АКЫРЕТТЕ ИШЕНҮҮ

6:49 AM Ишеним

ӨЛҮМДӨН КИЙИНКИ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЖАШОО АКЫРЕТ «Акырет» деген сөз арабча ахр (اَخ ر) деген сөздүн тамырынан келип чыккан ат атооч (исим фаил) اخِرٌ дун муаннас (ургаачылык) формасы, лексикалык жактан бул сөз «Акыркы, акырындагы» деген маанини билдирет. Эмне үчүн кыяматтан кийинки убакыттын «акырет» деп аталганы тууралуу эки түрдүү түшүндүрмө бар. Биринчиси, акыреттин бул дүйнөнүн акырында келеринен улам ушундай аталганы айтылат. Экинчи көз караш боюнча, жаратылыш жана аны камтыган жашоо чөйрөсүнүн бизге жакындыгынан улам бул жашоо «дүйнө» (арабча «жакын» деген мааниде) деп аталган болсо, алыскы жана кийин келүүчү жашоо «акырет» деп аталган. Ал эми, «акырет» деген сөздү атайын диний терминологиянын өлчөмдөрүндө түшүндүрсөк: Куран Каримде, акырет – бул дүйнөдөгү жашоодон кийин келчү түбөлүктүү жашоо өлчөмдөрү. Мурунку (азыркы) жашоо Куранда «улаа» (أُوليَ) деп аталса, экинчи жашоо «ахир» (اَخِر) деп аталганы жогорку сөзүбүздү кубаттайт. «Акырет» деген терминге классикалык ислам философиясы (келам илими) китептеринде мындайча аныктама берилген: «Акырет – Кыямат күнүнөн баштап түбөлүккө созулчу экинчи жашоо, ал кайра тирилүү, эсеп-кысап, тараза, шапаат, көпүрө, бейиш жана тозок сыяктуу бардык зор кубулуштарды өзүнө камтыйт». Негизинен ар бир адам өлөрү менен ошол адамдын жеке акырети дароо башталат жана түбөлүккө уланат. Ошондуктан адамдардын бир бөлүгү бул дүйнөнүн жашоо өлчөөлөрүндө жашап жаткан учурда, дагы бир бөлүгү акырет жашоосунун өлчөмүндө жашап жаткан болот. Куран Каримде акырет темасы мүмкүндүгү жана мааниси Өлгөндөн кийин кайра тирилүү жана адамдын кылган эткендеринен эсепке тартылуусу эң байыркы замандардан бери эле адамзаттын акылын алек кылып келген маанилүү темалардын бири болуп саналат. Адамзаттын тарыхында кайра тирилүү жана акырет жашоосу тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келгенине карабай, пайгамбарлар өлүмдөн кийин сөзсүз кайрадан тирилүү болорун билдирип келишкен. Бирок инсанга таандык таза табиятын сактай албаган адамдар муну кандайдыр бир мааниде акылга төп эместей сезип келишкен. Ошол эле нукура адамдык табияттын ченеминен алыс калган адамдарга мындан кийинки жашоонун барлыгы ого бетер жеңил кабылданарын, ары акылга төп экенин алар баштан өткөрүп жаткан жашоо керемети көпчүлүк убакытта сездирген эмес. Негизинен ар бир нерсе жана ар бир кубулуш бул чындыкты (акырет жашоосун) кыйыр түрдө жарыялап айтып турса да, андай адамдар өздөрүн акылсыз дыкка, кереңдикке түртүп жаткандыктан бул жарыяны угушкан жок, же болбосо уккулары келбейт. Ошондуктан көптөгөн адамдар «акыреттин» алдында эскертүү берген адамдарга далысын салып, натыйжада ар бир тыным сайын улам жакындап келаткан Кыяматты жана мындан кийин келе турган жаңы өмүрдү чындыкка жанашпаган нерсе катары ойлоп, аны жокко чыгарышкан. Куран Каримде адамдардын акыл-эсин алаксыткан күмөн ойлор тууралуу мындай мазмундагы аяттар бар: اِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةُ لَا رَيْبَ فِيهَا وَالَكِنَّ اَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ «Кыямат күнү сөзсүз келет, мында шек жок. Бирок адамдардын көбү буга ишенишпейт». Акыретти жокко чыгарууга себеп болгон нерселер Маселенин чоо-жайын дагы да түшүнүктүү кылып баяндап бериш үчүн, акырет жашоосунун мүмкүндүгү жана чындыгы тууралуу сөз козгоодон мурда адамдардын акыретке ишенбестигине себеп болуучу нерселер жөнүндө кыскача токтолуп өтмөкчүбүз. Өткөн замандардагы жана бүгүнкү күндөгү көптөгөн адамдар өздөрү ачык билишпеген акырет маселеси тууралуу сөз козгобой койгон эмес жана өлүмдөн соңку жашоону акыл-ойлоруна сыйдыра албаганын шылтоолоп, муну кабыл алгылары келген эмес. «Ой-пикирдин чалалыгына» байланыштуу болобу же «адам пейлинин алсыздыгынан» улам келип чыккан болобу, айтор, акыретке ишенбөөчүлүүккө алып барган бир топ себептер Куран Каримде назарыбызга сунулган. Куран Каримдеги жүйөөлөр боюнча, акыретке ишенбегендердин буга карата алгылыктуу эч бир далилдери жок. Бирок андайлар үстүртөн, чалагайым ой жүгүрткөнү үчүн түшүнө албай, же түшүнүүгө толук кандуу аракет кылбай туруп эле туш келди жоромол жасап, туура эмес корутундуга келишет. Бул түрдөгү адамдардын акыретке ишенбөөчүлүгүнө түрткү берген себептерди төмөнкүчө жыйынтыктоого болот: 1) Ой-пикирдин чалалыгына байланыштуу себептер Үстүртөн болжоо жана алдын ала баа берүү: Адамзатка Пайгамбарлардын ортомчулугу менен болобу же бул ааламда жүрүп турган кубулуштардын тили менен болобу, акырет жөнүндө, өлгөндөн кийинки кайра тирилүү жөнүндө маалыматтар үзгүлтүксүз берилип келет. Куран Каримде буга байланыштуу мындай делген: بَلِ ادَّارَكَ عِلْمُهُمْ فِى الْآخِرَةِ بَلْ هُمْ فِى شَكٍّ مِنْهَا بَلْ هُمْ مِنْهَا عَمُونَ «…акырет жөнүндө аларга үзгүлтүксүз билим келүүдө, бирок алар мындан күмөндө калышууда. Туурасы, алар мындан сокур бойдон калууда». Бул аятта акыретке байланыштуу далилдер огеле көп болгонуна карабай, бир бөлүк кишилер сокурларча карайлоодо жана бул тууралуу эч кандай туура билим менен туура ой-пикирге ээ болбой келишет. Куран Карим адамдардын акыл-жөндөмүн негиз кылуу менен аларга кайрылууда. Көптөгөн аяттарда акыл-эстүүлүктүн баса белгилениши, айрыкча «алдын-ала баа бербеген жана адамдык алсыздыкка алдырып бузулбаган акыл ээлери» маанисиндеги «Улул-албааб» (أُولُواالأَلْبَابِ) деген сөздүн колдонулушу мунун эң ачык далили. Анткени бир нерсени жетик түшүнүү жана анын натыйжасында акыркы чечимге келүү – акыл-эске жана эрктүүлүккө байланыштуу. Ошондуктан, Куран Каримде айтылгандай, туура ой жүгүртүү – акыйкатты (чындыкты) издөө жолунда акыл-эстин эң туура жана өз ордунда колдонулушун билдирет деп айта алабыз. Акыл-эс ушундай ыкмада ой жүргүзгөн кезде гана ээ болгон билимдердин нугу менен чындыкка жете алат. 2) Негизсиз жоромолго таянып ой жүргүзүү Бул жашоодон кийин башка жашоонун бар экенине ишенбегендердин алгылыктуу таянар далилдери жок. Адамды убакыт жок кылып, артында сапырылган топурактан башка эч нерсе калбайт деген сыяктуу түшүнүктөр чындыгында акыретке ишенбегендердин курулай ой-жоромолдору гана. Алар бул жашоодон кийин эмне болоорун билбейбиз, адам кудум саат сыяктуу убакыты келгенде токтойт, биротоло жок болот. Аркы дүйнөгө ким барып көрүп келиптир,дегенден башканы айта алышпайт. А чындыгында мындай куру жоромолдорунун акылга төп келген логикалуу негизи такыр жок. Бирок өтө күлкүлүү жери, алар ошол ойлогондорундай болушун самашат. Куран Каримде акыретке ишенбеген адамдардын көпчүлүгүнүн арсар ой-кыял менен караңгылыкты каалашынын бир себепкери – курулай күмөн жана жоромол экендиги ачык түрдө мындайча баяндалган: وَمَا يَتَّبِعُ اَكْثَرُهُمْ اِلَّا ظَنًّا؛ اِنَّ الظَّنَّ لَا يُغْنِى مِنَ الْحَقِّ شَيْئًا.. «Алардын көбү тек гана курулай жоромолго ээрчишет. Ал эми, жоромол – чындык турганда эчтекеге жарабайт». Адам баласы тегинде туура билимге, туура маалыматка ээ болбогон абалдардарда негизсиз жормолдорго таянып оозуна келгенин оттошу мүмкүн. Ошондуктан, эч бир туура далилге таянбай, курулай жоромолдорду ээрчүүнүн аркасында эч бир чындыкка жетүү мүмкүн эмес. 3) Башкаларды сокурларча ээрчүү Жашоодогу көп маселелерде көрүнүп жүргөндөй эле, адамдар акыретке байланыштуу чала-чарпы маалыматтарынын туура же каталыгына башын катырып олтурбастан мурункулардан уккандарын же болбосо жоон топ адамдардын ката түшүнүктөрүн караманча туурап, сокурларча ээрчишкендиктен да ыймансыздыкка кабылышат. Эч бир далилге сүйөнбөй, өзүнөн мурункуларды сокурларча туурап ээрчигендердин акыретке ишенбөөчүлүккө карай тескери кетери Куран Каримде айтылган: بَلْ قَالُوا مِثْلَ مَا قَالَ الْاَوَّلُونَ؛ قَالُوا أَاِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَ عِظَامًا أَاِنَّا لَمَبْعُوثُونَ؟ لَقَدْ وُعِدْنَا نَحْنُ وَآبَآؤُنَا هَذَا مِنْ قَبْلُ اِنْ هَذَا اِلَّا اَسَاطِيرُ الْاَوَّلِين.َ «Жок, алар мурункулардын айткандарын туурашат. Алар: «өлүп топуракка айланып, сөөгүбүз сөпөт болсо да кайра тирилмекпизби? Бизге да, андан мурда ата-бабаларыбызга да ушул эле убада берилген. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес» дешти». Адам пейлинин алсыздыгына байланыштуу себептер Куран Каримде айрым адамдык алсыздыктар менен кемчиликтер да акыретке ишенбөөчүлүккө себепкер болгон нерселердин катарында саналган. 1) Утурумдук дүйнөгө туткун болуу Бул дүйнөнү жана тирүүлүктү сүйүү – адам табиятында бар нерсе. Адам баласы бул жашоодо өзүнүн муктаждыктарын, каалоолорун жана жыргалчылыктарын адал чөйрөнүн ичинде эле кең-кесири камсыз кыла алат. Башкача айтканда, адал чөйрө адамдын жыргалчылыгына жетиштүү болгондуктан, арамга кирүүнүн зарылчылыгы жок. Бул маселени дагы да айкын түшүнүү үчүн улуу ислам окумуштууларынан бирөөнүн мына бул сөзүн келтирели: «Дүйнөнүн үч бети бар. Биринчи бети - бул дүйнө Алла Тааланын көркөм ысымдарынан чагылышкан аябай кооз көргөзмө. Бул дүйнөдөгү бардык заттар жана кубулуштар Алла Тааланын көркөм ысымдары чагылышып турган күзгү сыяктуу. Ар бир нерсе – Алла Тааланын керемет чыгармасы, сырдуу китеби. Дүйнөнүн ушул бети эң эле сулуу жана сүйгөнгө арзыйт. Экинчи бети акыретке карап турат. Бул дүйнө – акыреттин эгин талаасы, бейиштин айдоо жери. Акыретке, түбөлүктүү жашоого кеткен жол бул дүйнөдөн өтөт. Ошондуктан бул дүйнө Алла Тааланын ыраазычылыгы негизинде колдонулганда гана акыреттин ийгилигине жетүүгө болот. Дүйнөнүн ушул бети да биринчи бетиндей эле сулуу. Жек көрүүгө эмес, сүйүүгө ылайык. Үчүнчү бети - такыр эле адамдын жеке кызыкчылыгына карап калган, көкүрөк көзүн бүтөп пардалаган жана дүйнөгө баш оту менен берилип алгандардын напси-кумарларына оюнчук болуп берген бети. Дүйнөнүн ушул бети анык бетпак, утурумдук, жалтак, ары алдоочу бет». Жогоркуларды эске алуу менен жакшылап баамдап көрсөк, тек гана бул дүйнөнүн утурумдук бетине берилип алып, баары ушуну менен гана бүтөт деп ойлогон адамдардын убактылуу кызыкчылыкка батуусу, узунбу, кыскабы, айтор ушул жашоону гана көздөөсү, ушул өмүргө гана байланып, ага түбөлүктүүдөй үмүт артуусу аларды акыретке ишенбөөчүлүккө айдактаган себептердин бири. Ошондуктан, бул дүйнөгө гана байланып калуу адамга өлгөн соң кайра тирилүүнү унуттурарын нускоо менен, Куран Каримдин бир аятында мындай деп айтылууда: ... وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَوةُ الدُّنْيَا.. «...Аларды дүйнө жашоосу алдаган». Аараф сүрөөсүндөгү ушул эле мазмундагы бир аяттын акырында, алардын акырет күнүнө жолугаарды такыр унутуп койгону айтылууда. Демек, адамды дүйнө жашоосу биротоло туткундап алганда анын акыл-эсин алаксытып, туура ойлонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коёору анык. Ушул утурумдук жашоого гана байланып, ага ыраазы болгондордун андан башка түбөлүктүү, ары баалуу дагы бир жашоо жөнүндө ойлоно билүүсү өтө кыйын болуп калат. Башкача айтканда, бул дүйнөнү жашоонун башкы максаты катары кабыл алгандардын ой-пикири андан алыска жете алышы абдан кыйын. Андайлар аркандалган өгүздөй болуп казыгынын айланасын гана көрүп, ошого гана ишенишет. 2) Адашкан жолдон жана напси кумарларынан ажырагысы келбөө Чектен чыккан бузукулардын жана күнөөгө батуудан коркпостордун эң көрүнүктүү белгиси – акыретке ишенбөөчүлүк. Куран Каримде бул жөнүндө мындайча айтылган: وَمَا يُكَذِّبُ بِهِ اِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ اَثِيمٍ «Кыямат күнүн ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан адам гана «жалган» дейт». Акырет күнгө, Кыяматка ишенгиси келбегендердин акыйкаттан ары-бери бултактаганынын себеби, түпкүлүгүндө алар акыреттеги жоопкерчиликтин, эсеп берүүнүн таасиринде калгысы келишпейт жана бул сезимден кутулуу максатында акырет күнүн жокко чыгаруу аркылуу көңүл жубаткысы келишет. Ошондон улам мындай адамдар өлүмдөн кийин кайра тирилүү жана түбөлүктүү жашоонун бар экендигин үйрөткөн ыйык кабарлар тууралуу айтылса эле: «Булар байыркылардан бизге жеткен жомоктор, негизи жок сөздөрдүн эмне кереги бар» деген өңдүү кайдыгер жоопторду беришет. اِذَا تُتْلَى عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ اَسَاطِيرُ الْاَوَّلِينَ «Ага (кайра тирилүү чын экени жөнүндөгү) аяттарыбыз окуп берилсе, «байыркылардын жомоктору» дейт». Көрүнүп тургандай, жасаган иштеринин акыры эмне менен бүтөрүн ойлоп да койбогон, жеке кызыкчылыгы үчүн гана жашап, башкалардын акысын жеп, укугун тебелеп көнгөн мындай адамдар, Кыяматтагы жаза күнүнө (иштеринин жыйынтыгы чыгар күнгө) ишенүү менен жеке кызыкчылыктары тоскоолдукка учурагандыктан, «кыямаыт күндүн негизи жок» деген маанидеги «байыркынын жомогу» деген сөздөрү аркылуу чындыктан качарга жол издешет. Акыретке ишенбегендер бул тариздеги сөздөрдү жасаган иштеринен улам айтып чыгышат. Анткени алар жүрөктөрү таштай катып калганга дейре өзү билген арам жолдорун, күнөө иштерин улантышат. Алардын жүрөктөрү күнөө-каталарга толук үйүр алып, көнүп бүткөндүктөн дат баскан күзгүдөй карарган, акырында, акыйкатты сезбес жана чагылдырылгыс абалга келген болот. Андайлардын абалдары дагы бир аятта мындайча айтылган: بَلْ يُرِيدُ الْاِنْسَانُ اَنْ يَفْجُرَ اَمَامَهُ يَسْأَلُ اَيَّانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ «Бирок, адам баласы күнөө-кылмыштарды жасай бериш үчүн алдыда келчү Кыяматка ишенгиси келбейт; «Кыямат күнү качан болот имиш?» деп сурайт». Бул аятта, акыретке ишенбөөчүлүктүн жан дүйнөгө жашырынган түпөйүл себеби айтылган. Тагыраак айтканда, адам баласы напси кумарлыкка алдырып, арам нерселерге азгырыла бергиси келет. Бирок өлгөн соң кайра тирилүү жана эсеп-кысапка тартылууну ойлоп эки анжы ойго кабылат. Өзүнүн жеке кызыкчылыктарына эч нерсе тоскоол болбосо экен деп каалап, дегеле акырет деген түшүнүктөн биротоло кутулгусу келет. Өлгөн соң кайра тирилүүнү бир саамга ойлогусу да келбейт. Бул ойдон жаа бою качып, өздөрүн курулай алаксытууга көнүп алышат. 3) Текеберчилик, өзүмчүлдүк жана бой көтөрүү Акырет күнү келерин кабыл алууга тоскоол болгон дагы бир себеп катары текеберчиликти айтаар элек. Адамдын башкалардан өйдөсүнүп, төш көтөрүүсүн билдирген текеберчилик, көпчүлүк убакыттарда адамдын тескери жолго түшүүсүнө чоң өбөлгө түзөт жана адам табиятынын Жаратканга карай ачылган терезелерине калың парда тарткан терс көрүнүш. Куран Каримде акыретти моюндабагандардын ашкан текебер жана өзүмчүл адамдар экени азирети Муса Пайгамбардын сөзү аркылуу баяндалат: وَقَالَ مُوسَى اِنِّى عُذْتُ بِرَبِّى وَرَبِّكُمْ مِنْ كُلِّ مُتَكَبِّرٍ لَا يُؤْمِنُ بِيَوْمِ الْحِسَابِ «Муса айтты: «Мен эсеп берүүчү Кыямат күнгө ишенбеген ар бир текеберден сакта деп силердин жана менин Эгебиз болгон Алладан суранам». Текеберчилик – көкүрөктү сокур кылган, акыйкатка тоскоол болгон кара парда. Ошондуктан, текеберчиликтин далдоосунда калган акыл-эс менен аң-сезим бул ааламдагы санаксыз кереметтерди (мужизаларды) көрө албайт, сезе албайт. Ошондой эле өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү да кабылдай албайт. Анткени аң-сезим сокур болсо, көз да ишке жарабай калат. Кыргыз элибиз айткандай, «Көөдөн болбосо, көз – дубалдын тешиги». Куран Каримде өзүн жогору баалап менменсинген, өзүмчүл аң-сезим акырет чындыгы алдында моюн сунбастыгы айтылууда: ... فَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ قُلُوبُهُمْ مُنْكِرَةٌ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ «Акыретке ишенбегендердин жүрөгү чындыкты төгүндөйт, алар текеберчиликте калышкан». Бул түрдөгү адамдар Алла Таалага кулчулук кылууну, Анын пендеси катары мамиле көрүүнү текеберчиликтеринен улам кабылдай албай, пайгамбарлар жеткирген ыйман негиздерине баш ийгенге, кулак салганга моюндары жар бербей каршы чыгышат. Башкача айтканда, чындыкты кичи пейилдик менен кабыл алгысы келишпеген мындай адамдар караманча керсейишип, курулай көөдөн көтөрүүгө көнүп алышкандыктан адам баласына эң пайдалуу ыйман жолунан да куру калышат. Куран Каримдин кайра тирилүүнү далилдөө ыкмалары Акыретте чыныгы жашоо бар экенинин эң айкын далили жана жүйөөсү – Жараткандын кулдарына берген убадасы болуп эсептелет. Куран Каримде ар бир жандуу өлөрү , өлүмдөн качып кутулуу мүмкүн эместиги , Алла Таала Өзү өлүм берери жана акырында баары Ага гана кайтары кайра-кайра эскертилип, өлгөн соң кайра тирилүүнүн Алла Тааладан болгон анык убада экендиги билдирилет: اِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ وَاِنَّ الدِّينَ لَوَاقِعٌ. «Силерге убада кылынган кайра тирилүү – анык чындык. Эсеп-кысап да сөзсүз алынат». Баарына белгилүү болгондой, кабарлоочу чынчыл болсо кабар да туура болот. Демек, убадасына кайчылык кылуусу мүмкүн болбогон улуу Жараткан ушул китеп сыяктуу кылып жараткан ааламын акыры бир күнү жаап, кайрадан ачарын өзүнүн бардык ыйык китептеринде жана Куран Каримде кабарлаган. Алла Таала Өзү айтып, бизге жеткирген пайгамбарлар дагы чындыгына күбөлүк берип турганда акырет жашоосун нукура реалдуулук катары кабыл алуу керек. Куран Каримде, өлгөн соң кайра тирилүүнүн сөзсүз жүзөгө ашары айтылып эле калбастан, адам акылын алектендирип келген зарыл маселелердин бири катары буга кескин далилдерди да келтирген. Андай далилдерди баяндаган учурларда ишенбегендердин куру дооматтарын камтыган жандуу, үлгүлүү кубулуштарды да мисал катары келтире кетет. Кайра тирилүү жана эсеп берүү маселелерин эч кандай күмөндөнүүгө жол калтырбас даражада өзүнө гана таандык өзгөчө ыкмалар менен далилдеген Куран Карим, кайра тирилүү темасын мындайча үч багытта баяндаган: Салыштырма мисалдар менен далилдөө Куран Каримде акырет ааламынын чындыгын далилдөө ыкмаларынын бири катары салыштырып мисал келтирүү ыкмасы колдонулуп, адамдардын акыйкатты түшүнүүсүнө өбөлгө түзүлгөн. Бул ыкма Куран Каримде ишенбөөчүлөрдүн дооматтарынын таянар тутуму жок экендигин айкын көрсөткөн өзгөчө далилдөө жолу десек да болот. 1) Нерсени жоктон бар кылган Жаратуучу үчүн кайра жасоо кандай жеңил Адам кээде өзүнүн оюнан, чамасынан ашкан маселеге жолукканда анын жүзөгө ашуусуна акылы жетпей башы маң болот. Ошондуктан Куран Каримде улуу Жараткандын кудурет-күчү жөнүндө сөз болгондо адамдар өлгөн соң кайра тирилиши жана Жараткандын алдында эсеп бериши эч күмөнсүз чындык экендиги көп жолу кайталанып, баса белгиленет. Бир эле баракка (аалам дептерине) миллиондогон китептерди сыйдырып, бири-бирине аралаштырып жибербестен тартиптүү жазып көрсөткөн улуу Жараткан алардан бир китептин тигишин сөгүп, чачып жиберген соң, аны кайрадан мурунку калыбына келтирем деп убада кылса, «бул Анын колунан келбейт» деп айтуу мүмкүн эмес да? Ушул маселеде Куран Каримдин мына бул аятына жакшылап ой жүгүртүп көрөлү: يَوْمَ نَطْوِى السَّمَآءَ كَطَيِّ السِّجِلِّ لِلْكُتُبِ كَمَا بَدَأْنَا اَوَّلَ خَلْقٍ نُعِيدُهُ وَعْدًا عَلَيْنَا اِنَّا كُنَّا فَاعِلِين.َ «Ошол күндө биз асманды жазылган барактар оролгондой түрөбүз. Алгачында кандай жараткан болсок, убадабыз боюнча ошондой кайталайбыз. Муну сөзсүз жасайбыз» Ушул эле маселени дагы бир мисал менен баяндасак, бир адам кандайдыр бир техниканы жаңыдан жасап чыкса, кийин ошол өзү жасаган техникасын бөлөк-бөлөк ажыратып чачып жиберсе жана кайрадан бул техникасын мурункусундай кураштырып чыга алам десе, ал адамга: «Жок, ал сенин колуңан келбейт!» деп айтуу мүмкүн эмес. Адамдын чектелүү күч-кубаты, жөндөмү менен мындай нерсе ишке ашып жатканда, Жараткандын эч кандай кыйыры жок, эбегейсиз улуу күч-кудуретинин алдында кандайдыр бир тоскоолдор болот деп ким айта алат? Бардык нерсени жоктон бар кылып жараткан улуу Алла Тааланын чачылып-таратылып кеткен ааламдагы бүт нерселерди кайрадан жыйноого кудурети жетпей калмакпы? Жоктон жаратылган адам, өлүп жок болгон соң кайрадан жаралуусу эмне үчүн мүмкүн болбосун? Куран Каримде, кайра тирилүүгө ишенгиси келбегендердин «өлгөн соң кайра тирилемби?» деген жөнү жок суроосуна мындайча кыскануска жооп берилген: اَوَلَا يَذْكُرُ الْاِنْسَانُ اَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْئًا؟ «Инсан Биз аны мурун жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?» Адамдын жаратылуусу, бул дүйнөгө келиши жана адам катары жетилүү баскычтары өзүнүн эркинен тышкары, каалоосунан сырткы улуу Күчтүн аркасында жүзөгө ашары чындык. Ошондуктан адам баласы баштан өткөргөн жаратылуу баскычтары (жолу) анын Алла Тааланы жана акырет күнүн кабыл алуусунда өзүнө эң жакын жана эң айкын далил. Куран Каримде кайрадан тирилүү маселеси адамдагы ички касиеттердин негизинде далилденүү менен бирге, адам баласынын жаратылуу баскычтарына да назар бурулат. Кайрадан тирилүүнүн кадимкидей көрүнүш экендигинин далили катары адам баласынын жаратылуу баскычтары бир-бирден көз алдыга тартылып сүрөттөлөт: يَآ اَيُّهَا النَّاسُ اِنْ كُنْتُمْ فِى رَيْبٍ مِنَ الْبَعْثِ فَاِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ تَرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِنْ مُضْغَةٍ مُخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِنُبَيِّنَ لَكُمْ وَنُقِرُّ فِى الْاَرْحَامِ مَا نَشَآءُ اِلَى اَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا اَشُدَّكُمْ وَمِنْكُمْ مَنْ يُتَوَفَّى وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ اِلَى اَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنْ بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا.. «Оо, адамдар! Эгерде силер өлгөн соң кайра тирилүүдөн күмөндөнсөңөр, (анда муну билгиле:) Биз силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчыдан (уруктан), анан уюган кандан (эмбриондон), анан негизги кебетеси бүткөн, бирок бардык мүчөлөрү али бүтө элек бир үзүм эттен өзүңөргө билдирүү үчүн жараттык. Каалаган кезибизге чейин эненин курсагында турасыңар. Анан силерди ымыркай бала кылып (дүйнөгө) чыгарабыз. Анан эрезеге жетесиңер. Араңардан кээ бирөөлөр (бала кезинде эле) кайтыш болуп, кээ бирөөлөр өмүрдүн өмгөктөгөн карылыгына чейин жеткирилип, мурун билген нерселерин билбес абалга келет...» Жөнөкөй бир тамчы суудан керемет инсандын жаратылышы – Алла Тааланын барлыгына далил болгону сыяктуу эле, өлгөн соң кайра тирилүүгө да бекем далил. Ошондуктан жогорку аяттан кийинки аятта мындай делет: ذَلِكَ بِاَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَاَنَّهُ يُحْيِ الْمَوْتَى وَاَنَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ. «... Бул ушундай болот; Анткени Алла жалгыз чындык. Өлүктөрдү Ал тирилтет жана Ал баарына кудуреттүү». Куран Каримде акыретке ишенбеген адамдын бул маселеге карата душмандарча мамиле жасап каршы турганы ал өзүнүн жаратылуу абалынан кабарсыз калгандыгы менен байланыштырылат: اَوَلَمْ يَرَ الْاِنْسَانُ اَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَاِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ. «Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көргөн жокпу? Эми ашкере душмандыкка өткөнүн кара» Адамдын өзүн-өзү унутуп койгону, тагыраак айтканда, жаратылуусундагы ушунчалык керемет жана толук далилди эстен чыгарганы анын ишенбөөчүлүккө бет алуусунун бир себеби болуп калган. Куран Каримде бул тууралуу келтирилген жогорку аяттын артынан эле: ... وَنَسِيَ خَلْقَهُ.. «...Жана ал (кандайча) жаратылганын унутту» делгени жөн жеринен эмес. Өзүнүн кандайча кылдаттык менен жаратылганын түшүнгөн адамдын кийин кайра тирилүүгө карата күмөн ойдо калуусу мүмкүн эмес. Топурактан жаны бар, ойлой алган, сүйлөй алган, уга алган аң-сезимдүү, акыл-эстүү адамзатты жараткан Алла Таала, албетте, топуракка айланган ошол адамды кайрадан тирилте алат. 2) Кайрадан тирилтүү абдан оңой Куран Карим ушул эле салыштыруу ыкмасы аркылуу адамдардын аң-сезимин дагы бир өңүттөн ойготууга далалат жасайт. Акыретке ишенбөөчүлөрдүн өнөкөткө айланган оорусу; «Биз тирүүлүктүн жыты да калбаган чириген сөөккө айланган соң кайрадан тирилмек белек?» деген сыяктуу күмөндүү дооматтарына карата Куран Карим Алла Тааланын бул ааламда адамдардан алда канча зор жана керемет нерселерди жаратканын эскертип, буга салыштырып караганда адамдарды кайрадан тирилтүүнүн анчейин кыйын иш эместигин билдирет. Бул жөнүндө Куран Каримде акыретке ишенбегендердин олуттуураак ойлонуусуна жол ачып, мындайча суроо берилген: اَاَنْتُمْ اَشَدُّ خَلْقًا اَمِ السَّمَآءُ بَنَاهَا؟ «(Анын) силерди кайра жаратуусу кыйынбы, же куруп койгон асмандыбы?». Бул аятта адамдарга мындай деп айтылып жаткан сыяктуу: «Силер чириген сөөктөргө кантип жан кирсин деп айтканды өнөкөт кылып алдыңар. Мына бул зор асманды жараткан Алла үчүн баарысы жепжеңил болоорун ойлогон жоксуңарбы?» Куран Карим оболу «адамдын жаратылуусу кыйынбы, же болбосо бардык курамы менен асмандын жаратылуусу кыйынбы?» деген маанидеги суроону берип, зарыл маселеге назарыбызды бурган соң, экинчи кадамда бул суроого өзү жооп берет: لَخَلْقُ السَّمَاوَاتِ وَالْاَرْضِ اَكْبَرُ مِنْ خَلْقِ النَّاسِ وَلَكِنَّ اَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ. «Албетте, асмандар менен Жерди жаратуу – адамдарды жаратуудан да зор иш. Бирок адамдардын көбү муну билишпейт». Заңгыраган көп кабаттуу имарат курган адам үчүн жөнөкөй кепе тургузуу, же бир алачык тигүү кандай жеңил болсо, чеги жок асман, өлчөмү жок жерге салыштырмалуу кыпындай эле бирдеме саналган адамдын жаратылуу маселеси да ошондой жеңил. Куран Каримдин дагы бир аятында, ошончо кенендиги, чексиздиги менен асман-жерди эбегейсиз мыкты тартипте, сонун гармонияда жаратып, кыймылга келтирип тура алган Алла Тааланын адамдарды өлгөн соң кайра тирилтүүсү эч кандай кыйын иш эместиги айтылууда: اَوَلَيْسَ الَّذِى خَلَقَ السَّمَاواتِ وَالْاَرْضِ بِقَادِرٍ عَلَى اَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ؟ بَلَى وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ. «Асмандар менен Жерди жараткан Алла, аларга окшогондорду жарата албай калмак беле? Албетте, жарата алат. Ал баарын билген кудуреттүү Жаратуучу». 3) Бир нерсени тескери нукка өзгөртө алуучу, андан башкасын да өзгөртө алат Кайра тирилүүнүн мүмкүндүгүн далилдөөдө Куран Каримдин адамдарга сунган дагы бир салыштырма мисалы: اَلَّذِى جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْاَخْضَرِ نَارًا فَاِذَا اَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ «Ал силерге жашыл дарактан от чыгарып берген, силер андан от жагып жатасыңар го». Куран Карим бул жерде келтирген мисалы аркылуу ошол кездердеги бул ыйык кабарлардын алгачкы угуучулары болгон араптарга өздөрү колдонгон эки түрдүү жашыл даракты жана алардын бутактарын бири-бирине сүрүү менен тутанган отту көз алдыларына тартып, улуу Алланын Өзү каалаган нерсени жасай ала турганын, Анын кудуретине эч нерсе тоскоол боло албастыгын билдирген. Ал эми бул аяттын темабызга байланыштуу түшүнүгү мындай: Суу менен от бири-бирине карама-каршы нуктагы нерселер болгондуктан жана суулуу жашыл жыгачтан оттун чыгуусу мүмкүн болбогон абалда, улуу Кудуреттин ээси ошондой жашыл жыгачтан от чыгарып, бир нерсени ага терс келген нерседен жаратканын көрсөткөн. Өлүмдүн аркы бетиндеги жашоонун бар экенине далил катары бул мисалды келтирген Куран Карим, бул ааламда бир нерсенин терс жагындагы башка бир нерседен бардыкка келиши көзгө көрүнөө реалдуулук экенин эскертип, аң-сезимди кайра тирилүү чындык экендигин кабылдагыдай абалга келтирүүнү максат кылган. Жыйынтыктап айтканда, Куран ным жыгачтан от чыгара алган улуу Алла Тааланын өмүргө эч тиешеси жоктой көрүнгөн чириген сөөктөрдөн да тирүүлүктү пайда кыларын мисалдуу баяндап назарыбызга сунууда. Даяр өрнөктөрдү көз алдыга тартуу жолу менен далилдөө Куран Карим кээде бизге кайра тирилүү акыйкатын билдирүү үчүн жандуу даяр өрнөктөрдү да мисал катары эскерте кетет. Бул өрнөктөр алыстан эмес, акыретке ишенген жана ишенбеген ар бир адамдын айлана-чөйрөсүнөн, тагыраак айтканда, көзгө көрүнөө, «мурундун учундагы» нерселерден жана кубулуштардан берилет. Куран Карим ушундай ачык далилдер менен бир жактан кайра тирилүүнүн жүйөөсүн көз алдыга тартса, дагы бир жагынан аны жокко чыгаруучулардын буга каршы эч кандай далилдери жок экендигин, дооматтарынын илимий негизден алыстыгын баяндайт. Атап айтсак, кайра тирилүүнү акылына сыйдыра албагандарга карата, купкургак өлүү жердин жамгыр суусу менен жанданарын жана түркүн өсүмдүктөр менен көркүнө чыгарын; ошондой эле адам баласы тикелей баштан өткөрүп жаткан уйкуну (уктоону) мисал келтирип, кайра тирилүүнүн мүмкүндүгүн далилдеген далилдер катары назарыбызга сунат. Бул мазмундагы аяттарда, акыл-эстин ой жүрүмү аркылуу чыгарган тыянактары нускоочу ыкма менен берилген. Тагыраак айтканда, мындай далилдөө ыкмасы улуу Жараткандын Өз кулдарына кабар бергенинен көрө, бир устаздын окуучусуна сабак бергени сыяктуу жеңил маанайда кабыл алынышы мүмкүн. Ушул ыкмадагы далилдерге көз чаптырганда, маселени мейли бир акылман философтун же бир карапайым малчынын ой өрүшү менен кабылдаган абалда да Куран Карим колдонгон бул ыкмадан ашып түшкөн башка бир ыкманы көрсөтүп берүү мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ушул темага байланыштуу хадистери да Куран Каримдин баяндагандарынын тереңирээк түшүндүрмөлөрү болуп саналат. Эми биз Куран Каримдеги ушул темага байланыштуу адамдарга сунулган өрнөктөргө кыскача токтололу: 1) Өлгөн жердин кайра тирилүүсү Кышында өлүктөй тоңуп, биротоло соолуган жер жүзүнүн жазында кайра тирилтилиши Куран Каримде адам өлгөн соң кайрадан тирилүүсүнүн мүмкүндүгүн баяндаган жана көзгө көрүнөө кубулуш экендигин түшүндүргөн эң көрүнүктүү мисал катары берилет. Алла Тааланын жер жүзүнө орноткон мыйзам-ченемдери боюнча бардык нерсе кайракайра жаңыланып турат. Айрыкча, Куран Карим бизге бул тууралуу суу жана аны менен өсүп жетилүүчү өсүмдүктөрдү мисал катары көрсөтүп, назарыбызды мына бул багытка бурат: «Бардык нерсе жоголуп, анан кайрадан мурунку абалына келип жатса, адам баласы да өлгөн соң кайрадан баштагы тирүү абалына келиши кантип мүмкүн болбосун?» Биз тирүүлүктө көрүп турган бул жашоонун шарданы да өлгөн соң кайрадан тирилүүнүн мүмкүндүгүнө өзүнчө далил. Тактап айтканда, кыш, жаздын бир бирине алмашуусу өлүм жана кайра тирилүү кубулуштарын айлар бою биздин көз алдыбызга тартып турат. Окшош кубулуштарды биз ар дайым көрүп турган бир ааламда кайра тирилүүгө ишене албастыктын өзү кандай маанисиз? Өлгөн соң кайра тирилүү жана эсеп берүүгө жыйналуу тигил кубулуштардан башкача нерсе беле? Же болбосо адам баласы өзүнүн кайра тирилүүсүн Алла Тааланын улуу кудуретинен алыс деп санайбы? Ушунтип, ар бир жазда сансыз «кайрадан тирилүү» окуясына күбө болгон жер жүзүнө жакшылап баам сала алган адам өзүнүн да өлгөн соң ушулар сыяктуу эле экинчи бир ааламдын жаңы жазында кайрадан тирилээрин кыйналбай эле түшүнө алат. Ушул мааниде, Куран Каримде көп аяттар келген. Алардын бир нечесин келтире кетели: فَانْظُرْ اِلَى آثَارِ رَحْمَتِ اللَّهِ كَيْفَ يُحْيِ الْاَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا اِنَّ ذَلِكَ لَمُحْيِ الْمَوْتَى وَ هُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ «Алланын мээриминин белгилерин карасаңчы! Жер жүзү өлгөн соң кандай тирилтти! Буларды жасаган Ал (Алла) албетте, өлүктөрдү да тирилтет. Ал баарына кудуреттүү». وَمِنْ آيَاتِهِ اَنَّكَ تَرَى الْاَرْضَ خَاشِعَةً فَاِذَا اَنْزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَآءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ اِنَّ الَّذِى اَحْيَاهَا لَمُحْيِ الْمَوْتَى اِنَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ «Анын алааматтарынан бири ушул: Сен топурактын кургап, какшып калганын көрөсүң. Анан Биз ага жаан жадырган кезибизде аракеттенип көпшүйт. Аны тирилткен Алла, өлүктөрдү да, албетте, тирилтет. Ал бардык нерсеге кудуреттүү». Жаратылуусунун бирдейлиги негизинде Куран Каримде өлүк жердин жандануусу адамдын тирилтилүүсүнө далил катары келтирилгени терең мааниге ээ. Арийне, улуу Кудуреттин ээси мезгилдердин кучагындагы бул дүйнөнүн кебетесин кайсы мыйзамдары менен алмаштырып жаткан болсо, Кыямат күнүндө да ааламдын кебетесин ошол эле мыйзамдары менен кайра алмаштыра берет. Өлгөн бардык өсүмдүк жана дарактары менен жер жүзү жазда кайсы мыйзам менен тирилсе, өлгөн адамдар да ошол эле мыйзам менен кайра тирилишет. Бул мазмундагы аяттардын акырында: ... وَكَذَلِكَ تُخْرَجُونَ «Демек, ушундайча кайра чыгарыласыңар» делген, же бобосо: ... كَذَلِكَ الْخُرُوجُ «Демек, кайра чыгуу да ушундай болот» деп айтылгандыгы да бизге «өлүү топурак кантип жанданган болсо, дарактар жаңы жашоосун кайрадан улантып жаткан болсо жана өсүмдүктөр жерден кайра кантип чыгарылып жатса, силер да кабырыңардан кайрадан ошондой жан салынып чыгарыласыңар» дегенди түшүндүрүүдө. 2) Адам баласынын ар күнү өлүмдөн тирилгендей уйкудан ойготулушу Куран Карим демейки тирүүлүктүн өрнөктөрүнөн дагы бир мисалды мындайча келтирет: Эгерде адам баласы кайсы бир деңгээлде өлүм катары саналуучу терең уйкуга батып, анан кайрадан жашоосун улантканы тууралуу жакшылап ойлонуп, жашоонун бул келме-кезек көрүнүшүн изилдеп көрсө, кайра тирилүүнүн чындыгын кыйналбай эле түшүнөт. Кайра тирилүүгө ишенбегендер: «Өлгөн соң кайрадан тирилүү мүмкүндүгүнө ишенсек, анда адамдагы аң-сезимдердин денеден толук ажыраган соң кайрадан демейкидей тирүүлүккө кайтуусуна кантип ишене алабыз?» дешип, мындайдын мүмкүн эместигин айтышкан. Алардын бул дооматына каршы Куран Карим демейки адамдар күнүмдүк баштан өткөрүп жатышкан уйкуну эске салат. Демек, улам алмашып турган уйку менен ойгоолук абалдары, өлгөн соң да кайрадан тирилүүнүн болорун бизге туюнтуп турган жандуу өрнөк. Кайра тирилүүнүн мындан өткөн айкын жана жандуу белгиси болбойт. Куран Каримде мындай делген: وَهُوَ الَّذِى يَتَوَفَّاكُمْ بِالَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُمْ بِالنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَى اَجَلٌ مُسَمًّى، ثُمَّ اِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ. «Ал түндөсү силерди уктатып алып кетет; Күндүзү эмне кылганыңарды билип турат. Анан белгилүү мөөнөт бүткөнчө силерди тирилтет. Анан кайтып бараар жериңер да Анын даргөйү. Жана Ал дүйнөдө жасагандарыңарды силерге билдирет». Бул аяттын тафсиринде бир жерде мындайча айтылган: «Алла Таала денеңердин чарчап, каржалган жана өлгөн бөлүктөрүн уйкуда кезиңерде силерге туйгузбастан эле ордун толтуруп жаңылайт жана силерден алып койгон аң-сезимиңерди эртең менен кайра силерге кайтарып берип, мурункудай руханий-материалдык жашооңор менен кайрадан тирилтет, ойготот. Силер ошондо гана күн-түндү айра билип, өзүңөрдүн жана мурунку нерселериңердин баягы бойдон турганын, арада эч нерсе үзгүлтүккө учурабаганын же жашоо токтоп калбаганын билесиңер. Адамдагы материалдык-моралдык жактан өмүр сүрүүнүн шарданы күн-түнү эле эмес, ар бир көз ирмемде ушунтип алмак-салмак тирилүүнүн ичинде уланып турат. Муну көптөгөн адамдар каймана маанидеги тирилүү катары түшүнсө да, олуттуу түрдө илимий нукта караганыбызда, бул толук маанидеги кайра тирилүү экендиги айкын болот». Адамдар кудум уктап ойгонгон сымал, өлгөн соң кайрадан тирилери тууралуу дагы бир аятта мындайча айтылган: اّللّهُ يَتَوَفَّى الْاَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَالَّتِى لَمْ تَمُتْ فِى مَنَامِهَا فَيُمْسِكُ الَّتٍِى قَضَى عَلَيْهِ الْمُوْتَ وَيُرْسِلُ الْاُخْرَى اِلَى اَجَلٍ مُسَمًّى، اِنَّ ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ. «Өлөр чакта жанды Алла алат, өлбөгөндөрдү уйкусунда (бир түрдүү өлүмгө) дуушар кылат. Ушинтип, өлүмү бекитилгендердин (жанын) кармайт да, башкалардыкын белгилүү мөөнөткө дейре коё берет. Күмөнсүз, мында ой жүгүрткөн адамдар үчүн сабактар бар». Бул аяттар өлүм менен уйкунун окшоштугун баяндаган. Уйку – жеңил, ары кичине өлүм болсо, өлүм – катуу жана терең уйку. Ар эки абалда тең адам баласынын жаны бир жашоодон дагы бир жашоого өтөт. Уктап ойгонуу менен өлүп кайра тирилүүнүн окшоштугу хадистерде да айтылган, мисалы, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) уктар алдында: اللَّهُمَّ بِاسْمِكَ أَمُوْتُ وَ أَحيَا «Аллам! Сенин ысымың менен өлүп, кайра тирилемин» десе, уйкудан ойгонгондо: الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانًا بَعْدَ مَا أَمَاتَنَا «Бизди өлгөнүбүздөн кийин кайра тирилткен Аллага мактоолор болсун» деп айтчу. Уйкунун жана ойгоолуктун жаратуучусу болгон улуу Алла Таала ушул экөөнүн ортосунда боло турган «түш көрүү» чындыгы аркылуу да ушул маселе жөнүндөгү шек күмөндөрдү жоюу үчүн акылыбызга жаркын багыт тартуулаган. Башкача айтканда, Ал биздин аң-сезимибизди бул ааламдан башка бир ааламга алып барып, бизди ошол ааламдын добуштарына жана түстөрүнө жуурулуштура саякаттатып, демейки үч өлчөмдүү материалдык «капастар» курчап турган ааламдан башкача башка бир ааламдын бар экенин адамга тикелей сездирүүдө. Ар түнү өлүмдүн «кичирейтилген» жолдошу болгон уйкуга баткан жана ар бир таңда кайрадан тирилген өңдүү ааламга көзүн ачкан адам баласы Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн айкын белгилерин күнүгө өз башынан өткөрүүдө. Демек, адам баласы өлгөн соң кайра тирилүүнүн үлгүсүн уктоо жана кайра ойгонуу аркылуу ар дайым тикелей өз башынан өткөрөт. Куран Карим өлүм менен уйку, тирилүү менен ойгонуу ортосундагы мындай окшоштукту чагылдыруу менен мындай деп эскертет: Алла Таала адам баласын кандай уктатса, ошондой өлтүрөт, кандай ойготсо, ошондой тирилтет. Байыркы замандардагы кайра тирилүү өрнөктөрү менен далилдөө Куран Каримдин кайра тирилүүнү далилдөө ыкмаларынын дагы бири – илгери болуп өткөн кереметтүү кайра тирилүү окуяларын өрнөк катары көз

Cунуш кылабыз