ЫЙМАН НЕГИЗДЕРИ

6:49 AM Ишеним

Ыйман – сөздүк мааниси боюнча «ишенүү, ишенимдүүлүк, башкалардын ишенимин калтырбоо, же болбосо, ишенчиликтүү болуу, мыкты болуу» деген маанилерди билдирет. Ал эми исламдагы атайын термин катары ыйман – Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааладан алып келген жана динде анык билинген өкүмдөргө шек санабай ишенүү, ары тастыктоо, алардын чындык экендигин кадиксиз кабылдоо. Ыймандын аныктамасына кээ бир ислам аалымдары ыйман маселелерине жан дүйнө аркылуу бекем ишенүү менен бирге, «тил менен айтып бекемдөөнүн» да зарыл экенин кошумчалашкан. Бирок басымдуу аалымдардын пикирлери боюнча «ыйманын тил менен айтуу» тек гана күнүмдүк жашоо-турмушка байланыштуу өкүмдөрдүн жүргүзүлүшүндө зарыл шарт болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, «тил менен айтуу» ыймандын түпкү өзөгүнө таандык болбостон, зарыл шарты деп карашат. Ушул өңүттөн караганыбызда, жүрөгүнөн ишенген (ыйман келтирген) бир адам айрым абалдарда ыйманын тили менен айтып жарыялабаса да ыйманы дурус, туура болуп саналат. Ошондуктан, тили сүйлөбөгөн дудук адамдын ыйманы эсепке алынып, ыймандуу деп каралат. Ошондой эле, Аллага ишенбөөчүлүккө күч менен зордолуп, оор кысымга алынган адамдын өмүрүнө коркунуч туулган учурда тили менен Аллага каршы сөз айтса да, ал ыймандан чыкпаган болуп саналат. Куран Каримде мындайча айтылат: مَنْ كَفَرَ بِاللَّهِ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِهِ إِلا مَنْ أُكْرِهَ وَقَلْبُهُ مُطْمَئِنٌّ بِالإيمَانِ وَلَكِنْ مَنْ شَرَحَ بِالْكُفْرِ صَدْرًا فَعَلَيْهِمْ غَضَبٌ مِنَ اللَّهِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ «Жүрөгүнө ыйман бекем уялап, динден кайтууга зордолгондон улам тек гана тили менен кайткандардан башка, кимде-ким ыйман келтиргенден кийин Алланы жокко чыгарып, ыймансыздыкка боорун ачса, аларга Алланын каары жана аёосуз жазасы бар». Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) доорунда курайш бутпарастары сахабалардан Ясир менен анын үй-бүлөсүн динден кайтууга зордоп, күч колдонушкан. Алар көнбөй койгондо азирети Ясирди жана жубайы Сумайяны (радияллаху анхума) төөгө сүйрөтүп өлтүрүшкөн. Ата-энесинин аянычтуу абалын көргөн Аммар (радияллаху анху) бутпарастар талап кылган күпүр сөздү айтканга аргасыз болот. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) анын мындай кылганы туура болгондугун билдирген. Жогорудагы аят ушул окуяга карата түшкөн. Ыйман – адамдын өз акылын туура колдонуусунан улам, же болбосо аалам менен адам жөнүндө терең ой жүгүртүүсүнүн натыйжасында Алла Таала жүрөккө жандырган нурдуу шам чырак. Ыйман караңгылыкты жаркыткан жарык нур жана эбегейсиз улуу күч-кубат. Ооба, чыныгы ыйманга ээ болгон адам бүт ааламга эрөөл жүргүзө алат. Ыймандын эбегейсиз күч-кубатына таянып, ар кандай балээ-кырсыктардын кысымынан кутулат. Адам баласы үчүн аба менен суудай зарыл болгон ыйман акыйкатын дагы башка өңүттөрдөн байкап көрсөк болот: а) Негизги зарыл ишенимдердин өңүтүнөн Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) ыйман келтирилүүсү керек болгон зарыл негиздерди алты мазмундун ичинде жыйынтыктап көрсөткөн. 1. Алла Таалага; 2. Анын периштелерине; 3. Ыйык китептерине; 4. Пайгамбарларына; 5. Акырет күнүнө; 6. Жана тагдырга ыйман келтирүү. Буларды Жебреил периште адамдын кебетесинде сахабаларга келип үйрөтүп кеткен жана бул окуя баяндалган хадисте ыйман маселеси ислам жана ихсан түшүнүктөрү менен бир катарда турары баяндалган. Мында удаалаш айтылган зарыл үч нерсенин корутундусу катары ихсан – бул «Алла Тааланы көрүп тургандай сезим менен кулчулук кылуу» экендиги баса белгиленип өткөн. Адам баласы эң оболу өзүнүн акыл-ой жана түшүнүктөрүн дин көрсөтүп берген бекем ыйман негиздерине жараша нукка салганда гана ихсан даражасындагы тунук аң-сезимге эгедер боло алат. Ошондой эле, ал өзүнүн ыйманын намаз, берешендик (садага), орозо сыяктуу исламдагы практикалык баалуулуктар аркылуу бекемдеп, ого бетер тереңдетүүсү керек болот. б) Жан дүйнөдөн түнөк табуу өңүтүнөн Айлана-чөйрөбүздө болобу, же ички жан дүйнөбүздөбү, айтор, эч бир нерсе, эч бир кубулуш Алла Тааланын буйругусуз ишке ашпайт, Анын кудуретине таянбастан жүзөгө аша албайт. Куран Каримдеги: لَآ اِلَهَ اِلَّا هُوَ خَالِقُ كُلِّ شَيْء..ٍ «Ал бардык нерселердин жаратуучусу» деген маанидеги аят бизге көрсөтүп тургандай, бүткүл макро жана микро ааламдын ичиндеги ар бир нерсе, анын ичинде физикалык жана руханий жааттагы ар кандай нерселер менен кубулуштар Алла Тааланын жаратуусу менен гана жарыкка чыгат. Демек, адамдын жүрөгүндө жайгашкан ыйманды жана туура багытты берүүчү да Алла Тааланын Өзү. Бул чындык Куран Каримде мындайча айтылган: ...وَلَكِنْ حَبَّبَ اِلَيْكُمُ الْاِيمَانَ وَزَيَّنَهُ فِى قُلُوبِكُمْ.. «Алла силерге ыйманды сүйдүрдү жана аны менен жүрөктөрүңөрдү кооздоду». وَمَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَالْمُهْتَدِ.. «Алла кимди Туура жолго салса, ал Туура жолдо болот». Албетте, эгерде бирөө өз каалоосу менен ыйманга умтулбаса, Алла Таала ыйманды анын жүрөгүнө зордоп киргизбейт. Ошону менен бирге айтып өтүүгө тийиштүүсү, Алла Таала биз билген жана билбеген көптөгөн даанышмандык сырларына ылайык кээ бир адамдарды тикелей эле туура жолго салып ыймандуулардын катарына кошуп коёт. в) Адамга тийгизген пайдасы менен оң таасирлеринин өңүтүнөн Ыйман адамды физикалык тар чөйрөдөн, капаска солонгондой думуктурма материалдык жашоонун туткунунан куткарып, сырткы чексиз аалам менен айкалыштырат. Адамдын акыл-ой өрүшүн, жан дүйнөсүнүн көңдөй калган боштугун толуктаган, басар жолун жаркыткан нур башаты болуп берет. Ыйман адамды бүткүл ааламдын жападан жалгыз Эгеси болгон Алла Таалага байланыштырган укмуштай данакер катары, адамга ар дайым жарык маанай тартуулаган, адамдык кадыр-баркын көтөргөн, жашоонун миң түркүн сыноолорунда жалтандырбас ченемсиз күч-кубаттын булагы... Ыйман тууралуу кыскача түшүнүк берген соң, эми биз ыймандын негиздерине бир-бирден токтолуп өтмөкчүбүз.

Cунуш кылабыз