ЫЙЫК КИТЕПТЕРГЕ ИШЕНҮҮ

6:49 AM Ишеним

«Ыйык китеп» деген эмне? Тилибизге арабчадан кирген «китеп» деген сөздүн лексикалык этимологиялык мааниси «жазуу, жазылган нерсе» дегенди билдирет. Араб тилинде бул сөздүн көптүк түрү «Кутуб» (بتك) болуп келет. Динибиздеги өзүнчө термин катары «ыйык китептин» мааниси «Алла Тааланын Өз кулдарынан эмнени каалаганын билдирүү жана бул багытта аларга жол көрсөтүү максатында Пайгамбарларына аян кылган сөздөрү жана мунун жазуу түрүндөгү формасы» болуп эсептелет. Пайгамбарларга түшүрүлгөн китептер эмне үчүн «ыйык китеп» деп аталат? Анткени бул китептер Алла Таала тарабынан гана жөнөтүлгөн жана ал китептердин сөздөрү менен мазмунуна адамзаттын колу тийген эмес. Ыйык китептер Алла Таала тарабынан түшүрүлгөндүктөн, «Кутуб алмунзала» (كتب المنزلة түшүрүлгөн китептер) же «Кутуб ассамавия» (كتب السماوية асманга тиешелүү китептер) деп да аталат. Ыйык китептерге ишенүүнүн зарылдыгы Мусулман болуунун дагы бир негизги парзы– бул ыйык китептерге ишенүү. Ыйык китептерге ишенүү – Алла Таала тарабынан кээ бир Пайгамбарларга китептердин түшүрүлгөндүгүнө жана бул түшүрүлгөн китептердин түпкү нускаларынын бардык мазмуну туура жана акыйкат экендигине кынтыксыз түрдө ишенүү. Куран Каримдеги мына бул аяттан биз Алла Таала түшүргөн китептерге ишенүү ыймандын зарыл негиздеринин бири экендигин, буларга ишенбегендер Туура жолдон адашарын биле алабыз: يَآ اَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي نَزَّلَ عَلَى رَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِى اَنْزَلَ مِنْ قَبْل َوَمَنْ يَكْفُرْ بِاللَّه ِ وَمَلَئِكَتِهِ وَ كُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِفَقَدْ ضَلَّ ضّلَالًا بَعِيدًا «Оо, ыйман келтиргендер! Аллага, Анын пайгамбарына, Пайгамбарга түшүрүлгөн Китепке жана андан мурун түшүрүлгөн Китепке ишенгиле. Кимде ким Аллага, периштелерине, китептерине, Пайгамбарларына жана Кыямат Күнүнө ишенбесе, ал абдан алыс адашкан болот». Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) да ыйык китептерге ыйман келтирүүнү ар бир мусулман ишенүүгө тийиштүү негиздердин катарында санап өткөн. Ыймандын негиздери көрсөтүлгөн белгилүү «Жабраил хадисинде» жана башка хадистерде, Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн китеп – Куран Каримге жана андан мурунку пайгамбарларга түшүрүлгөн ыйык китептерге ыйман келтирүү керектиги ачык баяндалган. Ыйык китептер эмне үчүн керек? Биз улуу Жаратканыбыздын Өзүн таамай көрүпбилүүгө алсыз болгондугубуз үчүн, Жараткан Өзүн жана сыпаттарын ошол сыпаттардын көрүнүштөрү болгон чыгармалары, жалпы макулуктары аркылуу бизге таанытууну каалаган. Ал чыгармаларын «Кудрат» сыпатынын жана «Келам» сыпатынын көрүнүштөрү катары экиге бөлүп баяндасак болот. Бул аалам, эгерде мисалыбыз туура болсо, Алла Тааланын Кудрат (кудуреттүүлүк) калеми менен жазылган китеп сыяктуу. Башкача айтканда, ушул аалам системасынын ичинде жайгашкан нерселердин ар бири бизге Анын барлыгын билдирген, Аны баяндап, түшүндүрүп турган бир түрдүү «тил» сыяктуу. Анткени бул жаратылыш макулуктардын ар бири кудум жазылган көркөм чыгармадай, үнсүз баяндап турган керемет сөздөй, укмуш китептей болуп, бир нерселерди түшүндүрүп, өзүнүн Авторун, Анын сыпаттарын жана максаттарын байкатып турат. Өзүн кулдарына акылды айран-таң калтыган чыгармалары аркылуу таанытып турган улуу Жараткан мунусу менен гана чектелбестен, албетте, Өзүнүн сөздөрү менен да барлыгын жана максаттарын айтып түшүндүрөт. Башкача айтканда, барлыгын жана максаттарын аалам чыгармасы менен гана билдирип тим болбостон, сөздөрү аркылуу тикелей кайрылуу жасайт. Ошентип, Алла Таала Өз пайгамбарларынын ортомчулугу менен жөнөткөн китептери аркылуу адамзатка кайрылуу жасаган. Корутундулап айтканда, адам баласы ыйык китептердин үйрөткөн эрежелерге таянбай туруп, өзүнүн чыныгы Жаратуучусун туура багытта таанып билиши мүмкүн эмес. Ошондой эле, мунсуз эң кыска жана ишенимдүү жолдор менен дүйнө-акыреттик бактылуулукка жетүүсү да мүмкүн эмес. Ыйык китептер пайгамбарларга кандайча вахий кылынган? «Вахий» (وحي) деген сөздүн лексикалык жактан «тымызын билдирүү, шыбыроо, нускоо, илхам берүү, аян кылуу, бир заматта үйрөтүү» сыяктуу маанилери бар. Ал эми диний термин катары бул сөздүн толук мааниси – «улуу Алланын Өзү билдирүүнү каалаган Туура жолу менен буйруктарын Элчи катары тандаган кулдарына тикелей, же периштенин ортомчулугунда демейкиден башкача тымызын ыкма (аян) аркылуу билдирүүсү». Вахий абалын өз башынан өткөрбөгөн демейки биздей инсандар үчүн анын түпкү маңызын анык билүү же аны толук түшүнүү эч мүмкүн эмес. Ошондуктан биз жөнөкөй адам катары вахийдин болгондугун жана зарыл экендигин кабыл алабыз. Вахий кандай келерин да Пайгамбарлардан бөлөк эч бир адам анык биле албагандыктан, аны акылга салып анализдөө же изилдөө аркылуу эмес, Пайгамбарлардын айткандарынан улам түшүнөбүз. Куран Каримде вахийдин үч түрү тууралуу айтылат: وَمَا كَانَ لِبَشَرٍ اَنْ يُكَلِّمَهُ اللَّهُ اِلَّا وَحْيًا اَوْ مِنْ وَرَآءِ حِجَابٍ اَوْ يُرْسِلَ رَسُولًا فَيُوحِيَ بِاِذْنِهِ مَا يَشَآءُ. «Алла тек гана вахий аркылуу, же парданын артынан, же болбосо Өз уруксаты менен бир Элчи (периште) жөнөтүп, каалагандарын кабар кылбаса эле, адамга сүйлөгөн эмес...». Демек, жогорку аятта айтылганга караганда вахий мына бул үч түрдүү абалдын бирөө менен гана жүзөгө ашырылып келген: 1. Алла Таала Пайгамбарлардын жүрөгүнө аян салып, кабарын тикелей жеткизген; 2. Пайгамбарлардин сезим жана кулак сыяктуу ички сырткы кабылдагычтарына буйруктары менен каалоолорун угузган; 3. Белгилүү шекил-кебетелерге оронгон, вахий ташууга милдеттендирилген периштени Элчи катары жөнөткөн. Алла Таала Өзүнүн буйруктары менен кабарларын өзгөчө жөндөмдүү инсандар болуп саналган Пайгамбарларына жогоруда айтылган үч түрдүү ыкманын бири аркылуу гана угузганы менен, көпчүлүк учурда бир периштени аянчы катары колдонуу менен адамдарга Өзүнүн жол-жоболорун үйрөткөн. Куран Каримден жана айкын хадистерден ошол вахий периштесинин аты «Жабраил» экендигин биле алабыз. Пайгамбарларга вахий келген учурларда акыл-эстери өтө толук абалда болушкан. Башкача айтканда, пайгамбарга аян түшүп жаткан учурда эстен танып, же дендароо абалда калбай, акыл-эстери ордунда, аң-сезимдери толук туруп кабылдашкан. Пайгамбарлардын мындай абалына өрнөк катары биздин Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) жөнүндө Алла Таала мындай дейт: َا تُحَرِّكْ بَهِ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِ اِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُ وَقُرْآنَهُ فَاِذَا قَرَأْنَاهُ فَاتَّبِعْ قُرْآنَهُ «…Вахийди тезирээк жаттап калуу үчүн тилиңди кыймылдатып шыбырабагын, аны (дилиңе) топтоо да, (тилиңе) окутуу да бизге таандык. Биз сага Куранды окуп берген соң, сен ээрчип окугун». Бул аяттан биз вахий түшүп жаткан учурда Пайгамбар бүткүл дитин коюп кабылдап турарын биле алабыз. Ыйык китептер жана алардын түрлөрү Жалпысынан алганда, ыйык китептер өзүнүн көлөмү жана китеп түшүрүлгөн доордогу коомчулуктун абалына жараша «Сухуф» (сахифалар, барактар деген мааниде) жана китептер болуп эки топто баяндалат: 1) Сахифалар Тарыраак чөлкөмдө жана сан жагынан өтө көп болбогон чаканыраак коомчулуктун талаптарын камсыздагыдай абалда түшүрүлгөн, бир канча барактардан турган китепчелер же жыйнактар «Сахифа» деп аталган. Пайгамбарларга берилген алгачкы сахифалар (Сухуфи уула – الصحف الأولى) тууралуу Куран Каримде айтылган. Айрыкча, Куран Каримде Азирети Ибрахимге берилген сахифалар тууралуу жана анын тукумунан чыккан Исхак, Якуб, Сулайман, Юсуф жана Закария (алайхимуссалам) сыяктуу пайгамбарларга берилген китептер тууралуу да баяндалат. Мындан биз сахифа түрүндөгү чакан китептердин болгондугун баамдай алабыз. Куранда жогоркулар тууралуу айтылса да, кайсы Пайгамбарга канча сахифадан китеп берилгендиги жөнүндө анык айтылган эмес. Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) бизге жеткен кабар боюнча, Азирети Адамга он сахифа, Азирети Шиске элүү сахифа, Азирети Идриске отуз сахифа, Азирети Ибрахимге он сахифа берилгендиги маалым. Пайгамбарларга берилген сахифаларда, Жараткан Алланын бирдигин таануу, Аны даңазалоо, акыреттин бул дүйнөгө салыштырмалуу ого бетер жакшы жана түбөлүктүү экендиги, намаз аркылуу кутулуунун жолу, адеп жана жакшы үгүт-насаат сыяктуу ар бир диндеги негизги темалар камтылган. 2) Китептер Сахифаларга салыштырмалуу бир топ көлөмдүү жана китеп түрүндө болгон, ааламдык жол-жоболорду камтыган жана арналуу аты менен тилге алынган ыйык китептерге келсек, булар Тоорат, Забур, Инжил жана Куран. Тоорат Бул сөз ибраничеде (эски еврей тили) «мыйзам, шарият жана окуу» деген маанилерди билдирет. Тоорат китеби Азирети Муса пайгамбарга түшүрүлгөн. Бул китептин түп нускасы Алла Тааланын сөзү болгонуна ишенүү ар бир мусулманга парз болгондуктан, буга ишенбөө адамды ыймандан чыгарат. Анткени Куран Каримде Тоорат Алла Тааланын ыйык китептеринин бири катары анык айтылган: ِنَّآ اَنْزَلْنَا التَّوْرَاةَ فِيهَا هُدًى وَنُورٌُ «Ичинде Туура жол жана Нур болгон Тооратты Биз түшүрдүк». Бүгүнкү учурларда «Эски келишим» деп аталган Тоораттын үч түрү жалпыга белгилүү. Булар: еврейлер жана протестанттар тарабынан кабыл алынган еврейче нуска. Рим чиркөөсү жана чыгыш христиан чиркөөлөрү кабыл алган грекче нуска жана самирийлер кабыл алган самирийче (байыркы шумерче) нускалар. Забур Бул сөз ибраничеде «жазуу», арабчада «китеп» деген мааниде келет. Бул китеп Азирети Дауд Пайгамбарга түшүрүлгөн. Куран Каримде буга байланыштуу: وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا «Даудка Забурду бердик» деп айтылган. Забурдун да Дауд пайгамбарга түшүрүлгөн түпкү нускасы Алла Тааланын сөзү экенине ишенүү ыймандын негиздерине кирет. Инжил Бул сөздүн мааниси «куш кабар, окутуу, таалим» дегенди билдирет. Азирети Иса Пайгамбарга түшүрүлгөн китептин аты. Бул китептин да Алла Тааладан Азирети Исага түшүрүлгөн түпкү нускасына ишенүү ыймандын талабы болуп саналат. Куран Каримде бул ыйык китепке байланыштуу мындай айтылган: وَقَفَّيْنَا عَلَى آثَارِهِمْ بِعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ وَآتَيْنَاهُ الْاِنْجَيلَ فِيهِ هُدًى وَنُورٌ وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْراةِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ «(Мурунку) Пайгамбарлардын жолу менен жүрүп, өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу кылып Марям уулу Исаны жөнөттүк. Ага ичинде Туура жол менен нур болгон, өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу жана такыбаларга багыт берген насаат түрүндөгү Инжилди бердик». Алла Тааланын адамзатка жөнөткөн эң акыркы толук кабары - Куран Карим «Куран» деген сөз басымдуу пикирлер боюнча, араб тилиндеги «кра» (قَرَاَ) сөзүнөн тамырлап чыккан «фуълан» (فُعْلاَن) өлчөмүндөгү масдар (кыймыл атооч) болуп, «окуу, кыраат кылуу» деген мааниде. «Кыяма» сүрөөсүнүн 17-18-аяттарында бул сөз жогорудагы мааниде келген. «Куран» деген сөз араб тили грамматикасы боюнча «исим мафъул» (атоочтук) болуп, «окулуучу, окулган нерсе» деген мааниде да келет. Исламдын бүт дүйнөгө кеңири жайылышына ээрчий, бул сөз Алла Тааланын акыркы ыйык китебинин эл арасындагы энчилүү атына айланган. Алла Таала адамзатка жөнөткөн бул эң акыркы китебин башка ар түрдүү аттар менен дагы атаган. «Курандан» кийинки ал аттардын эң белгилүүсү «Алкитаб» болуп саналат. Мындан башкалары болсо: «Алфуркан» (Ак-караны айырма лоочу), «Алтанзил» (бөлүк-бөлүк түшүрүлгөн вахий), «Алзикр» «Алнур», «Алшифа» сыяктуу Куран Каримдин өзүнөн алынган ысымдар болуп саналат. Куран Каримдин аттары кээ бир аалымдардын санагы боюнча элүү бешке, ал тургай токсонго жетет. Түпкүлүгүндө булардын көпчүлүгү Курандын энчилүү аты гана болбостон, Куран Каримдин өзгөчөлүктөрүн туюнткан сыпаттары болуп саналат. Куран Каримге ар түрдүү өңүттөн берилген аныктамалар Куран Каримге түрдүү өңүттөрдөн аныктамалар берилип келген. Алардын бир нечесин бул жерде баяндап кетмекчибиз. Классикалык адабияттарда Куран Каримге байланыштуу мындайча аныктамалар келтирилген: Куран Карим: «Мухаммед Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) вахий аркылуу түшүрүлгөн, барактарга жазылган, таватур (нукура ишенчиликтүү жолдор) менен бизге жеткен, окулуусу ибадат болуп саналган Алланын сөзү». Куран Карим: «Биздин замандын 610-632-жылдары арасындагы жыйыр ма үч жылдык Пайгамбарлык доорунда Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) түрдүү себептерге байланыштуу Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн вахийлердин топтому». Куран Каримдин кимден, кайсы жерден, кимге жана эмне үчүн келгендиги тууралуу төмөнкүдөй башка аныктамалар да берилген: Куран Карим: «Адамзаттын руханий жана физикалык тараптарын бирдей карап, бийиктердин бийигинен түшүрүлгөн, адамзат ааламында жаркыган кемчиликсиз ыйык мыйзамдардын жыйнагы». Куран Карим: «Бүткүл ааламдын Эгеси болгон Алла Тааланын эзелки Сөзү жана буйругу». Куран Карим: «Бүткүл ааламдардын Эгеси катары Алла Тааланын кулдарына түшүргөн теңдешсиз сыйы жана белеги». Куран Карим: «Түбөлүктүү, эч өзгөргүс ыйык принциптери аркылуу бүткүл адамзаттын бактылуулугун жана ал бактылуулукка жеткирчү эң жакын жана жаркын жолду көрсөтүп берген теңдешсиз ыйык Сөз». Куран Карим: «Ааламдын котормосу, окуя-кубулуштардын котормочусу; макро жана микро ааламдардын түшүндүрмөсү; бул дүйнөдө көмүскө ааламдын тили, адам баласына Алла Тааланын берген сый-жакшылыктарынын күбөсү; Исламияттын өзөгү, пайдубалы жана шоола нуру; Акырет ааламынын картасы жана ага ишенгендердин бактысына себепкер катары, ачык-жашыруун, тикелей-кыйыр түрдөгү дубалар жыйнагы». Бүт ааламды керемет тартип менен айкалыштыра курган Алла Таала, аны Куран Карим аркылуу сүйлөткөн. Ушундан улам, Алла Тааладан башкасынын аалам тууралуу айткан өкүмү чыгарган тыянактары кандай ката болсо, адамзат жөнүндөгү өкүм-тыянактары да ошондой туура эмес болуп чыгат. Анткени аалам жана аны башкаруу кимге таандык болсо, ага байланыштуу туура өкүмдү да Анын Өзү гана чыгара алат. Куран Карим Алла Тааланын сөзү экенинин далилдери Адамзат жана аалам кимдин колунан жаралган чыгарма болсо, Куран Карим да ошол Кудурет күчтүн чыгармасы. Анткени Куран Карим адамдын ким экенин, адамдыктын чыныгы маңызын ошол адамдын өзүнө таанытып билдирүү менен бирге, аалам китебин да чечмелеп түшүндүрүп берүүдө. Тагыраак айтканда, Куран Карим бир жагынан адамды бардык алсыздыктары жана артыкчылыктары менен, дагы бир жагынан ааламды бүткүл сырлары жана тереңдиктери менен баяндап окуп берген. Демек, бүт ааламды өзү каалагандай калчап, башкара албаган бирөөнүн мындай улуу сөздү айтышы мүмкүн эмес. Бул киришүүдөн соң, биз Куран Карим Алла Тааланын сөзү экендигинин далилдерин кыскача баяндап өтмөкчүбүз: 1. Эң оболу, Куран Карим бүт жер жүзүн сыймыкка бөлөп түшө баштаган алгачкы учурларда эле адамдардын рухтарына да, акылдарына да, жүрөктөрүнө да эбегейсиз таасирин тийгизгендиктен, анын нурдуу атмосферасында жаңыдан ойгонуп, жетилген муундардын тарыхтагы орошон ийгиликтери Курандын ыйыктыгынын, кереметтүүлүгүнүн жеткиликтүү далили боло алат. Анткени, ошол муундагылар ой-түшүнүгүнүн кеңдиги, Жаратканга кулчулук кылуудагы тереңдиги жана ыйман, илим деңгээлдери жагынан теңтайлашары жок улуу инсандар катары тарыхта белгилүү. Чындыгында, Куран Карим ошол доордо «сахабалар» деп аталган керемет асыл муунду жетилдирген. Ал муунду биз периштелерден айырмасы жок адамдар деп айтсак апыртма сөз болбос. Байыркы тарыхтан ушул кезге чейин окумуштуулар менен кат тааныбаган сабатсыз адамдар, ойчулдар менен карапайым адамдар, малчы, дыйкандар менен илимге үңүлгөн илимпоздор, кыскасы, ар кандай деңгээлдеги, ар кандай даражадагы адамдардын бардыгы өз деңгээлине жараша пайдаланып, түшүнө алган Курандан башка бир китеп жазылганбы? Жооп: жок! Курандан башка мындай китеп эч качан жазылган эмес. Акындын, музыканттын, экономисттин, юристтин, башкаруучу жана социологдун, педагог жана мугалимдин, философ жана дин таануучунун баары окуса, ар кимиси өзүнө жараша үлүшүн алган, ар биринин тутунган кесибине жана жолуна туура багыт көрсөткөн, баш катырган көйгөйлөрүн чечип берген, карайлаган кыйынчылыктарынан куткарган жападан жалгыз китеп – бул Куран. 1. Курандан башка улам кайталап окуган сайын эч качан тажатпаган китеп, балким, дүйнө жүзүндө жок. Куран Карим түрдүү абалдарга байланыштуу ар дайым окулат, кайра-кайра хатим кылынат. Бирок эч качан тажатпайт, эч бир убакта зеригүү сезилбейт. Канчалаган сонун деп макталган көркөм чыгармалар, ырлар, дастандар жана илимий-публицистикалык макалалар убакыттын өтүшү менен өз нарктарын, өз барктарын, нукуралуулугун жоготот. Канчалаган эң актуалдуу деген темаларды камтыган, дүңгүрөтө атагы чыккан китептер менен макалалар бир нече жыл, ал тургай, бир нече айдын ичинде актуалдуулугу менен кадыр-баркын жоготуп, чындыгы билинбей колдон түшүп, көздөн далдоо жерде кала берет. Ал эми Куран Карим болсо күн өткон сайын өзүнүн кадыр-баркын жоготмок тургай, акыл-эс жана аң-сезимдерге, жүрөктөргө ого бетер терең орноп барат. Улам жаңы билимдерге акыл-ойдун учугун жетелейт жана ар дайым жаңы бойдон калып, кадыр-баркы жогорулай берет. Адамдын жашоосундагы бардык материалдык жана моралдык маселелерди камтып турган Куран Карим эч убакта демейки адам баласынын сөзү болбосу анык. Деги элее, ар кандай доордогу, ар түрдүү шарт-жагдайлардын астындагы, түрдүү деңгээлдеги адамдар дуушар болгон көйгөйлөр менен кыйынчылыктарды чечип берген жалпы мүнөздөгү эреже-принциптерди иштеп чыгуу – адамдын колунан келбей турган иш. Башкача айтканда, адамдын акыл-оюнан келип чыккан принциптер кылымдар бою чоң континенттерге бейпилчилик жана бактылуулук тартуулай алышы мүмкүн эмес. Ыйык китепке таянбаган, вахийден наар албаган, адамдар тарабынан ойлоп чыгарылган аргалар менен системалар кылымдарды мындай кой, эч өзгөрбөстөн, алмашпастан кырк-элүү жылча да кыйшаюусуз сакталып тура албайт. Адамдар тарабынан ойлоп чыгарылган жол-жоболор, эреже-системалар, ой-пикирлер жана идеялар бат эле эскирип, чалалыгы билинип калат. Көп убакыт өтпөстөн терс жактары ортого чыгат. Кала берсе, кайрадан жаңыланууга, алмашууга муктаждык жаралат. Ал эми Куран Каримдин эч бир темасында, эч кандай эреже-принциптеринде, эч бир идеясында жогоркудай кемчилик жана жетишсиздик байкалышы мүмкүн эмес. Кээ бир мисалдарды келтирсек: Байлык жана мал-мүлктүн байлардын колунда гана болуп калбашы керектиги; Адам үчүн өзүнүн аракети менен эмгегинен башка натыйжа жоктугу; Аманат-жоопкерчиликтердин өз ээсине тапшырылышы жана адилеттик менен өкүм чыгаруу керектиги; Бир адамды өлтүрүү – бардык адамдарды өлтүргөн менен барабар болоору сыяктуу өкүмдөр түпкү жана түбөлүктүү эреже катары Куран Каримден орун алган. Ошондой эле, жеке адам үчүн да, үй-бүлө жана коомчулук үчүн да оор, кыйраткыч, зыяндуу нерсе болуп эсептелген сүткорлук (проценттик акча), кумар оюндары, алкоголдук ичимдиктер жана никесиз арам байланыштардын ар кандай түрлөрү, калп айтуу, жалаакорлук, ысырапкерчилик, бузуп-чачуу сыяктуулардын баары ушул ыйык Китеп аркылуу кескин тыюу салынган. Жана ошондой эле, адамга адам катары бул дүйнөдө өз ордун табууга жол көрсөткөн, ушул жарык дүйнөдө кезинде эле жеке жана коомдук жашоодо бейиштегидей бейпил өмүр сүрүүсү үчүн намаз, орозо, ажылык, зекет жана башка ибадаттарды аткарууга буйруган да ушул ыйык Китеп. Акыл менен рухту, адамды адам кылып турган ар бир баалуулукка карай багыттап, Алла Тааладан айбыгуу сезимин ар бир жүрөккө күзөтчү кылып койгон, Алла Таалага болгон сүйүүнү адамды алга карай сүрөөчү күч кылган да – ушул эле ыйык Китеп. Мындай улуу китеп илими да, даанышмандыгы да, мээримдүүлүгү да чексиз болгон улуу Жараткандын сөзү дебесек, башкача түшүндүрүү эч мүмкүн эмес. 5. Куран Карим Алла Тааланын сөзү экендигинин дагы бир далили катары муну айта алабыз: Өз чыгармаларында айлана-чөйрөнү сүрөттөгүсү келген жазуучулар көбүнесе өздөрү жашаган жана көргөн чөйрөнүн жер өңүтүн, табият көрүнүштөрүн баяндоого маани берери белгилүү. Ал эми Куран Каримде болсо, кумдак чөлдөргө жана чөл жашоосуна байланыштуу сүрөттөөлөргө караганда күргүштөп аккан дайралар, гүлдүү жашыл бакчалар жана кооз бактар, топуракка жан кошкон жамгырлуу булуттар, тоолор менен деңиздер көбүрөөк айтылганын көрөбүз. «Нур» сүрөөсүндө терең деңиздин капкараңгы койну тууралуу баяндалып, үстү-үстүнө капталган деңиз толкундары жана бул толкундардын үстүнөн каптаган булуттардан улам адам өз колун да көрө албагыдай караңгылыкта кала тургандыгы айтылат. Мындай кызыктуу салыштыруу жана сүрөттөөлөр, ошол эски доордун арабдары жашаган чөйрө менен да, азыркы учурдагы деңизчиликке байланыштуу адабияттар менен да эч катышы жок. Анан дагы, чөлдө төрөлүп, чөлдө өскөн, жаш курагында эки жолу гана Сирия жактарга барган, тек гана чөлдөрдү кыдырган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Куранда баяндалган көрүнүштөрдү же анда айтылган өсүмдүк түрлөрүн эч качан көргөн эмес, жада калса ал деңиз сапарында да болгон эмес. Дагы мисал катары айтсак, «Анаам» сүрөөсүндө, каапыр адамдын абалы – асманга карай көкөлөгөндө көкүрөгү кысылган адамдын кейпине окшоштурулат. Ушул күнүбүздөгү илимий жетишкендиктер далилдеп тургандай, зарыл аргалар колдонулбастан бийик тоолорго чыккан сайын кычкылтектин азаюусунан улам адамдын көкүрөгү кысылып, дем алалбай кыйналары белгилүү. Бул акыйкат аба шары же учак сыяктуу нерселер менен бийик асманга көтөрүлгөндө, же болбосо өтө бийик тоолордун чокусуна чыкканда гана анык билинет. Пайгамбарыбыздын доорунда болсо аба шарын колдонуу адамдардын оюна да кире элек иш болгон. Ошондой эле, арабдар жашаган чөлкөмдө бийик тоолор такыр жок эле. Демек, жогорудагыдай сүрөттөөлөр бардык нерсени билүүчү Алла Таалага гана тиешелүү болмок. 6. Куран Карим түшүрүлгөн кездерде арабдарда ыр чыгаруу жана төкмөчүлүк өнөрү аябай өнүккөн болчу. Адамдар демейки эле маектеринде же талаш-тартыш учурларында да бири-бири менен жамакташып, ыр тилинде сүйлөгөнгө маш болушкан. Жыл сайын ырчылык, төкмөчүлүк жарыштары өткөзүлүп, алдыңкы орунга жетишкен ырлар, дастандар алтындын буусу менен жазылып Каабанын дубалдарына илинчү. Атактуу акындар улуттук баатырлар катары саналып, сөздөрү менен уруулардын ортосуна уруш-жаңжалдын отун тутантып жиберишчү. Же болбосо тутанган согуш отун өчүрүп, элди ынтымакка алып келчү. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) ошол коомдо өсүп жетилген болсо да, ырчылык, төкмөчүлүк менен, дегеле адабияттык чыгармачылыктын ар кандай кесиби менен алпурушпаганы жалпыга белгилүү. Анткени менен түшүрүлгөн Курандын укмуштуудай ыргагы, кереметтүү баяндоо ыкмасы Пайгамбарыбыздын демейки сөз ыргагына да, деги эле эч бирөөнүн сөздөрүнө таптакыр окшобой, нукура башкача ыкмада эл. Куран сөздөрү ырга да, куюлушкан уйкаш сөз өнөрүнө да, деги эле поезия менен прозанын эч бир түрүнө да таптакыр тиешеси жок экени анык билинип турат. Ошентсе да, ал башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү менен, өзүнө гана таандык оригиналдуулугу менен баарын таң калтырган. Ошондуктан, адамдарды Курандан алыстатууну көздөгөн бутпарастардын башчылары Куран кереметинин алдында аргасыз калып: «Муну ыр десек ыр эмес, уйкаш сөзбү десек андай да эмес. Көзү ачыктын сөзүнө да окшобойт, жиндинин сөзү да дей албайсың. Эң жакшысы «бул сыйкырдуу нерсеге кулагыңарды жаап укпай койгула. Болбосо сыйкырланып каласыңар деш керек болуп калды» деп айтышып, өздөрүнчө Куранга каршы туруунун жолдорун издөөгө аракеттенишкен. Ыйык Курандын ар бир доорду жаркыткан асыл баяндарына каршы тургусу келген азыркы учурдун кереңдери да мурункулардан мураска алышкан караманча каршылык адаттары менен бирге, аша чапкан демагогияларын жана сыңар көз диалектикаларын колдонушуп, колдорунан келишинче далбасташса да, Куран акыйкаттарынын алдында эч нерсе кыла алышпай, ачуу-кектерин ичтерине жуткан бойдон кала берүүдө. Далай доорлор алмашып, кылымдар жаңыланып, аргалар көбөйгөн жана Куранга каршы туруучулардын кекээрлери шакардай кайнап, ого бетер күчөгөн болсо да, Куран Карим мындай каршылыктарга жана каршылаш кандарга карата күн өткөн сайын өзүнүн эбегейсиз таасир күчү менен улуулугун ого бетер даана көрсөтүп келүүдө. 7. Куран Карим Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өз оюнан жаралбагандыгын мына бул өңүттөн да карап көрсөк болот: жазуучулар өз чыгармаларын көбүнесе көңүлү жай, ой-сезими оргуп турган учурларында жазат жана өздөрүн кайгыга салган же кубандырган окуя-кубулуштарды баяндоодон четтеп өтө алышпайт. Башкача айтканда, кандайдыр бир жазуучунун жан дүйнөсүнө терең таасирин тийгизген окуяларга көп көңүл бурбастан, башка нерселерди жазууга аракеттениши оңой-олтоң иш эмес. Ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) болсо, жан кейиткен кыйынчылыктар жана күрөштөргө толгон жашоосунда, бир жактан өзгөчө сапаттагы жамаатын тарбиялап жетилдирсе, дагы бир жактан ички-сырткы душман күчтөргө карата үзгүлтүксүз күрөшүн улантканга аргасыз болгон. Ушундай абалда, Куран Каримде анын (саллаллаху алейхи ва саллам) машакаттуу кыйын күндөрүнө байланыштуу бир да аят кезикпейт, ары бала-бакыралары, жубайларынын дүйнөдөн өткөндүгүнө тиешелүү да бирдижарым кайгылуу сөз жолукпайт. Демек, бул Китеп анын (саллаллаху алейхи васаллам) өз оюнан ойлоп табылган чыгарма болушу мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз ортомчу катары Куран Карим өзүнө кандай келген болсо, ошол бойдон адамдарга жеткизген. 8. Анан дагы, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдасы тийбей турган сөздөрдү айткан жазуучу болобу? Өз китебинде өзүн сынга алган жазуучу барбы? Мисалы, Куран Каримде, Табук согушуна катышпай калып калгандарга байланыштуу мындайча эскертилет: عَفَا اللَّهُ عَنْكَ لِمَ اَذِنْتَ لَهُمْ حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَكَ الَّذِينَ صَدَقُوا وَتَعْلَمَ الْكَاذِبِينَ «Оо, Алла кечиргир Пайгамбар! Эмне үчүн алардын кимиси чындыкты, кимиси жалганды айтып жатканын аныктабай туруп калууга уруксат бердиң?» Ошол сыяктуу дагы бир мисал: Алланын Элчиси шагын сындырып, маанайын чөктүргөн, оор кайгы-капага кабылткан ифки (жубайына жалаа жабылуу) окуясы болгондо толук бир ай бою сабырдуулук менен күткөн эле. Эгерде Куран Каримди ал өз оюнан чыгарган болсо, ошондогу арам ойлуу мунафыктардын ак никелүү жубайына жапкан жалаасына карата чындыкты айтып, өзүнүн ар-намысын коргоо үчүн бир ай бою күтүшү керек беле? Кыскасы, Куран Каримде келтирилгендей баяндар менен сөздөрдү эч бир адам жаза албасы анык. Демек, Куран Карим Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) сөзү болбостон, Жараткан Алла Тааланын гана сөзү экендиги айкын. Корутундулап айтканда, Куран Карим Пайгамбарыбызга карата: وَمَا كُنْتَ تَتْلُوا مِنْ قَبْلِهِ مِنْ كِتَابٍ وَلَا تَخُطُّهُ بِيَمِينِكَ.. «Сен ага чейин эч кандай китепти/жазууну окуган да, өз колуң менен жазып көргөн да эмессиң» – деп айткандай, окуу-жазууну таптакыр билбеген улуу Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам): «Канакей, баарыңар биригип Куран сүрөөлөрүнөн көп эмес, бир гана сүрөөгө окшотуп сүрөө чыгарып көргүлөчү!?» деп, ошол доордун сабаттууларынан тартып, бүгүнкү эң чоң окумуштуу-каламгерлерге чейин ачык эрөөлгө чакырууда. Анын өзүнө толук ишенүү менен минтип ачык эрөөлгө чакыруусунун өзү эле Куран Карим ал Пайгамбардын эмес, Алла Тааланын сөзү экендигинин айкын далили эмеспи? Куран Карим жана илимий акыйкаттар Куран Каримдин башкы максаты – адамга адам катары Жараткандын алдындагы милдеттерин жана жоопкерчилик терин үйрөтүү, жеке жана коомдук турмушун тартипке салуу жана түбөлүктүү бактылуулукка жетүүнун жолун көрсөтүп берүү болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, Куран Каримдин эң биринчи вазыйпасы –Жаратуучунун каалоосу менен ыраазычылыгына жараша адам жашоосун тартипке келтирүү. Мындан башка маселелерде болсо, Куран Карим ар бир нерсенин маңызына, зарылчылыгына жана баалуулугуна жараша тиешелүү деңгээлде маани берет. Дегинкиси, Куран Карим жогоруда баяндалган башкы максаттардан четтеп, азыркы доорлордо гана алдыга чыга баштаган илим, маданият жетишкендиктерин майда-чүйдөсүнө чейин саймедиреп айткан болсо, анда өзгөчө зарыл максаттарга багыттоонун маанилүүлүгү жоголуп, бул ааламдын эң сыйлуу макулугу болуп эсептелген адамзат тагдыры кайдыгер калтырылмак. Ушундан улам, Куран Карим бир топ илимий жана техникалык жетишкендиктерди туюнткан мазмундарга башкы максаттардын айланасында айрым учурларда гана кыскача орун берген. Алардын катарына, Куран Карим улуу Жаратуучунун кудуретинин, улуулугунун жана даанышмандык сырларынын билинүүсүнө багытталган жаратылыштагы бир топ кубулуштарга, кээде ачык-айкын, кээде каймана ишаарат түрүндө токтолуп өткөнүн айтсак керек. Булардан бир нечесин мисал катары баяндап кетмекчибиз: 1. وَاَرْسَلْنَا الرِّيَاحَ لَوَاقِحَ فَاَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَسْقَيْنَاكُمُوهُ وَمَا اَنْتُمْ لَهُ بِخَازِنِينَ «Биз чаңдаштыруучу шамалдарды жөнөтүп, асмандан жаан жаадырабыз да, силерди аны менен сугарабыз. (Болбосо) силер сууну топтоп алалмак эмессиңер». Куран Каримдин бул аятында, жыйырманчы кылымдарда гана билинген илимий чындыктардын бири канчалаган кылымдар мурда эле айтылып өткөндүгү билинет. Шамалдар суунун бууларынан куралган булуттарды ары-бери айдап барып бири-бирине кагыштырат. Мындай кагылышуудан улам булуттардагы оң жана терс электрондор өз ара өтүшүп, чагылган пайда болот. Шамалдар болсо булуттарды кысып, жерге жамгыр жаадырат. Ошол эле учурда жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн үстүнөн соккон шамал өсүмдүктөрдүн аталыктарынын чаңчаларын энеликтерине кондуруп, чаңдаштыруу процессин аткарат да, өсүмдүктөрдүн уруктанып көбөйүүсүнө жардам берет. Ошондой эле, бул аятта көктөн жааган жамгыр сууларынын жердин терең катмарына топтолору жана андан булак суулары менен кудук суулары чыгып, адам жана жаныбарлардын сугарылары баяндалган. 2. وَمِنْ كُلِّ شَيْءٍ خَلَقْنَا زَوْجَيْنِ «Ар бир нерсени жуп жараттык». سُبْحَانَ الَّذِى خَلَقَ الْاَزْوَاجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنْبِتُ الْاَرْضُ وَمِنْ اَنْفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ «Жер өстүргөн бардык нерселерди жана (адамдардын) өзүн, дагы алар билбеген канчалаган нерселерди жуп кылып жаратканга (Аллага) даңк! Ал бүткүл кемчиликтерден таза!». Илимпоздор жакынкы замандарда гана далилдеген бул илимий акыйкатты Куран Карим канча кылымдар мурда эле айтып койгон. Учурда белгилүү болгондой, адамдар эле эмес бардык жаныбарлар жана өсүмдөктөр, ал тургай бардык нерселердин түпкү заттары болгон атомдор да жубу менен жаратылган. Айрыкча, бардык нерседе тартуу жана түртүүдөн турган кош багыттуу күчтүн таасири да ар кандай дэңгээлде сакталып турат. Экинчи аятта болсо, тээ мурунку доорлордун адамдарынын назарына сунулган көрүнүштөр менен бирге, ошол кездерде али адамдарга билине элек бир топ нерселер тууралуу айтылып: «Дагы алар билбеген канчалаган нерселерди жуп кылып жаратты» делген. 3. وَالسَّمَآءَ خَلَقْنَاهَا بِاَيْيدٍ وَاِنَّا لَمُوسِعُونَ «Асманды өз Кубатыбыз менен курдук жана аны токтоосуз кеңейтүүдөбүз». Бул аяттан илим чөйрөсүндө салмактуулугун сактап келаткан «мейкиндиктин кеңейүүсү» түшүнүгү 14 кылымдан ашуун убакыт мурда эле Куранда айтылганын байкайбыз. 4. وَالشَّمْسُ تَجْرِى لِمُسْتَقَرٍّ لَهَا «Күн да өз чыйырында белгиленген убакка чейин сүзөт». Куран Карим канча кылым мурун эле эски космологиянын окууларына карабай туруп Күндүн туруктуу эместигин жана өз чыйырында кыймылдаарын билдирген. 5. وَتَرَى الْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةً وهِيَ تَمُرُّ مَرَّ السَّحَابِ «Сен тоолорду көрүп, аларды кыймылсыз деп эсептейсиң, а бирок, алар булуттар сыяктуу кезип өтүүдө». Куран Карим жер бетиндеги тоолордун аракетин баяндоо аркылуу жер шарынын айланарын билдирген. Демек, аалам китебинин котормочусу болуп эсептелген Куран Карим эң мартабалуу жандык катары ааламдагы чыныгы кадыр-баркын билген адамзатка илимий маселелерди жана чындыктарды көз жаздымда калтырбай, зарылчылыгына жараша баяндап өткөн. Алла Тааланын Куран Каримди коргоосу Куран Каримди жөнөткөн улуу Жараткан аны Өзү тикелей коргоо убадасын бергендиктен, Куран Карим кыяматка дейре эч өзгөрүүсүз кала береринде кымындый да шек жок: اِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَاِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ «Чынында, Куранды Өзүбүз түшүрдүк, албетте, аны Өзүбүз коргойбуз». Улуу Жараткан оболу Куран Каримди Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу, андан соң анын сахабалары аркылуу, андан кийин Куран Каримди толук жаттап, жол-жобосун бекем жана таза кармаган ыкыластуу мусулмандар аркылуу коргоп келген. Муну менен ага ишенгендерге ушундай зор жана сыймыктуу милдеттен насип буюргандыгы мактоого алынган десек болот. Куран Карим асмандан кандай түшкөн болсо ошол бойдон таза сакталып, коргоого алынган жана ушул күнүбүзгө дейре бир тамгасы да өзгөрбөстөн, алмашпастан бизге жеткен жападан жалгыз китеп болуп эсептелет жана кыяматка дейре ушул бойдон өзгөрүүсүз сакталып, корголуп кете берет. Куран Каримдин тексттери эч өзгөрүүсүз таза сакталып келгениндей эле, адамзатка сунган чакырыктары жана акыйкаттары да өз тазалыгын, жаңылыгын жана бийиктигин сактап келет. Жебедей сызып учкан замандар менен кылымдар аны кичине да эскирте алган эмес. Үзгүлтүксүз түрдө ага каршы жүргүзүлүп келген карасанатайлыктар да ага эч бир зыян жеткире албаган. Ооба, Куран Карим түшүрүлгөн күндөн бери карай өтө көп дооматтарга жана сын-пикирлерге дуушар болсо да, бул өңүттө жүргүзүлгөн бардык күрөштөрдө толук жеңишке жетип, улуулугун баса көрсөтүп келүүдө.

Cунуш кылабыз