Бүгүнкү күндүн хадиси. "Алланын берекесине ишенип, аянбастан жоомарттык жана берешендик кылуу"

عن ابن مسعود — رضي الله عنه — ، عن النبيِّ — صلى الله عليه وسلم — ، قَالَ :

(( لا حَسَدَ إِلاَّ في اثْنَتَيْنِ : رَجُلٌ آتَاهُ اللهُ مَالاً ، فَسَلَّطَهُ عَلَى هَلَكَتِهِ في الحَقّ ، وَرَجُلٌ آتَاهُ اللهُ حِكْمَةً ، فَهُوَ يَقْضِي بِهَا ويُعَلِّمُهَا )

 متفقٌ عَلَيْهِ

Абдулла бин Масуд (радыяллаху анху) баяндайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:

" Эки түрдүү адамга гана кызганыч менен кароого болот: Алланын берген байлыгын бүт бойдон Алла жолунда сарптаган жоомарт адамга жана Алланын берген илим-парасаты менен амал кылып, башкаларга да илим үйрөткөн даанышман адамга"