамдын денесинен чыккан тер жана тырмактын кирлери. 2. Боёкчунун же кандайдыр бир кол өнөрчүнүн колундагы, тырмактарындагы кетпей калган боёктор, даарат мүчөлөрүнө жабышып калып, кетирүүгө мүмкүн болбогон заттар. 3. Бир жаранын үстүнө сүйкөлгөн дары жаранын сыртына жайылган болсо, анын ашыкча жери жуулат. Эгерде жууш зыян келтире турган болсо, масх тартуу жетиштүү. 4. Бир адам даарат алганын анык билген абалда, даараттын бузулган, же бузулбаганына күмөн кылса, даараты бар деп эсептелет. Тескерисинче, бузулганын анык билген адам кайра алган-албаганына күмөнү болсо, анын даараты жок болуп саналат. Анткени, анык билинген нерсе шектенүү менен жокко чыгарылбайт. Буга Абдулла бин Зайд (радиаллаху анху) баяндаган мына бул хадис далил болот: Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) намаз убагында бир нерселерди сезгенсиген адамдын абалы жөнүндө маселе коюлганда, мындай деген: «Бир үн угулмайынча, же бир жыт сезилмейинче намазды токтотпосун». 5. Даарат алуу убагында, же алгандан кийин бир мүчөнүн жуулуп-жуулбаганы тууралуу күмөндө калса, ал мүчөнү гана кайра жууйт. Эгерде мындай күмөндөнүү ар дайым кайталанса, андай кезде «жуудум» деп көңүл токтотуу керек. 6. Даарат алуучу мүчөлөрүнүн бирөө же бир канчасы кем болгон майып адам бар болгон мүчөлөрүн жууса жетиштүү. МААСЫНЫН ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ Маасыга масх тартуу - буттун учунан жогору карай сууланган кол менен сүртүүнү билдирет. Тери же ошол сыяктуу нерселерден жасалган, буттун томуктарын жана андан жогорураак тарабын каптап жапкан бут кийим «маасы» катары эсептелет. Маасыга масх тартуунун шарттары 1. Маасычан даарат алуу үчүн буттар жуулгандан кийин гана кийилген болуусу шарт. 2. Маасылар дааратта буттун жуулушу парз болгон жерлерин жаап турушу керек. Башкача айтканда, бутту эки жагындагы томуктары менен бирге жаап турушу шарт. Томуктарды кошо жаппаган маасыга масх тартылбайт. 3. Бутка кийилген маасы кеминде бир фарсах, башкача айтканда, 5,5 чакырымга жеткен жолду жүрүүгө чыдагыдай нерсе болушу керек. 4. Маасы тешиги жок, бүтүн болушу керек. 5. Маасы бутка боо менен байланбай, өзү токтоп тура алгыдай болуусу шарт. 6. Ханафийлер боюнча, маасы сыртынан тийген суу ошол замат ичине сиңип кетпегидей абалда болушу керек. 7. Ар бир буттун кетмен башынан аз дегенде кичине манжалар менен үч элидей жери бар болушу керек. Маасыга масх тартуунун убакыт чеги Тургун адамга карата масхтын убакыт чеги бир күн, бир түн. Башкача айтканда, 24 саат. Ал эми жолоочу үчүн үч күн, үч түн - 72 саат. Масхты бузуучу абалдар 1. Дааратты бузуучу ар кандай абал масхты да бузат. Андыктан, али убактысы келе электе кайра даарат алынса, маасыга да кайрадан масх тартылууга тийиш. 2. Жунубдук, хайз, төрөт соңундагы сөл (нифас) сыяктуу гусулду талап кылуучу абалдар масхты биротоло жараксыз кылат, бутту да жууш керек болот.. 3. Масх тартылган маасынын буттан чыгышы же чечилиши. Бул абалда, эгерде даараты бар болсо, буттарды гана жууш жетиштүү. Эгер бир бут чечилсе, эки бутту тең жууш керек. Бир маасынын кончуна чейин буттун басымдуу жери суурулса, толук чечилген эсебинде болот. 4. Буттун үч манжасы баткандай бир маасыда жыртык-тешик болуусу. 5. Масх убактынын аяктоосу. Мындай учурда эгер даараты бар болсо, тек гана бут жуулат. Толук дааратты жаңыдан алуу шарт эмес. Таңуу сыртынан масх тартуу Дененин бир мүчөсү сынып, же жаракат алган абалда ошол жарага оролгон таңууга даарат же гусул алган кезде жөн гана бир жолу масх тартса болот. Эгерде бул масх да зыян келтирүүсү мүмкүн болсо, масх тартылбайт. ГУСУЛ Араб тилинен алынган «Гусул» деген сөз лексикалык жактан «жуунуу», «киринүү», «чөмүлүү» деген маанилерди берсе, шарият термининде «бүткүл денени атайын эреже боюнча толук жууш» деген маанини билдирет. Гусул алууга тийиштүү абалдар Гусулдун түрлөрү а) Парз же важиб гусул 1. Жунуб болуу: Жыныстык катнаш, ихтилам (түшүркөөдөн бел суусу чыгуу) жана ар кандай абалда бел суусунун дене сыртына дүүлүгүү менен атылып чыгышы - жунуб болуу деп аталат. Ислам шариятынын жөрөлгөлүү терминологиясы боюнча бел суусу «мани», «мази» жана «вади» деп үч түргө анык ажыратылып айтылат. Мани - дүүлүгүү менен атырылып чыккан коюураак ак түстөгү суюктук. Мази - агыш суюктук болуп, ал жыныстык кыялдануу, же жубайлардын өбүшүүсү убагында жыныстык органдан аздап чыгат. Вади - кичи даарат ушаткан соң, жыныстык органдан чыккан койгулт суюктук. Бул үчөөнөн бир гана мани чыкканда гусул алууга туура келет. Мази жана вади чыкканда даарат алуу гана жетиштүү. Биз бул китептин башка жерлеринде келтирген «эрендик» же «бел суусу» негизинен манини көрсөтөөрүн эскертип кетмекчибиз. Мани чыкканда гусул алуу керектиги, ал эми мази жана вадиден жыныстык органды гана жууп, даарат алыштын далили мына бул хадистер: «Мазиде – даарат, маниде – гусул бар». «Ар бир эркек мази чыкса даарат алуусу керек». 2. Эрди-катындын жыныстык байланышында эркектин жыныстык мүчөсүнүн башы көрүнбөй калганчалык кирсе, мани чыкса-чыкпаса да гусул алуу экөөнө тең гусул алуу керек болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз сөзүндө ушундай эскерткен. 3. Хайз жана нифас: Кыздардын, аялдардын хайз жана нифас маалы акырына чыккандан кийин гусул алуулары парз. Куранда мындай деп айтылган: 4. Жаназага (өлүккө) гусул алдыруу: Шейит кеткен адамдан башка ар бир мусулман өлүккө гусул алдырып жууш - мусулман коомчулугунун мойнундагы парз кифая болуп эсептелет. 5. Жаңыдан мусулман болгон адам гусул алышы зарыл: б) Сүннөт жана мустахаб гусулдар 1. Жума же эки айт намаздары үчүн намаздан мурун гусул алуу: 2. Ажылык же умра үчүн ихрамга кирүүнүн алдында гусул алуу. 3. Арафат күнү Арафатта туруу үчүн гусул алуу: Меккеге кирүү, Муздалифада түнөө жана зыярат же коштошуу тоопторун жасоо үчүн гусул алуу - мустахаб. 4. Күн же ай тутулганда окулуучу намаздар менен жамгыр тилөө дубасы үчүн гусул алуу: Ушул абалдарда гусул алуу - мустахаб. 5. Эсинен танган адам эсине келгенде: Ошондой эле жаназа (өлүктү) жууган адам жана куттуу саналган түндөрдө гусул алуу - мустахаб. 6. Аргасыздык канынан арылган кыз, аялдардын жуунушу. 7. Сапардан жаңы кайтып келген, жаңы кийим кийген адамдын жуунушу. 8. Адамдар чогулган коомдук жайларга бара турган адамдын жуунушу. 9. Күнөөлөрдөн тообо кылуу үчүн жуунушу. Гусулдун парздары 1. Оозду суу менен чайкоо (мадмада). 2. Мурунга суу алып чайкоо (истиншак). Ооз-мурунду чайкаганда сууну тереңирээк алып, жакшылап чайкаган абзел. 3. Дененин бардыгын толук суу менен жууш. Гусулдун сүннөттөрү жана адептери 1. Ниет кылуу. 2. Бисмилла менен баштоо. 3. Жыныс мүчөлөрүн жууш. Денеде булганыч болсо тазалоо. 4. Намазга даарат алгандай даарат алуу. 5. Үч жолудан катары менен башына, оң ийнине жана сол ийнине суу куюнуу. Ар бир жолкусунда денени жакшылап жууш. Башында буттар жуулбаган болсо, алгач оң бутту, анан сол бутту жууш. 6. Гусул алып жатканда сүйлөшпөө. 7. Гусул алып жатканда кыбыла жакка беттенип, же тескери карап турбоо. Башкача айтканда, жантык туруу. Жыныс мүчөлөрү жабык болсо, кыбылага беттенүүгө болот. 8. Жалгыз, көздөн далдоо бир жерде жуунса да, жыныс мүчөлөрүн жабуу. Мончо, көл ж.б. көпчүлүк баруучу жайларда уят жерлери ачык бойдон жуунуш арам. 9. Гусул даарат алганда сууну ысырап кылбоо. Жунуб, хайз жана нифастууларга харам болгон нерселер 1. Намаз окуу. 2. Каабаны тооп кылуу. Себеби, тооп да бир түрдүү намаз экени хадисте айтылган. 3. Куранга кол тийгизүү. 4. Курандын бир бөлүгүн болсо да окуй албайт. Тек гана дуба кылуу ниети менен окуса, мисалы, «Раббана атина ....» аятын же Фатиха сүрөөсүн дуба кылуу ниети менен окуса болот. 5. Аргасыз бир жагдай болбосо, мечитке кирүү, же мечиттен аралап өтүү. 6. Хайз же нифас учурунда аялзаты орозо кармаса болбойт. Жунуб, хайз жана нифастууларга макрух болгон нерселер 1. Ар кандай диний китептерди колу менен кармап окуусу. 2. Колун жана оозун жууп, чайкабастан жеп-ичүүсү. 3. Колу менен кармабай бир нерсеге Куран аяттарын жазуусу. ТАЯММУМ Таяммум – суу жок абалда, же суу бар болсо да, аны пайдалана албаган кезде таза топуракка урулган колдор менен бетти жана эки колду чыканакка чейин сылоо. Таяммум мындайча кылынат: Дааратсыз же гусул алууга тийиштүү адам эки колун топурак же топуракка байланыштуу таза бир нерсеге бир жолу уруп, бетин сылайт. Анан эки колун дагы бир уруп, аны менен эки колду (сол алаканы менен оң колун, оң алаканы менен сол колун) чыканакка чейин сылайт. Таяммумдун парздары: Ханафийлер боюнча таяммумдун парздары үчөө: 1 - Таяммум алууга ниет кылуу; 2 - Колдорду топуракка уруп, бетти толук сылоо; 3 - Колдорду топуракка уруп, эки колун чыканактарды кошуп сылоо. Таяммумдун шарттары: 1. Ниет кылуу: Ниет кылуу таяммумда парз. 2. Таяммумду талап кылган аргасыздык: Шаарда турган болсо да, суудан 1 миль, же болбосо 1848 метрге тең алыстыкта калуу, оору-сыркоо, чыкыроон суук, жоодон, же суунун түгөнүп калуусунан коркуу, чака ж.б. сыяктуу суу алуучу куралдын жоктугу, жаназа же айт намаздарына үлгүрбөй калуудан коркуу сыяктуу аргасыздыктардан улам таяммум алууга болот. 3. Таяммум топурак, чопо, таш, чаң-тозоң, кум сыяктуу жерге таандык таза нерселерге жасалууга тийиш. Отун, күл, темир, алтын-күмүш сыяктуулар менен таяммум жасоого болбойт. 4. Таяммум жасалуучу мүчөлөрдү толук сылоо. 5. Колдордун алаканын таза топуракка эки жолу уруу. Биринчисинде бетин, экинчисинде колун чыканактарды кошуп сылоо. 6. Хайз же нифас абалынын аякташы. 7. Дененин түздөн-түз сылануусуна тоскоол болуучу май сыяктуу нерселерден таза болушу. 8. Колдун көп бөлүгү менен, же болбосо кеминде үч манжа менен сылоо. Эгерде эки манжа менен сыланган болсо, сылануучу мүчө кайра-кайра сыланган абалда да таяммум дурус болбойт. Бул жагынан даарат алгандагы башка масх тартууга окшобойт. Таяммумдун себептери 1. Даарат же гусулга жеткидей суу таба албастык: Суу таппаганда же жеткиликтүү суу болбогондо, сууга жетүү үчүн өмүргө коркунуч туулганда, же суунун 1 миль (1848 метр) алыстыкта болгонунан, же суунун кымбаттыгы, же сатып алар акчасы жок абалдарда таяммум жасоого уруксат берилет. Себеби, аятта: ... فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا... «Суу таба албасаңар таза топуракка таяммум жасагыла» деп айтылган. 2. Суу колдонууга чамасы жетпөө: Кысымга учуроо, камакта калуу, уурулуктан же жапайы жырткычтардан коркуу ж.б. себептер менен сууну пайдалана албаган адам таяммум жасайт. 3. Ооруга чалдыгуу же болбосо сакаюунун кечеңдеши: Суу колдонгон абалда ооруга чалдыгуудан, же учурдагы оорусу күчөп кетүүсүнөн, же сакайышы кечеңдегенден корккон адам таяммум жасайт. Бул жөнүндө мусулман доктурдун диагнозуна жараша иш кылуу дурус. 4. Суунун аябай муздак болуусу: Сууну пайдалануу өмүргө коркунуч туудурса, же ден соолукка зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү болсо, таяммум жасалат. Таяммумдун сүннөткө ылайык ыкмасы 1. Таяммумду Алла Тааланын аты менен (Бисмилла менен) баштап, намаз үчүн тазаланууну ниет кылуу. 2. Эки колдун манжаларынын арасын ачык кармап, таза топуракка уруп, ары-бери сүрүү. 3. Колдордогу артыкча чаңдарды кагып таштап, бетти сылоо. 4. Колдорду кайра топуракка уруп кагыштырган соң, сол алаканы менен оң колду, оң алаканы менен сол колду чыканактарды кошуп толук сылоо. 5. Жогорку тартип боюнча оболу жүзүн, анан колдорду сылоо, ошондой эле булардын арасын маалкатпай, удаалаш жасоо. 6. Таяммум намаз убакты киргенден кийин жасалышы дурус. Таяммумдун убактысы Намаз убактысы кире электе таяммум жасоого болот. Таяммумду бузуучу нерселер 1. Даарат менен гусулду бузган нерселер таяммумду да бузат. Анткени, таяммум бул экөөнүн ордунда турат. Бирок жунуб адам таяммум жасагандан кийин дааратты бузуучу бир абалга туш болсо, анын даараты гана бузулган болот. 2. Таяммум жасоону талап кылган себептер жоголгондо (мисалы, жоонун кетиши, оорунун сакаюусу, аяздын өтүшү, суу алуучу куралдын табылышы ж.б.) суу менен даарат алуу мүмкүнчүлүктөрү таяммумду бузат. 3. Сууну көрүү, же бир жолу болсо да даарат алууга жеткидей суунун табылышы таяммумду бузат. Намаз окуп жаткан учурда сууну көрсө, таяммум да, намаз да бузулат. Намаз окуп бүткөн соң сууну көрсө, намаз убакты чыгып кеткен болсо да, чыга элек болсо да, намазды кайталап окубайт.

Cунуш кылабыз