АЛЛА ТААЛАГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

6:49 AM Ишеним

«Алла» ысымынын мааниси «Алла» деген ыйык ысым жөнүндө, Алла Өзүн кулдарына тааныткан баяндарынын негизинде ислам аалымдары мындай дешет: «Алла Өздүгүнөн бар болуп туруучу (важибул вужуд) жана бүткүл мактоо-даңазаларга татыктуу эң улуу кудуреттин ысымы.» Бул жерде айтылган «Өздүгүнөн бар болуп туруучу» деген аныктама, Алла Тааланын жоктугунун ойго келбей тургандыгын, бар болуп туруусу үчүн башка бир нерсенин көмөгүнө муктаж эместигин, ошондуктан Ал бүткүл ааламдын жаратуучусу, ары башкаруучусу экендигин түшүндүрөт. «Бүткүл мактоо-даңазаларга татыктуу» деген аныктама болсо, Алла Тааланын кемчиликсиз, эң бийик маанилерди туюнтуп турган ысымдар менен сыпаттарга эгедер экендигин түшүндүрөт. «Алла» деген ыйык ысым исламдык булактарда ибадатка татыктуу жападан жалгыз, чыныгы Жаратуучунун өзгөчө ысымы катары колдонулган. Ошондуктан Алладан башка эч кимге карата бул ысым колдонулушу мүмкүн эмес. Ошондой эле, дүйнөнүн чар-тарабында жашаган мусулман калктардын тилдеринде да бул ыйык ат эч убакта көптүк түрдө колдонулганы кезикпейт. Алла Таалага ыйман келтирүүнүн мааниси Бүт ааламды жараткан, башкарып тескеген, ары ибадат-кулчулук кылынган жападан жалгыз жана эң улуу кудурет болгон Алла Таалага ишенүү – ыйман негиздеринин эң биринчиси жана өзөгү. Бардык ыйык диндерде Алла Тааланын бар экендиги жана бирдиги ишенимдин башкы негизи болуп келген. Анткени ишеним негиздери түпкүлүгүндө Аллага ыйман келтирүүгө жана Анын бирдигине ишенүү маселесине барып такалат. • Анын бар жана бир экендигине; • Улуу, кемчиликсиз сыпаттарга эгедер экендигине; • Анын ар кандай айып-кемчиликтерди туюнткан сыпаттардан, салыштыруулардан нукура таза жана алыс экендигине ишенүү Алла Таалага ыйман келтирүүнүн мааниси болуп саналат. Алла Тааланы таануу – жаратылуубуздун башкы максаты, адам болуп жашашыбыздын түпкү талабы. Алла Таала Куран Каримде мындай дейт: فَاَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًا فِطْرَتَ اللَّهِ الَّتِى فَطَرَالنَّاسَ عَلَيْهَا لَا تَبْدِيلَ لِخَلْقِ اللَّهِ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَكِنَّ اَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ «Аллага берилүү менен таптаза динге жүзүңдү тууралагын. Алла адамзатты ушул таза сапаттын нугунда жараткан. Алланын жаратуусун эч ким өзгөртө албайт. Ушул туптуура дин. Бирок адамдардын көбү билишпейт». Адамзат жараткан Эгесин таануу жана Ага ыйман келтирип кулчулук кылуу үчүн жаратылган. Алла Таала бул тууралуу мындай дейт: وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْاِنْسَ اِلَّا لِيَعْبُدُونَ «Мен жиндер менен адамдарды Мага кулчулук кылсын деп гана жараттым». Бул аятта Алла Таала башка нерселерди Ага шерик кошкон туура эмес ишенимдеги адамдар менен жиндерге эскертүү катары: «Мен силерди Менден башка бирөөгө кулчулук кылсын деп эмес, Мага гана кулчулук кылып сыйынсын деп жараткамын» деген мааниде баса белгилеп айтып жатканы белгилүү. Бүткүл ааламды бир гана Алланын Өзү жаратканы анык болсо да, макулуктардын арасынан тек гана экөөнү– адамзат менен жиндерди баса белгилеп олтурганынын себеби ааламдагы бардык нерселер, жаратылыш, макулуктар Алла Таалага ар дайым баш ийип, кулчулук кылып турат. Ал эми алардын арасынан адамдар менен жиндерге гана бул жашоодо каалоо, тандоо эрки ыйгарылгандыктан, булар башка нерселерге сыйынып кетпеши үчүн атайылап эскертүү берилген. 1. Жаратылыш жана аалам – эбегейсиз кооз, көркөм чыгарма катары адамдын акыл-эсин арбап, аң-сезимдерин толкутуп турган терең мазмунга, укмуштай сулуулукка эгедер жана сырларга бай экендиги анык. Бул ааламдагы ар бир нерсе көрө билген көздөр үчүн кылчалык шек-күмөнгө жол бербестен Алла Тааланын бар экенин жар салып турат: ...اَفِى اللَّهِ شَكٌّ فَاطِرِ السَّمَوَاتِ وَالْاَرْضِ «Асмандар менен жерди жоктон бар кылуучу Аллага шек барбы?» Ыймансыздыкка жетеленбеген ар бир акыл ээси жаратылыш менен ааламдын укмуштай көркөм түзүлүшүн, акыл-эсти айран кылган системасын баамдап отуруп, объективдүү жыйынтык чыгара алат жана аны бир көркөм китеп сыяктуу барактап окуй алат. Ар кандай системалуу түзүлүш ошол системаны куруп чыккан бирөөнүн бар экенин, ар бир чыгарма өзүнүн авторунун бар экенин көрсөтүп турса, акыл-эстүү адамзат үчүн береке-сыйлары төгүлүп турган жер жүзү менен бүткүл жаратылыш системасы да өзүнүн ээси бар экенин баарына жар салып турат. Демек, адам баласы айлана-чөйрөсүндөгү жаратылышка, кең ааламга чалагайым карап, кайдыгер болбосо жана ой жүгүртүүсүнө алдын-ала чек койбой, нукура акыл-эстүүлүк менен көз салса, андагы ченемсиз көркөм чыгармаларды, укмуштай тартип-системаны, план-программалардын жышаанын жана толукшуган сый-берекелерин көрөрү чын. Ошондой эле бул айкын далилдер эбегейсиз терең илимге, чексиз күч-кудуретке жана зор жакшылыктарга эгедер улуу Жаратуучунун бар экенин даана көрсөтүп турганына ишенери бышык. А бирок муну да эскерте кетүүгө тийишпиз: Бул системалуу аалам-жаратылыш менен андагы эбегейсиз көркөмдүк бир Жаратуучунун бар экендигин бизге жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп турса да, алардан Жаратуучунун өзгөчөлүктөрүн, сыпаттарын, Аны менен кантип байланыш түзүүбүз керектигин жана бизге берген эсепсиз жакшылыктары үчүн Ага кантип ыраазычылыгыбызды билдирүүбүз тийиштигин жеткиликтүү түрдө түшүнө алабыз десек жаңылышабыз. Демек, улуу Жаратуучунун өзгөчөлүктөрүн жана биздин Ага кантип кулчулук кылуубуз зарылдыгын үйрөткөн бирөөлөр болушу зарыл. Ал – Жараткандын бизге жөнөткөн пайгамбарлары жана вахий (ыйык кабар) болуп эсептелет. 2. Куран Карим – Алла Тааланын бар экендигинин эң чоң далилдеринин бири. Себеби, ушунчалык кеңири жана терең мазмуну менен өткөндөн, келечектен, кайра тирилүүдөн, акыреттен сөз кылган, ааламдын жана акыреттин жол багытын көрсөтүп турган ыйык китеп катары, баарыдан мурда ал өзүн адамзатка түшүргөн улуу Жаратуучуну даңазалап, бар экендигин айгинелеп турат. Ар башка доорлордо жашаган адамдар жообун табууга далалаттанган, акылдын айласын кетирген оор суроолор бар. Мисалы: «Мен деги киммин? Эмне үчүн ушундаймын? Тирүүлүктө жол тартып кайда баратам? Өлүм келгенде аргасыз айрылып кете берчү бул дүйнөдөгү милдетим эмне? Мени ким бул жарык дүйнөгө жараткан? Өз каалоомсуз келген бул жердин сыры эмнеде? Бул жерден кетүүнү каалабасам да кетеримдин себеби эмне? Деги өлүм деген эмне? Өлүмдөн кийин да жашоо барбы? Бар болсо ал кандай жашоо?...» деген сыяктуу түркүн суроолорго адамзат баш оорутуп келген болсо, Куран Карим мындай суроолорго так жооп берет. 3. Пайгамбарыбыз Мухаммед (cаллаллаху алейхи васаллам) – бизге алып келген ыйык китеп менен, ошол китепке ылайык иш жүзүндө жашап өткөн өрнөктүү өмүрү менен жана адамзатка көрсөтүп берген улуу багыт, бийик максаттары менен Алла Тааланы бизге таанытып турган жандуу мисал. Кадимки кумдак чөлдө башаламан өмүр сүргөн жапайы, көчмөн араб урууларынан кылымдарды шаңга бөлөгөн маданияттын куруучуларын жарыкка чыгарып, адамзатка сунган асыл жолунун ушул доорубузга да терең таасирин көрсөтүп жатканы эле адамдардын Алла Тааланы таанып билүүсүнө жол ачат. Алла Тааланы көзүбүз менен көрө албашыбыздын себеби эмне? Алла Тааланы көзүбүз менен көрө албастыгыбыздын бир топ себептери бар. 1) Инсандык табиятыбыз Алла Тааланы көрө алгыдай кубатка ээ эмес. Алла Тааланы көзүбүз менен тикелей көрө албайбыз. Анткени биздин адам катары жаратылышыбыз, табиятыбыз мындайга өтө эле алсыздык кылат. Азирети Муса сыяктуу улуу пайгамбар да Алла Тааланын ажарын ачуусуна туруштук кыла албай, эстен танып жыгылып калган. Биз өзүбүздөгү чектелүү мүмкүнчүлүгүбүз менен жаратуучубуз Алла Тааланы эмес, жер бетиндеги Ал жараткан нерселердин бир далайын көрө албайбыз. Биз өмүр сүрүп жашап жаткан дүйнөдө көргөнүбүз көрбөгөнүбүзгө салыштырмалуу физикалык ааламдын өтө аз бөлүгүн түзөт. Кубаты чектелүү сезүү органдарыбыздын жардамы менен Алла Таала жараткан ааламды толук түшүнүп биле албаган жерде, ааламды жараткан Жаратуучуну кантип көрө алмак элек? Ошондой болсо да акыретте мусулмандар Алла Тааланы заттык өлчөөлөрсүз көрө алышат. 2) Алла Тааланы көрө албастыгыбыздын дагы бир негизги себеби – Алла Тааланын окшошу же теңдеши жок. Биз демейде эмнени көрүп, эмнени билсек, бул ошолордун салыштырууга оңтойлуу теңдешинин же каршылашынын бар экенин билдирет. Мисалы, биз суук жок болсо ысыктын, ачуу жок болсо таттуунун, жарык жок болсо караңгынын эмне экендигин эч качан биле алмак эмеспиз. Ошондой эле биз инсан катары өмүрүбүздө эч качан көрбөгөн бир нерсе тууралуу бизге айтылса, аны айткан адамга «Ал кандай нерсе, эмнеге окшойт?» деген сыяктуу суроолорду коюп, айтылган нерсенин эмне экендиги жөнүндөгү маалыматтардын учугун табууга аракеттенерибиз бышык. Демек, жогорудагы мисалдардан даана байкалгандай, адамдардын бир нерсени анык билүүсү үчүн эки жол бар. иринчиси, билбеген же көрбөгөн бир нерсени окшошторуна салыштыруу жолу аркылуу билүүгө умтулуу. Дагы бири болсо, али көрбөгөн, биле элек бир нерсени анын каршылашына салыштыруудан улам түшүнүп билүүгө далалаттануу. Ошондуктан биз инсан катары Алла Тааланы тикелей көрүп билүүбүз мүмкүн эмес. Себеби ааламда, жаратылышта Ага окшогон, тең келген же Ага каршылаш эч бир нерсе жок. Алла Таала Өзүн «Ихлас» сүрөөсүндө бизге мына ушундай тааныткан. Курандын дагы бир аятында мындай айтылган: لَيْسَ كَمِثْلِهِ شَيْءٌ «Ага окшогон эч нерсе жок». 3) Өтө эле айкындыктан улам көрүнбөйт. Алла Тааланы көзүбүз менен тикелей көрө албайбыз. Анткени Ал өтө эле айкын болгондуктан көрүнбөйт. Бул кандай экендигин биз кадимки Күндү мисал кылып түшүнүүгө аракет жасап көрөлү: Эгерде Күн жылдызын бүт асманды каптагыдай, бүт ааламга тегиз нурун чачкыдай даражада чоңойтуу мүмкүн болгондо, биз аны көзүбүз менен азыркыдай көрүүбүз эч мүмкүн болбос эле. Анткени мындай абалда Күн ар дайым ааламды каптап тургандыктан, түн биротоло жоголуп күндүз гана болуп турса, Күн шарынын эмне экендигин көрө билүүбүз жана жарык жөнүндө ооз ачуубуз да мүмкүн эмес болор эле. Анда Күн шары да, анын нуру да өтө айкын болгондуктан, башкача айтканда, ар дайым өтө зор абалда көрүнүп тургандыктан бизге сезилбей, көзүбүзгө көрүнбөй тура бермек. Ааламдагы ар бир нерсе көз ирмемге болсо да башкаруусунан, көзөмөлүнөн сыртта калуусу мүмкүн эмес болгон Жаратуучубуз ар бир минут, ар бир секундда тирүүлүк, илим, боорукерлик, каалоо жана кудурет сыяктуу сыпаттары менен бүт ааламда үзгүлтүксүз түрдө Өзүнүн барлыгын сездирип турса да, буга маани бербеген кайдыгер адамдар Анын бар экендигинин жышаанын такыр байкай албашы мүмкүн. 4) Сыноо дүйнөсүнүн талабы. Эгерде Алла Таала бизди азыркы абалыбыздан башкачараак кылып, Өзүн көрө билгидей жөндөмгө ээ кылып жараткан болсо, анда сөзсүз бул сыноо дүйнөсүнүн мааниси калмак эмес. Башкача айтканда, ар бир адам Алла Тааланы өз көзү менен көргөндүктөн эч бири калбай толук ыйманга келип, Алла Таала каалаган сыноо талабы жүзөгө ашпай калмак. Бул кудум окуучулардан сынак алып жаткан мугалимдин суроолорду сураган соң жообун кайра өзү айтып бергенине окшойт эле. Ал эми Алла Таала болсо, Өзүнө ишенгендер менен ишенбегендердин, жакшы менен жамандын ааламга билинип, бири-биринен айырмалануусун каалагандыктан бул дүйнөнү сыноо дүйнөсү катары жараткан. Демек, Алла Таала бул сыноо дүйнөсүнүн талабы катары да биздин көзүбүзгө тикелей көрүнбөйт. Бирок өзү жараткан нерселери менен, башкача айтканда аалам мейкининде ажарланта тизип койгон көркөм чыгармалары аркылуу жана жөнөткөн китептери, жолдогон пайгамбарлары аркылуу Өзүнүн бар экендигин билдирип, рух жана акыл көзүбүздө таанылууну каалаган. Ошондуктан адамдар окуп изилдесин деп көз алдыларына жайып койгон көркөм чыгармалары аркылуу алардын устасын, авторун көрө билген жана бул көркөм чыгармалардын жаратылуу максатын так түшүндүргөн пайгамбарларга кулак салган адамдар гана сыноодон өтө алат. Көрбөгөн же көрүүгө умтулбаган адамдар болсо сыноодон кулап калат. Алла Таала өзүн бизге тааныткан Биз Алла Тааланы Ал Өзүн бизге таанытканы боюнча биле алабыз. Анткени Өзүн эң жакшы билүүчү да, ошондой эле эң жакшы таанытуучу да Анын Өзү болуп саналат. Куран Каримдеги «Ихлас» сүрөөсү Алла Тааланын барлыгын, бирдигин жана теңдешсиздигин билдирген өзгөчө кыска-нуска сүрөө. Бул сүрөөнүн ар бир аяты улам биринин маанисин бири жалгап, өз ара далил болуп келгендиги менен өзгөчөлөнөт. Диндин эң башкы негизин, таухид акыйдасын өтө тунук жана көркөм баяндаганы үчүн бул сүрөөнүн аты «Ихлас» деп аталган. Бул сүрөө бизге Алла Тааланын барлыгы менен бирлиги тууралуу Анын улуулугуна төп келбеген бүдөмүк жана татаал түшүнүктөрдөн алыс түрдө туптунук маанилерди баяндап берген. Аталган сүрөө жана анын маанилери төмөндөгүдөй: Алла Тааланын сыпаттары Алла Тааланын сыпаттары жалпысынан «затий» (өздүк сыпаттар) жана «субутий» (ажырагыс сыпаттар) болуп экиге бөлүнгөн. Буларды кыскача баяндап өтөбүз: 1. Затий сыпаттары Алла Тааланын жалгыз Өзүнө гана таандык сыпаттар болуп саналат. Башкача айтканда, жаратылган нерселердин эч бирине бул сыпаттардын ар кандай абалда берилиши мүмкүн эмес. Алла Тааланын затий сыпаттары алтоо: Вужууд: Алла Тааланын Өзүнө гана ылайыктуу абалдагы бар болуу сыпаты. Тагыраак айтканда, Алла Тала Өздүгүнөн бар. Анын «бар болуу» сыпатынын каршылаш маанисиндеги «жоктук» Алла Таала үчүн айтылышы эч мүмкүн эместиги. Кыдем: Алла Тааланын бар болуусунун башталыш чеги жоктугу. Канчалык алыс, эзелкиге барылган болсо да, Алла Таала болбогон көз ирмем учурдун дагы өтүшү мүмкүн эместиги. Бакаа: Алла Тааланын бар болуусунун акыркы чеги жок тугу. Канчалык узакка барса да, Алла Таала болбогон көз ирмем учурдун дагы келүүсү мүмкүн эместиги. Мухаалафа лил-хаваадис: Алла Тааланын жаратылган нерселердин эч бирөөнө эч кандай окшобостугу. Алла Тааланын Өзү ой-кыялыбыздан кылт эткен ар кандай нерседен да башкача жана улуулугу. Вахдааният: Алла Тааланын Өзү, сыпаттары жана иштеринде жападан жалгыздыгы, теңдеши же окшошунун жоктугу. Кыяам бинафсихи: Бар болуусунун Өздүгүнөн болушу. Алла Тааланын бар болуусуна себепкер башка эч бир нерсе, эч бир каалоо же эч бир күчтүн жоктугу. 2. Субуутий сыпаттары кандайдыр бир тариздеги көрүнүштөрү чектүү жана шарттуу түрдө инсандарга берилген болсо да, Алла Тааланын Өзүндө чексиз жана эч кандай шарттарга байланбайт. Алла Тааланын мындай сыпаттары сегиз: Хаят: Алла Тааланын Өзүнө гана таандык тирүүлүктүн ээси болушу. Илим: Алла Тааланын болуп өткөн, болуп жаткан жана мындан ары боло турган бардык нерсени билгендиги. Сами: Алла Тааланын көрүнөө-көмүскө бардык нерсени угуусу. Басар: Алла Тааланын бардык нерсени көрүп туруусу, эч нерсенин андан көмүскөдө калбоосу. Ираада: Алла Тааланын Өзү каалаганын каалаганындай кылуусу. Кудрат: Чексиз, теңдешсиз күч-кубатка эгедерлиги. Келаам: Алла Тааланын Өзүнө гана таандык сүйлөө сыпаты. Таквин: Алла Тааланын жок нерсени жоктуктан бардыкка келтирүүсү, жаратуусу. Ахлус-сунналардын ашария мектеби бул сыпатты «Кудрат» сыпатынын ичинде деп эсептегендиктен, өз алдынча бөлүп баяндабайт. Алла Таалага ыйман келтирүү – бактылуулуктун башаты Мейли жеке адам болобу же жалпы коомдук пландабы, адамзат дуушар болуп жаткан бардык көйгөйлөр, моралдык-руханий кризистер, дүйнө жүзүн каптаган кара өзгөйлүктөр, куулук-шумдук менен калпычылыктар, аягы чыкпаган коогалаң-уруштар, түшүнүшпөстүктөр, кастыктар жана жоолашуулар, ичи тардык, көрө албастык сыяктуу сан түркүн терс көрүнүштөр... булардын баарынын түбүндө жаткан башкы себеп Алла Тааланы өз ылайыгында тааный албагандык, Аны билип сүйө албастык жана бул сүйүүдөгү руханий ырахатка жете албастыктан улам пайда болот. Ыйман бейпилдикке бөлөгөн бакыттын башаты. Ошондуктан адам баласы Алла Тааланы тааный билиши, Ага ыйман келтирүүсү жана бул ыймандын эмне экенин терең, айкын түшүнүп, ыйман талаптарын иш жүзүндө колго алуусу азыркы учурубуздагы башкы талап бойдон калууда. Ар бир адам өз табиятын, өзү жашаган дүйнөнүн маани-маңызын, максат-мерчемин тек гана ушул ыйман аркылуу толук түшүнүп жетүүсү мүмкүн. Ушул мааниден улам Алла Таалага ыйман келтирүүнүн адам баласына алып келер пайдаларын төмөнкүдөй бир нече багытта жыйынтыктоого аракет жасайбыз. Эң оболу ыйман адамдын адамдык касиетин толук сактап, туура багытта жашоосуна шарт түзөт. Башкача айтканда, Алла Таалага ыйман келтирген ыймандуу адам Алла Таала тарабынан көрсөтүлгөн ыймандуулук жана жакшылыктардын жол-жоболору боюнча өмүр сүргөндө гана ийгиликке, кутулууга жетүү мүмкүн экенине ишенгендиктен, аларды жашоо принциби катары бекем карманат жана бүт өмүрүн ушул жол менен өткөрүүгө тырышат. Ал эми Алла Таалага ишенбегендер болсо, бул жашоодо өздөрүн гана борбор кылып жашап, жоопкерчиликке тарткан эч бир жогорку кудурет-күчкө ишенбегендиктеринен улам жакшылык менен жамандыкка тек гана өздөрүнүн напсилерине, кызыкчылыктарына жараша баа беришет. Ошондуктан алардын алдында адилеттик менен зулумдук, адал менен арам көп айырмаланбастан, жеке кызыкчылыктарынын негизинде түрдүү мүдөө-максаттарына ар кандай жолдор менен жеткенге жан үрөшөт. Анткени алардын напси-каалоолору – сыйынар кудайы катары болуп калат. Ыйман адамга бекем ишеним, бакубат күч тартуулоо менен бирге, адамдын кичи пейилдик сезимин да арттырып, аны коомчулуктун бейпилдик-биримдигине доо кетирчү текеберчиликтен, өзүмчүлдүктөн сактайт. Алла Таалага ыйман келтирген адам эч качан өзүмчүл жана текебер болбойт. Себеби ал өзүнө берилген түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн, деги эле бардык нерсенин Алла Таалага таандык экендигин, Ал берген ар кандай нерсесин каалаган учурда алып коёрун жакшы билет. Ыймансыздар болсо колундагы бардык нерсени, мүмкүнчүлүктөрдү түздөн-түз өз күчүнөн, өзүнүн акылы менен билиминен улам келген деп ойлошкондуктан булар үчүн бирөөгө рахмат айтуунун, ыраазычылык билдирип, шүгүр кылуунун кереги жок деп эсептешет. Алла Таалага ишенүүдөн келип чыккан таза ыйман аркылуу адам баласы жашоо-өмүрдүн ар кандай оош-кыйыштарына карабай, жакшылык-кубанычтарга, асем сулуулуктарга бай экендигин сезет, жашоонун маанилүү тараптарын текке кетирбөө зарылдыгын түшүнө алат. Ыймандуу адам бул дүйнөдөгү өлүм-коогалаңдар, балээ-кырсыктар, оору-сыркоолор жана кайгы-капалар сыяктуу сырттан караганда жагымсыз, ачуу жана оор кубулуштардын түпкүлүгүндө кандайдыр бир терең даанышман сырдын, мээримдүүлүктүн катылып турарын түшүнө алгандыктан, башына кайгы-капа келсе эле курулай азап тартып чөгүп кетпейт. Сабырсызданып өзүн кыйноого салбайт. Тескерисинче, мындай жагымсыз окуя-кубулуштардын ичинде алынууга тийиштүү сабактар бар экендигин эске тутуп, өмүр жолун демейкидей кайрат-күч менен уланта берет. Себеби адам баласы бул ааламда эч бир нерсенин жөндөн жөн эле жайгаштырылбасын билгенде, өз башына келген балээ-кырсыктарга да сабырдуулук менен, кайраттуулук менен туруштук берип, аларды жеңип кете алат. Ошондой эле, ыймандуу адам Алла Тааланын эч качан кулдарына көтөрө алгыс оор жүктү жүктөбөстүгүн, артынан жакшылыктар ээрчий келчү сыноолорго туш кылынганын эсинен чыгарбагандыктан, ар кандай кыйынчылыктар болуп, оор делген мүшкүлдөргө кабылса да, такааттуулук, кажыбас кайрат менен туруштук берет. Өмүрү канчалык өксүккө толгон күндө да, алдында али жашоонун жагымдуу байчечекей гүлдөрү соолубаганын, жаркыраган өмүрдүн күнү бата электигин, кабыргасын кайыштырган кайгы-капалардан толук арыла турганын, жадыраган жагымдуу жашоо-маанайынын жакында кайра келерин эсинде тутуп, ар кандай оорчулукту мөгдөбөстөн көтөрүп кете алат. Ал эми ыймансыз болсо, кээде башына келген тырмактай кыйынчылыкка да чыдай албай шаабайы сууп, жан дүйнөсү ойрондолуп, өз өмүрүн кыйганга чейин барат... Ааламга ыймандуулуктун көзү менен караган адам бул дүйнөнү улуу Жаратуучунун көркөм чыгармалары көргөзмөгө коюлган сахнадай, өзүн болсо ошол ажайып кооз, ар бири өзүнчө керемет көркөм чыгармаларды окуп, изилдөөгө милдеттүү кызматкер сыяктуу көрөт. Мындай адам көз алдынан өткөргөн ар бир нерседен өзүнчө руханий-моралдык ырахат алат. Ыймансыздыктын көзү менен каралса ар бирөөсү өзүнчө жат душмандай көрүнгөн жаратылыш-ааламынын алдында, ыймандуу адам алардын чыныгы Эгесине ишенгендиктен алар менен өзүнүн ортосундагы тыгыз байланыш-алаканын бар экендигин сезип, жатсыроосун жакындыкка, терс мамилесин достукка айлантуу мүмкүнчүлүгүн табат. Башкача айтканда, ыймандуу адам Жаратуучудан улам жаратылган нерселерге (анын ичинде бүткүл адамзатка) карата сүйүү жана достук сезими менен карай алгандыгы үчүн алар менен камыр-жумур аралаша жашаган тирүүлүктөн жан дүйнөсү ырахатка батат. Ыймансыз адам ааламга көз салганында миллиарддаган жылдыздардын адам акылын таңданткан укмуштай тездик менен чимирилип айланып жүрөрүн ойлоп, мындан кабатырланып чочуласа, ыймандуу адам алардын туш келди, башаламан же өзүнөн-өзү эле айланып жатпагындыгын, илими, кудурети чексиз улуу башкаруучунун көзөмөлү астында чимирилип турарын билип, жылдыздарга кызыгуу менен, жакындык сезими менен көз салат. Ошондой эле, ыймансыз адамдын оюнда жер шары космос деңизинде сүзүп жүргөн багытсыз, капитансыз кеме сыяктуу элестеп, мындан улам коркунучка батса, ыймандуу адамдын жүрөгүндө бул жер шары Кудайдын программасы менен кыймылдаган, сан түркүн азык-түлүк, кам-кечесин жүктөнө белгилүү максат менен бара жаткан саякат кемеси сыяктуу элестеп, жараткан Эгесине ыраазычылык менен мактоо-шүгүрлөрдү айтат. Ыймансыз адамдын көзүнө капкараңгы, чексиз коркунучтуу көрүстөнгө окшоп элестеген өтмүш заман-мезгилдер, ыймандуу адамга таптакыр башкача, жарык маанайда элес калтырат. Анткени анын назарында өтүп кеткен кылымдардын жашоочулары биротоло житип жоголбогон, тек гана орундарын которушкан, болгондо да ого бетер көркөм, ого бетер жаркын бир ааламга ооп кетишкен. Ыйман келтирбеген адам көз алдына тартылган элестерден улам айласыз жалгызсыроого, коркунучка, үмүтсүздүккө уйпаланса, ыйман келтирген адам бул дүйнөдөн өтүп кеткен бардык дос-жарандарынын жана тууган-уруктарынын кыйла жакшы ааламда жашаарын ойлоп, кайгысы жеңилдейт. Көңүлү кубанычка бөлөнүп, маанайы көтөрүлөт. Ыйман келтирбеген адам бүткүл жандуулар өлүм аркылуу биротоло житип жоголот деп ойлогондуктан, өзү да ушул эле тагдырга туш болорун ойлоп акылдан адашып, коркунучка батып, акыл-эси тумандаса, ыймандуу адам өмүр менен өлүмдү бир туташ көңүлдүү сапар катары көрөт. Себеби анын оюнда өлүм утурумдук дүйнөдөн түбөлүктүү дүйнөгө карай жасалчу саякат сапары болуп саналат. Башкача айтканда, ыймандуу адам үчүн өлүм бул сыноолуу жашоонун кыйынчылыктарынан биротоло кутулуп, ырахаттуу жайга жетүү жана кулчулук милдеттерин бүтүрүп, сыйлык алуучу жайга жол тартуу гана болот. Жыйынтыктап айтканда, Алла Таалага ыйман келтирүү – көп нерсеге муктаж, мүмкүнчүлүгү аз, душманы сансыз, күч-кубаты чектелүү, арманы көп, алсыз адам баласы үчүн бул жашоодо эң эле зор таянар жөлөк. Адам деп аталган бул жандыктын мындай муктаждыктарын камсыздап, сансыз душмандарынан коргонуп, кайгы-капасынан кутулуу үчүн бир гана жолу бар – ал чексиз күч-кудуретке, байлыкка ээ болгон улуу Жаратуучусу менен жакын мамиледе болуп, Анын улуулугуна таянуу.

Cунуш кылабыз