ТАГДЫР

6:49 AM Ишеним

АЛЛАНЫН КЫНТЫКСЫЗ ӨЛЧӨӨСҮ «Тагдыр» же «кадар» лексикалык жактан «өлчөө, белгилөө, бекитүү, кандайдыр бир шекилге келтирүү» деген сыяктуу маанилерди билдирет. Бул терминдин түпкү төркүнү араб тилиндеги «Кадара» (قَدَرَ) этиши демейде «белгилөө, бөлүктөргө бөлүү, баарынын эсебин бычуу, күчү жетүү» деген маанилерди берсе, бул этиштин күчөтмө формасындагы «Каддаранын» (قَدَّرَ) мааниси «өкүм чыгаруу, өкүм жүргүзүү жана жүзөгө ашыруу» болот. «Тагдыр, кадар» сөзүнө байланыштуу дагы бир «казаа» (قَضَاء) сөзүнүн мааниси, «буйрук, өкүм жана жаратуу» болуп саналат. Ахлус-суннанын негизги эки мектеби болгон Матрудийлер менен ашарийлер «казаа» жана «кадар» сөздөрүнүн маанилерин башка-башка ыкмада түшүндүрүшкөн. Матрудийлердин «казаа» дегенин ашарийлер «кадар» деп, ашарийлердин «кадар» дегенин матрудийлер «казаа» деп кабылдашкан. А бирок арадагы айырма сөздүк аныктама берүүдөн гана келип чыкканын эске алсак, бул эки сөздүн маанилери бири-бирине өтө жакын. Тагдырдын шарияттагы мааниси Матрудийлер боюнча «кадар» – Алла Тааланын тагдыры. «Казаа» болсо, Алла Тааланын бул тагдырды (алдын ала белгилөөсүн) жүзөгө ашыруусу, башкача айтканда, аткарылчу иштерди иш жүзүндө жарыкка чыгаруусу. Ал эми, ашарийлер боюнча, «казаа» – Алла Тааланын эзелки өкүмү (тагдыры), «кадар» болсо, шарттары даяр болгон учурда бул тагдырлардын бир-бирден аткарылуусу. Биз матрудийлердин пикиринин негизинде «кадар» менен «казаанын» маанилерин чечмелесек: Кадар - бул чексиз илимдин ээси болгон, өткөндү, азыркыны жана келечекти бир чекит сыяктуу анык билип турган улуу Жараткандын микро ааламдан макро ааламга дейре камтыган бардык жаралмышты мерчемдеп программалоосу жана буларды Өзүнүн каалоо-кудурети менен биз билген илимий пландан барлык ааламына чыгарып көрсөтүү учуру, бардык нерселерди алар али боло электен мурда эле биз анык билбеген кандайдыр бир «каттоо китебине» жазып белгилөөсү. Ал эми казаа болсо, Алла Тааланын эзелтеден анык белгилеп, тагдыр кылган нерселеринин ар бирин өз учуру келгенде эзелки анык билүүсүнө (илимине) жараша Өз каалоо-эрки менен жарыкка чыгаруусу, жүзөгө ашыруусу болуп саналат. Кадар (тагдыр) – ыйман негиздеринин бири Ислам динибизде тагдырга сөзсүз ыйман келтирүү зарылдыгы эки түрдүү далилге таянат. Анын биринчиси, Куран Каримдин бир топ аяттарында тагдыр жөнүндө баса белгиленип айтылуу менен бирге, хадистерде да тагдырга ыйман келтирүүнүн зарылдыгы айкын билдирген. Экинчиси болсо, Жараткандын чексиз, баарын камтыган илими, каалоо жана кудурет сыпаттарына ишенүү зарылдыгы. Куран Каримде адам баласына байланыштуу тагдыр маселесин баяндап берген көптөгөн аяттар бар. مَآ اَصَابَ مِنْ مُصِيبَةٍ فِى الْاَرْضِ وَلَا فِى اَنْفُسِكُمْ اِلَّا فِى كِتَابٍ مِنْ قَبْلِ اَنْ نَبْرَأَهَا، اِنَّ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ، لِكَيْلَا تَاْسَوْا عَلَى مَا فَاتَكُمْ وَلَا تَفْرَحُوا بِمَآ آتَاكُمْ.. «Китепте алдын-ала жазылып коюлгандай, Жерге да, силердин жаныңарга да Биз белгилегенден мурда кырсык келбейт. Чынында, бул Аллага жеңил. Өткөн ишке өкүнбөөңөр, Жараткан берген жакшылыктан көөп кетпешиңер үчүн ушундай кылынган». قُلْ لَنْ يُصِيبَنَا اِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا.. «Бизге Алланын жазганы гана болот» деп айткын. اِنَّا نَحْنُ نُحْيِى الْمَوْتَى وَنَكْتُبُ مَا قَدَّمُوا وَآثَارَهُمْ، وَكُلَّ شَيْءٍ اَحْصَيْنَاهُ فِى كِتَابٍ مُبِينُ. «Чындыгында, Биз өлгөндөрдү тирилтебиз. Алар жасаган ар бир ишти, калтырган ар бир изди жазабыз. Бардык нерсени айкын китепке тизмектеп койгонбуз». Биринчи аятта адам баласы жана ага байланыштуу ар бир нерсе, ар бир абал, ошондой эле ааламдагы бардык окуя-кубулуштар жарыкка чыгуудан мурда эле кандайдыр бир китепте жазылуу экендиги анык айтылган. Ушул сыяктуу эле, экинчи аятта адам баласынын жеке абалына байланыштуу тагдыр чындыгы даана айтылып жатат. Үчүнчү аятта болсо, жогоруда айтып өткөнүбүздөй адам баласына байланыштуу эки түрдүү тагдыр-жазмыштын болоору билдирилген. Анын бирөө эзелки тагдырдагы жазуу болсо, экинчиси адамдын бул жашоодогу иш-аракеттери каттоого алынары айтылып жатат. Куран Каримдеги бул аяттар бардык нерсенин жарыкка чыгуудан мурда эле Алла Тааланын илиминде бар экендигин, Кыргызда айтылгандай, Кудайдын буйругусуз кумурсканын да буту сынбай турганын эч кандай жоромолдорго орун калтырбастан ачык билдирүүдө. Эми биз ушул жерден өзүбүзгө мындайча суроо коюп көрөлү: Алла Тааланын кандайдыр бир нерсе тууралуу «Бул ушундай болот» деп баяндап бергени түпкүлүгүндө «Мунун ушундай боло тургандыгына ишенгиле!» деген буйругун билдирбеспи? Тагыраак айтканда, Алла Тааланын «башыңарга келчү бардык нерсе Жаратканыңарга күн мурунтан белгилүү» дегени, түпкүлүгүндө «башыңарга келчү бардык нерсенин күн мурунтан Жаратканыңарга белгилүү экендигине ишенгиле!» деген маанини билдирип турбайбы? Жалпысынан айтканда, Алла Таалага жана анын «илим, ираада, кудрат» сыяктуу улуу сыпаттарына ыйман келтирүү тагдырга (казаа жана кадарга) ыйман келтирүүнү да өз ичине камтып тургандыктан, ыймандын негиздерин бир жерде чогуу баяндаган аяттарда ыймандын бул башкы негизи тууралуу атайылап айтылган эмес. Башкача айтканда, тагдырга ыйман келтирүү – түпкүлүгүндө «Алла Таалага ыйман келтирүү негизинин» ичинде бар болуп эсептелгендиктен, Куран Каримде өз алдынча ачык-айрым айтылган эмес. Анткени, Алла Таала бүт ааламдардын жаратуучусу экендигине, ошону менен катар Анын илими жана каалоосунун бардык чоң-кичине нерселерди толук камтып тургандыгына ишенгендер тагдырга да ыйман келтирген болуп эсептелет. Ал эми бул негиздин жеке зарылчылыгына жараша, тагдырга ыйман келтирүү керектиги Пайгамбарыбыздын хадистеринде ачык баяндалган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Куран аяттарында билдирилген тагдыр маселесин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берген. Ыйман негиздеринин бири катары «тагдырга ишенүү» хадистерде кеңири баяндалат. Мисал үчүн, Муслимдин «сахих» жыйнагынын башында келтирилген тагдыр ишенимине байланыштуу хадис, Ислам ишениминин атайын формуласы катары өзгөчө мааниге ээ. Азирети Умар баяндаган бул узун хадистин темабызга байланыштуу бөлүгүн гана бул жерде келтирип өтсөк: «...Ыйман бул – Аллага, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө жана тагдырга, анын жакшы-жаманына ишенүү болуп эсептелет». Бул хаистеги: «Жамандыктын да Алладан болооруна ишенүүнүн» мааниси, жакшылыктар сыяктуу эле, ар бир жамандык жана кырсыктар да Алла Тааланын каалоосу жана кудурети менен жарыкка чыгаарын (жаратыларын) билдирет. Бул эч качан Алла Таала адам баласына каршы жамандык жасайт дегендик эмес. Анткени Алла Таала өз кулдарынын каапыр болушуна жана каапырлыкка байланышкан ар кандай жаман иштерине эч качан ыраазы эмес. Корутундулап айтсак, тагдыр маселесин тар калыптардын ичине салып карабай, кененирээк өңүттөн караганыбызда, ыйман негиздеринин тагдырга ишенүү менен курчалып турганын көрөбүз. Анткени улуу Жараткан Өзүнүн барлыгынын билинүүсү жана таанылуусунан баштап, Өзү жараткан дүйнө жашоосунун жана акыреттин маани-максаты эмне экендигин жана буларды айкындоо үчүн түшүргөн түшүндүрмөлөрүн (ыйык китептерди) кайсы адамдарга (пайгамбарларга) кайсы жолдор (периштелер) аркылуу жөнөтөөрүн алдын ала, күн мурунтан тагдырында белгилеген. Мындан башкача түшүнүү эч мүмкүн эмес, анткени Алла Таала ар кандай нерседе туш келди, мерчемсиз иш жүргүзүүсү эч качан мүмкүн эмес. Жараткандын каалоосу менен адам каалоосунун кандай катышы бар? Куран Каримдеги тагдыр түшүнүгү адам баласына гана тиешелүү болбостон, микро ааламдагы атомдордон тартып макро ааламдарга чейин болгон бардык нерсеге байланыштуу экендиги анык. Башкача айтканда, себеп жана натыйжанын ичинде жарыкка чыккан ар бир нерсе Алла Тааланын тагдыр программасына жараша жүзөгө ашат. Буга байланыштуу аяттарда бул маселе анык баяндалган. Куран Каримде адам баласына байланыштуу тагдыр маселеси кээде Алла Тааланын каалоосу багытынан баяндалса, кээде адам баласынын каалоосунун багытынан баяндалат. Эгерде бул маселеге комплекстүү бир бүтүндүк ичинде каралбаса, эки башка багыттан ортого коюлган бул аяттар бири-бирине карама-каршы айтылгандай сезилип, туура эмес түшүнүккө алып барышы мүмкүн. Тагдыр маселеси чындыгында эле мындай эки ачакей эмес. Эми ошол аяттардын кээ бирөөлөрүн бул жерде тизмектей кетели: 1. Адамдардын иш-аракеттериндеги эрктүүлүгү тууралуу аяттар اِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ اِمَّا شَاكِرًا وَ اِمَّا كَفُورًا. «Албетте, Биз ага жолду көрсөттүк, мейли шүгүр кылсын, мейли көркоолонуп каапыр болсун». وَقُلِ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ فَمَنْ شَآءَ فَلْيُؤْمِنْ وَمَنْ شَآءَ فَلْيَكْفُرْ.. «Айткын: бул акыйкат Жаратканыңардан. Эми ким кааласа ыйман келтирсин, ким кааласа каапыр болсун». مَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفْسِهِ وَمَنْ اَسَاءَ فَعَلَيْهَا، وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيْدِ. «Ким жакшылык кылса өз пайдасына, ким жамандык жасаса ал да өз зыянына болот. Жаратканың кулдарына эч качан зулумдук кылбайт». كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ.. «Ар бир жан өз кылганынын барымтасында калат». قُلْ يَآ اَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَآءَكُمُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ فَمَنِ اهْتَدَى فَاِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَاِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا.. «Айткын: Оо, адамдар! Силерге Жаратканыңардан акыйкат – Куран келди. Эми ким Туура жолго барса өз пайдасы үчүн Туура жол табат. Ким адашса өзүнө гана зыян келтирет». Биз мисал катары айрым бөлүктөрүн гана алган бул аяттар көрсөтүп тургандай, адам өз иш-аракеттеринде эрктүү. Ошондуктан ал өзүнүн иш-аракеттерине жооптуу. 2. Алла Тааланын каалоо-эрки башкы орунда тураарын билдирген аяттар وَمَا تَشَاءُونَ إِلا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ.. «Алла кааламайынча силер каалай албайсыңар». وَلَوْ شَآءَ اللَّهُ مَا فَعَلُوهُ.. «Эгерде Алла кааласа алар мындай кыла албас эле». ... مَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا اِلَّا اَنْ يَشَآءَ اللَّهُ.. «Алла кааламайынча алар ыйманга келмек эмес». Баштагы аяттарда адамдын эрктүү жаратылганы айтылса, кийинки аяттарда Алла Тааланын каалоо-эркинин баарынн белгилээри айтылууда. Бул эки түрдүү аяттардын арасында кандайдыр карама-каршылыктар бар болушу да мүмкүн эмес. Анткени баштагы аяттарда адам эркинин багыты боюнча маселе ортого коюлса, экинчи топтогу аяттарда улуу Жараткандын каалоо-эркинин багыты боюнча ортого коюлган. Демек, бул аяттарды жалпысынан мындайча жыйынтыктоого болот: Алла Тааланын каалоо-эрки негизги орунда туруу менен бирге, адам баласы каалаганын жасай билген жандуу болуп саналат. Мунун мааниси, Алла Таала Өзүнүн баарын камтып турган толук каалоо-эркине биздин каалообузду жөнөкөй шарт катары байлап койгон. Адам баласы каалаган ар кандай материалдык-моралдык нерселердин жарыкка чыгуусу, (эгерде берген мисалыбыз туура болсо) улуу Жараткандын каалоосунун «визасына, же мөөр басуусуна» байланыштуу. Алла Тааланын каалоосуна (же мыйзамына) жараша, адам өзүнүн иш-аракеттеринде эрктүү. Бирок адам баласы каалаган нерселердин жүзөгө ашуусу кайра эле Алла Тааланын каалоосу менен кудуретине көз каранды. Алла Таала каалап, кубаттамайынча пенденин каалаганы эчтекеге жарабайт. Башкача айтканда, пенденин каалоосун Жараткан кабыл алып, уруксат бермейинче, пенде эч нерсени жарыкка чыгара албайт. Болгон нерсенин бардыгы Алла Тааланын буйрук-каалоосунун негизинде гана ишке ашат. Анын каалоосунан сырткары эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Бир хадис шарифте мындай айтылган: «Алла Тааланын каалаганы гана болот. Ал каалабаса эч нерсе болбойт». Алла Таала бул маселедеги эки багытты, тагыраак айтканда, Өзүнүн каалоосу менен пенденин каалоосуна каратылган багыттарды Куран Каримдеги бир эле аятта мындай деген: إِنْ هُوَ إِلا ذِكْرٌ لِلْعَالَمِينَ لِمَنْ شَاءَ مِنْكُمْ أَنْ يَسْتَقِيمَ وَمَا تَشَاءُونَ إِلا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ «Ал (Куран) бүткүл аалам үчүн эскертме. Айрыкча, силерден туура жол менен жүрүүнү каалагандар үчүн. Бирок, силер, бүт ааламдын Эгеси Алла кааламайынча эч нерсени каалай албайсыңар (силердин каалооңор менен эч нерсе жарыкка чыкпайт)». Демек, Алла Таала бизге арнаган эрктүүлүктү өзүнүн каалоо-эркинин далалатчысы сыяктуу кабыл алган жана буга маани берип, эң улуу жоболорду да ошол мерчем негизинде жарыкка чыгарууну убада кылган жана жарыкка чыгарган... Ошондой эле адам баласына арналган бул «көз каранды» эрктүүлүктү күнөө жана соопторго ортомчу катары жараткан. Аны акыреттеги жаза менен сыйлыктын негизи катары көрсөткөн, ошондой эле жакшылык-жамандыкты да ушуга байлап, себеп катары көрсөткөн. Өз алдынча караганыбызда эч кандай мааниси же орду болбогон адамдын «көз каранды» эрктүүлүгүн андан келип чыккан натыйжалардын негизинде жогорку маанилүүлүккө эгедер кылган. Эгер мындай болбогондо, жашоо-тирилик жапырт токтоп, адам баласы башка жансыз нерселер менен бир катарда туруп калмак. Ошондон улам адамдык жоопкерчилик жокко чыгып, бардык нерсе өз маанисинен ажырамак. Ошондуктан Алла Таала пенденин каалоо-тилектерине айрыкча маани берген, адам баласын эки дүйнөнүн жакшылыктарына, көркөмдүктөрүнө жөнөкөй шарт кылып, маанилүү орунга койгон жана кудум ааламдарды жарык кылар электрик механизминин сыйкырдуу тетиги сыңары ага орун берип, тамчыдан деңизди, кыпындан күн нурун, эч нерсеге жарабас бир жандуудан ааламдардын бийик маанисин жарыкка чыгарып, өз кудуретинин таң калыштуу жагын көрсөтүп жаткандай...»

Cунуш кылабыз