Пайгамбарларга ыйман келтирүү

6:49 AM Ишеним

«Пайгамбар» деген сөз кыргыз тилибизге фарсий тилинен оошуп кирген, лексикалык жактан «жол башчы, жол көрсөтүүчү, кабарчы, элчи» деген маанилерди билдирет. Ал эми динибиздин терминологиясында Пайгамбар - Алла Тааланын Өз пенделеринен тандап вахий жөнөтүп, буйрук жана тыюуларын адамдарга жеткирүүгө милдеттендирген Элчиси» . «Пайгамбар» деген сөз арабчада «Расул» же «Мурсал» деп аталат. «Расул» же «Мурсал» демейде, жаңы ыйык китеп же жаңы шарият менен адамдарга жөнөтүлгөн Пайгамбарды билдирет. Бул атоолордун көптүк түрү арабчада «Русул» жана «Мурсалуун» болуп келет. Куран Каримде Пайгамбар маанисиндеги дагы бир сөз «Набий» делет. Набий да Алла Тааланын буйрук жана тыюуларын адамдарга жеткирген, бирок жаңы ыйык китеп жана жаңы шарият менен жөнөтүлбөстөн, өзүнөн мурунку Пайгамбардын китебин жана шариятын элине билдирүүгө милдеттүү болгон Пайгамбар. Бул сөздүн көптүк түрү «Анбия» болуп келет. Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн зарылдыгы Пайгамбарларга ыйман келтирүү – ыймандын алты негизинин бири. Алардын Алла Таала тарабынан тандалып жөнөтүлгөндүгүнө жана бул адамдардын Алла Тааладан алган бардык билим-маалыматтарынын туура жана нукура чындык экендигине ишенүү. Алла Таала ар бир мусулманга эч кандай айырмасыз түрдө бүткүл Пайгамбарларга ыйман келтирүүнү парз кылган. آمَنَ الرَّسُولُ بِمَآ اُنْزِلَ اِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ؛ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهَِ وَمَلَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ اَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ.. «Пайгамбар менен ыймандуулар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Алардын бардыгы Аллага, периштелерине, китептерине жана пайгамбарларына ишеништи да, «Анын Пайгамбарларынын эч кимисин бөлбөйбүз» дешти». Куран Каримдин дагы бир аятында Пайгамбарлардын кээ бирөөлөрүнө ишенип, башкаларына ишенбөөчүлүк (ыйман келтирбестик) – каапырлыкка тиешелүү иш экендиги ачык-айкын көрсөтүлгөн: إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَلِكَ سَبِيلا أُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ حَقًّا وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا «Аллага жана анын Пайгамбарына ишенбегендер, жана Аллага ишенгиси келсе да, Пайгамбарларына ишенбей, Алла менен анын Элчилерин бөлүп жаргысы келип: «Кээ бирөөлөрүнө ишенебиз, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз» деп ыйман менен каапырлыктын арасындагы жолду кармангысы келгендер – мына ошолор анык каапырлар болуп саналат. Биз андай каапырлар үчүн кордоочу оор жаза даярдадык!». Пайгамбарлык курулушунун зарылчылыгы Адам баласы өзүнүн потенциалдык жөндөмдөрү жана өзгөчөлүктөрү менен жаратылыштагы жандуулардын арасында эң жогорку орунду ээлеп турат. Бирок, ошого карабай адам баласына таандык алсыздыктар болуп саналган ичи тардык, жек көрүү, карөзгөйлүк, кежирлик сыяктуу бир топ терс сапаттары да анын адамдык бийиктигин төмөндөтүп, ар дайым аңгекке кулатууга даяр турат. Демек, Алла Таала Өзү жараткан адам баласынын алсыз жактарын Өзү гана жакшы билгендиктен, терең сырлары, ченемсиз даанышмандыгы жана мээримдүүлүгүнө жараша адамдарга жол башчы катары Пайгамбарларды тандап жөнөткөн. Бул ааламдагы эч бир нерсе максатсыз, милдетсиз жаратылбаганы сыяктуу эле, башчысыз, жетекчисиз калган эч бир жандуу жок. Кумурсканы жетекчисиз, аарыны падышасыз, балыктар менен канаттууларды башчысыз таштап койбогон улуу Жараткан, албетте, адамзатты да Пайгамбарсыз коймок эмес. Адамзаттын тарыхында жашап өткөн ар бир Пайгамбар адам баласынын табиятына жайгаштырылган ички асыл баалуулуктарды ойготуп жетилдирүүдө жана адамды жаралуу максаттарына карай багыттоо милдетин аткарууда чоң эмгек сиңиришкен. Эгерде Пайгамбарлар болбогондо жаратылыш дарагынын эң жетик мөмөсү эсептелген адам баласынын асыл касиеттери чирип жок болмок, адамдык жашоо маанисин таптакыр жоготмок. Ошондой эле, Пайгамбарлар коомдук негизде ирегелеш өмүр сүрүүгө аргасыз жаратылган адамдардын арасындагы өз ара карым-катыштарды тартипке келтирип, аларды акыйкаттыкка, адилеттүүлүккө үйрөткөн жеткилең инсандар катары адамзатка чоң кызмат кылышкан жана окуялардын, кубулуштардын ички сырларын адамдарга үйрөтүп, аларга адам-аалам-Алла арасындагы тыгыз байланышты туура өңүттө түшүндүргөн алгачкы мугалимдер. Дагы бир жагынан, Пайгамбарлар адамдар үчүн руханий моралдык багытта жана дүйнө-акыреттин бактылуулугуна жетүүдө кынтыксыз жетекчилер болгону сыяктуу эле, материалдык багыттарда да устаттар катары өз доорунан көп алдыга кеткен жаңы чыйырларды ачкан, Алла тарабынан берилген кереметтер аркылуу улуу цивилизацияларга, жетишкендиктерге жол ачып, илим-билимдин өнүгүүсүнө шарт түзгөн жол башчылар катары да маанилүү кызмат өтөшкөн. Адамдардын Пайгамбарларга муктаждыгынын себептерин мындайча жыйынтыктап айтсак болот: Андыктан улуу Жараткан адамдардын бул муктаждыгын камсыз кылуу үчүн аларга Пайгамбарларды жөнөткөн. Пайгамбарлар болбогондо адамдар утурумдук каалоо-талаптарынын басымы астында калып, акыйкат жана туура нерселер менен зыяндуу нерселерди анык ажыратып биле албай адашып кыйналмак. Адамдар ар түрдүү иштерде жоопкерчилик алып, соопко же жазага ылайыктуу болуусу үчүн да Пайгамбарларга муктаж. Пайгамбарлар болгону үчүн гана адам баласы акыретте кайрадан тирилген соң: «мындай экенин билбептирбиз…» деп Алла Тааланын алдында түрдүү шылтоолорду айтып көк беттене албай калат. Куран Каримде бул тууралуу мындайча айтылат: رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ.. «Пайгамбарлардан кийин адамдар Аллага доо койбосун деп, сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып Пайгамбарларды жөнөттүк…» Корутундулап айтканда, Пайгамбарлар Биз жашаган ушул чектүү дүйнөнүн материалдык эшиктеринен көрүнбөгөн аркы ааламдарга карай терезелерди ачкан, чексиз көмүскө ааламдын барлыгынан кабар берген, биз жашап жаткан дүйнөнүн маани-маңызын аны жараткан Кудуреттин буйруктарына жараша түшүндүргөн өзгөчө касиеттүү адамдар болуп саналат. Алар аркылуу бизге жеткен вахий нуру биздин рухубузга сиңмейинче, же башкача айтканда, биздин жан дүйнөбүз аян нуру менен жарымайынча, ой жүгүрткөн жана чындыктарды издеген акылыбыздын бардык умтулуулары көз таңмай оюнунан айырмасы жок болуп калат. Пайгамбарлардын орток жана ажырагыс өзгөчөлүктөрү 1. Инсан тукумунан болмогу Пайгамбарлар тууралуу сөз кылганыбызда алар эң оболу адамзаттын тукумунан боло турганын билишибиз абзел. Башкача айтканда, пайгамбарлар периштеден же башка макулуктардан дайындалбастан, кадимки эле инсандын тукумунан болот. Асыресе, Пайгамбарлар адамзатка жөнөтүлгөн Элчи болгонунан улам, адамдардан тандалышы талапка ылайык. Анткени адамдарга өздөрүнүн ичинен болгон адам гана толук жетекчилик кыла алмак. Куран Каримде Пайгамбарлардын демейки биз сыяктуу эле адамдык сыпаттарга эгедер инсан экендиги билдирилген. 2. Алла тарабынан тандалмагы Пайгамбарлар Алла тарабынан гана тандалган өзгөчө инсандар болуп эсептелет. Эч бир пайгамбар өзүнүн, же баш калардын каалоосу менен пайгамбарлыкка ээ боло албайт. Алла Таала Пайгамбар кылып тандачу адамды руханий жана физикалык жактардан ушул милдетти аткарууга жөндөмдүү кылып жараткан. Ошондой эле кимди пайгамбар кылаарын жеке Өзү гана белгилейт. Бул укук жалгыз Алла Тааланын колунда. 3. Чынчыл жана ишенчиликтүү болмогу Пайгамбарлар бул дүйнөлүк жана акыреттик бардык иштерде чынчыл жана нукура ишенчиликтүү, жаңылбас адамдар болуп саналат. Башкача айтканда, алар эч качан калп айтпаган, адамдарга эң ишенчиликтүү инсан катары жалпыга үлгү болушкан. Алардын ушундай ишенчиликтүү болгонуна Алланын Өзү да, тарых да күбөлүк берет. 4. Кыраакылык (фатанат) Пайгамбарлардын ар биринде бул өзгөчөлүк өтө күчтүү болот. Пайгамбарларга гана тиешелүү бул сыпатка демейки адамдардын өнүккөн акыл-эси же бийик таланты менен, даанышмандык, генийлик деген түшүнүк менен баа берүү туура эмес. Анткени Пайгамбарлар демейкиден такыр башкача, адамдык өлчөөдөн ашып түшкөн кыраакылыкка жана акыл-эске эгедер. Алар эң эле кыйын жана татаал делген көйгөйлөрдү чай ичип олтургандай жеңил гана чечип коюшкан. 5. Күнөөлөрдөн, каталардан корголмогу Пайгамбарлар адамдарга жолбашчылык кылуу милдетин аркалагандыктан, башкалардын аларга болгон ишенимин мокоткудай күнөө-каталыктардан, жаңылыштыктардан алыс кылынган. Алла Тааланын коргоосу астындагы бул өзгөчө инсандар өз өмүрлөрүндө эч качан күнөө жасабайт жана бул тазалыгын эч убакта жоготушпайт. 6. Алган аянды кынтыксыз жеткирмеги Пайгамбарлар Алладан алган буйрук жана тыйымдарды (вахийди) өздөрү жөнөтүлгөн коомчулукка (үммөттөрүнө) эч бир кынтыксыз, толук жеткиришкен. Пайгамбарлар үчүн мындан башкача болуусу да мүмкүн эмес. Анткени кандайдыр бир кемчилик кетүүсүнө Жараткандын Өзү да, Пайгамбарлардын таза табияты да жол бермек эмес. Пайгамбарлардын жалпы саны жана Куран Каримде аты аталган пайгамбарлар Куран Каримде адамзатка жөнөтүлгөн Пайгамбарлардын жалпы саны канча экени тууралуу так маалымат берилген эмес. Бул тууралуу Куран аяттарында өзгөчө баса белгиленген бир гана нерсе: ар бир элге жана ар бир чөлкөмгө эскертүүчү Пайгамбар жөтүлгөн. وَاِنْ مِنْ اُمَّةٍ اِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٌ «Тегинде, эскертүүчү Пайгамбар жөнөтүлбөгөн эч бир эл жок». وَلَقَدْ اَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ مِنْهُمْ مَنْ قَصَصْنَا عَلَيْكَ وَمِنْهُمْ مَنْ لَمْ نَقْصُصْ عَلَيْكَ.. «Сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз. Алардын кээ бирлеринин окуяларын сага баяндап бергенбиз жана айрымдары жөнүндо сага айткан жокпуз». Пайгамбарлардын жалпы саны тууралуу бир хадисте айтылганына таянсак, адамзатка 124 миң набий, 313 миң расул келген. Ал эми Куран Каримде мына бул пайгамбарлардын аттары аталып өткөн: 1. Адам 2. Идрис 3. Нух 4. Худ 5. Салих 6. Лут 7. Ибрахим 8. Исмаил 9. Исхак 10. Якуб 11. Юсуф 12. Шуайб 13. Харун 14. Муса 15. Дауд 16. Сулайман 17. Аййуб 18. Зулкифл 19. Юнус 20. Иляс 21. Эляса 22. Закария 23. Яхя 24. Иса (алайхимуссалам) жана 25. Мухаммед (саллаллаху алайхи васаллам).

Cунуш кылабыз