Диний окуу жайлар арасындагы билим олимпиада

Бүгүн 28-январь Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу диний окуу жайлар арасында "Илимди издеген ачат" аттуу темада билим олимпиадасын өткөрдү. Бул олимпиада алгачкы жолу болгондуктан Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы 15 диний окуу жайдан 45 студент катышып. Сынак "Фыкх" жана "Араб тили" сабактарынан өткөрүлдү. Олимпиаданын биринчи турунда тест түрүндө өтсө, ал эми экинчи турунда финалдык жарыш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, уюлдук телефон акчалай сыйлык жана башка кызыктыруучу белектер тапшырылып олимпиада абдан кызыктуу өттү.
Аталган олимпиадага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, «Адеп Башаты» коомдук фондунун мүдүрү Нурлан ажы Субанов, КИУнун проректору Марс ажы Ибарев жана диний окуу жайлардын мугалимдери катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жогорку диний окуу жайлар арасында:

1. «Мадина» медресесинен Сайдалиев Махманаби 56 балл

2. «Азирети Осмон» Институтунан Умаров Айтбай 53,2 балл

3. «Имам Сарахсий» медресесинен Баястан уулу Билал 53 балл

4. «Көлмө» медресесинен Жаныбеков Бекболот 44 балл

5. «Имам Сарахсий» медресесинен Шарипов Анарбек 33,5 балл

6. «Көлмө» медресесинен Жусупов Шерзат 28,5 балл

Орто билим берүүчү диний окуу жайлар боюнча:

1. «Мааткабыл уулу Шаршенбай» медресесинен Айдарали уулу Дооронбек 151 балл

2. «Мааткабыл уулу Шаршенбай» медресесинен Мурзабеков Кылымбек 145,5 балл

3. «Мааткабыл уулу Шаршенбай» медресесинен Нийматов Нурали 133,5 балл

4. «Ала-Тоо» медресесинен Жумаев Асадхон 127,5 балл

5. «Мааткабыл уулу Шаршенбай» медресесинен Абдиашим уулу Мырзакасым 122,5 балл

6. «Азирети Умар» медресесинен Алмазбеков Акжол 62 
балл