VIII - Республикалык Куран Жарышы

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду биргеликте жылына өткөрүп келе жаткан “VIII - Республикалык Куран Жарышы” быйыл дагы болуп өтөт. 

Облустарда тандоо туру жергиликтүү облус борборлорунда 2018 жылдын 11-мартында белгиленген мечиттерде болуп өтөт. Чуй облусунан жана Бишкек шаарынан тандоо Бишкек шаарынын "Азирети Аиша" мечитинде, саат: 09:00 башталат. Дареги: 12 мкрн., 52/1Б. Катышуу үчүн катталуу шарты коюлган.

Финалдык туру Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 2018-жылдын 26-мартында болуп өтөт. Куран жарышын көргүсү келгендерге кирүү акысыз. 

Толугураак маалымат афишада берилген номерлерден алсаңыздар болот.