Туз жана суу

6:49 AM Икаялар

Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмушу ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп, азап тарта берерин айтып жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин айтып арызданат. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгени жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага туздан бир колуш салып, ичүүсүн буюрат. Чыны оозуна тийип-тийбей түкүрүнүп, сууну алыс чачат. - -Ачуу бекен?-деп сурайт акылман. -Ии аябай ачуу экен,- дейт анда акылман.. -Эми жүр,- деп көлгө алып барат да бир колуш туз салат. -Эми көлдүн суусунан ичип көр, - дегенде ал адам суусуну канганча ичет. -Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадыңбы? - деп сурайт. Суунун даамы сонун, Туздун даамы такыр жок. -Турумуштун тузу баарын бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты түшүнүшүң керек: адамдын пейили суу! Айрым адамдар пейили кенен көл болот, турмуштун канчалык болсо да татымын билгизбей, жашоосун жакшы жака багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин корө алабас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган "көл" болушуң керек же чыныдагы суудай болуп турмуштун тузунун даамына чыдашың керек. Чечим сенин колуңда дейт.

Cунуш кылабыз