ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

6:49 AM Ишеним

ПЕРИШТЕЛЕР «Периште» сөзү тилибизге фарсий тилинен оошуп кирген. Арабчада «малак» (көптүк түрү «малаике») деп аталган бул сөз лексикалык жактан «кабарчы, элчи, күч-кубат» сыяктуу бир нече маанилерди туюнтат. Ал эми ислам терминологиясында периште – «Алла Таала тарабынан жаратылган, эркек-ургаачылык айырмасы жок жана Алла Таалага баш ийүүдөн эч качан тайбаган жаркын жандар» деген аныктама менен белгиленет. Периштеге ыйман келтирүүнүн зарылдыгы Периштелер биздин сезүү органдарыбыздын жардамы менен сезилип, билингидей физикалык дене түзүлүшкө ээ болбогондуктан көмүскө (гайб) ааламга таандык болуп эсептелет. Андыктан алар жөнүндөгү маалыматтарды сезим органдарыбыздын тикелей тажрыйбасы менен эмес, кайра пайгамбарлар берген кабарлар аркылуу биле алабыз. Улуу жаратуучу гайб ааламдын акыркы кабарчысы болуп эсептелген эң акыркы Пайгамбар, азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) түшүргөн китебинде бизге периштелер жөнүндө көптөгөн маалыматтарды билдирип, алардын бар экендигине ишенүүнү ыйман негиздеринин катарында баяндаган: «Пайгамбар менен ыймандуулар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Алардын бардыгы Аллага, периштелерине, китептерине жана пайгамбарларына ишеништи». Периштелерге ишенбеген, ыйман келтирбеген адам Курандын ушул мазмундагы жогоркудай бир топ аяттарынын өкүмүнө ишенбегендиги үчүн ыйманы бар болуп саналбайт. Периштелерге ишенбөө дегендик – түпкүлүгүндө Алла Тааланын ыйык кабарына, пайгамбарына, пайгамбарга түшүрүлгөн китепке жана ал жеткирген динге кыйыр мааниде ишенбегендик. Анткени дин пайгамбарларга периштелердин жолу менен үйрөтүлгөн. Куран Каримде мындай делет: وَمَنْ يَكْفُرْ بِاللَّهِ وَمَلَئِكَتِهِ وَ كُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِفَقَدْ ضَلَّ ضّلَالًا بَعِيدًا «Кимде-ким Аллага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана акырет күнүнө ишенбесе, ал туура жолдон абдан алыс адашкан болот». Периштелердин барлыгына ишенүү жана алардын өзгөчөлүктөрү Аалам мейкининде өтө эле кичинекей орунду ээлеп турган биздин Жер планетабызда жашоо-тирилик формаларынын миңдеген үлгүлөрү кездешет. Ушул жерден мындай бир собол туулат: Алакандай Жер жүзүндө эле ушундай миң түркүн жашоочулар бар болсо, анда аалам мейкининдеги көлөмү жер шарынан алда канча чоң миңдеген жылдыздардын, планеталардын жана галлактикалардын да өз шарттарына, жагдайларына жараша тирүү, аң-сезимдүү жашоочулары бар болушу мүмкүнбү? Бул суроого караманча эле «жок» деп жооп берүү, албетте, чоң жаңылыштык болмок. Себеби жашоо-тиричиликке бир гана көзүбүз менен көргөндөрүбүзгө жараша баа берип, башка планеталарда, жылдыздарда эч кандай тирүүлүк жашабайт, бүт аалам боюнча бир гана биздин Жерде жашоо бар деп караганыбыз акылга төп келбейт. Бул маселеге келгенде биз анык билбеген нерселерди даана үйрөткөн, ушул салаанын «иш билгичтери» болуп эсептелген өзгөчө жөндөмдүү Пайгамбарлардын бизге жеткиргендерине ишенишибиз керек. Бул тууралуу акыл-эске шоола чачкан бир мисалды салыштыруу катары айта кетели: Эсепсиз казынага, мал-мүлккө жана баа жеткис даанышмандыкка, өнөрпоздукка эгедер падыша дүйнөдө теңдеши жок керемет сарайлары бар кооз шаар куруп туруп, анын бир чекесине алачыктай үй тургузуп койсо. Анан ошол тырмактай үйдүн өзүндө чоң-чоң иш-аракеттер болуп жатканын өз көзүбүз менен көрүп турсак. Бирок келишкен керемет шаардын башка сарайларына көз чаптыра келгенде, алар аңгырап, бош турганын көрсөк... Анда биз төмөнкү үч түрдүү себептен улам ошол шаардагы башка жашоочуларды көрө албаган болушубуз мүмкүн: 1. Же биз аларды көз менен көрө албайбыз; 2. Же анда жашагандар атайылап бизден далдаланган; 3. Же ал сарайларда чындап эле эч ким жашабайт. Бирок ушунча кооз, көркөм шаардагы «жүз миңдеген керемет сарайлар аңгырап бош туруш үчүн курулуп, тек гана кичинекей бир үй миңдеген жашоочулар менен толтурулган» деген маанидеги үчүнчү жоромолду акыл-эси бар адам туура көрбөсө керек. Демек, бир болсо көзүбүздүн көрүү кубатынын алсыздыгынан ал сарайлардын тургундарын көрө алган эмеспиз, же болбосо андагылар биз билбеген сырдуу себептерден улам бизден жашырылган. Бул жерде маселени дааналап түшүнүү максатында мисал келтирилген «кооз шаар менен көркөм сарайлар» Жер шарыбыздын сыртындагы жылдыздар менен жылдыз системаларын билдирсе, андагы кичинекей үй – бул биздин Жер шарыбызга мисал кылынган. Эми биз жогорку мисалдын негизинде ой жүгүртүп көрөлү: Аалам шаарынын «Жер» деп аталган кичинекей бир планетасында (үйүндө) миң түркүн жарыктардын, түстөрдүн, үндөрдүн кереметтерине жана үзгүлтүксүз кыймыл-аракеттерге өз көзү менен күбө болуп, назар салган бирөө ошол кооз жылдыз сарайларын ээн жана каңгырап бош турат деп ойлогону туура болобу? Албетте, туура болмок эмес. Анткени ал жерлердин да жашоочулары, аң-сезимдүү жандуулары бар. Биздин аларды көзүбүз менен көрө албагандыгыбыз алардын жок экенин билдирбейт. Көрбөгөнүбүз, бир болсо көзүбүздүн алсыздыгынан, же алардын бизге окшобогон өзгөчө түзүлүштө болгондугунан келип чыккан. Демек, периштелерди көз менен көрбөө, сезүү органдары менен сезе албоодон улам алар жок деп айткан туура эмес. Анткени периштелердин көрүнбөшү алардын жоктугунан, же болбосо эч качан көрүнбөгөндүгүнөн эмес, кайра биздин аларды көрө алгыдай өлчөмдөгү көз кубатыбыздын жоктугунан болуп жатат. Кала берсе, өзгөчө жаратылган периштелерди мындай койолу, бар экени илимий жактан далилденген, же анык билинген эчен түрдүү жандууларды деле учурубузда демейки көздөрүбүз менен көрө албайбыз. Периштелерди бизге бир топ өзгөчөлүктөрү менен тааныткан Куран Карим алардын деги кандай нерседен жаратылганы жөнүндө так маалымат келтирген эмес. Аларга байланыштуу мындай маалыматты биз Азрети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистеринен байкайбыз. Бир хадисте: «Жиндер менен шайтандардын оттон, Азрети Адамдын (алейхиссалам) топурактан (баткактан), периштелердин болсо нурдан жаратылгандыгы» айтылган. Периштелер ачуулануу, өчүгүү, жинденүү, кызгануу, ичи тардык сыяктуу ар кандай терс сезим-туюмдардан алыс, ошондой эле булардан башка дагы адам баласына таандык түрдүү напси талаптарынан таза жаратылгандыктан, аларда бейбаштык, чектен чыгуу сыяктуу тескери кылык-жоруктардын ар кандай көрүнүштөрүнүн болушу мүмкүн эмес.Тагыраак айтканда, алар эч качан күнөө, каталык кылышпайт: ... لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَآ اَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ «Алар Алланын буйругуна бейбаштык кылышпайт, эмнеге буюрулса, ошону аткарышат». Аларда жеп-ичүү, эркек-ургаачылык, үйлөнүп балалуу болуу сыяктуу адамдардагыдай жоруктар менен өзгөчөлүктөр болбогондуктан, периштелердин ар кимисине арналган туруктуу орундары, милдеттери болот. Ошондой эле аларда кылганына жараша акы алуу, же өтөгөн милдетине ына жараша кандайдыр бир даражага ээ болуу да жок. Бирок периштелер Алла Таала үчүн аткарган ар бир ишинен өзгөчө ырахат алып, кубаныч сезишет. Алла Тааланын алдындагы даражаларына жараша эргүүгө ээ болушат. Алар нурдан жаратылгандыктан, муктаж болчу азыктары да руханий жактан камсыз кылынган. Башкача айтканда, алар зикр-тасбихтен, Жаратканга мактоо-даңазаларды айтуудан жана Алла Таалага таандык илим-махабат нурларынан ырахат алышат. Бирок Ага кулчулук милдетин аткаруу аркылуу алар чоңсунушпайт, улуулук сезимине арбалышпайт, эч качан чаалыгып-чарчашпайт: وَمَنْ عِنْدَهُ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ؛ يُسَبِّحُونَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ. «Анын алдындагылар (периштелер) Ага сыйынуудан чоңсунушпайт, чарчашпайт. Алар зеригип-талыкпастан күнү-түнү Алланы аруулашат». Периштелер өздөрүнө таандык айрыкча жеңил, жаркын түзүлүштөрүнөн улам өтө тез аракеттенип, ар кандай жерде көз ирмемде даяр болуу касиетине ээ жандуулар болуп саналат. Куран Каримде алардын ушул өзгөчөлүгү мындайча туюнтулган: تَعْرُجُ الْمَلَئِكَةُ وَالرُّوحَ اِلَيْهِ فِى يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ اَلْفَ سَنَةٍ. «Периштелер жана Рух (Жебреил) Ага өлчөмү (дүйнөнүн жылдары менен) элүү миң жыл болгон бир күндө көкөлөп чыгат». الْحَمْدُ لِلَّهِ فَاطِرِ السَّمَاوَاتِ وَالأرْضِ جَاعِلِ الْمَلائِكَةِ رُسُلا أُولِي أَجْنِحَةٍ مَثْنَى وَثُلاثَ وَرُبَاعَ.. «Асмандардын жана жердин жаратуучусу – периштелерди экиден, үчтөн, төрттөн канаттуу Элчилер кылуучу Аллага Мактоо-даңазалар болсун!» Мейли Куранда болобу, же хадисте болобу, периштелердин канаттары бар экендиги тууралуу сөз кылынат. Алардын канаттары демейки биз көрүп жүргөн жаныбарлардын канаттарына окшош экенин айта албайбыз. Себеби, периштелер бизден айырмалуу өлчөөлөрдөгү жана бейтааныш ааламдын жашоочулары болгондуктан, аларда куштардыкындай же учактыкындай канаты бар деп элестетүү, албетте, туура эмес. Периштелер адамдардын элестетүүсүнө сыйбагандыктан, алардын деги кандай канаты бар экенин жалгыз Алла Тааланын Өзү жана периштелерди өз кебетелеринде көргөн Пайгамбарлар гана биле алат. Периштелердин канаттары жөнүндө айта кетүүгө тийиштүү дагы бир нерсе, «канат» деген сөздүн арабчасы Куран Каримде «жанах» (جناح) деп айтылат. Ал эми бул сөз арабчада тек гана канатты билдирбей, бир ыпта, жан тарап, жөндөм, өзгөчөлүк» деген сыяктуу көп маанилерди камтууда. Ушул өңүттөн алып караганыбызда, Куран Каримдеги «ули ажниха» (اؤلى أجنحة) деп айтылган бул сөздүн маанисинде «күч жана тездик» сыяктуу периштелерге таандык өзгөчөлүктөрдүн кандайдыр бир түрү, же болбосо Алла Тааланын алдындагы ар кандай даражалары билдирилген деп түшүнүүгө да болот. Периштелер Алла Тааланын буйругу жана уруксаты менен ар түрдүү кебетелерге өзгөрүүгө жөндөмдүү жандуулар болуп саналат. Периштелер Пайгамбарларга демейки өз кебетесинде да, башкача өзгөргөн көрүнүштөрү менен да көрүнө беришет. Мисалы, Жебреил периште Азирети Марямга бир инсандын кебетесинде көрүнгөн. Азирети Ибрахимге уулдуу болорун сүйүнчүлөп келишкен периштелер да адамдын кебетесинде көрүнүшкөн. Азирети Ибрахим аларды кудайы конок деп ойлоп, алдына тамак коёт. Алардын эч нерсе жебегенин көрүп коркот жана кийинчерээк алардын периште экенин билет. Бул окуя баяндалган аяттан периштелердин бир нерсе жеп-ичпей тургандыгы да билинүүдө. Ошондой эле, демейде «Жебреил хадиси» деп айтылып жүргөн, ыйман, ислам жана ихсан түшүнүктөрүн чечмелеген белгилүү хадисте билдирилгендей, Жебреил периште Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (cаллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына да инсан кебетесинде көрүнгөн. Периштелер менен адамдардын Алла Тааланы билүүдөгү айырмасы Алла Тааланын улуулуктары менен сырларына ого бетер жакын өңүттөн күбө болуп турушкандыктан, периштелер Алла Тааланын эбегейсиз улуулугун адамдарга салыштырмалуу кыйла анык билишет. Бирок адамдар Алла Тааланын бүткүл ысымдары менен сыпаттарын чагылдырып турган көп кырдуу күзгү сыяктуу болгондуктан, баалуулуктары жагынан периштелерден жогору даражада болуп саналат. Периштелер улуу Жараткандын ысымдары менен сыпаттарына руханий жагынан гана күзгү боло алгыдай өлчөөдө жаратылган болсо, адамзат материалдык жагынан да, руханий жактан да бирдей эле Алла Тааланын ысымдары менен сыпаттарын чагылдырып бергидей өзгөчөлүккө ээ болуп жаратылган. Периштелер кандай милдеттерди аткарышат? Алла Таала тарабынан периштелерге тапшырылган милдеттерди Куран Каримдин аяттарынан жана хадистерден билсек болот: 1. Алла Тааланы ар кандай айып-кемчиликтерден таза жана алыс деп мактап-даңазалоо. Ага күнү-түнү токтоосуз мактоо айтып , шүгүрчүлүк жана ыраазычылыктарын билдирүү, Аны өзүнө гана ылайыктуу түрдө улуктоо. 2. Алла Тааланын Пайгамбар кылып тандаган кулдарына вахий-аян жеткизүү. 3. Пайгамбарларды салават-саламдар менен улуктоо, бүткүл адамдарга дүйнөдө жакшы тилек каалоо. 4. Пайгамбарларга жана ыймандууларга моралдык жактан күч-кубат берип, аларды кыйынчылыктардан, кайгылуу, оор абалдардан арылтуу; ыймансыздарды болсо кыйынчылыкка түшүрүү. 5. Ыймандуу адамдарды коргоп жүрүүчү жан-жолдош катары кандайдыр бир мааниде адамдарга кызмат кылуу. 6. Адамдардын жасаган-эткендерин жазып туруу. 7. Ааламда жүргүзүлүп жаткан Алла Тааланын жол-жоболоруна ортомчулук кылуу. 8. Адамзаттын жаратылуусу жана өлүмүнө байланыштуу милдеттерди аткаруу. 9. Алла Тааланын жазаларын жүзөгө ашырган кызматкерлер катары милдет аткаруу. Периштелердин саны жана алардын түрлөрү Периштелердин саны канча экени бир гана Алла Тааланын өзүнө маалым. Куранда жана хадистерде периштелердин саны тууралуу так маалымат айтылган эмес. Бирок, Куран Каримдеги: وَلِلَّهِ جُنُودُ السَّمَوَاتِ وَالْاَرْضِ.. «Асмандар менен жердин кошуундары Алла Таалага таандык» деген маанидеги аяттардан улам, периштелер санаксыз көп экенин айта алабыз. Кээ бир периштелердин аттары жана аткарган милдеттери бизге толук айтылган болсо, кээ бирөөлөрүнүн аткарган милдеттерине жараша жалпы жонунан аларга берилген ардактуу наамдары менен эле билебиз. Чындыгында, периштелерди кандайдыр бир иш-аракетти өз алдыларынча жасайт деп айтуу кыйын. Алар тек гана Алла Тааланын кылгандарына алкыш айтуучулар же күзөтүүчүлөр катары белгилүү. Буга терс келген түшүнүк, таухид акыйдасына төп келбейт. Ушул өңүттөн туруп, периштелерди негизги милдеттери жагынан төмөнкүдөй топторго бөлүп баяндасак болот: Төрт улук периште 1. Жабраил Алла Тааладан аян (вахий) алып келүүчү периште ушундай деп аталат. Куран Каримдин аяттарында үч жерде «Жибрил» (جبريل) деген ат менен аталып өтөт. «Жабраил» – ошол периштенин кыргыз тилинин ыңгайына жараша аталышы десек болот. Куран Каримдин аяттарында Жабраил периштенин дагы башка өзгөчө аттары да кезигет. Мисалы: «Рух», «Руухана», «Расулун Карим», «Расулу Раббик», «Рухул Амиин», «Рухул Кудус» сыяктуу. Ушуну менен бирге эле, Жабраил периште хадисте «Намус» деген ат менен да аталып өткөндүгү белгилүү. 2. Микаил Төрт улук периштенин бирөөсү катары Алла Таала тарабынан ааламдагы окуяларды, кубулуштардын жана макулуктардын абалын, ырыскыларын башкарууга дайындалган периште. Микаил периште «Микал» деген аты менен Куран Каримде бир гана жолу кездешет. 3. Исрафил Бул периштенин аты Куран Каримде анык аталган эмес. Милдети – Кыямат күнү үчүн сурнай тартуу. Аяттарда, Кыямат кайым болорун белгилеп, сурнай үйлөөрү гана кабарланат. Хадистерде төрт улук периштенин бири катары Исрафилдин аты аталып өткөн. 4. Азраил Бул периштенин милдети – ажалы жеткендердин жанын алуу болуп саналат. Куран Каримдин аяттарында «өлүм периштеси» (ملك الموت) деген ат менен тилге алынган. Кирааман-Каатибин периштелер Адамдардын оң жана сол жактарында жүрүп, милдеттерин аткаруучу периштелердин аттары ушундайча аталган. Оң жактагысы жакши иш-аракеттерди, сол жактагысы болсо жаман иш-аракеттерди жазууга милдеттүү. Хафаза периштелер (сакчы) деген ат менен да аталган бул периштелер Кыямат күнү эсеп алуу учурунда бул дүйнөдө жасалган иштерге күбөлүккө өтүүгө да даяр турушат. Мукаррабун периштелер «Иллийюн», «Карубийюн» деп да аталган бул периштелер Алла Таалага мактоо-даңаза айтууга милдеттүү жана Ага өтө жакын болгондуктан, Анын алдында айрыкча кадыр-баркка ээ. Хамалатуларш периштелер Бул – Аршты көтөрүүчү периштелердин аты. Куран Каримда алар тууралуу мындайча айтылат: اَلَّذِينَ يَحْمِلُونَ الْعَرْشَ وَمَنْ حَوْلَهُ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيُؤْمِنُونَ بِهِ.. «Аршты көтөргөн жана анын айланасындагылар (периштелер) Жараткан Эгесин улуктап, мактоо-даңаза айтат, Ага ишенишет». Мункар жана Накир Адам өлгөн соң кабырдагы суракка милдеткер эки периште ушундайча аталган. «Билинбес, таанылбас, чоочун жана сүрдүү» деген маанилерди билдирген аттар менен аталган Мункар, Накир периштелери кабырдагы адамдарга алар эч качан ойлоруна келбеген өзгөчө көрүнүштө келгендиктен ушундайча аталган. Бул эки периште кабырдагы адамдардан: «Жаратканың ким? Пайгамбарың ким? Китебиң кайсы?» деген сыяктуу суроолорду сурап, алардын берген жоопторуна жараша мамиле жасайт. Ошондой эле, хадистерде туура нерселерди жана акыйкатты адамдын дилине салуучу , намаз окугандар менен бирге Фатиха сүрөөсүнүн аягында «амин» деп айтуучу , ар күн сайын багымдат жана асыр намаздарында момундар менен бирге болуучу , Куран окулуп жатканда жер жүзүнө түшүүчү , илим жана зикир жыйналыштарын издеп кыдыруучу жана момундарга жакшы тилектерди айтуучу периштелердин бар экени да айтылган. Периштелердин адамдарды коргоосу Алла Таала адамдарды Өзү тикелей коргогону сыяктуу эле, периштелери аркылуу да коргоп турат. Баарынан мурда, мындай коргоо Алла Тааланын каалоосуна байланыштуу болору айкын. Кээде 10 кабаттуу имараттан кичинекей наристе кулап түшүп, эч залакага дуушар болбогонун бул жашоодо көп эле жолуктурабыз. Адамдардын ыйманы, кулчулугу, тарбиясы, Алла Таалага жакындыгы, метафизикалык ааламдарга карата жан дүйнөсүнүн ачыктыгы жана ошол учурдагы абалы сыяктуу себептерден улам периштелерге жакынчылык пайда болуп, алардын жардамына ээ болууга ар кандай даражада өбөлгө түзүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу көптөгөн хадистердин мазмунунан билинип тургандай, периштелердин адамдарга руханий жактан жакындашуусу жана аларга жардам берип коргоосу, демейде адамдар жасаган жакшы иштерге жана ыйман тереңдигине жараша жүзөгө ашат. Периштелерге ишенүүнүн адам жашоосундагы жакшы таасири Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенүү сыяктуу эле, периштелердин бар экенине ишенүү да, адамдын жашоосуна оң таасирлерин эң сонун тийгизет. Биз муну төмөнкүчө тыянактап айта алабыз: Оболу, периштелерге ишенген адам өзүн эч качан жалгыз сезбейт. Анткени ыймандуу адам эч ким жок жерде жалгыз калган учурунда да өзү менен бирге периштелер бар экенин билип, алар менен жан жолдош болуунун моралдык дем-күчү аркылуу жалгыздыктан келип чыккан коркунуч сезими жоголуп, көңүлү ток жашайт. Көзү көрбөгөн руханий достор менен кандайдыр бир даражада үлпөт куруунун маанайын сезет. Периштелерге ишенүү – ишенген адамдын жээликме напси кумарларынын жамандыгын ооздуктап, багыты жок башаламан жашоонун жолуна түшүп калуудан арачалайт. Бул адам өмүрүн тартиптүү нукка салууда таасири күч. Периштелерге ишенүү – руханий сулуулуктун жана бийик адеп-ахлактын символу катары адамдарды моралдык баалуулуктарга умтулууга багыттап, жашоо өрнөгү катары зор таасирин тийгизери бышык. Иш жүзүндө өз өмүрүн таза, маанилүү өткөрүүгө далалат жасаган адамдардын «периштедей таза адам» деген сыяктуу сөздөр менен эл оозунда мактоого алынышы да, бул ишенимдин адам өмүрүндөгү жакшы таасирин байкатып турат. ФИЗИКАЛЫК ААЛАМДЫН СЫРТЫНДАГЫ БАШКА ЖАНДУУЛАР Периштелер сыяктуу эле жиндер менен шайтандар да адам баласынын сырткы сезүү органдарынын жардамы менен билинбеген, бирок Куран Карим жана хадистер аркылуу бар экени ачык-айкын болгон жандуулар. Жин жана шайтандардын бар экендигине ишенбестик – ыймансыздык болуп эсептелет. Жиндер «Жин» деген сөз лексикалык жактан «жабык, жашыруун» деген маанини билдирет. Ал эми демейде жин дегенди: «түрдүү кебетелерге өзгөрө алган, адамдардын колунан келбей турган кээ бир иштерди кылууга жөндөмдүү, оттон жаратылган жандуулар» деп түшүнөбүз. Алардын да адамдар сыяктуу мусулмандары жана каапырлары болот. Куран Каримде макулуктар жөнүндө сөз болгондо, жиндер менен адамдар биргеликте айтылган. Мисалы, бир аятта мындай делет: خَلَقَ الأِْنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ كَالْفَخَّارِ وَخَلَقَ الْجَآنَّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ «Алла адамды чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты. Жиндерди болсо оттун жалынынан жаратты». Бул аяттагы «оттун жалыны же жалындуу от» деп которулушу мүмкүн болгон «Мин маарижин мин наар» (مِنْ مَارٍجٍ مِنْ نَارٍ) деген сөздүн маанисине үңүлсөк, жиндер кандайдыр бир оттон жаратылган болсо да, бул эч качан оттун жарыгы, же көмүр сыяктуу кара түтүн эместиги байкалат. Бул от материалдык негиздеги айланага жалын чачкан от экендиги айкын болууда. Демек, жиндер ушундай бир түрдүү оттон жаратылганы баяндалган. Жашоодо жоопкерчилик маселесине келсек, жиндер да адамдар сыяктуу эле бул сыноо дүйнөсүнө кулчулук үчүн жаратылган. Алла Таала бир аятта: وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْأِنْسَ اِلَّا لِيَعْبُدُونَ «Мен жиндер менен адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым» деп баса белгилеген. Ошондой эле, жиндер да адамдар сыяктуу Алла Тааланын буйруктарын моюндаган эрктүү жандуулар болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, жиндерге да Алла Таала тарабынан буйрук жана тыюулар камтылган эрежелер, мыйзамдар келген, ошондуктан алар да ушул мыйзамдардын негизинде жоопко тартылышат. Куран Каримдеги «Рахман» сүрөөсүндө: يَا مَعْشَرَالْجِنِّ وَالْاِنْسِ.. «Оо, жиндер менен адамзат тайпалары!» деп айтылып, адам менен жинге чогуу кайрылуу жасалышы, ошондой эле: فَبِأَيَِ آَلآءِ رَبَِكُمَا تُكَذَِبَان؟ «Анда, Эгеңердин кайсы жакшылыксыйларын тана аласыңар?» деген маанидеги аяттар аркылуу жоопкерчиликтеринин бирге эскертилүүсү адамдар сыяктуу эле жиндердин да жоопкерчилиги бир экенин жеткиликтүү түрдө далилдейт. Жиндер көмүскө (гайб) нерселерди билбейт. Алардын гайбды билбестиги Куран Каримде, Сулайман Пайгамбардын кол астында иштеген жиндер анын каза тапканын билбегендиги тууралуу баяндалган аятта мындайча келет: فَلَمَّا قَضَيْنَا عَلَيْهِ الْمَوْتَ مَا دَلَّهُمْ عَلَى مَوْتِهِ اِلَّا دَآبَّةُ الْأَرْضِ تَأْكُلُ مِنْسَأَتَهُ فَلَمَّا خرَّ تَبَيَّنَتِ الْجِنُّ أَنْ لَوْ كَا نُوا يَعْلَمُونَ الْغَيْبَ مَا لَبِثُوا فِى الْعَذَابِ الْمُهِينِ. «Сулаймандын өлүмүнө өкүм кылганыбызда (алар анын өлгөнүн байкаган эмес), анын өлгөнүн бир жыгач курту гана анын (таянган) таягын жеп аларга көргөзүп койду. Ал өлүп жерге жыгылганда, жиндерге аян болду, эгерде алар гайбды билген болсо, мындай кордуктуу азапта калбас эле». Жиндерге байланыштуу айта кетчү дагы бир нерсе, жиндер биздин көрүүгө чамабыз жеткен ааламга таандык эмес. Ошондуктан, аларды түпкү жаратылыш өзгөчөлүктөрү менен көрө алышыбыз мүмкүн эмес. Кээде бизге жиндер көрүнгөнү менен, алар түпкү касиеттери менен көрүнбөстөн, кайра биз сезип, кабылдай алгыдай кебетелерде гана көрөүнүшү мүмкүн. Жиндер кээде адам түспөлдүү көрүнө алат, ошондой эле, башка жаныбарлардын кебетесинде да көрүнө алат. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бир нече хадистеринде, эгерде үйдө кокус жылан көрүнсө: «Жин болсоң, сыртка чыгып кет!» деп эскертиш зарылдыгы, эгерде сыртка чыкпаса жыланды өлтүрүү керектиги жогорудагы маселенин далили. Шайтандар «Шайтан» деген сөздүн түпкү этимологиялык сөздүк мааниси тууралуу эки түрдүү пикир айтылган. Анын биринчиси боюнча, «ш-т-н» (شطن) деген сөз тамырынан келип чыгып, «алыста калуу, каршылашуу» деген маани билдирет. Экинчиси, «ш-й-т» (شاط) деген сөз тамырынан келип чыгып, «жинденүү, ачуулануу» маанисин берет. Ислам адабияттарында болсо, шайтан «тымызын азгыруулары менен ар дайым адамдарды жолдон чыгарууга умтулган оттон жаратылган, бузуку жана текебер жандууларга» берилген ат. Куран Каримде, алгачкы шайтан «Иблис» деген ат менен тилге алынган. Ошондой эле: .. كَانَ مِنَ الْجِنِّ فَفَسَقَ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِ.. «Иблис – жиндерден болучу, ал жараткандын буйругунан чыгып кетти» деген маанидеги аятта анын түпкүлүгүндө жиндердин бири экени айтылат. Иблистин башка жиндер сыяктуу эле оттон жаратылганынын эскертилүүсү да, анын жиндерден экенин көрсөтүүдө. Иблис бир кездерде периштелердин арасынан орун берилген алгачкы жана чоң шайтан болгон да, кийинчерээк текеберлигине алдырып, Алла Таалага каршы мамиле жасаган абалга түшүп калган: واِذْ َقُلْنَا لِلْمَلَئِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا اِلَّا اِبْلِيسَ اَبَى وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ «Периштелерге: Адамга сажда кылгыла деген элек. (Ошол кезде алардын арасында болгон) Иблистен башка баары сажда кылышты. Ал (Иблис) муну кабыл албады, текеберленди жана каапырлардан болду». Шайтан «логикасыздыктын логикасы» деп аталгыдай бир түрдүү тескери диалектика менен, Алла Тааланын: مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسْجُدَ اِذْ أَمَرْتُكَ؟ «Сага буйрук кылсам да, сени сажда кылуудан эмне тосту?» – деген суроосуна: أَنَا خَيْرٌ مِنْهُ خَلَقْتَنِى مِنْ نَارٍ وَخَلَقْتَهُ مِنْ طِينٍ «Мен андан жакшымын (Адамдан өйдөмүн), мени оттон, аны ылайдан жараттың» деп жооп берген. Демек, Иблис демейкидей жаратылган макулуктардын бири болсо да, анын шайтандашуусу өз каалоосу жана катачылыгы себептүү келип чыккан. Жеке өзүндө кай жагынан алсаң да эч бир жакшылыгы же наркы жок болгон, каргышка калган бул макулук, түпкүлүгүндө бир далай даанышмандыктардан, терең сырлардан улам жаратылгандыгы анык. Бул сырлардын бири же эң башкысы катары, адамзат менен жиндердин руханий деңгээлдеринин жогорулашы же төмөндөшүнө шайтандын тийгизген таасирин айта алабыз. Улуу Жараткан адамдын руханий деңгээлинин өнүгүп-өсүүсүнө жана толукшуп жетилүүсүнө карата шайтанды себептер ааламында бир түрдүү себепкер кылган. Башкача айтканда, адам табиятындагы көптөгөн асыл туюм-сезимдердин, ыйман кубатынын ачылып өнүгүүсүн адамдын шайтан менен болгон күрөшүнө байланыштырып койгон. Күрөш болбогон жерде өнүгүүнүн да болбой турганы чындык. Ошондуктан, шайтандын таасирине эч убакта кабылбаган периштелер үчүн айтканда, аларда руханий деңгээлдеринин улам бийиктеши, өнүгүп-өсүүсү деген маселе жок. Таранчыга тийген жырткыч куш өзү кааласа, каалабаса да таранчынын тез учуу жөндөмүнүн өнүгүшүнө себеп кер болгону сыяктуу, шайтандар каалабаса да адамдардын руханий жактан бийиктешине, ыйман деңгээлинин өсүп жетилүүсүнө себепкер болот. Ушул сыноо дүйнөсүндө адамдар шайтанга каршы канчалык даражада күрөш жүргүзө алышса, ошончо ийгиликтерге жетип, натыйжада адамдагы кээ бир руханий жөндөмдөр, ыйман күчү өөрчүп олтуруп, акырында адам баласы руханий жактан тазарып, бейишке кирүүгө ылайык даражага жетет. Ал эми Алла Тааланын өзүнө берген мүмкүнчүлүктөрүн шайтандын азгырууларына жараша колдонгондор болсо, тозокко кирүүгө ылайык абалга жетишет. Ыймансыздардын да, ыймандуулардын да: «шайтан жаратылбай эле койбойбу?» дегендей, же болбосо: «шайтан болбогондо ого бетер жакшы болмок да?» деген сыяктуу дар күмөндүү пикирлерди айтууга эч бир акысы жок. Мунун себеби: Эң оболу, Жаратуучуга жана Ал тарабынын жеткирилген нерселерге ишенбеген ыймансыздардын өздөрү ишенбеген нерсени талаш темага катары ортого койгонго таптакыр акылары жок. Ыймандуу адамдар болсо, Алла Тааланын жазганына баш ийүүгө милдеттүү болгондуктан шайтандын жаратылуусуна каршы ойдо болбойт. Дегинкиси, биз баарыбыз жашап жаткан бул аалам менен бирге жоктон бар кылынганыбыз үчүн, Улуу Жараткандын алдында «өзүм билемдик кылууга» эч кандай акыбыз жок. Анткени биз өзүм билемдик менен талашкыдай Ага өткөрүп койгон эч нерсебиз жок. Ошондуктан, биз Анын алдындагы жоопкерчилигибизди, өз милдеттерибизди баш ийүү менен аткарып, Ал бизге арнаган сансыз жакшылык-сыйларына мактоо айтып, шүгүрчүлүк кылууга тийиштүүбүз. Иблис сыяктуу эле, адамдарды туура жолдон азгырууга аракеттенген башка бузуку жиндер да шайтан деп аталат. А түгүл адамдарга каапырлыкты жана каапырлык жаатындагы ар кандай бузуку ой-түшүнүктөрдү таратуу, жайылтууну орток «кесип» кылып алышкан шайтандар «инсан жана жиндердин шайтандары» болуп, Куран Каримде эки топко бөлүнүп айтылган. Мисалы, бир аятта мындайча келет: وَكَذَلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْاِنْسِ وَالْجِنّ ِ يُوحِى بَعْضُهُمْ اِلََى بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا.. «...Ушундайча, ар бир Пайгамбар үчүн инсан жана жинден болгон шайтан душмандарды бар кылып койдук». Демек, адамдарды Алла Тааладан жана Ал белгилеген эрежелерден алыстатууга аракет жасаган кишилер да шайтан катары кылыктарын көз көрүнөө жасашса, жинден болгон шайтандар аларга шайкешип, тымызын азгырууларын көзгө көрүнбөгөн көмүскө абалда улантышат. Ошондуктан, Иблис өз жаатындагы шайтандардын катарында бир аятта мындайча баяндалган: إِنَّهُ يَرَاكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُ مِنْ حَيْثُ لا تَرَوْنَهُمْ إِنَّا جَعَلْنَا الشَّيَاطِينَ أَوْلِيَاءَ لِلَّذِينَ لا يُؤْمِنُونَ «Ал жана анын тарапкерлери, силер аларды көрө албаган жерден силерди көрө алышат. Чындыгында, биз (бул) шайтандарды ыймансыздарга дос кылып койдук». Демек, шайтан жана анын тарапкерлери токтоосуз түр дө адамдардын алсыз жактарын издеп таап чабуул коёт жана аларды Алла Тааланын жолунан алыстатууга далбас урат. Шайтан адамдарга ар түрдүү айлакерликтерди колдонуу аркылуу чабуул койсо да, адамдар муну көпчүлүк убактарда байкай албайт. Анткени шайтан адамдын алсыз тарабынан жана бош жылчыктардан акмалайт. Мисалы, шайтан адамдардын каршы жыныска болгон сезиминен пайдаланып, эң эле талуу жеринен кыйрата алат. Себеби, адамдын эркин алсыраткан, адамды шайтандын оюнчугуна айланткан эң кооптуу жери – бул каршы жыныска карата арам сезимдин ойгонушу. Демек, шайтан ар түрдүү айлакерликтер менен адамды азгырса да, ыйманы алсыз адамдар көпчүлүк учурларда анын өзүн да, айлакерлигин да көрбөй калат. Адамдар анын жоролорун да көрбөйт, сезбейт. Ошондуктан алар эч болжоосуз жерден адамдардын жүрөктөрүнө кол салууга даяр турат. Айрыкча, жогорку аяттагы: «Биз шайтандарды ыймансыздарга дос кылып койдук» деген сөз бизге муну түшүндүрүүдө: Адам өзүнүн ыйман-ишенимине жараша шайтанга өчүгүп, ага каршы аракеттене алат. Ыйманы азайып, алсыраган сайын, төмөндөгөн сайын шайтан менен болгон достук байланышы күчөй берет. Куран Каримдеги дагы бир аятта, шайтандын адамдардан кандай үмүттөнөөрүн, кандай ойлору бар экени шайтандын өз оозу аркылуу кабарланган. Ал текеберчилиги менен өзүмчүлдүгүнөн улам жазаланып кубаланганда, Алла Таалага карата мындайча күңкүлдөйт: ... لَاَقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ ثُمَّ لَآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ اَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ اَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَآءِلِهِمْ وَلَا تَجِدُ اَكْثَرَهُمْ شَاكِرِين «…Аларды азгыруу үчүн Сенин Туура жолуңду тосуп олтурамын. Анан сөзсүз алардын алдынан да, аркасынан да, оңунан да, солунан да келип (азгырамын). Ошондо алардын көпчүлүгүн шүгүр кылуучулардын катарынан таппайсың». Бул аятта адамдарды азгыруудан такыр тынбаган шайтандын төрт тараптан адамдарга чабуул коёру айтылган. Шайтандын: «анан алардын алдынан келемин» дегени келечекке байланыштуу айтылган. Акыретке тиешелүү маселелерде аларды күмөн ойго, шектенүүгө саламын, аларды акыретке жана бейиш-тозокко ишенбес абалга келтиремин. Ошону менен алар өз жашоолорун акырет күнгө карата тартипке салганды ойлонушпай калат. Ар бир нерсени жеке, утурумдук кызыкчылыгынын айланасында гана болжоп, материалисттик багытка ооп, прагматист, эгоист болуп жашайт. «Алардын артынан келемин». Эңсеген чыныгы жыргалчылыктардын, ырахаттын тиги дүйнөдө эместигин, ошондуктан алысты самабай артка кайтуу керектигин жана каалаган ар нерсесинин ушул дүйнөдө гана болоорун тымызын түрдө алардын кулагына куя берем. Бул дүйнөнүн жыргалчылыгын аларга эң эле керемет жана кооз көрсөтөм да, башка чыныгы кооз нерселерди жокко чыгарып, түбөлүктүү көркөмдүктү көрүүгө биротоло кызыкпай калышат. «Алардын сол жагынан келем». Бузукулукту жайылтып, ар бир күнөөнү жана жамандыкты жакшы көрсөтүп, аларды туура эмес жолго карай үндөйм. Эң талуу жеринен напси кумарын козгоп кытыгылайм. Аялды эркекке, эркекти аялга курал катары колдонуп, аларды абийирсиздерге айландырам жана ар-намысты сезбес абалга келтирем. «Алардын оң жагынан келем». Жасаган жакшылыктарына да шайтандыкты аралаштырам. Кала берсе ибадаттарын да жасалгалап, ыкыластан ажыратып булгап жиберем. Кээде адептүүлүктүн жыты да жок нерселерди аларга дин катары кабыл алдырам. Чыныгы динге жат, бидат нерселерди жайылтуу аркылуу диндин асыл рухун унуттурам. Жиндер жаатындагы шайтандардын адамдарга карата кандай байланышы бар экендиги тууралуу азирети Айша энебизден баяндалган бир хадисти бул жерде келтирүүнү туура көрөбүз: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) түн ичинде жанымдан туруп кетти, кызганычым кармап ачуума алдырдым. Кайра келгенде менин мамилемди көрүп: «Айша, неге капаланасың?» деп сурады. Мен: «Мендей бирөө сиздей бирөөнү кызганса кантип ачууга алдырбасын?» деп айттым. Ал мага: «Шайтаның келген го?» деди. «Оо, Алланын Элчиси, мени менен бирге да шайтан барбы?» деп сурадым. «Ооба» деп жооп берди ал. Мен кайра сурадым: «Ар бир адам менен бирге шайтан жүрөбү?» «Ооба» деп жооп берди. (Анан мен дагы сурадым): «Анда, бул сиз үчүн да ушундайбы, оо, Алланын Элчиси?» «Ооба. Бирок Жаратканым мага жардам берип, акырында ал мага баш ийип мусулман болгон» деп жооп берди. Адам баласы шайтанга канчалык каршы тура алганына жараша Алла Тааланын алдында кадыр-баркка ээ болуп, ийгиликтерге жетише алат. Бирок мындай ийгилик адамдын эрктүүлүгүн жана бардыгын толук көрүп туруучу Алла Таалага таянуу менен жүзөгө ашат. Айрыкча, Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) бул маселенин экинчи бөлүгүнө басым жасап, өтө жинденип ачууга алдыргандан не кыларын билбей калган бирөөнө жардам берүү максатында мындай деген: «Мен керемет бир сөздү билем, адам ал сөздү айтса бул абалдан (жинденүүдөн) кутулат. Ал: «Аузу биллах» (اَعُوذُ بِاللَّه – Жараткан Аллага корголойм) деген сөз». Акырында биз ушул теманы адам жана жиндердин жаатындагы шайтандардан кантип коргонуубуз керектигин бизге үйрөткөн «Ан-наас» сүрөөсү менен корутундуламакчыбыз: بسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِِ قُلْ اَعُوذُ بِرَبِّ النَّاس؛ مَلِكِ النَّاسِ؛ اِلَهِ النَّاسِ؛ مِنْ شَرِّ الْوَسْوَاسِ الْخَنَّاسِ؛ اَلَّذِى يُوَسْوِسُ فِى صُدُورِ النَّاس مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ. «Айткын: инсандардын Жаратканынан, инсандардын Падышасынан, инсандардын Кудайынан – адамдардын жүрөгүнө тымызын азгыруу сала турган жиндер жана адамдардан болгон шайтандын жамандыгынан сакта деп суранамын».

Cунуш кылабыз